Көз караш

Тил сөөлөтү нускасынан ажырап, сөз бузулат, сак болгун!
Билим жаатынын
урматтуу адис, тил мугалимдери!

Ушул азырдагы эки ача жана башка бөтөн сөзү бар кыргыз тилин төл сөзүбүздүн түп нускасы менен К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүнүн, демек, эки маалыматтын негизинде аталган кыйла бөтөн-артык башын биротоло жоюп, жаңы талапка жараша таанылгыс өзгөрттү. Эне тилибиз төл сөзүбүздүн куду түп нускасындай жаңырып, жаралды, келечек муунга арналды!
Акылман бабабыздын: "Тил сөөлөтү-нускасынан ажырап, сөз бузулат, сак болгун" деген накыл кебин эске тутуп, мүмкүн болушунча эч бир катага жол бербегендей жаздым.
Ошондой болсо да сиздерден, өз кесибинин ээси, устатынан, айрыкча эне тил мугалимдеринен көптү, баалуу кеңеш-сунушту "Кутбилим" газетасы аркылуу күтөбүз!
Макаланын автору Ералиев Садыбакас, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгеги сиңген пенсионер, согуш жана эмгек ардагери, Бишкек шаары, 2010-жылдын 8-сентябры.


Эне тилибиз төл сөзүбүздүн куду нукура нускасындай жаңырып, жаралды.
Алгачкы Алла-Тааланы оозго албай, бабаларыбыздын акыл-накыл кептеринин бизге жеткен аянына - эң негизинин бири - ыйыгы энеге, тутуму бир удаалашы - эне тилибизге көңүл бурбай туруп баштаган баяныбыз мазмуну, сөз ырааты жагынан тайкы болуп калышы ыктымал. Алла бизге, Кыргызстаныбызга Ааламда жок жер соорусун: Ысык-Көл, Сары-Челек, Арсланбапка окшогон аймакты тартуулады! Табиятынын өтө сонун көркөм-коозуна, чөп-чарынын да куду гүлдөй буруксуган жытына, көңүлдү бирпаста чайыттай ачкан сыдырым желине, ынак сүттөй таза, ак, тунук, дарыдай даба суусуна, айлана-чөйрөнү адамдын көзү тойгус көрккө бөлөгөн нечен түркүн айбанат мекенине, чиркин ай деп суктанасың!..
Жарык дүйнөнүн мына ушундай бейиш төрүндө аң-сезими тунук, акылы тетик, көрөгөч, телегейи тегиз, сейрек акылмандын жаралышы анык дечи! Арасында көзү ачык, өөнү жок олуялары да болгону маалым! Ошолордун бири эненин ыйыгын, теңдеши жогун, бийик наркын, тутуму бир эне тилин да жогору баалаган. Наристе түйүлдүгүнөн жашоосу, каны-жаны, тутуму эне менен бирин сезип, ырастап,.. жарык дүйнөгө жар салып келээри менен энесинин асыл эмгегин жогору баалап, тили чыгаарынын алдында теңир - жараткан оозандырып, жалгай бергендей теңдеши жок жалгыз сөзүн эне деп айтууга зорго үлгүрүп, оюндагы уюткулуу тунугу - тили сөзүнө кудурети жетпегенин дароо сезип, тилин соймоңдоткону өзүм айта албаган тил деген сөздү энеге кошуп, тилибизди энемдин наамынан эне тили деп атагыла деген наристенин ак дили, тунук тилеги - жышааны болчу, - деген тыянакка келген экен.
Эне тилибиздин кара сөз тизмеги ырдай куюлушуп, обону, сөз ырааты менен жан сергитип турушу менен мааниси зор. Ансыз элибиз келечек жыргалынан, гүлдөп өсө турган өлкөсүнөн кол үзүп, кудурети күчтүүгө өмүр бою көз каранды болоору анык!.. Тилсиз кыргыз улуту, мамлекети жок, - деп жатпайынбы!...


