"Жаш мугалимдин депозити"

Айылдык жаш мугалимдер мектепти таштабайт
Билим берүү жана илим министрлигинин "Айылдык билим берүү" долбоору каржылаган "Жаш мугалимдин депозити" программасынын кезектеги катышуучуларынын мөөнөтү аяктады. Учурда алар өз эсебине чогулган каражатты алууга даярданып жатышат.
Министрликтин аталган долбоору алыскы региондорго жаш адистерди тартуу максатын камтыган "Жаш мугалимдин депозити" программасын 2005-жылдын сентябрынан бери каржылап келет. Республикабыздын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы мектептерде иштеп жатышкан 300 жаш мугалимдин өздүк эсебине ай сайын 2 миң сомдон которуп келген долбоор бул максатты ишке ашырууга 21 млн. сом каражат жумшады.
2007-2008-жылда "Жаш мугалимдин депозитинин" үчүнчү жолку катышуучулары ишке киришкен эле. Анын айрым катышуучуларын кепке тартканыбызда алар төмөндөгүдөй ойлорун билдиришти.


Келечекте балам да мугалим болсо дейм

Күлүйпа Түмөнбаева, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Ноокен айылындагы А.Торогелдиев атындагы № 7 орто мектебинин биология мугалими:
- "Жаш мугалимдин депозити" программасы боюнча иштегениме быйыл 3 жыл болду. Мектепте 5 жылдан бери иштейм. Жалал-Абад облустук университетинин биология факультетин аяктагам. Өзүм ушул эле мектептин бүтүрүүчүсүмүн. Программа аяктагандан кийин деле кайра эле өзүмдүн мектебимде иштегим келет, башка жакка кетейин деген оюм жок. Ырас, көп эле жаш мугалимдер депозиттерин алышкан соң кетип калышканын көрүп жүрөбүз, анткени айлыгы аз. Бирок, баары четке кете беришсе, мектепте ким калат? Аны да ойлош керек.
Мугалимдин максаты - балдарга татыктуу билим-тарбия берүү менен жаш муундарды тарбиялоо эмеспи. Мен мектепте биологиядан сырткары информатика сабагын да окутам. Мен окуткан окуучум 2007-2008-окуу жылдарында райондук олимпиадада экинчи орунду алды. Окуучумдун бул ийгилиги менен сыймыктанам.
Кийинки учурдагы жалпы эле билим сапатынын деңгээли эң жогору деп айталбайм, себеби, мугалимдер жетишпейт. Алгачкы билим базасын түптөгөн мектепте предметтик мугалимдер жетишпей жаткандан кийин балдар билимди каяктан алышмак эле?! Биздин мектепте да информатика, химия, физика мугалимдери жетишпейт. Баарыңыздар билесиздер, айыл жергесине барып эч ким иштегиси келбейт. Жаштардын баары шаарга качат экен. Элеттик мектептерге мугалимдерди айлык акынын көптүгү менен тартууга болот деп ойлойм. Андыктан "Жаш мугалимдин депозити" программасынын жардамы жакшы эле болуп жатат. Маселен, мен депозиттен алган каражатымды балама жумшасамбы деп ойлойм. Баламды жогорку окуу жайдан окуткум келет.
Менин апам да ушул эле мектепте химия, биология сабактарынан мугалим болуп көп жылдан бери иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Жеңем Нураева Элмира математикадан сабак берет. Демек, бизди мугалимдердин үй-бүлөсү десе да болот. Келечекте балам да мугалим болсо дейм. Мугалимдик кесип - ардактуу кесип. Ошондуктан бул кесипти таштабайбыз деп ишенем.


Алган акчамды үй-бүлөлүк бюджетке кошом

Камила Узенова, Талас облусундагы Кара-Буура районунун Молдосан айылындагы Шамратбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими:
- Өзүм ушул мектепти аяктаган соң, 2000-жылы Баласагын атындагы улуттук университетинин тарых жана көркөм таануу факультетинен билим алгам. 2005-жылы окуумду аяктагандан кийин өзүмдүн айылымдагы мектепте иштеп калдым.
Иштегениме 5 жыл болду. Мага мугалимдик кесип аябай жагат, анткени менин апам Узенова Кымбат да мугалим. Ал кыргыз тили, адабиятынан сабак берет. 2007-жылы "Жаш мугалимдер депозити" программасынын жеңүүчүсү болуп аталгам. Ала турган акчабызды мээнет менен актайбыз деп ойлойм. Мектептеги ишибиз жаман эмес. 2009-2010-окуу жылында менин окуучум Кутман Рахимбаев райондук олимпиададан биринчи орунду ээледи. Ал эми облустук олимпиадада төртүнчү орунду алды. Анын жетишкендигинде менин да кошкон салымым бар экендигине сыймыктанам.
Мектепте тарбия завучу болуп эмгектенгендиктен, балдардын тартип-тарбиясын оңдоо максатында райондук деңгээлде Манас ата урпактары биримдигин түзүү идеясын көтөрүп чыкканбыз. 1-4-класска чейин - Сейтек кошуну, 5-8-класстар үчүн - Семетей, ал эми 9-11-класстардын окуучулары үчүн Манас кошуну болуп түзүлгөн. Манас ата урпактары биримдигинин максаты - балдарды татыктуу тарбиялоо, окууда мыкты жетишкендиктерге жетишүү жана ата-журтун, элин сүйүүгө үйрөтүү. Менин жеке пикиримде балдарга тарбияны үй-бүлөдө жана мектепте түптөө керек. Кийин кеч болуп калат. Андыктан мугалимдер жана ата-энелер ушул учурду колдон чыгарып жибербегенге биргелешип аракеттенүүбүз зарыл деп эсептейм.
Жакында эле турмушка чыккандыгыма байланыштуу ала турган акчамды жолдошум менен кеңешип, үй-бүлөлүк бюджетке жумшайбыз го. "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, ал акча сөзсүз бир жакшы ишке жарап берет деп ишенем.


