Семинар

Адептүү жаштар - мекен таянычы, өлкө келечеги
Түгөл болсун дүнүйөбүз, мал жаныбыз,
Түтөбөсүн кордукка кан-жаныбыз,
Кубат берсин ыйманга, эл оңолуп,
Кудай деген кыргыздын балдарыбыз.
Апаларда керемет маанай болсун.
Апаларда кетпеген таалай консун.
Ак сакалдуу үйүндө кары болсо,
Ак батасы кыйшайбай таамай болсун.
Арам оокат алдыга тизилбесин.
Адал иштин арышы күжулдөсүн.
Урпактарда уялтпас дөөлөт калып,
Узун көчү кыргыздын үзүлбөсүн!

Т.Насырымбекова


Улуттун идеологиясына тоодой акыл кенин кошуп, кошкон акылы деңиздей болуп турса деген патриоттук, аруу тилектерден жаралган чоң идеяны Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев жана коомдук ишмер Бабырбек Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик жактан тарбиялоо концепциясын" биргелешип жазышкан. Ушул концепцияны ишке ашыруунун алгачкы тушоосу кесилип, Бишкек шаарындагы №81 орто мектебинин базасында практикалык семинар өткөрүлдү.


Аталган семинарга калк кадырлаган, элге эмгеги сиңген окумуштуулар, таза дилин бала үчүн деп койгон, заманыбыздын патриоттору болгон адеп мугалимдери, ата-энелер катышышты. Бүгүнкү адам - материалдык байлыктан оомат албай, моралдык, руханий дүйнөгө кадам таштаганы турганда, мындай илимий-практикалык семинар зарыл жана керек экенин №81 мектептин жамааты далилдей алышты. Алгачкы сөздү алган Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги Айнагүл Ниязова, коомубуздагы жаштардын билим тарбиясынын сапаты биздин мойнубузда экенин баса белгиледи.
- Балдарга мээримдүүлүк менен мамиле кылууну ар бир педагог билип, туюп иштеши зарыл. Баланын билимге болгон талабынан чыккан зарылчылыктарды аткаруу - мектеп жамаатынын негизги максаты болуусу керек, - деди А.Ниязова.
Андан соң, №81 орто мектебинин "Манас", "Семетей", "Сейтек" уюмуна кезек берилип, балдар өзүн-өзү башкаруу демилгесинин натыйжасын жана алардын мектебин, окуткан агай-эжейлерин, мекенин кантип сүйүп-урматтай тургандыктарын чагылдырган ойлорду ыр-тизмектери, ураандар, чакырыктар менен айтышты. Андан кийин, кезек "Маңкуртчулук - ааламдын караңгы туманы, адамдын дил тузагы" деген темада эл агартуунун мыктысы, Адеп борборунун жетекчиси Султантөрөева Чынаркүл 10 "а" классы менен жогорку актердук чеберчиликте даярдалган төрт сүрөттүү, эки көшөгөлүү сахна-сабакты көрсөттү.
- Жүздөн ашык семинарга келген катышуучулардын жүрөктөрүнүн кылда түпкүрүндө таасирленте турган сабакты тартуулады. Чынара бул сабагында учурда жаштардын тарбиясы эмнеден аксап жаткандыгын дал өзүндөй кылып ыр жана кара сөз менен чагылдырып берди, - дейт эмгек сиңирген мугалим Т.Насырымбекова. - Чынаранын өзүнүн адептүүлүгү, адамгерчилиги, билиминин бийиктиги - балдар үчүн өрнөк. Бул мугалимдин сабагы ар дайым жогорку деңгээлде өткөрүлөт.
Мындан сырткары, "Ынтымак бар жерде, ырыс бар", "Тил - улуттун сыймыгы", "Ата-баба мурасы - түгөнбөс кенч" ж.б. ачык сабактар берилди. Бул мектептин мугалимдери жогорку чеберчиликте концепциянын бутактарын чечмелеп аткарууга болгон педагогикалык тажрыйбаларын жумшагандыгы көрүнүп турду. Мектеп директору Ж.Алыбаева болсо семинардын катышуучуларына "Мектеп - билим жана тарбия очогу" деген темада видеотасма баянын тартуулап, мектептин уюшулганынан баштап азыркы убакка чейинки иштерин жеткиликтүү айтып берди. Жетекчини улай эле, "Адеп борбору - билимге таяныч болуу менен тарбиянын таасирдүү булагы" деген темадагы доклады менен ардагер мугалим Т.Насырымбекова чыкты. Мына ушундай мазмундуу ташка тамга баскандай сөздөр жана ойлор, идеялар менен курчалган докладдар семинардын көркүн ачты, катышуучулардын ыраазычылыгына арзыды. Анткени бул алган темалар орошондогон ойлордон, турмуштук чоң тажрыйбалардан жана тарых барактарынан алынганын, ар бир докладда, ачык сабакта айтылган идеялар турмушка керек экендигин жана бул концепциянын бутагы, тамыры болоорун тастыктады.
