Сыйлык - сыймык

Кытай Республикасынын Шиянь шаарында өткөн салттуу у-шу боюнча IV дүйнө чемпионатына Балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук"Сейтек" борборунун Сунси у-шу "Чжун дао" мектебинин машыктыруучулары Е.Лопаткин, Н.Нещерет жана О.Косенко катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Такта п айтканда, кыргызстандыктар у-шунун сегиз түрү боюнча эки алтын, төрт күмүш жана бир коло медалы менен сыйланып, өлкөгө жемиштүү кайтып келишти.

Салттуу у-шунун чемпиондору
Бул чемпионатка Кытай, Орусия, Украина, Италия, Япония, АКШ, Польша, т.а. 84 өлкөдөн мен күчтүү деген командалар келип ат салышты. 2500 у-шуисттин арасынан калыстар тобу кыргызстандыктардын салттуу у-шу талабын так аткаргандыгын белгилешип, сыйлыктуу орундарды ыйгарышты.
- Бул чемпионаттын ачылыш аземи олимпиадалык оюндардан кем болгон жок. Анткени 84 өлкөнүн желегин желбиретип, катышуучулар стадионду айланып бастык. Биздин желек борбор калаадагы аянтта турган желектен (көлөмү боюнча) кем болгон жок. Аны желбиретип көтөрүп баратканда, Кыргызстандан туугандарыбыз телефон чалып, "силерди түз эфирден көрүп жатабыз, азыр желегибизди көтөрүп баратасыңар", дешти. Биз ого бетер сүйүнүп, желегибизди дагы бийиктетип көтөрдүк, - дейт салттуу у-шу боюнча дүйнө чемпиону Наталья Нещерет. - Чындыгында эле күчтүү командалар келишти. Маселен, Орусиядан келгендер спорттук у-шуну (негизинен у-шу спорттук жана салттуу болуп бөлүнөт) жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Бирок бул чемпионатта эң башкысы салттуу у-шуга өзгөчө көңүл бөлүндү. У-шу адистери кыймыл-аракет, техника жана ички сезимден чыгып жаткан энергияларды кадимкидей билип, сезип турушат. Ошондуктан биздин 20 жылдан бери эмгектенип келаткан ишибиздин жемишин кытайлыктар билип, баалашты.
Чындыгында эле Евгений Лопаткин менен Наталья Нещерет у-шу менен алектенип келатканына быйыл жыйырма жылдын жүзү болуптур. Алар алгач баштаганда тели-теңтуштары, жакындары шылдыңдашып, аларды түшүнгөн дагы эмес. Эми минтип ийгиликтерге жете баштаганда айрымдары у-шу мектебине жазылып, ден соолуктарын чыңдап жатышат.
Дегеле у-шунун негизги максаты - адамдын ички жана тышкы дүйнөсүн таанып-билүү менен аны өнүктүрүү. Ириде "Сейтек" борборунун у-шу мектебине келген балдар ден соолуктарын чыңдашат. Андан соң, у-шу искусствосун ийне-жибине чейин өздөштүрө башташат. Эң башкысы - у-шуга кирген балдар тамеки тартышпайт, ичкиликке басып барышпайт, керек болсо, айрымдары эт да жебей, вегетариандык жашоону көздөп калышат. Албетте, машыктыруучулар балдарды "эт жебе" деп кысымга албайт. Тек гана бала өзү түшүнгөндөн баштап, туура тамактанганга өтөт. Маселен, өпкө оорусу менен келгендер, оорусунан сакайып кетишет экен.
- У-шу менен машыгып жаткандардын ичинде бирөөнүн бөйрөгүндө таш бар болчу. Анысы акыры майдаланып, таптаза айыгып кетти. Мындай учурлар бизде кездешет. Эң башкысы, адамдын ички энергиясы жалаң жакшы жакка бурулуп турушу зарыл, - дейт Наталья. - Биздин максат - кайрымдуу, боорукер, чынчыл, бири-бирин түшүнө билген адамдарды тарбиялоо. Эгерде биздин тарбиялануучуларыбыздын ичинен бирөө эле бери дегенде элүү адамдын тагдырын жакшы жакка бурса, демек, биздин ишибиз талаага кеткен жок. Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды таратып жатабыз, бул мыкты ден соолук, бакыт жана рухту өнүктүрүү. Бул жерде бир дагы диний иштер жок.
Айтмакчы, акыркы эки жылдан бери Евгений Лопаткин, Наталья Нещерет менен кытайлык 13 муундагы сунси стилинин жетекчиси Ли Цзяньпин иштешип жатат. Эки жыл мурда ал Кыргызстанга келгенде, "Сейтек" борборунда тарбияланып жаткан у-шуисттер менен жолугуп, алардын сабактарына катышып, анан салттуу у-шунун бардык жактарын кыргызстандык машыктыруучулары менен бирдикте иштей баштады. Натыйжасы жаман болбогонун чемпионаттын жыйынтыгы көрсөттү.
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"