presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Журналисттик акция

Келечекке балта чапкан иммункем синдрому
Борборубуздагы клиникалардын биринде Орусияда баш-аягы беш-алты жыл эмгектенип, ВИЧ - инфекциясын жугузуп алган эмгек мигранты бутунан операция болуп дарыланууда. Ал өзү айыкпас ооруга кабылганын билген эмес. Айылына кайтып келгенде ата-энеси аны үйлөнтүп койгон. Келинчегинин боюна бүткөндө түйүлдүктөгү бала да айыкпаган бул дартка кабылгандыктан, докторлор баланы бойдон алдырып салуу жөнүндө чечим чыгарышкан.Ошентип, ойлонбой, бир жагы түшүнбөй жасалган иштин арты менен бир эмес үч адамдын өмүрү коркунучка кабылып отурат. Тилекке каршы, республикада мындай ооруга чалдыккандардын так санын айтуу кыйын. Анткени, тоолуу өлкөбүздө беш миллиондон ашуун адам жашаса, анын бир миллионго чукулу чет жерлерде өз нанын таап, үй-бүлөсүн багууда. Булардын басымдуу бөлүгү эмгекке жарамдуулар экени анык. Чет жерде жүргөндөрдүн канчасы соо, канчасы оору экенин эч ким айталбайт. Адистердин болжоосунда коркунучтуу дартка чалдыккандардын так көрсөткүчү бүгүнкүдөн он эсе көп болушу мүмкүн. Республикалык "СПИД" бирикмесинин акыркы маалыматтарына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 1- августуна карата тоолуу жергебизде ВИЧ - инфекциясына кабылган 3031 адам катталган. Алардын 2871 - өзүбүздүн атуулдар. ВИЧ - инфекциясын алып жүрүүчүлөр ооруну жуктуруп алган күндөн тартып 1 - 10 жылга чейин ( ар бир адамдыкы ар башка мөөнөттө өтөт) кадимки адамдардай жашап жүрө беришет. Бирок, кайсы бир убактан тартып адамдын иммундук системасы кескин начарлап, ал тынымсыз ар кандай адам өмүрүнө кооптуу оорулар менен ооруй баштайт. Ушундан тартып ВИЧ менен жашаган адамды СПИД менен оорулуу деп айтышат.

Аялдар Конгрессинин президенти журналисттерди неге топтоду?
Кыргызстан аялдар Конгрессинин Бокомбаев көчөсүн-дөгү жаңыдан салынып бүткөн кеңсесине чакырышканда, далай иш-чараларга катышып жүрүшкөн журналисттер эч нерседен жалтанбай, айтылган убакка жете келдик. Бул жолу терең жаңылыппыз. Алдыдагы иш-чараны окурман, угармандарга жеткириштен мурун, өзүбүз аткарышыбыз керек экен. Мурда-кийин ыктыярдуулук акцияларына катышпаганыбыздан волонтерлук жаңы ролубузга анчейин ишенбей турдук. Муну байкаган Замира Акбагышова сөздү алыстан баштап, алгач өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абалга токтолду. "Сиздер жакшы билгендей, акыркы мезгилдеги саясий туруксуздук коомчулукка көптөгөн маанилүү маселелерди чечүүдө тоскоол болуп жатат. Ошондой көмүскөдө калган көйгөйлөрдүн бири - күн сайын тамыр жайып бараткан ВИЧ/ СПИД дарты. Бул ооруга чет жерде эмгектенип жүрүшкөн мекендештерибиз да чалдыгууда. Аларга азыртан жеткиликтүү маалыматтарды беришибиз керек. Силерди ушул ишке салым кошсун деп чакырдык. Анткени, журналисттер адам психологиясын жакшы билишет эмеспи", - деп аялдар уюмунун лидери бизди алдыдагы ыктыярдуу ишке багыттады. Жакшы сөзгө канат байлап Акжол - Кордай чек ара өтмөгүн көздөй жөнөдүк. Максатыбыз - Казакстан, Россияга бараткан жердештерибизге ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат берүү. Жол ката бул күнкү иш-чараны уюштуруучулардын бири - "Сезондуу иштеген мигранттар арасында ВИЧ - инфекциясын профилактикалоо" долбоорунун координатору Айжан Мусуралиева волонтерлук ишибизге зарыл баалуу кеңештерин берди. Анын сөзүнөн ушундай эле мазмундагы түшүндүрүү иши мындан мурдараак "Бишкек -2" темир жол вокзалында Москвага сапар тартып бараткандардын арасында жүргүзүлгөнүн билдик.






Эмгек мигранттарынын ВИЧ/СПИД тууралуу маалыматы жетишсиз
Фотокамера асынып, колдоруна микрофон, таркатма буклеттерди кармаган журналисттерди көргөндө чоң-чоң сумкаларды сүйрөгөн мекендештерибиз эмне кылып жүргөнүбүздү сурап, алдыбызды тороп чыга беришти. Учурдан пайдаланып мурдатан камдап койгон суроолорубузду узатып калдык. "Мен Жалал - Абаддан болом. Айылда жумуш жок. Үч балам бар. Аларды багышым керек. Досторум менен Казакстанга куруучулук жумуш издеп баратам. А булардан болсо алып алайын. Сактыкта кордук жок дейт эмеспи" - деп сары коробкадагылардан да он чактысын тартынбай алды Замир аттуу толмоч жигит. Андан башкасы бул ооруга жалаң сойку кыздар күнөөлүү дешип, бир беткей күнөөлөшкөнү менен жанагы коробкадагылардан баш тартышкан жок. Кээ бирлери чет өлкөдөн Кыргызстанга жумуштап, эс алып келгендерге да катуу көзөмөл коюп, медициналык жактан текшериш керек деген оюн айтышты. Кыз-келиндердин суроого жооп бербей четтеп өтүп кеткени көп болду. Бирок, арасында омоктуу ойлорун айткандар кезикпей койгон жок..
Акциянын соңунда эмгек мигранттарынын ВИЧ/СПИД тууралуу маалыматы жетишсиз экени айкын болду. Мигранттардын арасында бул айыкпас оору тууралуу жетик билбегендер да бар экен. Ушуну көрүп ВИЧ/СПИДге байланышкан маалыматтар мектеп партасынан тартып берилсе деген ойго келдик. Албетте, улуттун келечегине балта чапкан иммункем синдромуна каршы күрөштү жалгыз Аялдар Конгрессине же атайын долбоорго таштап койгон болбойт. Бул көйгөйдү чечүүгө бардык бийлик өкүлдөрү, жалпы коомчулук, анын ичинде мугалим-тарбиячылар жана албетте, күн сайын маалымат таратуу үстүндө иштешкен журналисттер текши катышса, аткарылган иштин натыйжасы жемиштүү болору анык.

Маалымдуу болуу - азыркы учур талабы
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана ВИЧ/СПИД боюнча БУУнун маалыматтарына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясына чалдыккан 39,5 миллион адам жашайт. Адистердин баалоосу боюнча бул жогорку деңгээлге жетүү коркунучунда турат дешет. Ал эми Кыргызстанда азыркы абал боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккан 3 миң адам жашайт. Республика боюнча катталган учурдан баштап 366 ВИЧ инфекцияга чалдыккандар, анын ичинен СПИДден 134 адам каза болгон.

Дарыгерлердин айтымында бул сан деле анык сан эмес, себеби ар кандай себептерден улам текшерүүлөрдөн, т.а. анализ,тестирлөөдөн өтпөгөндүгүн белгилешет. Мындай мамиле бул оору тууралуу маалымдуу болбогондугу, өзүнүн ден соолугуна жана башкалардын ден соолугуна кайдыгер кароо болуп саналат.
Аталган ВИЧ - инфекция - медициналык түшүнүк эмес, бул баарынан мурда олуттуу социалдык көйгөй болуп саналат. ВИЧ деген сөз адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу, бүгүнкү күндө рак дартынан да коркунучтуу болгон өлүмгө кириптер кылуучу оору болуп саналат. ВИЧ-инфекция айрыкча жаштар арасында жайылууда. Негизинен баңгизаттарды колдонууда бир ийне менен бир нече адам колдонуусу, баш аламан, башкача айтканда, тартипсиз жыныстык өнөктөш менен жашоо, ошондой эле проституция (сойкулук) өнүгүшү, өлкө ичиндеги эмгек мигранттарынын эбегейсиз өсүшү ВИЧ инфекциясынын жайылышына шарт түзөт.
1997-жылдан баштап секс-кызматчылар жана алардын кардарларынын ВИЧке аялуулугун төмөндөтүү - Кыргыз Республикасынын ВИЧ-инфекция жаатындагы мамлекеттик саясатынын артыкчылыктарынын бири болуп калды. Ички иштер министрлиги системасында Кыргыз Республикасынын ВИЧ-инфекция боюнча мыйзамдарын ишке ашыруу механизми 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун ИИМнин иш-аракет матрицасы, ошондой эле ИИМдин 2008-жылы 25-апрелдеги № 417 буйругу менен бекитилген "Аялуу топтордун арасында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча КР ИИБ кызматкерлери үчүн Нускамасы" менен аныкталат.
Андыктан ушул көйгөйлөр жана бул жаат боюнча кандай иш чаралар алынып барылып жаткандыгын билүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Дени сак муун" долбоорунун координатору Гүлжан Баталгазиевага кайрылдык.
- Долбоор алкагында иш чаралар өткөрүлүп турат, мектептерде класстан тышкаркы сабактар, жогорку окуу жайларында түшүндүрүү иштери ар кандай маалыматтык буклеттерди, презервативдерди таратуу менен өткөрөбүз.
Андан тышкары, учурда "Сорос-Кыргызстан" Фондунун келишиминин негизинде Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Академиясынын окуу-методикалык кеңешинин чечими боюнча "Секс-кызматчылардын аялуулугун төмөндөтүүнүн укуктук негиздери" аттуу Методикалык колдонмо басып чыгарууга даярдалууда.
Бул окуу куралында секс-кызматчылардын аялуулугун төмөндөтүүнүн укуктук аспекттерине тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган. Колдонмодо дүйнө жүзүндөгү секс-кызматынын өнүгүү тарыхын, Кыргыз Республикасындагы секс-кызматы боюнча жагдайды жана социалдык түп-тамырын камтыйт. Окуу куралдын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укук нормаларына, Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына, Борбордук Азия регионунун, КМШнын, Борбордук жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн укукту колдонуу практикасына, ошондой эле стигматизация жана дискриминация көйгөйлөрүнө арналган - деп белгиледи долбоордун координатору Гүлжан Баталгазиева.
ВИЧ-инфекцияны алдын алуу боюнча иштер өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Өткөрүлгөн иш-чаралардын көпчүлүгү калк арасында анча түшүнүктүү эмес, о.э. бир жолку гана өткөрүлгөн акциялар. Андыктан бул жааттагы көйгөйдү чечүүнүн эң натыйжалуу жагы деп улуттук телеканалда ВИЧ-инфекциясына байланыштуу түшүндүрүү-маалымат түрүндөгү роликтер же болбосо акциялардагы докладдар окубастан, ар кандай слайддар же документалдуу фильм менен көрсөтсө калк арасында алда канча жеткиликтүү болоор деп ойлойм.
Баарыга белгилүү болгондой, республикада мыйзамсыз секс көрсөтүү жайлары көмүскө иштеп келет. Мындай кызматтарды пайдаланган кардарлар ВИЧ/СПИД кесепеттерин билбегендиктен коопсуз секс жөнүндө маалымдуулугу жогунан, аталган ооруларга дуушар болушат.
Макала соңунда мамлекеттик, эл аралык уюмдар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үзгүлтүксүз кеңири маалымат берүүчү агартуучулук жааттагы иш-чараларды, өзгөчө жаштар, мектеп окуучулары арасында өткөрүү мезгил талабы дээр элем.

Роза БЕКТУРОВА,
журналист






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o