"Мектепке кош келиңиздер" конкурсуна

Төмөнкү Чүйдүн мугалимдери ынтымактын данакерлери
Төмөнкү Чүй айылынын №2 орто мектебинин мугалимдери айылдаштарынын ыдыраган ынтымагын бекемдөө үчүн үймө-үй кыдырышып, аларды биримдикке, ынтымакка чакырышууда.


Аталган айылда негизинен лезгин, казак, орус, дунган жана Тажикстандан келген кыргыздар жашашат. Көп улуттуу эл жашаган бул айылда жакында эле жаңжал чыгып, кыргыздар менен лезгиндердин ортосунда ажырым пайда болгон. Алардын чатагына эки адамдын урушу себепкер. Болбогон жерден лезгин менен кыргыз жол талашып уруша кетип, аягын улуттар аралык жаңжалга айлантып жиберишкен. Минтип эки элдин ынтымагы ыдырап турган кезде мектеп мугалимдери жардамга келип, алардын ортосунда көпүрө болуп берүүгө аракет кылышууда.
- Айылдаштарыбыздын минтип ынтымагы кетип, чатакташып турганда биз аларды сыртынан карап турганыбыз туура эмес болуп калат. Анткени айылда жалгыз гана таалим-тарбия берүүчүлөр биз, агартуучулар болгондуктан алардын ортосуна түшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Алар башканын сөзүн укпаса да мугалимдердин сөзүн сөзсүз угат деген ишеничте болдук, - дейт мектеп директору Одинцова Ольга. - Албетте, алар бизге чейин эле ич ара сүйлөшүп, достошуп алышты. Бирок ошентсе дагы биздин жардамыбыз аларга зарыл. Себеби алардын баары биз окуткан балдардын ата-энелери. Бул мектепте жалпы төрт жүзгө чукул бала билим алса, анын 250 кыргыздар, 130 кавказ улутундагылар, отузга чукулу орустар, калгандары башка улуттардан.
Айылда уруш чыккан кезде окуучулар эс алууда жүрүшкөн. Мектеп жетекчилиги ушул учурда балдардын каникулда болуп калгандыгына кубанышууда. Анткени чоңдордун урушунун эпкини баары бир мектепке да жетмек. Себеби ошол эле чатакташкандардын балдары бир мектепке барып, бир партада отурушат. Жан дүйнөсү таза, али ак менен караны ажыратып биле элек балдар тегерегинен уккан сөздөргө ишенип, айланасында болуп жаткан окуяларга таасирленбей койбойт. Ошондуктан мугалимдер ата-энелерди окуучуларды коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө аралаштырбоого үндөшүүдө.
Айылдаштарын ынтымакка чакыруу үчүн аттанган мугалимдердин арасында мектептин завучу Ракович Елена да бар. Ал башка мугалимдердей эле өзүнүн кошуна-колоңдорун чогултуп, аларды ынтымакка, биримдикке чакырып, дайыма акыл-насаатын айтып келет.
- Ата-энелер балдардын кашында байкап сүйлөп, этият болушу керек. Көпчүлүгү кайсыл учурда кандай темада сүйлөшүүнү билишпейт. Балдар ата-энесинен укканын гана туура деп эсептешет. Ошондуктан үйдөн аларга туура таалим-тарбия берүү керек, - дейт Елена Ракович.
Бул педагогдун айтымында, ата-энелер өзгөчө дастаркон үстүндө отурганда сүйлөшө турган теманы туура тандашы керек. Себеби бала тамак ичип жатканда сөзгө аралашпай койбойт. Ошондуктан бул учурда ата-эне балага таасири тие турган таалим-тарбиялык мааниси бар гана сөздөрдү сүйлөө зарыл.
- Мен ата-энелер менен жолугушканда дайыма ушул теманы козгоп, аларга түшүндүрүүгө аракет кылам. Эми балдардын мектепке кандай маанайда келери ата-энелерден көз каранды болот. Эгерде алар үйүнөн дагы эле улуттар аралык маселелер тууралуу бир беткей сөздөрдү айта беришсе балдардын классташтарына болгон көз караштары өзгөрөт. Анда бизге кыйын болуп калат. Ата-энелер биздин сөзүбүзгө туура мамиле жасашса андай болбойт. Бирок биз окуучуларыбызга ишенебиз. Анткени алар дайыма ынтымактуу болчу, - дейт Елена.
Ушул жуманын башында окуу башталып мугалимдердин ишеничи акталды. Анткени окуучулар бир аз убакыт мурун болгон айылдагы чатак тууралуу унутуп коюшкандай, мектепке бирге келип, бирге кетишүүдө.
Мектеп мугалимдери болсо окуучулардын ортосунда пикир келишпестиктердин чыкпаарына ынанышкан. Анткени бул мектепте ар улуттун балдары окуганы менен буга чейин балдардын ортосунда бир дагы чатак чыккан эмес. Алар дайыма бир партада отуруп, бирге окуп, бирге ойноп, бирге жүрүшөт. Мектептен дайыма достук темасындагы ачык сабактар, класстык сааттар өткөрүлүп турат. Республиканын башка мектептериндей эле 1-сентябрда жаңы окуу жылын "Силердин үйгө ынтымак" деген сабак менен башташкан. Жакында эле Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөн иш-чарада орус, кыргыз, лизгинине карабай кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдап, кыргыздын баардык каада-салттарын, үрп-адаттарын чагылдырганга аракет кылышкан.