О
рус тили Кыргызстаныбызда мамлекет тилинин милдетин Совет бийлигинин алгачкы жылдарында аткара баштагандан көп узабай десем жаңылбайм, эне тилибиз жазма түрүнө, тагы К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгү жарык көрөөрү менен өтүп, эки ача сөзү, тилибизде жогу - жасалма, бөтөнү да пайда болду. Аны биринчи иретте тилчилер, бараандуу илимпоздору, арийне ошол кездеги карапайым адамдарды оозго албаганда, билишсе да ошондогу такай оор абалдан чыгуу амалын таап, ачык айтып, басма сөзгө жарыялоо колунан келбегенден кийин үн каткан эмес. Негизги себептеринин бири - бийлик эне тилибиздин өркүндөп өсүшүнө анчалык көңүл бурбай калган. К.Юдахиндин кыргыз тилинин түп нускасын билбегендигинен болсо керек тилибизде жок "лык" уландынын түрлөрүн кошуп, тилибизди орус тилине жакындатам деген оюу да себеп болду окшойт…
Эмичи? Кыргызстаныбыз эгемен өлкө аталып, 19 жылга толгон убагына чейин эне тилибиз жаатындагы бүт бөксөсүн биротоло жоюп, кары-жашыбызга бирдей жаккандай деңгээлге жеткирүү чыныгы атуулдарыбыздын колунан келмек болчу.
…Акыл деңгээли пасынан келечегибизди ойлобогон бийлик "чабактары" менен бирге "Балык башынан сасыйттын" так өзүн тартып, кейпин таасын кийип, күчүн түркүн чакырык, кур дүрмөт көрсөтмөгө кетирип, адегендеги жапырт сонун башталышты - ишибизди жокко чыгарып, артка чегиндирди!.. Мамлекет маанидеги маселени чечүүдөн кечигип калбайлы!?
Баяныма үндөш чакан окуяны кыстара кетүүнү туура көрдүм. 1970-жылы Ленин сүргүндө жүргөн Шушен жергесинде болгон күндөрүмдүн биринде онго жакын хаказ карыя бири-бири менен такай орус тилинде сүйлөшкөнүнө аң-таң калдым. Жанымдагы карыя экөөбүз сыртка чыгаарым менен карыялардын бири да өз тилинде сүйлөбөгөнү кандай десем, көзүнөн жаш алганы байкалды. Туура эмес суроо берсем кечирим сурайын дегенимче:
- Сөзүңүздүн калети жок. Куруган калкпыз. Тилибиз жок, газета, китеп чыкпайт, жашообуз да орусча. Сиздерди билемин. Күйөө балам кыргыз. Ысык-Көлдө жашайт. Барганмын. Өз ара бөлөк тилде сүйлөгөнүңөрдү уккан жокмун, жыргаал… дегенде терең ойлонуп калдым. Заманыбыздын V-кылымында жашаган олуянын "Тилибиз сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат, сак болгун" деген накыл кеби эне тилибиздин аралашма бөтөнү, борбор шаарыбыздын жаштарынын орус тилине ооп, сөзүбүздү өөн тутуп баратканы бар экенин баарыбызды кеминде кыргыз тилин ырдай куюлушуп турчу деңгээлине жеткирүү алдыбыздагы асыл милдет. Ошондон бери эне тилибиздин түркүн маселесин камтыган макалаларды жазып, газеталарга жарыяладым. 1996-жылы "Кыргыз Туусу" газетасында "Хаказ карыянын ыйы" жүз чайыды. Кийин, 2009-жылы "Хаказ карыянын арманы" аталып, "Эркин-Тоо" газетасынан жарык көрдү. Окууңарды каалайт элем!
Көрнөктөрдө, айрыкча сөздүктөрдө ар бир термин сөз так, мазмуну түшүнүктүү болооруна көңүл буруп, кыйласын ошол мекеме мамлекет тилине өткөндө, биринчи иретте зарыл болобу деген ойдо басма сөзгө чыгардым. Мисалы, Кыргызское взморье - Кыргыз деңизи дебей Кыргыз деңизинин жээги же Кыргыз деңиз жээги деп, мазмунуна ылайык жазууга болот беле? Арийне, тийиштүү мекеме көз салып, туура жаздырып койсо болмок. Аманбанктын имаратынын чоң көчөнү караган бетине ири тамга менен жазылган "Бутага таамай" көрнөгү илинип турат. Бута дегендин орусчасы мишень экенин билишпейт окшойт. Орус тилиндеги "точно в цель" жазуусун алып ташташыптыр! Муну да көзөмөлгө алуу, туура жаздыруу кайсы мекеменин ишине таандык?
