Сапар кайрыктары

Америкадан алчу сабактар арбын
(Башталышы гезиттин 9-16-июлдагы сандарында)

Волонтер үй-бүлөлөрдүн мамилеси кыргыздын меймандостугун элестетет
Волонтерлук же кайсы бир коомдук уюмга мүчө болуу бүгүнкү күндө америкалыктардын эң бир кеңири таралган каада-салтына айланып калганын айта кетели. Рынок экономикасына өткөндөн бери ар бир кылган ишке акча сураганга көнүп бараткан бизге муну түшүнүү, чынын айтайын, кыйын болду. Күн сайын бизге эки маал тамак берип, барчу жерибизге менчик машинеси менен жеткирип, кайра белгиленген убакыттан бир минут да кечикпей келип, үйүнө алып барып жатканын көрүп турсак да "Кантип эле ушул америкалык үй-бүлөлөр бизди бекер кабыл алып калсын? Жумушуна болбосо да бизнесине пайдасы тийер", - деп ишенбей турдук. Кийин билсек, волонтерлор кайсы ишти болбосун өз жеке демилгесине ылайык акысыз аткарышат экен. Коомдук жумуштарды кой, офистеги орундарга да алгач волонтер болуп киришип, анан өзүн көрсөткөнүнө жараша туруктуу жумуш ордун табышат. Учурда волонтерлукка америкалыктардын 60%ы текши тартылыптыр. Америкалыктардын жеке өзүнө мүнөздүү болгон бул феноменди бизди кабыл алган үй-бүлөлөрдүн ак-ниет эмгегин көрүп, кеч болсо да түшүнө алдык. Алардын арасында чет элдиктерди далай жылдар өз үйлөрүндө күзөтүп келишкен, бул жооптуу иштин аки-чүкүсүн мыктылап өздөштүргөн, тажрыйба, адамгерчилик жагынан башкаларды алдыга салбаган - Бакыт Рысбеков менен Искендер Садырбаевдердин биринчи тосуп алган үй-бүлөсү - Мэри менен Дейв Давенпорттор, Темирбек Жанадилов менен Бакыт Рысбековдун экинчи меймандос үй-бүлөсү Софэс менен Инга Симонсендер менен бирге, чет жердиктерди кабыл алууга жаңыдан кошулушкан, Миргүл экөөбүздүн америкалык ата-энебиз - Джин менен Пэт Байэктер да бар болчу. Албетте, тажрыйба деген тажрыйба да, ушуну түшүнгөн Джин менен Пэт көп нерсени үйрөнүү үчүн Бакыт менен Искендер агайга кошуп Мэри менен Дейв Давенпортторду конокко чакырышты. Пенсия курагындагы ынтымактуу жубайлардын адамдар менен мамилемешүүдө бай тажрыйбасы бар экенин босого атташканда эле сезе алдык. Анын үстүнө Бакыт менен Темирбек агайлар кой этинен беш бармак жасап ала келишиптир. Баарыбыз жабыла жедик. Өзгөчө Джин менен Пэтке кыргыздын кылым карыткан улуттук тамагы жакты көрүнөт, кайра-кайра кантип жасалат дешип сурап жатышты. Ушул жерде айта кетейин, америкалык үй-бүлөлөрдүн бири да бизден үйүңдө компьютериң, корооңдо джип машинең барбы деп кызыгышкан жок. Кызыгышканы эле улуттук тамагыбыз, каада-салтыбыз, жашоо образыбыз болду. Бишкектен бизди улут катары даңазалаган сувенирлерден ала келгенибиз туура болуптур. Америкалык үй-бүлөлөр аларды кубануу менен кабыл алып жатышты. Конокто болсун, жолдо болсун, ажырашуу кечесинде болсун Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктүсүн", Ашыралы Айталиевдин "Нарындан жазган салам катын" баш кылып жаңырта ырдап жүрдүк. Жаңы ырлардан бирөөсү да ырдалган жок. Арыдан бери токулган, мазмунсуз ырлар чет жерде суу кечпейт экен. Америкалыктардын өздөрү да түбөлүктүү дегендерди баалашарын, убактылуу ата-энелерибиз алып барган классикалык музыка кечелерине катышып байкадык. Музыка адамдарды кайрымдуу, боорукер болууга тарбиялайт эмеспи. Оштогу коогалаң болуп жатканда америкалык үй-бүлөлөрүбүз биз менен бирге катуу кайгырышты. Айрыкча, менин Оштон болорумду билишип, ар бири үмүттүү жакшы сөзүн аяшкан жок. Алаксытайлы дештиби, айтор, байма-бай конокко чакырып турушту. Симонсондордукунда болгонубузда үй ээси ата-энең менен сүйлөшүп ал деп, өз телефонун бергенин кантип унутууга болсун! Ушундай бийик адамгерчилиги менен америкалык ата-энелерибиз бизди өздөрүнө магниттей тартып алды көрүнөт.





