Кесип өтөлгөсү

Бул баяныбыздын баш каарманы - Акылбек Абдыкадыров айтылуу Алайда жашайт. Эр ортону элүү жашка толуп, куттуу мааракесинде эли-журтуна арнаган жигердүү мээнетинин үзүрүн көрүп турган чагы.

Алайдагы акыл көрөңгө
Балалыгы атына заты төп бийиктиктеги Аскалуу айылында өттү. Ошол бактылуу балалыгында алган билим-тарбиясы, акыл көрөңгөсү, дил азыгы аны сыйкырдуу мугалимдик кесипке аруулантып дилгирлентти десем жаңылышпасмын. Алайдагы эң кадырлуу агай деп урматталган даңазалуу Максүт Акматов жетектеген бул куттуу мектепте Камбарбай, Сулайман, Абжапар, Осмон, Мартбай агайлар жана Сабира, Шарапат, Кыйбат эжейлердин асыл эмгектерин Акылбек агай эмгиче эргүү менен эскерип, жаш мугалимдерге аларды үлгү катары айтып келет. Табияты бийиктиктеги өжөрлүккө шайкеш келген Аскалуунун жайлоолоруна барсаң бейиштин төрүндө жүргөндөй сезимде болосуң. Көркөмдүүлүгү жагынан көз кубантып, көңүл жашарткан Аскалуу бай жаратылышы дээринде зиректиги бар Акылбектин балалык баео дилине табигый жөндөм - шыкты ыроологондой. Анан дагы химия жана биологиядан сабак берген ыраматылык Абжапар Ибраимов агайынын табиятка жуурулушкан мүнөзү да таасир этсе керек. Бала кезден эң ынак досу, кыргыз күрөшүнүн чебери, республикабыздын бир нече жолку чемпиону Турат Акматов экөө балалык таттуу кыялга жетеленишип Абжапар агайдай табият менен жакын, хим-биолог болобуз дешкен. Тилектери ишке ашып, чогуу институттун босогосун атташып, жаштыктын өзүнө батпаган күчүн алар көбүнесе аудитория, лаборатория, китепкана жана спортзалдан чыгарышты. Жигиттин гүлү Акылбекке шаардагы студенттердин баары суктанышчу. Көз ачып жумганча беш жылдын эсте калаарлык күндөрүн шаарга калтырып, алыскы-алыскы тоолору ого эле бийик Чоң-Алайга кетти.
Кызыл-Эшме мектеби чакан болгону менен сүрдүү алтын уя эле. Түйшүктүн түбүндө ийгилик болот эмеспи. Дилинде балдарга болгон жылуулук, сылыктык ошондой эле өжөрлүк сезими, өжөр мүнөзү, Акылбек агага тез эле урмат, кадыр-барк ыроолоду. Жаш мугалимдин жандуу жана түз мамилеси мугалимдерге тез алынып, жарым жылда аны завучтукка көтөрүп коюшту. Оштон 300 чакырымдай алыстыктагы элеттиктердин ар биринин көңүлүнөн "агай" деген жылуу сөз Акылбек агайга арналып, ал сөздө анын улуу даражасы, сый-ызааты даана сезилип турду.
Жаш мугалимдин өткөн сабактары жандуу келип, адабий-тарыхый, рухий дүйнөгө айкалышып, балдардын баео сезимдерине үмүттү, ишеничти жана мекенчилдикти уютууга жетише алды. Жылдардын кызык, таң калаарлык мезгили - Кайра куруу учурунда мугалимдердин сынактары райондо, облуста өтө баштап, ага Акылбек агай да катышып биринчиликти алат. Аты Алайга, даңкы далайга тарай баштаган Акылбек агайды райондогу бир нече мектептер методикалык жардамга, педагогикалык кеңешке, семинарларга тынбай чакыра башташат. Муну көрүп-байкаган район жетекчилери агайды тез арада элге билим берүү борборунун методикалык кабинетин башкарууга чакырышат. Чыгыш элинин накыл кебинде: "Миң күн баш көтөрбөй окугандан көрө, бир күн билги мугалимден сабак алган артык" дегендей, миңдеген ынтызар мугалимдердин кеңешчиси, насаатчысы, новатору жана устаты да Акылбек Абдыкадыров болуп калганына бери дегенде эле жыйырма жылдын жүзү болуп калды. Алайлыктардын бешенесине тубаса педагог, мугалимдерди жанындай сүйгөн, окуучуларга түз багыт бере алган Акылбек агайдын бар экенине шүгүр дейли. Чыгармачылык жумшак мүнөзү кезинде токсонунчу оор жылдары далай кыйынчылыкка тушукса да ага сынбады, кайра такшалды, чыйралды. Мугалимдер өзгөчө калк келишет, жаш баладай болуп тез сүйүнүшөт, кудуңдашат. Алар деле бала менен жүрүп бала мүнөз болуп калышат окшобойбу. Мактоону, туура баалоону жактырышат эмеспи. Мына Акылбек агай миңдеген мугалимдерге бир туугандай жылуу мамиле түзүп жүрүп, аларды айлыгы аз, бирок байлыгы терең кесипке байлап сактап кала алды. Алайда мугалим жетишпейт деген сөз жарашпайт. Дилгир, шыгы бар мугалимдер үчүн атайын педбюллетень чыгарып келгенине деле көп жыл болду. Бул гезит аркылуу көөдөнү эргип чыгармачылык сабактарын, ырларын далай мугалимдер жарыя кыла алышат. Бул кубаныч эмей эмне дейсиң. Жыл сайын окуучулардын "беш алаарларын" топтоп облустук, республикалык олимпиадаларга алып барат. "Жыл мугалими", "жыл мектеби" сынактарында облуста байгелүү орундарды ээлеп келишет. Мына ушунун баары ыраактагы Алайда акылдын көрөңгөсү, билимдин уюткусу бар экенинен кабар берет. Кыргыздын сүйүктүү төкмө акыны Элмирбек Иманалиев: "дүйнөдөгү эң жакшы адам Акылбек агай экен" деп суктанып айтканы бар. акындын жүрөгү туюп, сезип туруп айтса керек го дейм.
Акылбек агайдын алган диплом, грамота, сыйлыктары кудайга шүгүр жетиштүү. Бирок ушундай жөнөкөй, аруу, мээнеткеч устат мугалимге эмгиче мамлекет бир сыйлыгын ыроолобогонуна капамын. Бир нерсени айтып коеюн, азыр Акылбек агайдын катышуусусуз республикадабы же облустабы бир да сынак өтпөйт. Тесттин суроолорун түзүүдөбү же олимпиадалардын жобосун түзүүдөбү алыскы Алайдан сөзсүз түрдө Акылбек агайды чакыртып алышат. Облустук, республикалык билим жаатындагы гезиттер сөзсүз түрдө аны менен кызматташышат, калыстар тобуна мүчөлүккө алышат.
Эң кызыгы Алайда азыркы жыйырма жылда РайОНО жетекчилери, акимдер колкап алмашылгандай алмаштырылат, ал эми биздин каарманыбыз Акылбек Абдыкадыров устат, даанышман мугалим катары бир орунда татыктуу иштеп келе жатат.

