Башталгыч класстын окуучуларынын ырыскысын кеспейли
Башталгыч класстардын окуучуларына берилип келген шашке тамакты токтотуу, окуу китептеринин ижарасын кайра кайтаруу сунушу коомчулуктун кыжырын келтире баштады. Бул маселе абдан талаш-тартышты жаратууда. Айрым мектеп жетекчилер, ата-энелер жети сомдук тамак бергенден көрө, ага кеткен каражатты, т.а. 450 млн.сомду мугалимдердин айлык акысын көбөйткөнгө жумшалганы оң дешсе, экинчилери, балдардын ырыскысын кескенден көрө, жарыбаган айлык менен жүргөн жакшы дешүүдө. Чындыгында, социалдык жактан начар үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке келип шам-шум этип, өзөк жалгап калышат. Анан дагы шашке тамак балдардын ден соолугуна, ой жүгүртүүсүнө, сабакка келишине оң таасирин берип келет. Билим берүү жана илим министрлигине, "Кутбилим" гезитинин редакциясына билим берүү башкармалыктарынан, ата-энелерден шашке тамакты токтотмок турсун, кайра ага бөлүнчү каражатты көбөйтүү керек деген сунуш менен кайрылып жатышат.


Гүлжигит
Соронкулов, Билим берүү жана илим министринин орун басары:

- Август кеңешмесинде түштүк тарапка барганымда көп мугалимдер, мектеп директорлору башталгыч класска берилчү ысык тамакты кыскартуу боюнча сунуш киргизишти. Жылына мамлекет тарабынан 450 млн. сом бөлүнөт экен. Ар бир окуучуга жети сомдук гана тамак берилет. Кээ бир мектептерде буфет, ашканалары жок, бир класстын бурчуна кое коюшуп тамак беришет деген көп мисалдар айтылды. Балким, начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына көбүрөөк каражат бөлүп, чындыгында эле ысык тамак дегенден кийин тамак болуш керек. Дагы бир маселе, ошол бөлүнгөн жети сомдон дагы эки-үч сомду орто жолдон жеп койгон учурлар көп болуп жатат. Эми муну азыр эле алып салабыз деген маселе жок. Жакшы ишти өзүбүз бузуп албашыбыз керек. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилет. Шашке тамакка кеткен каражатты айлыкты көтөрүүгө, окуу китептерин чыгарууга жумшалса жакшы болмок деп айрым мугалимдер сунуштарды айтышууда.
Эми окуу китептеринин арендасын кайрадан кайтарбасак эч качан маселени чече албайбыз. Азыр окуу китептери менен камсыз кылуу 40%га жетпей жатат. Ата-энелер колдоо көрсөтпөсө, мамлекет ага чыдай албайт. Кыргызстандан башка бир дагы дүйнө жүзүндө бекер окуу китебин берген мамлекет жок. 2006-жылы экс-президент К.Бакиевдин популисттик чечими болуп гана ижара алынып салынган. Ошондуктан ушул маселенин үстүнөн да иштеп жатабыз. Арендадан коркпош керек. Ижара илгеркидей эле 10-15 сомдун тегерегинде болот.


Бүүниса Иматова,
Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин немис тили мугалими:
- Окуу китептерине кайрадан аренда төлөө керек деген пикирге кошулбаймын. Анткени А.Акаевдин мезгилинде биз мугалимдер китепке аренда төлөп, декабрь айында мектепте "Китеп - билим булагы" деген марафон өткөрүп, ошол ар бир класстын ата-энелери демөөрчү таап, миллиондогон сомдорду топтоп бергенбиз. Бирок ошол акчаларды ким жеп койду? Ким күнөөлүү, райононун башчысыбы же мектеп директорубу? Бул жерде чоң суроо турат. Окуучулардан китепке акча сурайбызбы же сабак өтөбүзбү, адам жанынын инженерибизби же маданияттуу тилемчибизби?
Эгерде завод, фабрикалар иштеп турганда окуу китебинин арендасына макул болот элек. Ата-эне байкуш карачечекей баласын таштап, Орусия, Казакстанга жумуш издеп кетип жатса, чоң атасынын, таежесинин колунда калган балдардан кантип акча сурайбыз?.. Дагы бир маселе, башталгыч класстардын балдарына берилчү ысык тамакты токтотуп, ага мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз дешүүдө. Ошондой эмгек акы алгычакты, албай эле коебуз. Балдарга ысык тамак берүү демилгеси К.Бакиевге тиешелүү эмес, бул тээ илгери эле улуу Исхак Раззаковдун демилгеси болгон. Балдардын ден соолугу, эртеңкиси жөнүндө ойлонушубуз керек.


Күлбүбү Искакова,
Аламүдүн районундагы Лебединовка №1 мектебинин директору:
- Башталгыч класстардын окуучуларынын шашке тамагына бөлүнүп жаткан каражат кичине болсо дагы балдардын ден соолугуна жардам берет. Айыл жергесинде ар бир эле ата-эне балдарына күнүгө колуна акча бере албайт. Эми балдардын тамагынан үнөмдөп, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатабыз деген болбогон иш. Ушул каражаттан мугалимдерге канча сом кошулуп жыргатмак эле. Биздин мектепте 340 бала тамактанат. Бул жерде көптөгөн ата-энелер иштебейт, алардын күнүгө балдарынын колуна 10-15 сом карматканга мүмкүнчүлүгү жок. Чай, булочка, күрүчтөн жасалган ботко (каша) беребиз. Ысык тамак дегенден кийин кээде суюк да тамак жасалат.


Маалымат үчүн:
Республикада 2133 мектеп ашканалары иштейт, анын ичинен типтүү ашканалар - 943, буфеттер - 693, ыңгайланышкан бөлмөлөр - 497.
1-4-класстын окуучуларынын саны - 301411.