У
шул багыттагы К.Юдахиндин сөздүгүндө термин катары жазылбаган сөздөрдү төмөндөгүдөй атадым: завтрак-эртедаам, обед - түшдаам же түшкүдаам, ужин-кечдаам, полдник - бешимдаам, меню - аштизме, сестра-хозяйка-ашээси же ашкана ээси, же аш чарба ээси дегенибиз туура. Анткени кийинкиси ар бир эс алуучуга ашканадан орун таап берип, тамактандырат, тамак-аштын сапатына да жооп берет.
Пляж-чөмүлжээк, чөмүлмө, чөмүлдөмө дегенибиз мазмунуна ылайык келет. Ушундай сунуштарыбыздын бирине да ушул күнгө чейин үн катып, кеңешкен тил мекемеси болбоду. Анан кантип ишибиз оңолот? Мекемелердин сырты жалтырак ичи калтырак. Ичиндеги көп сөздүн баары, бири калбай орус тилинде жазылган. Өзүңдү Россияга баргандай сезесиң!
…тил комиссиясынын сөздүгүндө да мазмунунда так эмес, эки ача сөз-терминдер кездешет. Айталы, врач да лекарь да бир сөз менен "дарыгер" деп жазылган. Врачты ошол бойдон калтырса баарыбызга, кары-жашыбызга майдай жакмак! Ага карабай атаймын десе дабагер деп алганы оң болмок! Ошондо лекарь туруктуу ордун тапмак. Царь пушканы залкар замбирек дегени мазмундан оолак болуп калбадыбы! Падыша деген сөзү жок царь пушка экенин далысынан билчүү да айта албайт! Аныгын котормочу түшүндү окшойт… жана башкалары да бар!
Ушулардын баарын "Кыргыз тили" газетасы аркылуу элге айтса, жарыяласа, аныгына көзү жетип, туура колдонушмакчы!..
Баса, тил атуул диплому №1 наамындагы күбөлүктү ошондогу Кыргыз Республикасынын адилет министри Марат Кайыповго тапшырса туура болмок, анткени ишибиздин алга жылышына өбөлгө түзмөкчү. Ал үй-бүлөсүндө гана эмес, кызматында да бүт баарын мамлекет тилинде сүйлөтүүгө жетишкен!..
Сөз кезегин баяныбыздын эң негизги өзөгүнө -төл сөзүбүздүн нускалуу тунуна ыйгаралы! Эне тили төл сөзүбүздүн нукура нускалуу туну - уюткулуу булагы, касиети, ыйык эрежеси, нагыз сөз жарчысы катары таанылды. Келечегинде ушул үч милдетти Ала-Тообуздан төмөндү карай шар аккан тунук суу - уюткулуу булагы… куду орус тил эрежеси сымал так аткараары маалым маанисинде айтылды. Айталы, эне сөзү эч өзгөрбөйт. Тили-сөзүнүн аягындагы "И" - үндүү тамга тунунун уюткулуу булагы катары сөз атанынын, касиети ыйык эрежесинин сөз жарчысынын, орус тил эрежесинин да милдетин аткармакчы. Демек, бул келечегинде бүт эне тилибиздин эки ачасы нускалуу тунунун нугунан өтөөрү менен куду өзүндөй болоорунан кабар берип турат десек эч жаңылбайбыз! Ошондо ар бир сөзүнүн аныгын так билип, туура, терең түшүнүүгө болот. Үнүбүз сөз ыраатына коошуп, жогору чыгат. Сөз, сүйлөмүн жаңылбай жазып, тез, оңой үйрөнүүгө, эсте узак тутууга мүмкүн болоорунун да аныгы чын! Аны эне тили деп түшүнүп, кээде эненин тили деп да айтып жүрөбүз. Аныбыз да туура дечи. Ал эми эне тили деген сөздү эч качан эненин тил деп сөздүн аягындагы "Л" тамгасынан кийинки жогорудагыдай баасы бийик, теңдеши жок "И" тамгасынын жогунан айтпаганыбыз да түшүнүктүү чыгаар! Эгерде ага сөз кошуп, мисалы, эне тил сабагы же эне тил мугалими десек, эки сөздүн аягындагы "Ы" менен "И" жогорудагыдай тең ата болооруна ынансак болот. Энелик тил деп эч качан айтылбаганын эстен такай чыгарбайлы! Анткени "лик", ошонун түгөйлөрү тилибизди чаташтырып келатканын да билчүүбүз!..
