Долбоор

Улуу "Манастын" ушул уңгулуу ыйыктары бүгүнкү улуттук адептик тарбиябыздын өзөктүү идеяларынан болуп калуусу керек. Улуттун ушул кымбат дөөлөттөрү Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Семетей үчүн кандай ыйык болсо, бүгүнкү кыргыз тукумдары үчүн да ошондой эле ыйык болуп калууга тийиш. Улуу Манас - жан дүйнөнүн айкөлдүгү жана патриоттуулукту тарбиялоонун соолбос кенчи.
7) "Кожожаш" менен Асан Кайгынын философиясы - табият тарбиясынын ачкычы
"Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылаан байкуш кантти экен?" деген улуу Асан кайгы. Кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын символу Асан Кайгы жаныбардын өзүнө айлана билип, жарыкчылыкка жаныбардын көзү менен карап, жаныбардын жүрөгү менен суусап, тирүүлүккө кумарланган. Асан Кайгынын адеп-ахлагы табият менен жуурулушкан руханий уруулуктун өрнөгү. Кишинин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса, кийиктерди миң-сандап кырган Кожожашчасынан аскада калып, "Будайык" жомогундагы саясатчы Төлөктөй апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен. Жаратылыш менен гармонияда жашоо - бул кыргыздын илгертен келаткан философиялык урук салты. Тарбия ишинде мына ушундай улуттук философияга жана дүйнөлүк экологиялык маданияттын жетишкендиктерине таянуу - табият менен таттуу жашоонун өбөлгөсү. Жаратылышка болгон гумандуу мамиле - адамдын адеп-ахлагынын чен-өлчөмү.
8) Кыргыздын бай макал-лакаптары, накыл сөздөрү, адабияты жана искусствосу - таалим-тарбиянын көөнөрбөс көрөңгөсү
Элибиздин бай жана даанышман макал-лакаптары, накыл сөздөрү, нуска китептери - тарбиянын көөнөрбөс көрөңгөсү. Четинен эле карап көрөлү: "Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол", "Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт", "Дыйкандын күчү жер менен, улуктун күчү эл менен", "Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат", "Канды кудай урарда - калкы менен кас болот", "Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди коңторот", "Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор", "Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт", "Байлык байлык эмес, бирдик байлык", "Адамдын көркү - адептүүлүктө", "Өсөр элдин балдары, бир бирине дос болот. Өспөс элдин балдары, бир бирине кас болот". Илгери да, бүгүнкү күн үчүн да эң керектүү акылман ойлорду камтыган бул макал-лакап, канаттуу сөздөр - таалим-тарбиянын түгөнгүс булагы.
Калкыбыз Азияда эң бай фольклордук адабиятты жараткан. Мазмуну патриоттук идеяларга карк кенже эпосторубуз, дастандарыбыз, Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай сандаган ак таңдай акындарыбыздын поэзиясындагы терең маанилүү санат-насыяттар Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, "кулактан кирип бойду алган" сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат музыка казынасынын асыл кенчи. Бир сөз менен айтканда, элибиздин кылымдап жараткан адабий-музыкалык маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каада-салтын көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрү (сүрөтү, киносу), Түгөлбай, Чыңгыз баштаган профессионал адабияты тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал. Тарбия үчүн суудай сузуп ала турган мазмун ушул жерде.
9). Ата-бабаларыбыз түзгөн улуу моралдык кодекс - тарбия-таалимдин гүлазыгы
Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул - күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.
Биздин кыргыз менталитетинде индивидуалисттик-коммерциялык батыш жоготуп, таппай калган эң мыкты сапат-касиеттер бар. Ошолордун бири - коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: "Жылуу жерден конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу - курт-кумурскага, мунусу - сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага". Мынакей, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик этикасы. Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы мындай дейт: "Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет. Түшүндүрүп жай айтсаң, уялып, ыраазы болуп кетет". Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги гуманисттик улуу идея кыргыз рухунун бийиктигин мүнөздөйт. Тоолук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан боордоштук руху өнүккөн.
Кыргыз элинде руханий байлык, материалдык байлыктан ар качан жогору коюулуп келген. Ошон үчүн акын: Рухка биринчи маани берген калкыбыз өзүнүн тарыхый жашоосунда кош аяктуу пендеге адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Ошол дөөлөттөр системасын төмөндөгүчө жалпылап, жыйынтыктап, алдыбызга тарткан жазуучу Кеңеш Жусупов "Жер - Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер-энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт, ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочу жана жол көрсөтөрүң. Бабаларга жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдеттериңди (адамгерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык - калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо. Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет-пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны, өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Теңир колдосун!" (Кеңеш Жусупов. Кыргыздардын байыркы маданияты. - Бишкек, 2006, 63-64-б.) Мына, кыргыз элинин моралдык улуу кодекси. Өзүнүн универсалдуулугу менен айырмаланган бул кодекс, жалпы адамзаттык мааниге ээ асылнарктар. Ушул кодекс кечеги патриот, гуманист ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп келген жана тарыхтын "аяздуу бороон-чапкындарында" улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул кодекс таалим-тарбиянын мазмунун аныктоого тийиш жана эгер ушул моралдык баалуулуктар менен жарандарыбыздын жан дүйнөсүн асылдандырууга жетише алсак, анда бул суверендүү ата журтубуздун нраваларынын жакшырышынын жана анын жаркын болочогунун кепилдиги болмок.
Биз не бир аруу адеп-ахлак касиеттерди акырындап астыртан жемирип, бүлүнтүп жок кылып коюучу рыноктун жапайы стихиясына өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, өйдөкүдөй коллективисттик айкөл нарк-насилибизди, кенен жан дүйнөбүздү коргоп, сактап, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпиз. Биз адамдык жүзү бар рынок коом курушубуз керек.
10). Жалпы адамзаттык жана инновациялык дөөлөттөр - тарбия ишинин мазмундук булагы
Бүгүнкү социалдык динамикага карк жаңы заман салттык менталдуулуктан башка да, жаңы менталитетке эгедер болууну талап кылып отурат. Мезгилдин ритминен артта калбаш үчүн биздин жарандарыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, билимдүүлүк, профессионалдык компетенттүүлүк, ишкердүүлүк, социалдык мобилдүүлүк, укук сыйлоо, мыйзам сыйлоо көнүмүшү, демократиялык принциптерге берилгендик сыяктуу ж.б. жаңы инновациялык сапаттарды күтүшү зарыл болуп турат. Ошондой эле, басым коюп айта турган нерсе, бүгүнкү адамзаттын алдыңкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын, маданияттардын бири бирине үстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына артыкчылык берип отурат. Маданияттардын диалогу - биздин Кыргызстан да жетекчиликке ала турган методология. Ушул өңүттөн караганда дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын өрнөктөрүн, эл аралык этиканы өздөштүрүү, башка улуттардын дөөлөттөрүнө түшүнүү менен мамиле жасай билүү касиетине ээ болуу - улуттук өнүгүүбүздүн шарттарынын бир экендигин туюнуу зарыл нерсе. Кыскасы, жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана жаңы инновациялык сапаттарга ээ болуу багыты таалим-тарбиянын мазмунуна органикалык түрдө кириши керек.
Тарбиянын милдеттери:
Жогоруда аныкталган мазмундук базаны, ресурстарды пайдаланып, эң негизгиси тарбиялануучулардын ички жөндөм - мүмкүнчүлүктөрүн, тереңде катылып жаткан потенциалдарын ачуу аркылуу аларда төмөндөгүдөй атуулдук адеп-ахлак, рух сапаттарын калыптандыруу милдети коюлат:
Ата журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган мекенчилдик, эл журттун, мекендин кызыкчылыктарын жогору койгон париоттуулук, Манас рухуна каныккандык ("Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин" - Манас. "Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт" - Алыкул), мамлекеттин символдоруна: Гимнге, Гербге, Желекке өзгөчө сый мамиле, өз элинин тарыхы, ата-бабалардын каарман күрөшү менен сыймыктана билген улуттук ар намыстуулук, эл журттун ынтымагы, биримдиги идеясына берилген атуулдук бийик парасат. ("Ырыс алды-ынтымак, ынтымагың болбосо алдыңдан таяр алтын так" - Калыгул), эне тилге болгон терең сүйүү ("Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" - Байдылда), өз калкынын салт-санааларын, үрп-адаттарын урматтоочулук жана колдоно билүүчүлүк, элдик рухий нарк-дөөлөттөргө, улуттук маданиятка сугарылгандык, ата-энени ыйык көрүп урматтоо, меймандостук, достук идеясын аздектегендик. ("Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат" - эл макалы). Жалпынын жыргалчылыгын көздөгөн мээнеткечтик ("Эмгек этип жашыңдан, элге жаксаң эң кызык" - Токтогул). Эл алдындагы, башкалардын алдындагы милдет-парзды терең туюнгандык, жоопкерчиликтүүлүк, калыстык, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, кайрымдуулук, жоомарттык, жаратылышка болгон гумандуулук, коомдогу терс, ыплас көрүнүштөр-коррупция, трайбализм, талап-тоноочулук, баңгичилик, аракечтик, кайдыгерлик, өзүмчүлдүк менен келишпестик, аларга каршы күрөшүүдөгү активдүүлүк, бирөөнүн укугун жана эркиндигин сыйлоочулук, толеранттуулук, мыйзамды кадырлоочулук, өз ара мамилелердеги сылыктык этикетин өздөштүргөндүк, жалпы адамзаттык маданияттын өрнөктөрүн сиңиргендик, өзүнө сын көз менен карай билүүчүлүк, жаңыга умтуулуучулук ж.б.
