presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Шайлоо - 2010

Агай-эжейлер СДПКны колдойт
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын шайлоо тизмесинде Бишкектеги №73 орто мектептин мугалими Евгения Строкова, №29 гимназиянын директору Кадыржан Батыров, Кыргыз Улуттук университетинин Дене тарбия жана спорт борборунун башчысы Саитдин Азизбаев, Баткендеги Билим берүү борборунун директору Мехриниса Айжигитова, КТУнун Кара-Көлдөгү филиалынын доценти Айна Бакасова, Жалал-Абаддагы №18 орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Батырбек Абдразаков, Оштогу Аралыктан окутуу борборунун башчысы Зууракан Каденова, мурдагы билим берүү министринин орун басары Ирина Карамушкина сыяктуу агай-эжейлер кирди. Шайлоодо алдыңкы орундардын бирин жеңип алууга толук мүмкүнчүлүгү бар ушул партия жөнүндө педагогдордун пикирлерин угуп көрөлү.


Гүлмира Тукешова, Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы № 1 орто мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими:
- Биз, мугалимдер, "жел" убадалардан тажадык. Бизге асмандагы айдын, көктөгү күндүн кереги жок. Бизге жакшы айлык болсо, эч нерсеге алаксыбай, балдарга сапаттуу билим берүүгө гана күч үрөйт элек. СДПКнын программасы менен тааныштык. Анда билим берүүгө кеңири орун арналыптыр. Атамбаевдин бир интервьюсунда "Мугалим менен медиктерди бапестеп албасак, билимсиздер менен оорукчандардын армиясына ээ болобуз" деп таамай айтыптыр. Демек, партия менен анын лидери биздин көйгөйдү жакшы билет тура, анын үстүнө тизмесинде педагогдор көп дешти. Ошон үчүн ушул партияны колдоону чечтик.


Рыспек Нургазиев, Арстанбек Дүйшеев атындагы Ветеринария институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор:
- Мен заманбап, азыр абдан керектүү илим - молекулярдык биология менен алектенем. Көпчүлүк партиялардын программалары менен тааныштым. Бирок СДПКныкы конкреттүүлүгү менен айырмаланат. Мисалы, жогорку окуу жайлардын өз алдынча, эркин өнүгүшүнө мүмкүндүк берүү, ЖОЖ ректорлору дайындалбай, шайланышы керек дегени эң туура. Жогорку билим берүү тармагын демократиялаштырсак, жетекчилердин укуктарын кеңейтип, ошого жараша жоопкерчилигин да күчөтсөк, билим сапаты жогорулайт, илим өнүгөт, мыкты адистерди даярдоого кепилдик болот.
СДПКнын пайда болуш, калыптаныш тарыхына көз жүгүртүп отуруп, мен булардын сөзү менен ишинин ортосунда ажырым болбойт деген ойго келдим. Мен окумуштуулар, студенттер менен эле эмес, башка чөйрөлөрдөгү эл менен да көп сүйлөшөм. Азыр жумушума байланыштуу айылдарды кыдырып, көптөгөн чарбаларды иликтеп жүрөм. Элдин көбү социал-демократтарды колдошууда. Мен да бул партияга чын жүрөктөн ийгилик каалайм. Жердештеримди да шайлоодо СДПКга добуш бергиле деп чакырам.

Гүлбара Бегматова, мугалим, Кочкор-Ата шаарчасы:

- Окутуучу болгондон кийин ар бир баланын келечеги деп түйшөлөт экенсиң. Акыркы оор окуялар балдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизди. "Эртеңки күнгө ишенбегенден кийин окуп эмне кылабыз" деген балдар бар. Шайлоодо ошол балдардын, жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры чечилет. Биз мамлекет жүктөгөн милдетти аткарып жатабыз. Тилекке каршы, мугалимдер, дарыгерлер аябай өксүдүк. Эмгек акыбызды 10-15 пайыз көтөрүмүш болуп, алдап келишти. Эми жетишет. Биз татыктуу маяна алышыбыз керек. Атамбаев: "Мугалимдин коомдук мартабасын кайтарабыз" деди, ошон үчүн педагогдор СДПКга добуш беребиз.

Бибигүл Юлдашева, орус тили мугалими:

- СДПКнын курамында да, шайлоо тизмесинде да түркүн улут өкүлдөрүнө жетиштүү орун берилиптир. Улут аралык ынтымак болмоюн, мамлекетибиз өнүкпөйт. Ар кайсы улуттагы мекендештерибиз кыз алышып, уул үйлөшүп, куда-сөөк болгонун жактырам. Атамбаев айткандай, "курама темир курч болуп", СДПК Кыргызстандагы бардык улут өкүлдөрүнүн ынтымактуу жашоосуна бирдей мүмкүндүк түзөт деп үмүттөнөм.