Бул очеркибиз жалпы Алай элинин атынан чыныгы мугалим, дасыккан усулчу эң негизгиси жөнөкөй, улуу адам Абдыкадыров Акылбек агайдын 50 жылдык мааракесине куттук иретинде жазылды.
Сүйүнбай Бөрүбаев, Алай району, Ош облусу





Ар бир кесип ардактуу -
Асырасаң ал барктуу
"Бул жерге шаар түшөт. Ач тоюнат, ток байыйт, энеден калган жетим, эринен калган жесир, мууну кеткен мусапыр тоюнуп, токчулуктун тонун жамынат. Топук менен сабырдын санаасынан бүткөн ташы алтын, куму күмүш турбайбы. Аңтара бүткөн айыбың болбосо кыдырың шамал, ыйыгың Ысык-Көл, кыймылың эл экен. Ысык-Көлдөн чыкпагыла балдар!", - деп, акылдын кеменгери олуя Калыгул Бай уулу атабыз баалап, ак батасын берген экен. Андан бери кылымды карытып, балыкчылардын артеги көлгө жакын жайгашып, өнөр жайдын кичинекей тармагы ишин баштаган. Көл көчөсүндө байланыш түйүнүн, алгачкы мектеп, темир жол бекети орун алып, жылыга кулачын кеңитип, Калыгул Бай уулу атабыз айткандай, шаарга айланды.