Тарбиялоонун жүрүшүндө калыптандырыла турган адам баласына мүнөздүү асыл сапаттар дагы көп, аны тарбиячылар өз программаларында чыгармачылык менен улантып жазышат. Бул жерде приоритеттерге басым жасалды.
VI. Рухий - адептик тарбиянын мазмунун реализациялоонун технологиясы
Жогорудагы мазмундук база - казына, мазмундук багыт коомубуздагы бардык институттардын: үй-бүлөнүн, бала бакчанын, мектептин, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын, айыл өкмөтүнүн, акимиаттын, мамлекеттик мекемелердин, органдардын, министрликтердин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын таалим-тарбия ишмердигинин негизине алынып, алар бул мазмунга чыгармачылык менен мамиле жасап, аны дагы да байытып, өркүндөтүп, ушул багытта өздөрүнүн күндөлүк иш-пландарын түзүп, иш алып барууга тийиш.
Таалим-тарбия иши аныкталган максаттан жана мазмундук ресурстан гана турбайт. Ошол максат менен мазмунду реалдуулукка айландыра турган принциптердин, методдордун, формалардын, уюштуруу иш-чараларынын жана тиешелүү шарттардын өз ара тутумдашкан комплексинен турат. Жанагы башкы максатты жүзөгө ашыруу үчүн көрөңгө, гүлазык, база катары аныкталган мазмунду тарбиялануучунун аң-сезимине жана жан-дүйнөсүнө кандай айла-амалдар аркылуу жеткиребиз, сиңиребиз? Андай айла-амалдар төмөнкүлөр:
1. Тарбиялоонун принциптери:
Авторитардык - акимчил педагогикада тарбиялануучу объект катары саналып, анын жүрүм-турумун тыштан туруп жөнгө салуу, башкаруу идеясы үстөмдүк кылат. Бүгүнкү жаңы тарбия методикасында бул анохронизм. Бүгүнкү тарбия ишинде маселеге чыгармачылык мамиле, тарбиялануучуну тарбиянын субъектиси катары саноо жана партнердук кызматташуу аркылуу анын инсанын өнүктүрүү идеясын биринчи планга коюу баарынан маанилүү колдонулуучу принциптер:
- адамгерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле принциби;
- жаратылышка ылайыктуулук (принцип природосообразности) принциби;
- инсанчыл - жекече (принцип личностно - индивидуального подхода) мамиле жасоо принциби;
- тарбия ишине инсанчыл - ишмерчил (личностно-деятельностный) мамиле принциби;
- турмуш менен байланыштуулук принциби;
- өнүктүрүп тарбиялоо принциби;
- тарбияны уюштуруунун көп вариативтүүлүгү жана ийкемдүүлүгү принциби;
- коллективде тарбиялоо принциби;
- үлгүлүү өрнөктөргө таянуу принциби;
- окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги принциби ж.б.
Рухий-адептик тарбиялоо ишинде аталган принциптерди жетекчиликке алып, ыктуу пайдалануу натыйжа бермек.