Анжелика Ещенко, Бишкек:

- Мектепте англис тилинен сабак берем. Менимче, азыр Кыргызстан өз казанында кайнап кала береби же дүйнөлүк маданиятка аралашып, эл аралык деңгээлге жете өнүгөбү деген маселе кабыргасынан коюлду. Эгер бир элди башкалардан өйдө коюуга умтулгандар үстөмдүк кылса, анда туюкка кептелебиз. Мен мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө үйрөнүү керек, бул үчүн жакшы шарт түзүү зарыл деп эсептейм. Ошол эле учурда башка тилдерди да, айрыкча дүйнөлүк тилдерди жаштарыбыз билгени оң, анткени көп тил билген адамдын жолу кеңейет, элине да пайдасы тиет. Социал-демократтар сабырдуулукту, улут аралык ынтымакты жактаарын билем. Кыргызстанда жашаган бардык улут өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын сактап өнүктүрүү мүмкүндүгүнө ээ болушу керек деп жазылган СДПК программасында. Дал ушундай саясат өлкө бүтүндүгүн, улут биримдигин чыңдоого жол ачат деп ойлойм. Тескерисинче, бөлүнүп, бири-бирибизди жектей берсек, өлкөбүз өнүкпөй калат. Адилеттүүлүк аркылуу биримдикке баштаган СДПКны мен жактайм!



Үпөл Мүсүралиева, Нарын облусу:

- Көп жылдар бою мектепте иштеген мугалим катары мен партияга эле эмес, өлкөбүздүн келечегине, балдарыбыздын келечегине да добуш берем. Атамбаевдин "Мугалимдин илгерки мартабасын кайтарабыз" деген сөзү педагогдордун көңүлүнө төп келди. Андан тышкары Жапонияда айылдык мугалим Токио университетинин профессорундай айлык алат, биз да ошого жетебиз дегени илгери үмүт жаратууда. Ошондон улам Социал-демократтар бийликке келсе, жаштарыбыз сапаттуу билим алып, XXI кылымдын кадрлары чыгат деп ишенем.


Бактыгүл Абдубалиева,
Ысык-Көл облусу, Каракол:

- Мектепте мугалим болуп иштейм, бул кесип - менин тагдырым, кудай энчилеген ырыскым дээр элем. Быйылкы "Мыкты мугалим" сынагында экинчи орунга татыктуу болдум. Өзүм филология илимдеринин кандидаттыгын жактагам.
Биздин мектепте жаш мугалимдер аз, пенсияга жакындап калгандар же ардагерлер эле иштөөдө. Алар кеткенден кийин эмне болоору белгисиз.
Ошондуктан мени СДПК партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин мугалим деген ардактуу кесиптин коомдук мартабасын кайтаруу керек деп айткан сөзү толкундантты. Агай-эжейлердин зоболосун көтөрүү үчүн маянасын көбөйтүп, моралдык жактан да колдоо зарыл. Ошондо педагогикалык билим алып, башка кесипке кетип жаткан таланттуу жаштар мектепке келе баштайт.


Атакул Жакыпов,
эл агартуунун мыктысы, Лейлек:

- Биздин райондон СДПК тизмесине татыктуу инсандар кошулуптур. Мисалы, Москвадагы Горький атындагы адабият институтунан окуган талантуу акын Эгемберди Эрматов. Ал дайым бийликтеги жеп-ичкендерди сындап, калың калктын мүдөөсүн, кайгы-муңун, кайратын көркөм чагылдырып келген. "Соопчулук издесең, көпүрө менен жол салгын" деген эзелки накыл сөздү туу туткан Жусубали Исаев бар. Бул киши жетектеген "Ак-Тилек" акционердик коому райондогу медициналык жана билим берүү мекемелерине демөөрчүлүк кылат. Согуштун ардагерлерине, муктаж үй-бүлөлөргө, ошондой эле чыгармачыл инсандарга дайым жардам берип келет. Бул партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевди калыс, курч саясатчы, чыныгы мамлекеттик ишмер катары билем. Жогорку Кеңешке, Өкмөткө ушулардай иштин көзүн билген, эли үчүн таза кызмат кылган адамдар келсе, Кыргызстан өнүгүүнүн жолуна түшөт деп бекем ишенем.


Сейдана Акунова,
Чуйков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайынын студенти:

- Мен "Патриот" элдик кошуунунун өзөгүн түзгөн СДПКга добуш берем. Быйылкы тополоңдордон Бишкекти сактап калган ушулар. Социал-демократтар шайлоодо жеңсе, тынч жашообузду кылмышкерлер менен талоончулардан коргойт деп ишенем. Ошондуктан, буларга өлкөбүздүн келечегин ишенип тапшырууга болот деп ойлойм.

Дилноза Майтаева, студент:

- Атамбаевдин жаштардын абалына чын дилинен кейигенин көрдүм. Анын өкмөттө таза иштегендигин жаштар дагы сөз кылып жатышат. Ууруларды тыям, өкмөткө жолотпойм дегени жакты. Бала бакчаларга чейин тамыр жайган коррупцияны тыйсын үчүн Атамбаевди колдойм.








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o