"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o

АРТКА ЖОЛ ЖОК, АРТТА - ЭСКИ ЗАМАН!
Ошентип, шайлоо жарышы марага кирип келди. Социал-демократиялык партиянын талапкерлери жер-жерлерди түрө кыдырып, элдин кабак-кашын да байкап, шайлоо программасы менен тааныштырып кайтышты. Чоң саясый иш-чаранын алдында СДПК төрагасы менен кең-кесири баарлаштык.

- Урматтуу төрага, Сиз өлкөнү узун-туурасынан далай жолу кыдыргансыз. Бул жолу калктын кабагынан эмне өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
- Туура, Кыргызстанда мен баспаган жер, барбаган айыл жок. Бул жолу мен калкымдын көзүнөн жык толгон үмүттөрдү окудум. Ошондой эле өлкөнүн накта кожоюну катары сезээрин көрдүм. "Эми эки революциядан кийин жайчылык турмуш келеби, коррупция деген желмаянды ким жок кылат, элге кызмат кылган адилет бийликке акыры жетебизби, кор турмуштан качан башыбыз арылып, байгерчиликке баш бурабыз?" деген өңдүү талылуу, бирок жөндүү суроолор кай жерде болбосун кабыргадан коюлуп турду. Анан да элибиз жел убадаларга шыкалган эмес, анык аткарыла турган программаны талап кылып калган экен. Ооба, 19 жылдан бери көрүнгөн жерден, көрүнгөн элден көчүрүлгөн, башка сиңбеген, ал аз келгенсип чала аткарылган же такыр аткарылбаган программалардан калкыбыздын көңүлү он көчкөн журттай калып бүткөн экен. Эл мындан кийин өзүн алдатпай турганына анык көзүм жетти. Мындай да, өлкөнү бийликтер эмес, эл жылдырат, ошону көпчүлүк өзү түшүнүп калды.
- Андай болсо СДПК, сиз айтмакчы, жел сөздөрдөн турбаган, чындап аткарылчу программасын сунуш кыла алдыбы?
- Биз программабызды кескин өзгөрүлгөн шартты эске алуу менен кайра иштеп чыктык. Ишке жергиликтүү эле эмес, чет жактан да эксперттерди тарттык. Анда "мен бийликке келсем эртеси эле май көл, сүт көл кылып жиберем" дегендей карандай убадалар жок. Биздин программада кризистен качан чыгабыз, жандануу качан башталат, өнүгүү жолуна качан түшөбүз, бюджетти эмненин эсебинен толтурабыз деген так суроолорго так жооптор берилген. Мисалы, биздин эсеп боюнча, жакынкы 1-1,5 жыл кыйынчылыктардан чыга албайбыз. Ачык моюнга алыш керек, ага чамабыз да, каражатыбыз да жетпейт. Буюрса, 2012-жылды ортолоп барып турмуш кадыресе оңоло баштаганын элибиз өзү сезет. Айтмакчы, биздин бул прогноз Эл аралык валюта фондунун прогнозу менен дал чыкты. Беш жыл арасында ички дүң продукт эки эсеге өсөөрү биздин программада көрсөтүлгөн. Бул деген азыркыдан эки эсе жакшы жашай баштайбыз деген сөз.
- А бул иштерди аткарууга каражаттарды кайдан табасыздар, же туш-туштан карыз алып жетебизби?
- Жакында Өкмөтүбүз антикризистик программасын жарыялабадыбы. Анда адаттагыдай эле мындан ары да сырткы кредит, гранттардын эсебинен жыртык-тешиктерди бүтөмөй каралган экен. Буга биз макул эмеспиз. Өзүбүз миллиондордун үстүндө басып жүрүп, өмүр бою кайырчыдай кол сунуп жүргөнүбүз кудайга жагар ишпи? Мисалы, биздин жер астында эле бери дегенде жарым миллиард долларга барабар кен байлык бар. Аны кой, нак миллион акчалар азыр эле элдин чөнтөгүнөн тескери жактарга кетип жатпайбы! Биз каражатты кайдан алабыз? Бир эле мисал: жалаң уурулукту тыюунун эсебинен эле бюджетти 1,5 -2 эсеге көбөйтсөк болот.
Буга 2007-жылы эле Өкмөттү башкарганда көзүм жеткен. Ошол мен премьер кезде бюджеттин кирешеси 1,5 эсеге көбөйгөн, ички дүң продукт 2, 3%тен 8,1%ке өскөн.
Буга ошол коррупциялык схемаларды азайтуунун эсебинен жетишкенбиз. Мисалы, Талды-Булак кенин иштетүүгө лицензияны 300 сомго сатып жиберишкен экен. 300 сом - бул 7 доллар! Биз лицензия алгандарды казынага 20 миллион доллар төлөөгө мажбурлаганбыз. Бул эмне деген акча?
(Уландысы 3-бетте)

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика