Биз маданияттуубуз,
бирок сүйлөө
маданиятыбыз кандай?

Анда эмесе, кептин тазалыгы тууралуу сөз кылалы. Ал - кыргыз баласы таза кыргызча сүйлөөсүн, чет сөздөрдү ыгы жок колдонбоосун түшүндүрөт. Кээде чет сөздөрдү да жөнсүз бузуп, түзүлүшүн өзгөртүп, айрым учурда туура эмес которуп, же которбостон эле, айта турган оюн же түшүнүктү билдирер өз тилинин каражаттары бар экендигине карабастан, башка тилдин каражаттарын, асыресе, орус сөздөрүн аралаштырып сүйлөөнү адат кылып алган учурлар көп.
Буга төмөнкүдөй мисалдарды келтирсек болот: "Мага окуумду восстановить этүүгө (калыбына келтирүүгө) уруксат берүүңүздү өтүнөм"; "Мен заказ (табыштадым - дегени) бердим эле"; "Биринчи сорттогу (ылгамдагы - дегени) ундан бериңиз"; "Жайкы эс алуумдан пайдаланбай калган күндөрүм үчүн отгул (өргүү - дегени) берүүңүздү суранам"; "Компьютеримдин мышкасы (багыттагычы - дегени) иштебей жатат"; "Кечиресиз, отчествоңуз (атаңыздын аты-дегени) кандай эле?" "Ситуациядан (кырдаалдан - дегени) чыгуу керек"; "Экөөбүз перекресткадан (жолдун кесилишинен - дегени) жолугушуп калдык"; "Ручкамдын запасы жазбай калды", (калемим жазбай калды - дегени); "Сен мага мешайт (жолтоо-дегени) этип жатасың"; "Биз ишти пландаштырып (акылдашып), көпкө отурдук"; "Базардан баш, шыйрак апкелип, холодес (тоңкуйкум - дегени) жасадык"; "Та-ак, (эмесе - дегени), анда кандай кылсак?" "Мен сени күтө берип шок (эсим ооду - дегени) болдум", "Менин давлением (кан басымым жогорулап кетет - дегени) бар"… ж.б.
Байкалып тургандай, атайын ар бири тууралуу таржымалдап отурбасак да түшүнүктүү: бул мисалдардан, ким болсо да, оюн айтып билдирүү үчүн өз эне тилинен каражат издеп убара болбостон эле, эчактан бери көнүмүш болуп калган орус сөздөрүн кошуп айта салуу байкалып турат. Анын үстүнө, мындай көнүмүш адаттан улам, эчактан бери тилибизде оркоюп бөлөк болуп көрүнүп турса да, өзүбүздүн татынакай сөздөрүбүздү унутуп, анын ордун биротоло ээлеп алган "мите сөздөрдөн" кутула албай келатканыбыз айдан ачык.
Эми кептин тууралыгы жөнүндө кеп улайлы. Көпчүлүк убактарда жазуу жана оозеки түрүндөгү орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерибиздин бар экендигине карабай, минтип туура эмес сүйлөйбүз.
Мисалга көңүл буралы: "Биз Ата Мекенибизге ак кызмат кылыш керекпиз" (кызмат кылышыбыз керек - дегени); "Мен докладка даярданыш керекмин" (даярданышым керек - дегени); "Бул өтө күлкүмүштүү (күлкүлүү - дегени) окуя экен"; "Мен Ч.Айтматовдун "Жамийла" повестисин (повестин - дегени) окудум"; "Эл аралык фондулардын (фонддордун - дегени) өкүлдөрү менен жолугушуу болду"; "Биз кыргыз тилин эне тил эмес катары (экинчи тил катары - дегени) окутуп жатабыз"...
Күндөлүк турмушубузда, мейли, теле берүүлөрдө болсун, мейли радио уктурууларда болсун, жыйындарда деле минтип туура эмес сүйлөгөн учурларыбызга мисалдар жетишерлик эле табылат. Андай учурларды кебибизден четтетиш үчүн, оозеки жана жазуу эрежелерибизди туура сактообуз жана аны туура колдонуубуз негизги милдет.
Ушундай эле, кебибиздеги дагы бир каталык бул - айта турган оюубузду, адегенде бышыктап-тактабай туруп айткандыктан кетирген каталыктар экендиги талашсыз. Алар кептин так эместигинен кеткен каталык катары бааланат.
Мисалы: "Жерге калкты жайгаштыруу" - деп айтат райондун жер бөлүштүрүү адиси, калкты жерге отурукташтыруу - дегенди "Жайгаштыруу" дегенде, жансыз нерсени ыңгайлуу жерге коюу - дегенди туюнтуп каларын байкабайт). Куттуктап, белекке ак калпак жана кыргыз камчысын берип жатып мындай дейт салабаттуу интеллигент: "Башыңдан ак калпак менен камчы түшпөсүн!". Көрсө, анысы - "колуңуздан камчы түшпөсүн" деп жатканы экен. (Башынан камчы түшпөй калганы - күндө сабоо жегени эмеспи!). "Карганын буту" дейт шаардык окуучу, "шыйрагы" дегендин ордуна; "Куштун тумшугу" - дегенди "куштун мурду" дегендер көп эле учурайт. "Франциянын медициналык академиясынын залында Авиценанын портрети ушул күнгө чейин асылып турат" - дейт, "илинип турат" дегендин ордуна, белгилүү эле окумуштуу, салабаттуу эле эл аралык журналга жарыялаган илимий макаласында. "Чарбада кара малды көбөйтүү керек" - десе, бир жаш адис кара түстүү уйларды чогултуу тууралуу көрсөтмө бериптир. Бир жазуучунун аңгемесинде мындай дейт: "Маралдын бетинен ылдый жаш куюлуп жатты". Аны жаагынан куюлуп жатты десе туура болмок. "Райондун акимчилигинин алдында үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу жайларды ачуу милдеттендирилди"- дейт радионун кабарчысы. Эмне, андай жай акимчиликтин жертөлөсүндө ачылып жатыптырбы? "Элдик мүлктөргө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы - Жаңыбаев"- дейт бир ирет радиодон, текстти туура эмес которуп алган журналист кыз. Көрсө, анын орусчасы "Начальник управления борьбы против хищения собственности" - деген сөз экен; Педиатр адис телеэкрандан жаш энелерге мындай кеңеш айтып жатат: "Наристени кайнатылган суу менен жууш керек". Кайнатылган суу менен жууп бышырып албайбы, "кайнатып муздатылган суу менен жууш керек" - дебейби; "Мурундан аккан канды дарылоо" дейт гезиттеги медицина темасындагы макалада. Агып жаткан канды дарылайбы же токтотобу? Дагы бирөө телеэкрандан мындай дейт: "Биз барып чакырганда эмчектеги баласын көтөргөн, жашы 12лердеги кыз үйдөн чыгып келди". Күлкүңдү гана келтирет ээ?! "Ит эмне үрүп жатат, киши келатабы?" - деп сураса, терезеден эшикти карап турган баласы айтат экен: "Киши эмес, эки аял келатат" (Эмне, аял киши эмеспи?); "Бир киши кайыкка түшүп алып, көлгө балык салып жатты" - дейт мугалим, "Көлгө кайырмак салып жатты" - дегендин ордуна; "Башын жалтыратып алдырып келиптир" - дейт бирөө, "чачын алдырып келиптир" дегендин ордуна; "Зарыл жеңенин үйүндө төрт баш адам жашайт" - дейт 9-класстын окуучусу өзүнүн дилбаянында, "төрт адам жашайт" - дегендин ордуна; Көчө боюндагы көрнөктө мындай жазылган: "Чет тилдерди тез арада үйрөтөбүз: англис тили, француз тили, кытай тили жана кыргыз тили". Эмне, кыргыз тили Кыргызстанда чет тили болуп калганбы?
Байкалып тургандай, сүйлөөчү адам бул сүйлөмдөрдө айтаар сөзүн так ойлонбой, ошонун себебинен ою так айтылбай, сөздөр өз ордуна так колдонулбай, кайсы бир сүйлөмдөрдө кандай максатта сөз болуп жатканы да бүдөмүк болуп калган.
Ушундай эле көрүнүштөрдөн улам, сөз байкабастыктан, ыксыз, орунсуз колдонулуп, орундуу айтылбай, кээде, ал үчүн сүйлөөчү да, угуучу да ыңгайсыз абалга кабылган учурлар кебибизде жыш кездешет. Мындай учурларды орунсуз сүйлөө - деп бааласак туура болчудай.
Мисал келтирели: "Ичилбей турган жарма эле, кычып кеткенче, ичип койгулачы"; "Кир жуюн деп жылытып жаткам, жылуу суу, кел, иче гой; Жакшы жатып, жай тургула" дейм деп, шаардан келген келини кайнене-кайнатасына айтат экен: "Жаткан жериңер жайлуу болсун"; "Кел демек бар, кет демек жок, кеч болуп кетти жакшы баргыла" дейт экен шаардык жигит үйүнө чакырган конокторуна, дубалдагы саатты карап; Түбөлүк жайга узатуу митингинде, бирөө "кош" деп айтам деп, "жолугушканга чейин" дептир; "Биз жакта бир киши сиздикиндей болуп ооруп жаткан, жакында каза болуптур" - деген экен бирөө оорулуунун акыбалын сураганы барып; "Чоң ата, сиз жокто үйгө сиздей болгон бөкчөйгөн чал келди" дейт небереси, чоң атасына, анын көңүлү ооруйт деп ойлобой;

Ушул эле сыяктуу дагы бир мындай бир сөз: бир көзү азиз адамга минтет экен достору, байкабастыктан: "Көзү жокко көбүрөөк" демекчи, сага насиптин көбүрөөгүн койдук" деп.
Ушундай эле орунсуз сүйлөмдөр үйдө же коомдук чөйрөдө, улууга же кичүүгө, таанышка же бейтаанышка карата айтыла берет да, анын орунсуздугунун да чегинен чыгып, айтылган кептин моралдык-этикалык жагдайы тууралуу ойлонууга алып келет. Кептеги мындай моралдык-этикалык жагдайлар адептүү сүйлөө маселесин эске салат.
Төмөндөгү мисалдарды окуп көрөлү: "Ой аксакал, эми сиз жаштарга теңелбей, жөн эле жүрбөйсүзбү" дейт тыңсынган жаш жигит карыяга; Салам берип келгенди жактырбай, мырзасымак терс аяк жигит минтет экен: "Саламга жутаган эч ким жок, ары турчу айланайын"; Мугалим жаман көргөн окуучусуна минтет: "Эй көк мээ, айбан, ушуну да түшүнбөйсүңбү!"
Ушундай. Бизге күндөлүк турмушубузда анча байкалбаганы менен, сөзүнүн орундуулугу жана адептүүлүгү менен гана, адамдар бири-бири менен жакшы мамиле түзө алат, таттуулашып жашайт, биргелешип бир маселени максаттуу чече алат, жамаатта ынтымактуу иштеше алышат, тааныш-бейтааныш, алыс-жакын адамдар менен жалпы тил таба билишет, ортодо моралдык-психологиялык жакшы абал түзүлөт, ж.б.
Кээде адамдар айтайын деген оюн ирети менен айта албай, сөздөрдү ордуна туура коюп сүйлөбөгөндүктөн, ойдун логикасы бузулган учурлар көп кездешет. Андай сүйлөмдөгү ой бузулуп эле калбай, кээде таптакыр түшүнүксүз жагдайларга туш кылат. Көпчүлүк учурда угуучу аны таназарга деле албайт, аны түз айткан сүйлөм катары эле түшүнө берет. Бирок анын сүйлөө логикасынан кетирилген ката экени оркоюп эле көрүнүп турат.
Мисалы: "Райондук ички иштер органы тарабынан киши өлтүрүү фактысы аныкталды" (радиодон). Суроо: Ким киши өлтүрдү? Райондук ички иштер органыбы же белгисиз бирөөбү? "Себат" билим берүү мекемеси тарабынан адам укугун бузуу фактысы аныкталды" (газетадан). Суроо туулат: укук бузуу фактысы ким тарабынан болду? "Себаттанбы" же башкаданбы? "Унутулуп бараткан элибиздин улуттук салт-санаасын жандандырууну ойлоп жатабыз" (теле көрсөтүүдөн). Суроо: Ким унутулуп баратат? Элби же элдин салт-санаасыбы? "Урматтуу согуштун ветерандары!" (салтанаттуу жыйындан). Суроо: Ким урматтуу? Согушпу же ветеранбы? "Шамал учуруп кеткен райондордун кашарларына шиферлер жеткирилди (радиодон) Суроо: Шамал эмнени учуруп кеткен? Райондубу, кашардыбы же шифердиби? "Кечээ күнү өтүп кеткен бөлөм Бөлөкбайдын туулган күнүнө арнап, жагымдуу музыкадан уктуруп коюуңуздарды суранам" -дейт телекөрсөтүүдөгү суроолор боюнча уктурулуучу концертке жазган катта. Суроо туулат: кечээ күнү Бөлөкбай өтүп кеткенби, же анын туулган күнү өтүп кеткенби?
