ӨНҮГҮҮ АРАКЕТИ ЖАНА ӨКСҮКТӨР
Жаңы окуу жылына даярдык

Билим берүү жана илим министри К.Садыков КР Өкмөтүнүн жыйынында "2010-2011-жаңы окуу жылына республикадагы жалпы билим берүүчү мекемелеринин даярдыгы тууралуу отчет берди.

Жаңы окуу жылына 24 жаңы мектеп курулду
Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ата-энелер коомчулугунун жардамы менен мектептерди жаңы окуу жылына карата тиешелүү даярдыктарды көрүштү.
Бул жылы республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" статьясынан 300,8 млн. сом мурда курулуп башталган объектилердин курулушун аяктоого бөлүнгөн. Жаңы окуу жылында 24 жаңы мектеп балдарды кабыл алууга даяр болсо, дагы 28 мектептин курулушу жыл аягына чейин аяктамакчы.
Министрдин маалыматы боюнча 1-сентябрда Жалал-Абад облусунда - 2 мектеп, Баткен облусунда - 2 мектеп, Ысык-Көл боюнча - 17 мектеп, Ош облусунда - 1 мектеп, Нарында - 1 мектеп жана Бишкек шаарында - 1 мектеп курулган. Ушул эле маалымат боюнча жыл аягына чейин 11801 окуучу орундук 52 билим берүүчү объект пайдаланууга берилет. Алардын ичинде 45 мектеп жана кошумча курулган имараттар, 7 спорт залдары бар. Билим берүү мекемелеринин 20сы жергиликтүү бюджеттин жана спонсорлордун эсебинен, 32 объект - республикалык бюджеттин эсебинен курулат. Бул объекттилерди курууга жалпы эсебинен 1 млрд. сом жумшалган.
Ошол эле учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында июнь айында болуп өткөн коогалаңдан улам ал региондордо окуу жылына даярдыктар толук аяктады деп айтууга болбойт. Алсак, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл округуна караган Л.Толстой атындагы мектеп күйүп кеткендиктен, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын планында жаңы мектеп куруу каралган. Өткөн окуу жылы аяктаган мезгилде ал мектепте 832 бала окуп жаткан.
Министрлик ЮНИСЕФ менен бирдикте бул мектептин окуучуларын атайын ылайыкталып жабдылган 14 палатка менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө. Азыр ал палаткалар зарыл болгон бардык жабдыктары менен Ош шаарына жеткирилди.
Ал эми күйүп кеткен Ош шаарындагы Хамза атындагы № 13 мектептин жалпы аянты чакан болгондуктан ал жерге палаткаларды жайгаштырууга мүмкүн эмес. Андыктан Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ал жерде окуган 520 окуучуну жакын арадагы № 8, № 2, № 39 жана № 19 мектептерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Мындан тышкары Кара-Суу районундагы Барак айылынын тургундары учурда палаткаларда жашап жаткандыктарына байланыштуу аларды айылга көчүрүп, А.Сулайманов атындагы орто мектептин окуучуларынын мектепке баруусун камсыздоо маселеси турат.
Жалпысынан Кара-Суу районундагы 12 мектеп жана Ош шаарындагы 57 мектеп июнь айындагы кандуу кагылышуунун борборунда калган.
Министрдин маалыматында белгиленгендей, жыл сайын жүргүзүлүүчү катардагы жана капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 146 млн. сом жумшалган, анын ичинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн 100 млн. сом бар. Башка каражаттар жергиликтүү бюджет, стимулдук грант, спонсорлордун эсебинен жана АРИС сыяктуу эл аралык уюмдардан бөлүнгөн.
2010-жылы Азия Өнүктүрүү банкынын "Билим берүүнүн экинчи проектисинин" алкагында республиканын 14 мектебинде 25 млн. сомдук реабилитация иштери жүр-гүзүлдү. Анда Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын мектептери бар. Ал эми Япон фондунун кедейчиликти кыскартуу боюнча "Өзгөчө талаптары бар балдарга сапаттуу негизги билимге ээ кылууну жогорулатуу" долбоору республикадагы 38 пилоттук мектептин ремонт-курулуш иштерин жүргүзүүгө 7,8 млн. сом жумшаган.