Мектепте кыргыздын каада-салтын, үрп-адаттарын сактоодо Оматов Исмаилдин дагы кошкон салымы зор. Ал мектепте жалгыз кыргыз тилчи мугалим. Өзү тажикстандык кыргыздардан. Мектепте кыргыз тилинен сабак берген, жалаң кыргызча сүйлөгөн мугалим Исмаил болгондуктан, дайыма окуучуларга кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын даңазалоого, башка улуттун балдарын кыргызча үйрөтүүгө далалат жасайт. Ал эч качан башынан кыргыздын ак калпагын түшүрбөйт. Айылдаштарынын арасынан да мектептен да улутуна карабай кыргызча сүйлөйт. Атасы Самидин айылдагы ардактуу аксакалдардын бири.
"Кутбилим" газетасынын журналисттери аталган айылдагы абалдан кабар алуу үчүн барганда Исмаил атасы менен айылдык мечитте экен. Мечитке чатакташкан эки эл элдешүү максатында ынтымак тамагына чогулуп жатышыптыр. Эл алдына чыгып ынтымакка, биримдикке чакырып сүйлөгөн аксакалдардын катарында Исмаилдин атасы дагы бар экен. Демек, Исмаил тарбия көргөн үй-бүлөнүн баласы деп билсек болот. Атасы аксакалдар арасында орду бар адам болсо, уулу айыл жаштарын баштап, дайыма туура жолдо жүрүүгө аракет кылат.
- Мен мектептен балдарга татыктуу таалим-тарбия бергенге аракет кылсам, мектептен сырткары чыкканда жаштарга үлгү болгонго, аларга дайыма туура багыт бергенге аракет кылып келем, - дейт Исмаил.
Учурда Исмаилдин көңүлүн өйүгөн эки маселе бар. Биринчиси, айыл жаштарынын талаачылыктан башка алектенер эч нерсесинин жоктугу. Алар жаз, күз айларында дыйканчылык менен алаксышса, кышында, кечинде бараарга жери жок, көчөлөп калышат. Маданият үйү болсо айылдык мечитке айланып кеткен. Аларды алаксыта турган болгону футбол талаасы бар. Бош убактыларында ошол жакка барып мелдешип футбол ойношот.
- Жаштар дыйканчылыктан деле тажашат. Кечкисин болобу, күндүзү болобу алар үчүн көңүл ача турган жай жок. Жакшы жери биздин айылда ичкилик ичилбейт. Жаштардан ал жагынан коркпой эле койсок болот. Бизде кары, жашы дебей баардыгы мечитке барышат, бирок ошентсе дагы аларды алаксытканга сөзсүз түрдө бир жай керек экен. Ушул маселени чечүүгө ой жеткен менен кол жетпей жатат, - дейт Исмаил.
Экинчиси, тил маселесинде. Учурда айылда бул маселе оор бойдон калууда. Анткени көбүнчө Тажикстандан келген кыргыздар отурукташкандыктан алар орус тилин жакшы билбей лезгиндер жана башка улуттар менен кенен кесири сүйлөшө алышпайт. Алар болсо кыргызча билишпейт. Кыргыздар керек болсо айыл өкмөтүндө иштеген башка улуттун өкүлдөрүнөн орусча түшүндүрүп справка ала алышпайт.
- Тил билбегендин кесепетинен кээде айыл өкмөтүнө барып жөнөкөй эле справка ала албай келген учурларыбыз болот. Анткени биз кыргызча сүйлөсөк алар кыргызча түшүнбөйт, биз болсо орусча билбейбиз. Орусча туура эмес сүйлөп алып уят болобузбу деп тартынабыз. Лезгиндер, орустар болсо кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылышпайт, - дейт айыл тургуну Маматкулов Гуламидин.
Ушундай маселенин келип чыгышынан улам айылдыктардын көбүнчөсү балдарын орусча окутканга аргасыз. Себеби айылда орус тили өкүм сүргөндүктөн балдарынын дагы өздөрүнө окшоп кыйналышын каалашпайт.
Ал эми Исмаил болсо башкалардан айырмаланып балдарын кыргыз класстан окутуп келет. Өзү дагы дайыма кыргыз тили, анын келечеги үчүн күрөшүүдөн талбаарын айтып, айылда болгон бир окуяны эсине сала кетти. 2005-жылы өзү иштеген мектебинде кыргыз классы ачылып, бирок ал үч жылдан кийин ар кандай себептерден улам жабылып калат. Канчалаган кыйынчылыктар менен ачылган кыргыз классынын жабылып калышына жол бербөө үчүн Исмаил баш болгон айыл тургундары кайра-кайра тиешелүү органдарга кайрылып жатып кайра ачтырып алышкан.

Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим"