presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Мектепке кош келиңиздер" сынагына

Бир көчөнүн балдары
Эртең менен эрте туруп, бети-колун жуунган Элнур, апасы даярдап койгон тамак-ашын ичкен соң, китепкабын колуна алып, мектебин көздөй шашыла жөнөдү. Достору менен болжошкон убакыттан кечигип калбайын деген Амирхан дагы чайын чала-була ичип алып, чуркаган бойдон кетти. Бул достор Лев Толстой көчөсү менен Репина көчөсүнүн кесилишинен болжошкон убакта жолугушту. Экөө ээрчишкен бойдон аны-муну кобурашып кетип баратып мектебине кандай жеткендерин байкабай да калышты. Бул балдарды алардан эрте келип, бирок класска кирбей мектептин эшигинин алдында күтүп турган достору - Тимур, Бекболот, Алибектер тосуп алышты. Достордун көрүшө электерине бир эле күн болсо дагы бири-бирин абдан сагынып калышкансып кол алыша, кыса-кыса кучакташып учурашышты да, бир нерселерди кобурашып каткырган бойдон мектепке кирип кетишти.


Бири-бирин сыйлоо, ынтымактуу болуу - биздин башкы девиз
Биз сөз кылып жаткан бул балдар Бишкек шаарындагы №44 мектептин 8 "а" классынын окуучулары. Алар - бир класста окуган кыйышпас достор. Бешөө тең бала бакчага бирге барышып, андан соң бир мектепке кирип, тагдырдын жазганыбы, айтор, бешөө тең бир класста чогуу окуп калышкан. Мектеп босогосун аттаган күндөн тарта бешөө бири-бирине түбөлүк дос, сырдаш, курдаш болуу антын беришкен. Булардын антташкан күнүнөн бери туура сегиз жыл өтсө дагы ушул күнгө чейин алардын достук мамилеси бузула элек. Эң кызыктуусу, беш достун бешөө тең ар кайсы улуттан. Мисалы, Искендеров Элнур - азербайжан, Шерматов Алибек - казак, Идирисов Бекболот - кыргыз, Байматов Тимур - өзбек, Джалил заде Амирхан болсо азербайжан улутунан. Амирхан менен Элнур бир көчөдө жашашса, калган үчөө дагы башка көчөдө кошуналар.
Минтип төрт башка улуттун уулдарынын достошуп калышына азыркы тарбия-таалим алып жаткан билим очогу себепкер болгон. Анткени булар бала бакчага чогуу барып, бирге ойногондору менен ал кезде достошуу деген эмне экенин аңдап билишчү эмес. Качан алар мектепке чогуу бара баштаганда гана достук мамиле түзө башташкан.
- Биз бешөөбүз тең бир бала бакчага барчубуз, бирге ойночубуз. Андан кийин минтип классташ болуп калдык. Биз бири-бирибизден эч качан эч нерсе жашырбайбыз, эч нерсе аянбайбыз. Кимибизде акча болсо ошонубуз беришип турабыз, чогуу бир нерсе алып жейбиз, - дейт Алибек.
Алибектин айтымында, бул достордун ынтымагын кармап турган - бул алардын ар кайсы улуттан экендигине карабай, бир үй-бүлөнүн балдарындай чогуу, ынтымакта жүргөндүгүндө. Анткени балдар эч качан "сен кыргызсың, сен азербайжансың, сен өзбексиң" деп бири-бирин бөлүп-жарышкан эмес.
- Биз сегиз жылдан бери бири-бирибизге улутубузга карап мамиле кылган эмеспиз, эч качан андай жолго барбайбыз деп ойлойм. Себеби биз бала кезибизден чогуу ойноп, чогуу жүргөндүктөн эгиз балдардай эле болуп калдык. Бири-бирибизди көрбөй калсак абдан сагынышып калабыз. Эч качан улутубуз биздин ортобузду ажырата албайт. Тескерисинче бириктирип турат, - дейт Амирхан.
Бул достордун ынтымагына июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу окуя дагы таасир берген жок. Анткени булардын арасындагы Тимур өзбек улутунан. Ошто кагылышуу болуп жатканда Тимурду достору колдоп, ага эч кимди тийгизбөөгө аракет кылышкан.
- Биз жеке эле Тимурга гана болушпастан дайыма бири-бирибизге карамдуу болуп, бири-бирибизге болушуп турабыз. Жакында эле Амирхандын телефонун бирөө тартып алайын деп жатканда баарылап барып ал проблеманы чечип алдык. Биз эч качан бири-бирибизди кыйынчылык учурда таштабайбыз, - дейт Алибек.
Жада калса бул балдардын ата-энелери дагы катышып, чай ичишет. Балдарынын туулган күндөрүндө бирге болушуп, Ноорузда, Айт майрамдарында бири-биринин үйлөрүн кыдырышып, чай ичишет. Балдардын баардыгы кыргызча так сүйлөп, кыргыздын улуттук-каада салттарын карманышат.
- Мен казак болгонум менен өзүмдү кыргызмын деп эсептейм. Себеби Кыргызстанда жашап, ушул жактан билим алып жаткандан кийин мен эмне үчүн кыргызмын дебешим керек. Кыргызча так сүйлөйм. Досторумдун бардыгы кыргызча түшүнүшөт, кыргызча сүйлөшөт, - дейт Алибек.
Бул балдар мектепте өткөн бардык иш-чаралардан да сыртта калышпайт. Жакында эле Кыргыз тилинин 20 жылдыгына арналган иш-чарага активдүү катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Андан соң мектепте өткөн Күзгү баллда экинчи орунду жеңип алышкан.
- Бул балдар биздин мектептин активисттери. Мектепте кандай иш-чара уюштурулбасын активдүү катышып турушат. Мындайча айтканда, буларды чыныгы патриоттор десек да болот. Албетте, булар азыр жаш. Турмуштун оош-кыйышын, кыйынчылыгын түшүнүшө элек. Ошентсе дагы алардын түбөлүктүү достордон болооруна көзүбүз жетет, - дейт мектептин тарбия иштери боюнча завучу Бермет Мамырбаева.
Балдар дагы өздөрүнүн достугун түбөлүктүү деп эсептешип, эч качан бири-бирибизди таарынтпайбыз, кыйын учурда таштабайбыз дешет.