Мындай каталыктар адамдардын сүйлөө чеберчилигинен да эмес, сөз корунун жардылыгынан, сөз байлыгынын аздыгынан, сөзгө маани бербей, маани-маңызына жеткире түшүнбөй сүйлөй бергендиктен да келип чыгат. Көпчүлүк учурда биз сөздүк корубузду байыткыбыз келбейт, сөзгө жарды экендигибизди сезип-туйбайбыз, сезсек да моюнга албайбыз. Эне тилибиздин бай сөздүк корунан "кана жутуп", сөз берметтерин, ширин кепти үйрөнгүбүз келбейт, ал жөнүндө кам көрбөйбүз. Анан "тилибиз жарды" деп, эне тилибиздин барк-баасын түшүргүбиз келет. Акырында, өзүбүздүн тилибиз да, дилибиз да жарды экенин туйбайбыз.
Мындай учурларды кептин жардылыгынан же кебинин байлыгынан кеткен ката катары баалайбыз.
М
исал келтирели. Шаардык бир мектептин мугалими окуучуларга "Кожожаш" эпосу тууралуу түшүндүрүп жатып: Алабаш Суречкинин текеси" дегенди: "Алабаш Суречкинин күйөөсү болчу" деп жатпайбы! "Тура тур, мен азыр сага өзүм чыгам" - дейт бирөө, өзүм телефон чалам - дегендин ордуна. "Өрт учурунда 101 чалгыла" деп бадырайта жазылып турат ордо калаабыздын бир өрт өчүрүү борборунун имаратынын алдында. Эмне, өрт чыкканда 101ге чалабызбы, же 101 ирет чалыш керекпи?! "Ай эме, тиги эмени эметип койчу" дейт атасы, сөз таба албай карбаластап, баласын бир нерсеге жумшап жатып. "Бир кол, бир баш болсок гана ийгиликке жетишебиз" дейт аянттагы митингде бирөө эмоцияга алдырып. "Түрдүү даамдагы ундар" дейт көчөдөгү жарнамада; "Кечээ жаандын алдында калдым эле, ооруп калыптырмын (жаанда калдым эле - дебейби); "Кош бойлуу мектеби - дейт көчөдөгү жарнамада, "кош бойлуулар мектеби" дегендин ордуна; "Манас" эпосу - башка тилдерде кездешпеген эң чоң көлөмдүү эпос" дейт мектептеги дубал гезитте. Башка тилдерде эмес, башка элдерде-деп айтса да туура болмок; Германиядан жасалган бут кийимдер - дейт дүкөндүн эшигиндеги жазууда. (Эмнеден жасалган бут кийим? Германиядан. "Германия" кайышпы?).
Эне тилинде таза сүйлөбөй адат кылуунун өзү да, барып-барып, ал адамдын кебинин жардылыгынын бир далили эмеспи?! Өз эне тилиндеги сөздөрдү колдонбой сүйлөөбүздүн кесепетинен улам, башка тил лексиконубуздан эне тилибиздин бай корун сүрүп чыгарып, анын ордун көптөгөн чет сөздөр ээлеп алганы жалганбы? Ушунун өзү адамдын сөзүнүн жардылыгынын негизги башаты болуп чыга келет.
Мисал келтирели: ЖОЖдун мугалими минтип айтат: "Повышениеде сабагым бар". "Срочный иштерим чыгып калды" дейт бирөө шашып баратып. "Текучкалар колду бошотпойт" дейт кейип, күндөлүк иштерден чарчаган кызмат адамы. "Скорый чакырып, түндө больницага келдим" дейт оорулуу. "Муну серьезно ойлонуп чечүү керек"; "Ал правасын (айдоо күбөлүгүн) алдырып ийиптир"; "Мен спецтен (атайын ооруканадан-дегени) дарыланып чыктым"… дейт ишмер адам. "Бир кыз торпок сатып алалычы, чоңойсо уй болор" дейт шаардык жигит айылдык келинчегине. "Кыз торпогу" эмнеси, "ургаачы" дегени го.
Ушундай. Мунун баары макалабыздын баш жагында айтып өткөндөй, ар бир адамдын өз эне тилиндеги сүйлөө маданиятын, анын маданиятынын деңгээлин, т.а. илимий тил менен айтканда, кебинин сапатынын деңгээлинен кабар берип турат.