Эми эне тилибиздеги эки ача сөз, сүйлөмдүн, тилибизде жогу - бөтөнүнүн кандайча пайда болгонуна өтөлүчү. К.Юдахиндин 1985-жылы Москвадан чыккан сөздүгүнүн 22-бетиндеги Медицинский - медициналык, ский - лык деп которулган. Мына ушундан эле "лык" уландысы төл сөзүбүздүн тунундагы Энелик тил дегендей айтылбасы, демек, тилибизде жогу, жасалма, бөтөнү билинип калбадыбы! Айталы, медициналык борбор, медицина борбору. Кийинкиси - медицина борбору төл сөзүбүздүн нукура нускасына жатаарына кошумча далилдин зарылдыгы жок деп айтсак болот, эч жаңылбайбыз! Бул жерде "лык" уландысы жалгыз эмесин, "лик" баш болгон нечен түрлөрү бар, мисалы, эчкилик эт эмес, эчки эти, уйлук эт эмес, уй эти, оштук базар эмес, ош базары, Жети-Өгүздүк аймак эмес, Жети-Өгүз аймагы жана башка толгон-токой сүйлөмдү аныктоо катары жаза берсе болот. Бул жерде да үндүү тамга атан төөдөй ишти - милдетти жазбай аткарып жатат деген мааниде сөз атаны аталды.
Э
не тилибиздин жаңы, касиети ыйык эрежеси бүт төл сөзүбүзгө таандыгын башкача айтуу, жазуу иретинде колдонуу адилетке жатпасын эске алып, К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүн кыргыз-орус тилинин нагызы же нагыз сөзү, же нагыз жыйыны деп атаганыбыз ылайык. Арийне, адегенде кулакка өөн учурайт, чыны бара-бара баарыбызга жагат!... Бул жаңы эреженин жүзү жарык, тунугу эмей эмне! Толук артыгы, жаратканыбыз буйруп, окуу куралы катары китепче чыгып калса билинет! Акылман элибиз, бийлик көмөгүн тийгизсе кеч эмес!..
К.Юдахиндин сөздүгүндө тилибизде арсар терминдер да кездешет. Отцовство - аталык. "Лык" кошумча уланды катары тилибизде жогун, жаңы эрежебизге ылайык эмесин жогоруда айттык. Ошондуктан ага көп терең ой жүгүртпөй эле ата теги деп айтканыбыз туурадыр, талашы жок чыгаар! Материнство - энелик. Бул да тилибизде жогун, эч качан айтылбаганын кайталоонун кажети жоктур. Ошондуктан эне төркүнү же төркүнү деп айтсак мазмунуна төп келээри анык. Аны "Кыздын сыры төркүнгө маалым, төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" мисалы далилдеп турбайбы! Детство - балалык. Жаш баланын өмүрүнүн алгачкы жылдарында дейли көп убагын оюн-шоокко алагды болуу менен өткөрүп жүргөндө жиберген катасын балалыгынан деп койчубуз. Аны бала чагы деп айтканыбыз туура, күнөм санабайлы!
Эскерүү: К.Юдахиндин кыргыз-орус тилинин сөздүгүн түзүүдөгү ишмердигин жогору баалайбыз! Азыр да андан көптү үйрөнүп, такай колдонуп жүрөбүз. Бул жолу жогоруда айтылгандай анын сөздүгүндөгү тилибизде жогун, жасалма, бөтөн, жатын аныктап жатабыз! Буга көп мисалдын бирин, терминге жатпасын, училище, военное училище - согуш училище деп жазылганын айта кетейин! Бул да "Өзүм билеминге" же башкасына жатабы…
Баяныбызды "Акыры адилет чечет" деп уланталы!
К.Юдахиндин 1985-жылы Фрунзеден чыккан сөздүгүнүн 410-бетинде Кош келипсиз! Кош келипсиздер! Добро пожаловать! Кош - прощай! Кош, аман бол! Прощай, будь здоров!
457-бетинде Куш келипсиз! Добро пожаловать!
Тилибиз кедейден бетер экөөндө тең Коштун катышканы маанисинен айырмаланса да туурабы?...
Экинчиси - Куш келипсиз болгону эки сөз менен чектелгени менен төл сөзүбүздүн нагызына төп келип турабы дейм! Ооба! Куш жамы-журтубузга нечен түркүн жагынан жакын! Элибиздин куш кармап, аң уулаган кызыгы, оюн-шоогу, шаан-шөөкөтү бүт дүйнөгө маалым! Ал эми эки жаштын үйлөнүү тою, салтанаты борбор шаарыбыз Бишкекте "Куш келиңиздер" деген накыл кебибиз менен ачылып келатканы да бекеринен эместир! Карыянын "Бакыт кушу дайыма төрүңөргө конуп, багыңар ачылсын, ак жол каалайм" деген ак батасы той ээси менен катышуучуларына жагып, тою сонун өтүүгө өбөлгө түздү! борбор шаарыбыздын 5-микрорайонундагы тогуз кабат үйдүн сырт дубалына "Куш келипсиздер" жазылганы кыйла жылдын жүзү болду. Бул аймагыбыздын башка булуң-бурчтарынан да туруктуу орунду ээлей баштады. Жалал-Абад шаарынын тургундары Кыргызстаныбыздын 19 жашка толгонун "Куш келипсиздер" деп тосуп алышты. Ошентип, акыры адилет салтанаты бардык аймагыбызда өкүм сүрөөрүнөн үмүтүбүздү үзбөйлү!
Тилибиздин жаңы эрежесинин чет сөзгө да тиешеси бар.
Эне тилибиз заман талабына жараша чет сөздөрдүн эсебинен арбып, байып баратканы мыйзам-ченемдүү иш! Чет тилдердин сөздөрүн да аргасыздан кайталап, тез, так өзүндөй үйрөнүүгө, арийне зарыл учурда өбөлгө түзөт. Анын ар бир сөзүн эч кажети жок түп нускасынан бузбай алсак эки тарап тең ыраазы болобуз! Айталы, министерство - франсуз тилинде министрге деп айтылат. Министерство деген сөздү министрлик дебей франсуз тилине, өзүбүздүн жаңы эрежебизге ылайык министри деп атасак туура болобу дейм. Ошондо, мисалы, министерство внутренних дел - Ички иштер министрлиги дебей Ички иштер министери деп жеңил жазып калабыз! Мындан тышкары бир тамгадан турган сөздөрдү, мисалы, МВДны кыргыз тилине которуунун кажети жок. Кыргызчасынын аныгын канчалык аракеттенсең да түшүнүү кыйын…
Ушул азырдагы эне тилибиздин эки ачасын, мүлдө өзүн нускалуу сөз нугунан өтөөр замат эне тилибиз төл сөзүбүздүн куду тунундай жаңырып, жаралды. Мындан ары кары-жаш дебей бир өңчөй төл сөздөн түзүлгөн тилибизге ынтызары арбып, кунт коюп, так, таасын үйрөнө баштайт. Ошондо, айталы, эне тилибизди орточо билген эне да наристесине өз тилин үйрөтүүдөн баштайт. Улут сыймыгы -тил байлыгы балакай чагынан өсүп, мектептен баштап адегенде өз, анан чет тилинде окуйт, зээндүү болуп чоңойот! Заманы куп жарашат. Ооматы тууруна конуп, улуту, маданиятынын өсүшү даңазаланат. Өлкөбүз өркүндөп, гүлдөп өсөт!

Садыбакас Ералиев,
согуш жана журналистика ардагери,
Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңген пенсионер