Бул досторго окшогондор аталган мектепте жүздөп саналат. Анткени ал жакта он бештен ашуун улуттун балдары билим алышат. Көп улуттун балдарынын ынтымакта, биримдикте болуусуна, достошуусуна албетте, эң биринчиден, таалим-тарбиянын очогу болгон - мектептин, мугалимдердин кошкон салымы зор. Мисалы, Богданова Анастасия жетекчилик кылган 6-класста уйгур, түрк, күрт, азербайжан, казак, орус, корей, ал тургай немис улутундагы окуучулар бар. Аларды биримдикте, ынтымакта кармоо, боорукерликке үйрөтүү үчүн класс жетекчиси талбай эмгектенип, ар бир бала менен өз алдынча сырдаш болууга аракет кылат. Ал дайыма бирөө сүйлөп жатканда аны аягына чейин угуу керек деп эсептейт. Анткени ар бир адамдын өзүнүн оюу, өзүнүн көз карашы бар.
- Менин классымда көп улуттун балдары окушат. Бирок ушул убакка чейин бир да жолу бири-бирин улутуна карап басмырлаган учур болгон эмес. Ага мен өзүм дагы жол бербейм. Мен дагы баарына бирдей мамиле кылганга аракет кылам. Биз көп улуттагы үй-бүлөбүз. Үй-бүлө - бул класс, мектеп жана биз жашаган коомчулук. Ошондуктан биз өзүбүздү бир үй-бүлөнүн балдарыбыз деп эсептейбиз, - дейт Богданова Анастасия.
Мектеп окуучуларын бир үй-бүлөдөй кылып тарбиялоо үчүн дайыма гумандуулукка, ынтымакка чакырган класстык сааттар өткөрүлүп турат. 1-сентябрда да башка мектептин окуучуларындай эле бул класс дагы "Силердин үйгө - ынтымак" деген сабак менен жаңы окуу жылын башташкан. Ошондо 6-класстын окуучулары өздөрүнүн каалоо-тилектерин баракчаларга жазып чыгышкан. Анда окуучулардын көпчүлүгү тынчтыкты, бакубатчылыкты каалашкан.
Албетте, мындай көп улуттун балдары окуган мектепте кантип пикир келишпестиктер чыкпасын деген ой да келиши мүмкүн. Мектеп жетекчилигинин айтымында, ушул күнгө чейин бир да жолу улутчулдук маселеси болгон эмес.
- Мен деле мектепке жетекчи болуп келгениме аз эле убакыт болду. Бирок бир дагы кишинин оозунан улутчулдук жөнүндө сөз уккан жокмун. Биздин балдар абдан ынтымактуу. Тескерисинче мектеп окуучулары ата-энелерин достоштуруп турат, - дейт Элмира Жумагулова.
Жетекчинин айтымында, кээде улутчулдук маселесин балдар эмес ата-энелер көтөрүп чыккан учурлар кездешип калат. Андай учурларда келип чыккан келишпестикти дароо чечкенге аракет кылышып, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Анткени бала үйдө, дасторкон үстүндө болуп жаткан сөзгө сөзсүз аралашат дагы, ал жактан уккан-билгендерин кайра сыртка таратышы, болбосо ата-эненин таасири менен аң сезими өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан дайыма балдарды биримдикке, ынтымакка чакырган класстык сааттар, ачык сабактар өткөрүлүп турат. Мисалы, "Баарыбыздын кандайдыр бир окшоштуктарыбыз бар", "Сен, мен, ал үчөөбүз ынтымактуубуз", "Достор планетасы" деген сыяктуу класстык сааттар дайыма өтүп, жаңыдан өсүп келаткан балдардын аң сезимине боорукерликти орнотконго аракет кылышат. Сентябрь айында болсо "Башка бирөөнүн ооруган көңүлүн өзүңдүкүндөй көр" деген темада ар бир класста ачык сабактар өткөрүлгөн. Себеби июнь айындагы Ошто болгон каргашалуу окуянын кесепетинен бул мектепке үч жүздөн ашуун балдар которулган. Ал балдар жаңы мектепке келгенде өздөрүн жакшы сезип, мектепте ээн-эркин, коркпой-үркпөй алып жүрүшүнө шарт түзүп беришкен.




"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o