2. Тарбиялоонун методдору:
Адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге, андан ары реалдуу жүрүм - турумга айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Аткарылууга тийиш болгон нравалык эреже-норма инсан тарабынан акыл менен гана эмес, эмоционалдык толгонуулар аркылуу кабылданып, адам ал эреже-норманын өзү үчүн да, коом үчүн да зарыл экенин өз "жон териси" менен, жеке тажрыйбасы аркылуу туюнуп, аны ички ыктыяры менен аткарууга өтсө, ошол этикалык эреже-норма тышкы талап болуудан калып, кишинин өзүнүн ички керектөөсүнө, ички адептик сапат-касиетине айланып калса - ошондо адеп-ахлак тарбиясынын ийгилиги жөнүндө сөз кылууга болот. Мына ошондуктан, "Манаста" айтылгандай, тарбиялануучунун "жүлүнүнө жетээр кеп айтуу, жүрөгүн өрттөп бек айтуу", башкача айтканда, ийкемдүү методика зарыл. Бардык деңгээлдеги, бардык тепкичтердеги тарбиячылар кургак насаат менен чектелбей, аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, оюн сабагы, сынчыл ойлом, "мээ чабуулу" ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуулары шарт.
3. Тарбия ишинин формалары жана уюштуруу иш-чаралары:
Улуттук рухий-ыймандык нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык маданий кенчтерди өздөштүрүү максаттында Республикалык, областтык, жергиликтүү масштабда, мекеме-уюмдар алкагында фестивалдарды, жумалыктарды, декадаларды, конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү, экскурсияларды, көргөзмөлөрдү, концерттерди, кароолорду, конкурстарды, мелдештерди, музейлерди, ийримдерди, кызыктуу жолугушуулар клубдарын, кечелерди, майрамдарды ж. б. иш-чараларды туруктуу уюштуруп, өткөрүп турууну салтка айландыруу.
- Коомдогу бардык мекеме-уюмдар, бардык тарбия институттары таалим-тарбиялык максатта өз ара байланышта иштөөсү кажет;
- биринчи иретте, концепциянын мазмунунда көрсөтүлгөн байлык-дөөлөттөрдү мектептердеги, атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы гуманитардык предметтердин, айрыкча, Адеп, Кыргыз тили, Кыргыз адабияты, Тарых, Философия, Маданияттаануу программаларына, окуу китептерине терең сиңирүү кажет. Ушул багытта аталган предметтердин программаларынын жана окуу китептеринин мазмунун өркүндөтүү талап кылынат. Көрсөтүлгөн мазмунду реализациялоодо табигый предметтердин да мүмкүнчүлүгү чоң экендигин эске алууга тийишпиз. Жалпы адамзаттык жана улуттук нарк-дөөлөттөрдүн духуна сугарылган окуу китептеринин жаңы мууну жаралууга тийиш;
- бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларында дүйнөлүк илим-билимди, маданиятты окутуу менен бирге, этнопедагогиканы, элдик кол өнөрчүлүктү, музыкабызды, "Манастаанууну" окутуунун сапатын көтөрүүгө бул предметтер боюнча окуу-методикалык комплектилердин жаңы муунун жаратууга жетишүү;
- мектептердеги "Адеп сабагы" предметин окутуунун сапатын көтөрүү, анын материалдык-финансылык жабдылышын активтештирүү, "Адеп сабагы" боюнча жогорку окуу жайларында атайын адистерди колго алуу, аталган окуу предметин жогорку адистиктеги кадрлар менен камсыз кылуу;
- кыргыз билим берүү академиясынын статусун көтөрүү, аны бөлүнгөн каражаттардын чегинде кайра куруп, Улуттук педагогикалык академияга айландырып, кайра түзүү, педакадемиянын өзүнүн мүчө-корреспонденттери жана академиктери болуусун камсыздоо, аталган академияны таалим-тарбия ишинин илимий-методикалык негиздерин иштеген жана окуу-тарбия комплекттерин түзүүчү негизги борборго айландыруу, бул мекеменин курамында "Этнопедагогика", "Үй бүлө тарбиясы" лабораториясын түзүү. Академияда "Эл агартуу" журналынын базасында "Адеп тарбиясы" журналын уюштуруу;