Атыркүл ЖИЙДЕБАЕВА,
Кыргыз Республикасына
эмгек сиңирген мугалим
Ошол Калыгул Бай уулу атабыз токтоп аттан түшүп, ойго чөмүлгөн жерге мына бүгүнкү биздин № 7 Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебибиз курулгандыр. Мына ушундай ыйык мектепте ондогон Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниктери, ондогон жогорку категориядагы алдыңкы мугалимдер жана жалын жүрөк жаштар эмгектенет.
Ошолордун ичинен көзгө өзгөчө көрүнгөн, тажрыйбалуу таасын тарбиячы, Балыкчы шаардык мектептердин башталгыч класстарынын устат, усулчусу, усулдук бирикменин жетекчиси Жийдебаева Атыркүл эже бар. Атыркүл эже Балыкчы шаарынын атын алайга, даңкын далайга жеткирген шаардын сыйлыгы, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин сыймыгы. Атыркүл эже Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, республикалык мугалимдердин II курултайынын делегаты, таанымал мугалим.
Атыркүл эже: "Мугалим - асыл кесибим, мектебим - алтын бешигим" демекчи, Балыкчы шаарынын намысы, мугалимдердин калысы болуп келе жатканы айдан ачык эмеспи. Мына ушундай чыгармачыл, талыкпай изденген, чарчабай иштеген, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, намыстуу, талапты так кое билген ажарлуу, сүйкүмдүү Атыркүл эже менен кошо иштешип, кошо жүрүп, чукулдан тааныш болгонума сыймыктанамын. Мугалим чынында түйшүкчүл, чыгармачыл, чаалыкпаган, чарчабаган жан. Алардын эмгеги мына минтип бааланса, кээде бааланбай калат. Бирок мугалим үчүн өзү окуткан окуучуларынан өткөн сыйлык да, сыймык да жок экенин билет, түшүнөт. Бүгүнкү күнү Атыркүл эже жаш муундарга билим берүү менен бирге аларды Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаттарына басым коюп тарбиялайт. Адеп - дегенди башкы милдет катары көрөт. Эженин окуучулары адептүү, таасын тартиптүү, алдыңкы класс, алдыңкы окуучулар экени анык. Учурдун талабына, ыңгайына шартташа билген, алдын-ала көрүп, ошол нукка карай тайсалдабай туура жолго түшкөн мугалим. Атыркүл эже кыргыздын нукура макал-лакаптарын жаш муундарга санат катары айтып тарбиялайт. "Билими күчтүү миңди, билеги күчтүү бирди жыгат" дейт. Ушул эле сөз окуучулардын жакшы окуп, жакшы билим алуусуна канчалык маанилүү экени маалым. Ал гана эмес түйшүкчүл мугалим улуттук спорттук оюндардын дене тарбия сабагына кирген "Тогуз коргоол", "Ордо" сыяктуу түрлөрүн башталгыч класстар үчүн өтүлүүчү шартта, автордук, усулдук, ыкма программасын түзүп чыгып, Балыкчы шаардык мектептеринин башталгыч класстары мугалимдерине жайылтып олтурат.
Атыркүл эже 1974-жылы Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык жогорку окуу жайын бүтүргөн. 1974-1991-жылдары Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Жданов атындагы орто мектебинде иштеп, иш тажрыйбасын топтоп, чыгармачылыктын куржунун толтуруп, педагогикалык иштин уюткусун ала келген. Көрөңгөлүү Атыркүл эже 1991-1997-жылдары Балыкчы шаардык №10 Манас орто мектебинде эмгектенип келди. Балыкчы шаардык жыл мугалими сынагына катышып, өз күчүн сынап көргөн. 1997-жылы "Жыл мугалими - 97" наамын жеңип алды. Ошол эле жылы Ысык-Көл облусундагы, областтык "Жыл мугалими - 97" сынагында II орунду ээлеп келген. Бул түйшүк, бул эмгек Атыркүл эжени күндөп-түндөп алга умтулууга, алдын-ала көрө билүүгө тарбиялаган.
1997-жылдан бери №7 Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги болсо, 2005-жылы Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими наамына, сыйлыгына татыды. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин II курултайына делегат болду. Бул сыйлык, наамдар мугалимдик кесиптин, жупуну эмгегинин үзүрү, кайтарымы экени чын. Атыркүл эже өмүрлүк жолдошу Мамбетов Жумакадыр байкеге кетик идиштен аш бербеген, ак жакасын кирдетпеген, акыл кеңешчиси, сүйкүмдүү жары, балдарынын энеси, үйдүн куту. Неберелеринин умай энеси, келинге кайраттуу, күйөө балага кайрымдуу кайын энеси. Алдына киши салбаган узчулугу дагы бар, аянбаган, шар кеткен мартчылыгы дагы бар. Тараз бойлуу, терең ойлуу, каш кабагы бүркөлбөгөн сүйкүмдүү, күйүмдүү өзгөчө адам, өзгөчө жан. Өз кесибин ардактаган ардагер, Балыкчы шаардык мектептердин башталгыч классынын мугалимдерине өзүнүн иш тажрыйбасын, усулдук ыкмаларын үйрөтөт. Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин мугалимдери да эжеге карап түздөнөт. Мындай төрт тарабы төп келген, ташыркабаган сай күлүк мугалимди көргөндө сыймыктанамын, суктанамын, мактанамын.

Асан АЙДАРАКУНОВ,
Балыкчы шаарындагы №7
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими