Күнсобол

Жаңы конуштун жеткинчектерине жардам керек
ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иликтөө Бишкек шаарынын чекелериндеги жаңы конуштарда алты-жети жаштагы алты жүз баланын мектепке эч кандай даярдыгы жок экенин көрсөттү. Булар эң жупуну турган үй-бүлөлөрдүн балдары. Кезегинде ата-энелери иш издеп Россия, Казакстанда жүргөндө төрөлгөн балдар. Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эмес, кайсыл жерде төрөлгөнү жөнүндө кичинекей эки барак справкасы да жок. Аларды мектепке даярдоодогу машакат маселелерди чечүүгө бейөкмөт уюмдар жана социалдык кызматкерлер жардамга келишти.

Нургүл Алыбаева, Балдарды коргоо борборунун координатору:
- Биздин борбор Дордой, Ош базарларынын тегерегинде жайгашкан ички мигранттардын иштеген балдары менен иш алып барабыз. Жыл сайын жай айында балдарды мектепке орноштуруу боюнча акцияларды өткөрөбүз. "Эгерде балдарыңызды мектепке орноштура албасаңыз, борборго кайрылыңыз" деп жер-жерлерге кулактандырууларды илебиз. Май айынан баштап ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору менен иштешип калдык. Алардын сунушу менен жаңы конушта жашагандарды сурамжылап, түрө үйлөрдү кыдырып, канча бала 1-класска бараарын аныктадык. Биздин борбор Ак-Жар, Дордой - 1, Дордой - 2 жаңы конуштарын тандап алдык. Себеби бул конуштарда мектеп жок, биринчиден. Экинчиден, бул конуш менен көп жылдары иштеп келаткандыктан ал-ахывалын жакшы билебиз. Баш аягы 6-16 жашка чейинки балдары бар 1300 үйдү кыдырып чыктык. Иликтөө учурунда алты жаштан кичине балдары бар үй-бүлө абдан көп экен. Ошол сурамжылагандардын ичинен эки жүздөй бала мектепке барчулар болуп чыкты. Булар ата-энеси менен чогуу жашагандар. Ал эми жашоо шартка байланыштуу айылда чоң ата, чоң энелеринин колунда жашагандар толтура экен. Кайра ошол эки жүз баланын ичинен анкета аркылуу мектепке эч даярдыгы жок токсон баланы таап чыктык. Ошол токсон баланы Ак-Бата жаңы конушундагы №43 толук эмес орто мектепке (мектеп 7 класстык) даярдоо классына өткөрдүк. Үч группа болду, ошол балдарды күнүнө үч сааттан окутуп атабыз. Тренингден өткөн мугалимдер жаңы ыкма менен сабак өтүп жатышат. Ушул балдарды мектептерге дайындап баштадык. Бул балдардын жашаган жерлерине эң жакын мектептер Ак-Батадагы №43, "Келечек", Эне-Сайдагы мектептер. Эми бул мектептерде, керек болсо өздөрүнүн балдары ашык, үч сменде окушат. Билим берүү жана илим министрлиги, шаардык билим берүү башкармалыгы менен сүй-лөшүп, балдардын тизмелерин тактап, мектеп жетекчилерине бердик. 1-класска барчу алтымыш алты балага канцелярдык товар, бут кийим берилет. Эң эле жупуну үй-бүлө деп табылган отуз эки бала окуу куралдарынан сырткары, мектеп формасы менен камсыз болот.
Айтмакчы, №43 толук эмес орто мектеп генералдык план боюнча 2011-жылы жалпы билим берүүчү орто мектеп болуп курулмак. Биз абдан сүйүнүп жүрдүк эле. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов жаңы конуштун эли менен жолугушуп, экономикалык абалга байланыштуу мектептин курулушу 2014-жылга жылдырылганын айтыптыр. Эми дагы беш жыл узарып кетти. Азыр эле канчалаган балдар мектеби жок окуй албай жүрүшөт. Эми беш жылдан кийин жанагы үч-төрт жаштагы балдар өсүп келет, алар кайсы мектепке барышат?..
№43 мектептин директору Жамалкан Исмаиловага чоң ыраазычылык билдиребиз. Анткени бул жетекчи балдардын ал-ахывалын мыкты түшүнгөндөрдүн бири. Биздин, балдардын көңүлүн кыйбай отузга чукул баланы бир класс кылып алып жатат.
Эми бул эжени да түшүнсө болот, мектеп чоюлбагандан кийин бардык балдарды кабыл ала албайт. Эгерде ушул мектепти шаардык мэрия жакшылап карап, чоңойтуп берсе жакшы болмок. Маселен, Дордой - 2, Ак-Жар конуштары Ак-Батага караганда мурда уюшулган, бирок алигиче мектеби жок.
Эми жогоруда аталган мектептерге жайгаштыруу керек. Анткени бул балдарды шаардык мектептер деле ала койбойт, биринчиден. Экинчиден, балдардын келип-кеткени кыйынга турат. Ата-энелери керели кечке базарда иштешет, балдарынын окуусуна анчейин деле көңүл бөлүп жибербейт. Керек болсо, азыркы даярдоо курсуна кээ бир ата-энелер көңүлкош. Биз алардын артынан түшүп, телефон чалып жатып араң келтирип атабыз. Күйөөсү кечке тачке түртөт, аялы кутучаларды чогултат, баласын алып барганга киши жок.
Эми ата-энелерине да түшүндүрүү иштерин жүргүз-дүк. Балдардын мектепке киришине кандай документтер керек экендиги боюнча консультация бердик. Дагы бир проблема - кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кой, жадагалса кайсыл жерден төрөлгөндүгү жөнүндө справкасы жок. Ата-энелери ушул документтерди иретке келтириш үчүн бала өзүнүкү экенин далилдеши керек. Айрым энелер Казакстан, Россияда иштеп жүргөн-дө төрөшкөн, бул боюнча эч кандай документтери жок. Кийин депортация болуп келишкен. Бүгүнкү күндө Бишкекте эптеп баш калкалап, базарлардын тегерегинде жашап жатышат. Балдарынын алды он эки-он үчкө чыгып калды. Документтеринин жоктугунан бул балдар "А" деген арипти таанышпайт.
Эми сурамжылоо учурунда бир гана 1-класска барчу балдарды тизмелебей, дегеле мектептин жүзүн көрбөгөн балдарды да аныктап чыктык. Булардын кээ бирөөлөрү шарты жок барбай калса, экинчилери мектеп жоктугунан окубай калышкан. Эми ушул балдарга билим берүү максатында теңделүү (выравнивание) класстарын ачсак деп жатабыз. Бишкек боюнча №10 мектеп бар, жаштар мектеби деп аталат, негизинен кечки мектеп. Ушул мектепте он бешке чыккан балдар 3-4-класста атайын ылдамдатылган программа боюнча окушат. Эми Дордойдо жашагандарга бул мектеп да алыстык кылат. Ошондуктан №43, №87 мектептердин базаларында теңделүү класстарын ачсак деп жатабыз.





Райымбек Султанов, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары:
- Быйыл республика боюнча токсон миңден ашуун бала 1-класстын босогосун аттайт. Алты-жети жаштагы балдарды өлкөдөгү бардык мектептер жүз сааттык программа боюнча даярдашты. Ар бир мектеп өзүнө караштуу микроучастоктогу балдарды 1-класска кабыл алып жатат. Бул жерден кандайдыр бир кирүү взносу жөнүндө кеп да болбош керек. Анткени КРнын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамында билим берүү бекер деп ачык айкын жазылган. Ошондуктан мектепке микроучастоктогу балдар биринчи иретте кабыл алынат, алардан кийин орун бош болуп калса ошол мектепте окуйт элем дегендер да кабыл алынат.

Айнура Жапарова, "Сапаттуу билим" проектисинин Жаштарды коргоо боюнча программасынын адиси:
- ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" проектиси Жаштарды коргоо программасын ачты. Бул программанын экинчи фазасы 16-июлда башталды. Ушул программа боюнча жети мамлекеттик эмес уюмдар менен иштешип жатабыз. Бул уюмдар биз бөлүп берген гранттын эсебинен 16-25-июлга чейин Бишкек шаарынын чекелеринде жайгашкан жаңы конуштарда сурамжылоо жүргүздү. Иликтөөнүн жыйынтыгында кырк конуштун он жетисинде мектеп жок экен. Мектептери жок конуштарда 2576 мектепке чейинки курактагы балдар бар экени аныкталды. Анын ичинен 1193 быйыл мектепке барганга даярданып жатышат. Алардын ичинен эң начар үй-бүлөлөрдүн балдарын чогултуп алып, мектепке чейин даярдоо курсунан өткөрүп жатабыз. Бул курсту атайын тренингден өткөн мугалимдер өтүүдө. Албетте, мугалимге айлык акы төлөнүп берилет. Азыр алар 1042 алты-жети жаштагы балдарга билим берип жатышат. Бул курс 27-августка чейин болот. Ошол 1042 баланын ичинен алты жүздөй баланы мектепке орноштуруу кыйын болуп жатат. Анткени алардын ата-энелери мектепке киргизүү үчүн кандай документтерди даярдаш керек экендигин билишпейт, анан калса балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жерин тастыктаган документтери жок. Керек болсо, жөнөкөй эле сүрөткө түшүргөнгө каражаттары жок экенин айтышууда. Эми биз менен иштешип жаткан мамлекеттик эмес уюмдарга грант берип жатабыз, алар социалдык кызматкерлер аркылуу алты жүз баланын документтерин иретке келтирип, сүрөткө түшүрүп 1-сентябрга даярдашат. Ошондой эле бул балдар мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыз болот.
Жаңы конуштун жашоочуларынын жашагандарын көрүп, ыйлагың келет. Балдар мектепке даяр эмес, өз ойлорун толук айтып бере алышпайт. Алар үйүнүн жанынан башка эч нерсе көрүшкөн эмес. Менимче, мектеп балдар үчүн жаңы дүйнөнүн ачылышы болот.
Мына 6-7-июндагы Ош окуясынан кийин дагы ички миграция абдан күчөдү. Биздин оюбузча, Бишкекти курчап жаткан жаңы конуштарда дагы бир топ үй-бүлөлөр кошулат. Ушул конуштарда жаңы муундар өсүп жатат. Биздин максат - мамлекеттин, коомдун көңүлүн конуштарга бөлүү. Эгерде конуштардагы элдерди, балдарды позитивдүү жакка бурсак, биздин мамлекеттин өнүгүү-сүнө алар активдүү катышат деп ойлойм. Ал эми өлкөдө өткөн быйылкы окуяларда көбүнчө жаш балдар катышты, алардын көбүнчөсү ошол жаңы конуштан чыккандар. Албетте, бир эле программанын алкагында көптөгөн маселелерди чече албайбыз, бирок 1042 балага билим берүү дагы бир жакшы ишке түрткү болот дейм.

Жамалкан Исмаилова, Ак-Батадагы №43 толук эмес орто мектептин директору:
- Июнь айында жүз сааттык кыска мөөнөттүү курсту окубаган токсон баланы мектепке даярдап жатабыз. Ар бир баланын эмгеги өзүнүн жеке топтоо папкасына (портфолио) салынып, сапаттуу билим алышына бардык шарттар түзүлгөн. 1-сентябрь күнү биздин мектепке "Сапаттуу билим" долбоорунун кызматкерлери келип аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына мектеп формасын, окуу куралдарын тапшырганы жатат. Ак-Жар жаңы конушунда мектеп жок болгонуна байланыштуу шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен даярдоо курсунан өтүп жаткан бир группа биздин мектепте билимин улантышат. Себеби балдар өтө кичинекей жана башка мектептер алыс болгондугуна байланыштуу бул кадамдарга барууга туура келди. Ак-Батада жалпы билим берүүчү орто мектеп курулбаса, эмдиги жылы 1-класстын окуучуларын кабыл алууга болбой калат. Анткени мектеп жүз токсон эки орунга эсептелген. 1-сентябрдан баштап үч сменде, т.а. жети жүздөн ашуун бала билим алат. Быйыл 1-класска жалпысынан жүздөн ашуун бала кабыл алынды.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"