- республикада атайын педагогикалык университетти түзүү, студенттердин психологиялык-педагогикалык, тарбиячылык даярдыгын күчөтүү, мамлекеттик билим берүү стандартында психологиялык-педагогикалык предметтерге бөлүнгөн сааттардын процентин жогорулатуу. Патриоттук тарбия максатында педагогикалык университетке эркек балдарды кабыл алууну активтештирүү;
- элибиздин эзелтен келаткан таалим-тарбиялык тажрыйбасы менен адептик акыл оюнун казнасы болгон элдик педагогиканын улуттук музейин түзүү жана аны Адам таануу, эл таануу, өнөр таануу багытындагы уникалдуу окуу-илимий өндүрүштүк комплекске айландыруу;
- ар бир мектепте ошол айылдын, чөлкөмдүн, өрөөндүн тарыхын, табиятын, бөтөнчөлүгүн, жандуу жана жансыз жаратылышын, улуу адамдардын өмүр жолун ж.б. таанып-билүүгө багытталган айыл музейлерин уюштуруу жана аларды тарбиялык багытта натыйжалуу пайдалануу;
- улуттук руханий нарк-дөөлөт-төрүбүз, материалдык маданиятыбыз, тарыхыбыз жөнүндө түстүү басылмаларды чыгаруу, кинотасмаларды, мультфилмдерди тартуу, улуттук кенчтерибизди басма сөз, телерадио аркылуу кеңири пропагандалоо, бөбөктөр үчүн сүрөттүү китептерди чыгаруу, аларды кенен жайылтуу;
- маалымат каналдары аркылуу катаалдыкты, зордук-зомбулукту, кан төгүүнү үгүттөөгө тыюу салуу жана телеберүүлөрдүн, компьютердик көрсөтүүлөрдүн программаларын гумандуулуктун, маданияттын, адептүүлүктүн негизинде оң багытка буруу;
- мектеп окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу органдарын, уюмдарын өнүктүрүү;
- класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы тарбия иштерин активдештирүү;
- жогорку окуу жайларында мектеп жана тарбия мекемелери үчүн психологдорду даярдоо жана бардык мектептерде психологдун штатын ачуу;
- баланын тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү, алардын тарбия чеберчилигин жогорулатуу үчүн жер-жерлерде окуу-тарбия мекемелеринде "Ата энелердин педагогикалык университеттерин" ачуу, мектеп менен үй-бүлөнүн байланышын чыңдоо;
- мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды турмушка ашырууну бардык деңгээлдерде активдештирүү;
- мектептердеги класстык тарбия сааттарын патриоттуулуктун жана рухий маданияттын духунда активдештирүү;
- мектептеги окуу предметтеринин тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу;
- бардык мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда, министрликтерде жана ведомстволордо "Мамлекетттик тил" күнүн, "Нооруз" майрамын, "Мамлекеттик көз карандысыздык күнүн", "Конституция күнүн", "Карылар күнүн", "9-май - Жеңиш майрамын" ж.б. белгилүү даталарды белгилөөнүн тарбия берүүчүлүк мазмунун арттырууга өзгөчө маани берүү;
- Манас эпосун 1-класстан 11-класска чейин адабият программасына киргизүү;
- жогорку окуу жайларында "Манас таануу" кафедраларын ачуу;
- бюджеттик негизде "Кыргыз тили жана адабияты" журналын ачуу;
- улуттук кийимдерибиздин даярдалышын мамлекеттик деңгээлде өнөр жайлык негизге коюп, аларды кеңири түрдө (калыбын бузбай туруп, кээсине инновациялык элементтерди да киргизүүгө неге болбосун) чыгаруу, жайылтуу, үгүттөө, кийүүнү практикалоо;
- ата-бабалардын улуттук түркүн ысымдарын балдарга кеңири берүү;
- улуттук спорт оюндарын ("Көк бөрү", "Кыз куумай", "Балбан күрөш", "Эр оодарыш", "Ат чабыш" ж.б.) кеңири өнүктүрүү;
- улуттук этнографиялык жасалгаларды, элдик кол өнөрчүлүктү: узчулукту, жыгаччылыкты, зергерчиликти, оймочулукту, саймачылыкты өнүктүрүү;
- элдик оюндарды, салттык жаштар оюндарын активдештирүү, кайрадан жандандыруу, турмушка киргизүү (Ордо атышуу, чүкө атышуу, чикит, ак чөлмөк, упай, топташ, жоолук таштамай ж.б.)
- улуттук тамак-аштар да, биздин кулинардык өзгөчөлүү маданиятыбызды көрсөтө турган кенчтерибизден. Кыргыз дасторкону илгертен түркүн даамдарга, тамак-ашка (беш бармак, гүлчөтай, курут, быжы, олобо, эжигей, кымыз, бозо, быштак, саксай, шоро-максым, жал-казы, карта-чучук, куурдак, гүлазык, бадырак, карын май ж.б.) бай болуп келген. Бүгүнкү күндө шаарларыбызда, базарларыбызда, кыштактарыбызда көптөп пайда болгон "Уйгур ашканасы", "Европа ашканасы", "Дунган ашканасы" сыяктуу жайлар менен катар эле "Кыргыз даамы" деген өңдүү ашканаларды, чайканаларды, кафелерди көбөйтүп, кыргыз дасторконун даңазалоо;
- элибиздин асылбаа салт-санааларын, адеп-ахлагын үгүттөө;
- мектептерде элдик кол өнөр-чүлүктүн үйрөнүлүшүнө шаттарды түзүү;
- "Кулактан кирип, бойду алган" (Абай) музыка - бул улуттук маданиятты, элдик рухту үгүттөөнүн эң таасирдүү жана күчтүү куралдарынын бири. Авто-аэро-темир жол вокзалдарында, базарларда, ашкана-ресторандарда, аянттарда, көчөлөрдүн түйүндүү жерлеринде улуттук музыка, ыр-күүлөр, обондор ыгы менен жаңырып турушу керек. Ала-Тоодо Ала-Тоонун обондорун чет өлкөлүк чоочун обондордун кыйкырыгы басып турууга тийиш эмес. Ошондой эле, ушундай жайларда кыргыз жеринин сулуулугун, улуттук акылмандардын, баатырлардын, патриоттордун сүрөттөрүн даңазалаган картиналардын илинип турушунун тарбиялык мааниси чоң;
- адабият менен искусствону, манасчылыкты, төкмөчүлүктү өнүктүрүү, айылдар, райондор, областтар аралык, республикалык "Ыр кеселерди", фольклордук фестивалдарды уюштурууну туруктуу салтка айландыруу;
- композиторлор, сүрөтчүлөр, жазуучулар, театр ишмерлер союздарынын тарбиячыл ишмердигин активдештирүү;
- Кыргызстан элдеринин достук ынтымагын чыңдаган иш-чараларды туруктуу өткөрүп туруу;
- жарандарда мыйзам сыйлоо маданиятын, укуктук маданиятты калыптандыруу максатында мыйзамдык-укуктук билимдерди калк арасында кеңири жайылтуу;
- тарбиячылардын эмгегин стимулдоо;
- тарбия ишинде ата-эненин, мектептин, айыл өкмөтүнүн, айыл кеңешинин, райондук кеңештин, маданият мекемелеринин биргелешкен кызматташтыгын жолго коюу.
Мамлекеттик тил комиссиясынын иши рухий-адептик, патриоттук тарбия багытындагы колдонмолорду басып чыгаруу жагынан активдешүүгө тийиш.
- Патриоттук тарбия мүдөөсү үчүн Манас баштаган элдин баатырлардын аскердик баатырдын өрнөктөрүн кыргыз армиясынын бардык бөлүктөрүндө үйрөнүүнүн салтка айландыруу.
- Ички иштер миенистрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия максатындагы тыгыз кызматташтыгын жолго коюу.
4. Рухий-адептик тарбиянын натыйжалары же нравалык сапатты калыптандыруунун этаптары
Тарбиялоонун натыйжасы - "Тарбиянын милдетинде" көрсөтүлгөн сапат касиеттерге эгедер сөзү менен иши, ишеними менен жүрүм-туруму айкалышкан инсан-атуул.
Өздөштүрүлүүгө тийиш болгон нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун жан дүйнөсүнө көчүп өтүп, бекем орун-очок алышы төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт:
Биринчи. Нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун акыл-эсине жетиши, башкача айтканда тарбиялануучунун адеп - ахлак нормалары жөнүндө маалыматка, билимге ээ болушу.
Экинчи. Нравалык норманын аң сезимге маалымат, билим түрүндө кабылданган абалдан чыгып, андан ары барып, инсандын ынанымына, ички ишенимине айланышы.
Үчүнчү. Нравалык норманын ынаным-ишенимден андан ары тереңдеп, инсандын жүрөгүнө жетип, кан-жанына сиңип, сезимине, "натурасына" айланып калышы.
Төртүнчү. Нравалык норманын инсандын реалдуу жүрүм-туруму түрүндө көрүнүшү, анын адатына, көнүмүшүнө айланышы.
Жогоруда саналган тарбия принциптеринин, методдордун, формалардын, иш-чаралардын ар бири тарбиялануучунун ушул этаптар аркылуу өтүшүнө салым кошууга тийиш. Нравалык тарбиянын жүрүшү татаал процесс.
5. Инсандын тарбиялангандыгын баалоо
Бул жерде тарбиялануучунун тигил же бул адеп-ахлак стандартына, эталонго дароо эле туура келер-келбеси эмес, биринчи иретте, конкреттүү адамдын инсанында (личностунда), адептик жүрүм-турумунда өтүп жаткан динамика, процесс маанилүү. Тарбиялануучунун өзгөрүшүнүн даражасы канчалык, кэчээ ким эле, кандай эле, бүгүн ким болуп калды, өзгөрүү жакшы жагына ооп жатабы, адебинде жылыштар барбы, кыскасы, негизги критерий бул жерде кишинин, окуучунун инсандык өнүгүү кыймылы. Өзгөрүүнү тарбиялануучунун күндөлүк агымдагы, күндөлүк тириликтеги, сабак учурундагы жүрүш-турушуна, эмоционалдык-нравалык ал ахыбалына байкоо жүргүзүү аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле өзгөрүүнү адамдык түркүн-түстүү мамилелердин жана маселелердин татаал дүйнөсүнө алып кирген атайын түзүлгөн педагогикалык кырдаалдарда, ар кандай ролдук оюндарда, мугалим тарабынан уюштурулган, бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемаларын талкуулаган топтук-группалык, класстык дисскуссияларда тарбиялануучуга акырындап аңдоо салып жүрүп билүүгө болот. Окуучунун жазуу иштерин, күндөлүгүн, дилбаяндарын, мектеп газетасына жазган эссе, макалаларын талдоо аркылуу көп нерседен маалымат алууга болот. Мындан башка "Инсандык өсүш" ("Личностный рост") деп аталган атайын диагностикалык сурамжылоо (опросник) суроолорун түзүп, ага тарбиялануучудан жооп алуу менен кишидеги өсүү жылыштарын байкашка мүмкүнчүлүк бар. Тарбиялануучудагы нравалык өсүүнү атайын тесттик сыноо менен байкоого болот. Тарбиялануучунун жүрүм-туруму кандай экенин аныктоодо колдонулуучу критерийлерден турган шкалаларды пайдалануу (бул шкалаларды атайын адистер иштеп чыгат) натыйжа берет. Баалоо процессинде нравалык кадамдын (поступка) сырткы натыйжасына гана эмес, ошол жасалган кадамдын, жосундун ички мотивин да эсепке алуу керек. Реалдуу иш - инсанды баалоонун негизги критерийи.
6. Тарбия ишинин финансылык булактары жана иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Мекемелер, уюмдар, министрликтер концепциянын негизинде түзгөн таалим - тарбия иш-чараларынын пландары мамлекеттик бюджеттен жана төмөнкү булактардан каржыланууга тийиш.
1. Мамлекеттик бюджет.
2. Областтык бюджет.
3. Жергиликтүү бюджет.
4. Атайын каражаттар.
5. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу.
6. Коомдук фонддордун каржысы.
8. Гранттык каражаттар.
Концепцияда аныкталган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө, ар түрдүү тармактардагы ишти координациялоо, туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу, коомчулук менен байланышты камсыз кылуу ж.б. иштерди алып баруу үчүн курамы 4-5 адамдан турган туруктуу иштөөчү Аткаруу кеңеши түзүлөт. Ошондой эле ар бир тармакта Концепциянын аткарылышына жооптуу атайын адамдар аныкталат. Аларды каржылоо тийиштүү мамлекеттик уюмдардын ички булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.