Семинардын жүрүшү боюнча келген коноктордон жагымдуу ойлор, жакшы тилектер, сунуштар айтылды. Маселен, №85 орто мектебинин директору Жылдыз Сарыгулованын пикиринде, шаар боюнча 93 орто мектеп болсо, анын ичинен №81 мектеп алгачкылардан болуп концепциянын өзөгүн жайылткан сабактарды өтүп бериши кимди гана болбосун кубандырбай койгон жок.
- Докладдар мазмундуу болуп, концепцияны терең окуп, үйрөнүүгө карата №81 мектептин мугалимдери чоң демилге жана шык бере алды. Мындан ары концепция боюнча сабактарды өтүүнү баарыбыз колго алалы, - деди Ж.Сарыгулова.
Ал эми №72 орто мектебинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Жыргал Ысманованын айтымында, "Манас", "Семетей", "Сейтек" уюмдарынын тартуулаган программасы жаңыча кадамдардын башаты боло алды.
- Анткени кийген кийимдери, эмблемалары жана айткан ырлары концепциянын талабы жана тилеги орундалат деген чоң ишенимди көрсөтө алды, - дейт Жыргал эже. - Ал эми Ч.Султантөрөеванын жогорку чеберчиликтеги көрсөтүп өткөн сахна-сабагы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп, туюкта тынчсызданганыбызды ачыкка чыгарып, көрсөтө алды. Демек, мугалимдин бул сабагы биринчи же акыркы сабактардан эмес. Ошондуктан Чынараны Өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштаймын.
Мына ушундай ойлор тизмегине Сабыр Иптаров, Асылбек Жооданбековдор кошулушту. Ал эми концепциянын автору, профессор Советбек Байгазиев мектеп жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Ошентип ар бир жаш адамдын рух адеби улуттук, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн кыртышынан терең тамырлап өсүп чыкса, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, улут катары өз бетинчелигин сактай алсак, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула ала турганыбызды далилдеген бул концепцияны жеткиликтүү иш-чаралар менен жетектеген тунук акыл-эс жана аң-сезим менен колдой ала турган болсок, анда биздин Манас атабыздын чогултканын сактап, улаганын улап, кармаганын караан тутуп кала тургандыгыбыз абзел.
Семинардын аягында концепцияны турмушка ашыруу боюнча ар бир мектепте мугалимдер жамааты тарабынан колдоого алынса; мектептерде тил майрамдарын, тил сабаттуулугу боюнча мыкты окуучу сынактарын өткөрүү; улуттук кийимдерибизди заманбап учурга ылайыкталып тигилип, окуучулардын мектепте кийип практикаланышына карата сунуш-ойлор жер-жерлерде киргизилсе; ар бир мектептерде адеп кабинеттерди улуттук этнопедагогикалык талапка ылайыктап жасатууга мектеп администрациясы тарабынан көрсөтмө берилип, колдоого алынса; көөнөрбөс мурас болуп калган салттар боюнча телеберүүлөргө ата-энелерди жана мектеп жашындагы балдарды тартууну уюштуруу; манасчылык, төкмөчүлүк, акындык боюнча балдар арасында кароо-сынактар уюштурулуп туруу жагы шаардык, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери тарабынан уюштурулуп турулса ж.б.у.с. деген чечим кабыл алынды.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"