Мен депозиттин акчасына машина алам

Айгүл Борбиева, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Момбеков айылындагы М.Акчабаев атындагы № 44 орто мектептин англис тили мугалими:
- Мектебибиз 2006-жылы ачылган жаңы мектептерден. Учурда анда 325 окуучу окуйт. Ошол жылдан баштап эле 3-класстан 11-класска чейинки балдарга англис тилинен сабак берем. Мектебибиз жаңы болгондуктан, азырынча анын материалдык-техникалык жагы начар. Мисалы, эң эле жөнөкөй окуу куралдары жетишпейт. Бир класста 30 бала болсо, мектеп 2 китеп менен камсыздайт, калганын ата-энелердин жардамы менен толуктайбыз. Бирок ошого карабастан, башка мектептерден жардам сурап иштеп жатабыз. Балдар айрыкча англис тилине аябай кызыгышып, жөндөмдөр курстарына катышып турушат.
Мен өзүмдү өз кесибимдин, өз мекенимдин патриотумун десем болот. Жаш муундарды тарбиялап, өзүмдүн элиме кызмат өтөгүм келет. Үч жылдан бери окуу завучу болуп иштеп келатам. Мектеп директорубуз жаш адистерге өзгөчө колдоо көрсөтүп турат.
Депозит боюнча ала турган акчама машина алсам деген оюм бар. Анткени мен жашаган жерден иштеген жериме чейин 3 км. жол болгондуктан, такси жалдап барып-келип иштейм. Эгерде адам өзү сүйгөн кесип боюнча иштесе, ага эч кандай тоскоолдуктар болбойт деп эсептейм. Мугалим - мен үчүн ыйык адам. Андыктан ушул жерден эле эмгектенип, балдарга билим-тарбия берүүдө өз салымымды кошсом деген тилегим бар.

Биздин үй-бүлөдө мугалимдик кесиптин башатын мен баштадым

Айбек Исаев, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими:
- Мектепте иштегениме 7 жыл болду. Борборубуздагы И.Арабаев атындагы университеттин чет тили факультетин аяктагандан бери эмгектенип келем.
Жаш муундарды тарбиялоого салым кошоюн деп өз айылымдагы мектепте иштөөнү чечкем. Анткени кийинки учурда мугалимдик жамаатта иштегендердин басымдуу көпчүлүгү аялзаты болуп баратпайбы. Мугалимдин түйшүгүн мойнуна алган мырзалар дээрлик жок. Мындай болбошу керек. Балдарды тарбиялоодо ата менен эненин ролу бирдей болгондой эле, балдар үчүн агайлардын тарбиясы таасирдүү болушу керек. Мен үчүн балдарга сабак өткөн аябай кызыктуу. Балдардын дүйнөсүнө жол табуу үчүн көп изденип, көп нерсени билишиң парз. Балдар азыр чет тилдерди билүүгө абдан кызыгышат. Андыктан жалгыз эле мектептин программасы менен чектелбей, Нарында ачылып жаткан Борбордук Азия университети менен келишим түзүп, англис тилинен кошумча сабактарды берип жатам. Алар бизди заманбап китептер, магнитофон, CD, видео дисктер менен камсыздашууда.
Менин предметим боюнча жумасына эки жолудан сабак кирсе, мен андан тышкары жумасына кошумча 3 сааттан 5 саатка чейин сабак өтөм. Англис тили ийриминде азыр 35 бала бар. Биздин айыл чакан айыл. Мектепте 350 окуучу окуйт. Мен дагы мактанып кетсем болот, менин бүтүрүүчүлөрүм престиждүү жогорку окуу жайларда окушат. Мисалы, Манас университетинде район боюнча ОРТдан 180 балл алгандар болду. Бул биздин айыл үчүн чоң көрсөткүч.
Депозиттин акчасына компьютер алсамбы деп жатам. Бул өзүмө да, башкаларга да пайдалуу болот. Андан калганын элет жеринде жашагандан кийин айыл чарбасына жумшасамбы деген пландарым бар. Менин жубайым дагы мугалим. Экөөбүздүн эки балабыз бар. Бактылуу үй-бүлөлөрдөнбүз. Менимче, айылда жашап, айылдык мугалим болуп деле бактылуу болуп, эл-журт үчүн көп иштерди аткарсаң болот. Келечек муунду кандай тарбияласаң, ошондой коом түзүлөт эмеспи. Биздин ордубузду баса турган жаштар билимдүү, чынчыл, патриот болушун каалайм жана ушул багытта болгон күч-аракетимди жумшайм.


Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим",
Айгүл Ештаева, "Айылдык билим берүү" долбоорунун адиси.