Мектептерде кышка камылга кандай?
Мектептерди жаңы окуу жылына даярдоодо кышка көрүлгөн камылга да көңүл чордонунда турган маселелерден. Министрликте жылытуу сезонуна даярдык көрүү боюнча түзүлгөн туруктуу штабдын жыйындары жума сайын өткөрүлүүдө.
Алдын-ала алынган маалыматтар көңүл жубатарлык эмес. Тагыраак айтканда, 15-августка карата мектептерге жумшалчу көмүрдүн 3,1 тоннасы гана даярдалган, бул 3,7 пайызды гана түзөт. Иш жүзүндө жылытуу мезгилинде 83,9 тонна көмүр керектелет. Жылытуучу менчик котелдору бар республикага баш ийген 14 билим берүү мекемелеринин жалпы муктаждыгы 3,1 миң тонна көмүрдү түзөт. Бул сезонду каржылоого республикалык бюджеттен 8,3 млн сом каралган.
Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү администрация өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү мекемелеринде өрткө каршы көрүлүүчү нормаларды сактоо абалын текшерип чыккан. Жыйынтыгында көпчүлүк мектептер өрткө каршы коопсуздук чараларын тийиштүү деңгээлде сактабай келгендиги маалым болду. Маселен, өрткө каршы коюлган щиттердин толук эместиги, өрт өчүрүүчү каражаттардын эскилиги жеткендиги, өзгөчө кырдаалда кошумча эшиктердин даяр болбогондугу сыяктуу кемчиликтер көп эле мектептерде орун алган. Мындай абалды мектеп администрациялары өрт өчүрүүчү каражаттардын кымбаттыгынан жаңыларын сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.
Түзүлгөн ушул кырдаалдан улам балдарды жана өспүрүмдөрдү коопсуздук чараларын жүргүзүүгө үйрөтүү боюнча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы баса белгиленди.





Балдарга бекер тамак берүү максатына жеттиби?
Министр акыркы жылдарда баштапкы класстарга уюштурулган ысык тамакты уюштуруу маселесине коомчулук эки жактуу баа берип жаткандыгына токтолуп, бул практикалык жактан эмес, саясий мүнөздө кабыл алынган чечим болгондугун педагогикалык жамааттар, ата-энелер менен болгон жолугушууларда айтылып жаткандыгын белгилеп өттү. К.Садыковдун айтымында бир күндө бир балага бөлүнгөн 7 сом аз эле акча болгону менен жыл сайын балдардын түшкү тамагына республикалык бюджеттен (Ош жана Бишкек шаарларынын бюджетин кошпогондо) 450 млн. сом бөлүнөт. Анын пикири боюнча бул каражатты окуу куралдарын басып чыгарууга же болбосо мугалимдин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшаса максатка ылайык болмок.
- Башталгыч класстын балдарына бир маал тамак берүүдөн баш тартуу сунушу төмөнкү себептерден улам пайда болууда: биринчиден, тамак-ашты уюштурууда ылайыктуу шарттардын жоктугу, экинчиден, азык-түлүктөрдү сатып алуу тендерлерин уюштурууда орун алган коррупция, үчүнчүдөн, башталгыч класстын мугалимдерди негизги иштеринен алаксытып жаткандыгы, төртүнчүдөн, бөлүнгөн сумманын жетишсиздиги жана окуучуларга тамак берүүнү уюштуруу үчүн ыңгайлашкан имараттардын санитардык нормага жооп бербей жаткандыгы ушундай чечим кабыл алууга түрткү берип жатат - дейт К.Садыков.




Мугалим жана китеп тартыштыгы жоюла элек
Мектептер окуу китептери менен 62 пайыз камсыз болушту. 2009-2010-окуу жылында 26 аталыштагы окуу китебин 1 млн. 350 миң нуска басып чыгаруу пландаштырылган. Бул иш-чарага Кедейчиликти кыскартуу боюнча борборлоштурулган фонд 85 млн. сом бөлүп берген. Тилекке каршы китептерди басып чыгаруу боюнча тендерди утуп алган "Continent Print" компаниясы заказдын 16,8 % гана аткарган.
Дүйнөлүк банктын "Айылдык билим берүү" проектиси мектептерге 1 млн экз. окуу китептерин таратты. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкынын "Билим берүүнүн экинчи проектиси" жаңы куррикулум боюнча төрт тилдеги топторго окуу китептерин даярдоодо. Мындан сырткары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишимге ылайык, "Русский мир" фонду менен кызматташтыкта 1-4-класстардын окуучулары үчүн орус тили жана адабиятын Кыргызстандын улуттук шарттарына адаптациялоо боюнча заманбап типография түзүлгөн.
Учурда республиканын мектептеринде окутулуп жаткан төрт тилдеги топ үчүн 6 млн. нуска окуу китептери жетишпейт. Окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн дагы 600 млн. сом каражат керек.
Окуу китептеринин тартыштыгы, алар менен өз учурунда жана тиешелүү санда камсыз болбогондугу Молдова, Беларусь, Армения, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттердеги тажрыйбаларга таянуу менен окуу китептерин ижарага алуу системасын кайра киргизүү зарылдыгына келип такоодо.
Билим сапатын жогорулатууда окуу процессине заманбап информациялык технологияларды пайдалануунун ролу маанилүү экендиги талашсыз. Алгачкы жолу 2007-жылы мектептерге чоң партияда компьютердик каражаттарды сатып алуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык 90,0 млн сомго компьютер, принтер, копировка сыяктуу аппараттар сатылып алынып, негизинен алыскы тоолуу региондорго жеткирилген. Мектептерди компьютердик аппараттар менен толук камсыздоо үчүн дагы 364,1 млн. сом талап кылынат.
2010-2011-окуу жылында иштеп жаткан мугалимдердин жалпы саны - 68 908 мугалим. 15-августка алынган маалымат боюнча 2466 мугалим жетишпейт. Мугалимдердин жетишсиз болуп жаткандыгына алардын айлык акыларынын аздыгы себеп болууда деп билдирди К.Садыков өз докладында. Министр Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, мугалимдер айлык акыларын 30 пайызга көтөрсө деген мүдөө-талаптарын билдирип жатышкандыгын айтты. Буга жылына 1,6 млрд. сом сарпталат.
Балдарга сапаттуу билим берүүдө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу курстардын ролу чоң экендиги талашсыз. Өткөн жылы ар түрдүү программалар боюнча 5500 билим берүү тармагынын адиси өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуучу курстарга тартылган.
ЮНИСЕФ, Ага-Хан фонду, "Сапаттуу билим" проектилери аркылуу мектепке чейинки жана мектепте билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуучу курстардан Нарын, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустарынан 740 педагог окуган. Чүй жана Ош облустарынын бала бакча тарбиячылары жана башталгыч класстын мугалимдери тажрыйба алмашуу үчүн Казак педагогикалык университетине жана ошондой эле Белорусиядагы квалификацияны жогорулатуучу борборго жиберилген.
Мындан сырткары Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен Кыргыз билим берүү академиясы, институттар жана мугалимдин квалификациясын жогорулатуучу борборлор компьютердик жана лингафон жабдуулар менен жабдылган.
Биздеги билим берүү системасына жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча бир балага бөлүнгөн окуу жүгү дүйнө жүзүндө Кыргызстанда эң жогору экендиги айтылууда. Ошондуктан базистик окуу планын оптимизациялоо жүргүзүлүп, 2009-жылдын 1-сентябрынан баштап башталгыч класстар эларалык стандартка жакындаштырылган базистик окуу планы боюнча окуп башташкан. Быйылкы жаңы окуу жылында бул иш уланмакчы. Бул документтер мектепте билим берүү системасы үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгилөө менен министр К.Садыков алар билим сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууда негизги ролду аткарып жаткандыгын айтты.

Жаңы окуу жылына арналган жаңы иш-чаралар
23-28-августта республиканын бардык региондорунда өткөрүлгөн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин Август методикалык окуусу балдарды биримдикке, толеранттуулукка тарбиялоо маселесине арналды.
Учурдагы эң маанилүү маселе - бул республика тургундары апрель, май, июнь айларында башынан кечирген оор күндөрдөн кийинки абалды жөнгө салуу, жер-жерлерде психологиялык реабилитациялоо иштерин жүргүзүү экендиги айкын. Ушул максатта эл аралык уюмдардын жардамы менен 14 реабилитациялык борбор ачылып, жаңжалдын туткунунда калган бөбөктөргө, окуучуларга ар тараптан колдоолор көрсөтүлүүдө. Мектеп администрациялары үчүн "Өзгөчө кырдаалдарда мектептерде жагымдуу социалдык-психологиялык чөйрө түзүү" темасында тренингдер уюштурулууда.
Салтка айланган 1-сентябрдагы биринчи сабак тынчтык, боорукерлик жана жаратмандык жылына арналат. Билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү менен бирдикте "Мектепке кош келиңиз!" программасын жүргүзүүдө. Программанын максаты жаңжал чыккан региондордо жапа чеккен балдарды мектепке кайтаруу жана мектептердеги коопсуздук, толеранттуулук иш-чараларын жүргүзүү болуп саналат.
Министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү, эл аралык уюмдар жана жалпы эле коомчулук билим берүү сферасынын проблемаларына олуттуу көңүл буруулары зарыл. Анткени билим берүү системасы гана өлкөнү социалдык эле эмес, экономикалык өнүктүрүүгө алып бара турган локомотив экендигин эсибизден чыгарбашыбыз абзел.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"