Г.Алымбаева, Э.Карасартов атындагы орто мектебинин ата-энелер
комитетинин мүчөсү,
Ак-Талаа району:
- Кээ бир окуучулар эртең менен тамакка табити тартпайт. Тамактанбай туруп сабакка кетип калышат. Сабакта чарчап, сабакка болгон кызыгуусу начарлап, алы кетип, ден соолуктары начарлаганы белгилүү. Акыркы жылдары шашке тамактын берилиши жакшы жолго коюлду. Окуучулардын мектепке болгон кызыгуусу артып, жакшы билим алып жатышат. Ата-энелер комитетинин мүчөсү болгондуктан, мектеп менен тыгыз байланышта иштейм. Мектептин ашканасына барып көрдүм. Ичи таза, жагымдуу, инвентарлар менен камсыз болуптур. Ар бир баланын экиден идиштери бар экен. Тамак-аштын менюсу жума сайын текшерилип, бекитилип турат. булочка, ысык чайы жана печенье берилгенин көрүп ыраазы болдум. Ысык тамактын берилишин ата-энелер колдошот.


Мурадил Чомоев,
Талас шаарынын тургуну:
- Мектептерде берилип жаткан шашке тамак балдарыбыз үчүн кичине болсо дагы Өкмөт тарабынан көрүлгөн камкордук. Менин эки балам Талас шаарындагы №8 орто мектебинде 3- жана 2-класстарда окуйт. Биз жумушта болуп калган учурларда алар үйдөн өз убагында тамактанбай, мектепке шашып кетип калышат. Ошол себептүү бир булочка менен бир стакан ысык чай болсо дагы балдарыбыздын ден соолугуна пайдалуу жана алардын сабакка болгон кызыгууларына өбөлгө түзөт.


М.Дооронбеков,
Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Бакай-Атадагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин жана Ленинполь гуманитардык лицейинин окуучуларынын ата-энелери 1-4-класстарга берилип келген шашке тамакты токтотуу боюнча айтылган сунуштарга кабатырланып жатканы тууралуу бизге кайрылышты. Өзгөчө айыл жеринде бирде ач, бирде ток балдарга шашке тамак чоң эле жардам болуп келген. Балдардын мектепке шашылып, окууга болгон кызыгуусун арттырганы ачык эле байкала баштаган. Андан тышкары, алыскы талаа жумуштарында алектенген дыйкан ата-энелер да балдарынын курсагы ачка калбасына көнө түшкөн. Эми жалпы эл жаңылануудан үмүт үзбөй, окуучуларга камкордук өсөбү деп турганда, "бөдөнө союп ботогосун арттырып" дедирбей, жаңы бийликтегилер ушул шашке тамакты жаппай эле койсо деп суранышууда.


Аскарбек Мамбетов,
Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Алгач ар бир балага беш сом, кийин баанын көтөрүлүшүнө ылайык жети сомго чыкты, эми да баалар көтөрүлуп жатат, демек ысык тамактын баасы 10 сомго баруу күтүлүүдө. Мамлекет каржылык тартыштыкты башынан өткөрүп жаткан мезгилде, окуучуларга бекер тамак берүүнүн зарылдыгы жоктугун, ага кеткен каражатты мугалимдердин аз да болсо эмгек акысын көтөрүүгө, же чогултуп туруп эле ошол аймактагы мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, б.а. мектеп курууга, спорт зал салууга жана башка окуу куралдарды, китептерди, методикаларды чыгарууну айтышууда. Дагы бир учур, социалдык жактан тартыш болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын аныктоо менен даректүү берилсе, б.а. тамак түрүндө же накталай жеке өзүнө берүүнү сунушташууда. Ал эми мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдардын кийинки кездерде ден соолуктарынын начарлыгы, витаминдердин жетишсиздиги, аз кандуулук, кандын тутумунда темирдин, йоддун жетишсиздиги орун алууда. Ошол себептен балдарга жалпы камкордук көрүү, ал кесепеттерди жоюу, азайтуу максатында мамлекеттик программалар кабыл алынып, ушул иш-чараларды аткаруу үчүн сүт, булочка берүү белгиленген болчу. Ошондуктан элдин, коомчулуктун пикири эске алынышы керек.


Өмүрбек Тониев, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Түп районуна караштуу 36 мектептин окуучуларынын жалпы ата-энелеринин атынан райондук билим берүү бөлүмүнө башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү улантылса деген кайрылуулар келүүдө. Бул бир маал ысык тамактын берилиши айыл жериндеги кенже класстарынын окуучуларынын ден соолугуна, сабакты кабыл алуусуна оң таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле аз камсыз болгон, турмуш-шарты начар, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн дагы эң чоң колдоо болуп жатты эле. Ошондуктан токтотулбаса экен.


Дамира Абирова,
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
- Баштапкы класстардын окуучуларына уюштурулган тамак-аш (0,200 грамм сүт, 70-80 грамм булочка-нан азыгы) туура жана актуалдуу. Кээ бир үй-бүлөлөрдө сүт эмес, нан азыгы да тартыш. Ошондуктан балдардын жеп жаткан тамагын токтотуп, ошондон акча үнөмдөйбүз деген бекер кеп. Биздин райондун мектеп ашканаларынын материалдык базасын түптөп, каралбай калган ашканаларды кайрадан уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен көптөгөн каражат жумшалды. Эгерде биз баштапкы класстын окуучуларына берилип жаткан азыктарды токтото турган болсок, аларга эмне деп жооп беребиз? Экинчиден, мектептердеги береке, кут ашканалар менен учуп кетет.