Кэрилик Джин жана Пэт Байектердин үйүндөгү унутулгус күндөр
Кэри шаары Түндүк Каролина штатынын борбору Ролиден 15-20 минуталык аралыкта жапжашыл токойдун четинен орун алган. Мында өндүрүш ишканалары, жогорку окуу жайлар, же бери дегенде көзгө урунттуу тарыхый эстеликтер жокко эсе. Бирок, биринен бири кооз эки кабат үйлөр, ызы-чуусуз таптаза көчөлөр, коммунага таандык зор бассейн, көлмөгө катарлаш өскөн сейил багы, жаш жеткинчектерди ар тараптан жетилткен балдар академиясы - кэриликтердин нукура сыймыгы. Бир сөз менен айтканда, чоң шаарда иштеп, кечкисин жеке менчик машинаң менен Кэриге, өз үйүңө жетип келсең, андан өткөн бакыт барбы?! Ошон үчүн жакын ортодогу шаарларда эмгектенгендер бул шаарда үйлүү болууну самашат. Ошентип, бүтүндөй Түндүк Каролинада "уктоочу район" деп таанылган жашыл бактуу Кэриде кесиптешим Миргүл Эсенгулова экөөбүз мурунку аскер адамы Пэт Байектин эки кабат үйүндө жашай баштадык. Үй ээсинин жубайы Джин соода иши менен алектенген компанияда иштеп, кезинде Кытайга чейин барыптыр. Эки кабат чоң тамдын тазалыгы, үй ичиндеги көз жоосун алган жасалгалар Джиндин талыкпас эмгеги десек болот. Үй жумушун аткарууда анын эң биринчи жардамчысы - жолдошу Пэт. Алар бардык ишти чогуу аткарышат. Биздегидей эркеги жумуштан келдим деп, тамак бышкыча, гезитти тиктеп, диванда чалкалап жатып албайт. Тамакты да бирге даярдашып, идишти стол үстүнөн бирге жыйнашат. Муну көрүп Миргүл экөөбүз да эрте кеч чыны-тарелкаларды жыйнап, койгонго көмөктөшүп жүрдүк. Жубайлардын эркелеткени - Сноу аттуу кардай аппак ити. Ага биз бат эле көнүп кеттик. Башкасына көнсөм да, мен үй ичине бут кийимчен киргенге көнбөй койдум. Аппак кавролинди басып экинчи кабаттагы бөлмөмө киргенге дитим барган жок. Машина менен келгенде гараж аркылуу өткөн каалганын алдына чечип коюп жүрдүм. Силерге жалган, мага чын - Түндүк Каролинадагы он сегиз күндүн ичинде бир да жолу бут кийимимди тазалаган жокмун. Аларда көчөдө чаң деген жок экен! Биздикиндей басып баратып оңгосолго какырынган, түкүрүнгөн адамды көрбөйсүң. Алгач барганда чөнтөктөгү кагазды кайда таштаарды билбей кыйналдык. Алар бардык жерде эреже менен жашаганга көнүшүптүр. "Силер мектеп зонасындасыңар" деген белги турса, сегиз катар жолдогу машиналардын баары полиция болсо-болбосо да акырын жүрүшөт. Жолдо бараткан машиналардын бири-биринен аралыгы беш-алты метр. Аларда алдыга оозуп өтүү деген жок. Айдоочулар бири-бирине урматтоо менен мамиле кылышат. Мындай сый-урмат мамиле адамдар ортосунда да байкалып турат. Кэриге окшош кичинекей шаарчаларда тааныса-тааныбаса да саламдашуу адатка айланган. Дүкөндө болсун, кафеге болсун кирип баратып, артыңдагы кишини карабай, кирип кетүү тарбия жоктуктун белгиси катары эсептелинет. Ал жердин эрежеси боюнча өзүңдүн артыңдагылар киргиче, каалганы кармап турууң керек. А бирок, кезекте турганда, бирөөгө жабышып туруу, мен шашылып жаттым эле деп, алдыга жүткүнүү, бирөөнү түртүп кетүү, жол бошотпоо - барып турган наадандык катары эсептелет. Америкалыктардын өздөрү мындайда: "Кечиресиз", "Ырахмат!" деп эле турат. Бизге окшоп жумуштабы, көчөдөбү, башка коомдук жердеби, анысына карабай башкага обу жок кыйкырган, үнүн көтөргөн адамды жолуктарбайсың. Мамилеге алар аябай этият экен. Бир жолу Пэт менен кийим-кечек саткан дүкөнгө барып калдык. Мен ушул жерден атама көйнөк сатып алган болчумун. Үйгө келип карасам, өтө чоң размерин тандап алыпмын. Муну укканда Пэт машинасына мени олтургузуп, жөнөп калды. Көрсө, Америкада дүкөндөрдөн сатып алган буюмдарды 30, 60, кээ бирлеринде 90 күндүн ичинде өткөрүп салса болот экен. Кассада олтурган сатуучу эч бир сөз айтпай туруп акчаны кайтарып берди. Бизде кайсы дүкөндө же базарда жакпай калган буюмдун акчасын бир тыйынын кемитпей кайтарып берет? Өзүңүз жакшылап эстеп көрүңүз…





Жүзгө чукул мамлекетти түрө кыдырган доктор Сари
Тогуз күндөн кийин Миргүл экөөбүздөн башкалар кабыл алуучу үй-бүлөлөрүн алмаштырууга тийиш болчу. Алардын катарында мага да Джин менен Пэттин меймандос үйүн таштап кетүүгө туура келди. Анткени, Бакыт Рысбеков менен Искендер Садырбаевдин экинчи кабыл алуучу үй ээси доктор Саринин кулагы жакшы укпай, эки көзүнүн көрбөгөнү англис тилин билбеген жогорудагы мекендештерибизди чындап чочутту. Ошентип, Бакыттын ордуна мен Сариникине барып калдым. Ачыгын айтсам, Кэриден Роллиге келип, баары даяр үйдөн, жетимиш эки жаштагы карт бойдоктун эки кабат үйүнө көнүгүп кетүү Искендер агай экөөбүзгө бир аз кыйын болду. Эки-үч күн биз аны жактырбай турдук. Үйүндө бардык шарты бар, бирок аял жок. Аял болбогон соң, үйдө жылуулук жок. Эрте мененки чайды да өзүбүз даярдап ичебиз. Кечки тамакка үй ээси кээде короодогу машинасын кошунасына айдатып, кээде чукул арадагы кафеге жөө-жалаң алып барып жүрдү. Бара-бара биз доктор Сарини кошуналары, шаардыктар урматтаарын байкадык. Өзгөчө Сари менен жашташ кошунасы анын адамдык эркине таң каларын айтканы бизге пайдалуу болду. Бу киши элүү жашка караганда көзүнүн көрүүсү начарлай баштаптыр. Ошондо ал дүйнөнү көзү барында көрүп калууга ашыгып, жүздөй мамлекетти түрө кыдырыптыр. Таиланддан алып келген буддисттердин чоң барабаны, перстердин кооз килемдери, түрктөрдүн карапа идиштери, эбегейсиз зор китепканасы, дубалдарда илинген көптөгөн фотосүрөттөр анын миң күндүк саякатынан кабар берип турат. Доктор Сари бүгүнкү күндө да активдүү эмгек менен алек. Анын дүйнөнүн беш мамлекетинде информациялык технологияларга байланышкан бизнеси бар. Үйүнүн биринчи кабаты офис катары. Күнүгө эрте менен үч, түштөн кийин эки жаш улан-кыздар бул жерде баш көтөрбөй эмгектенишет. Чындыгында эле бул кишинин эмгекчилдигине, эркине таң калса болот. Менин англисче билгеним Сариге күтпөгөн окуя болду. "Көп чет жердиктерди өз үйүмдө кабыл алдым. Бирок, алардын арасында англис тилинде эркин сүйлөгөнү болгон жок" - деп жетине албады. Тилди билгениме шылтоолоп бир нече кызыктуу кишилердикине конокко алып барды. Ошолордун ичинен Искендер агай экөөбүзгө тең Дилон мырзанын үйүндө конок болуу эстен кеткис таасир калтырды. Дилон мырза Бишкекте эки жолу болуп, Бишкек-Ош жолу менен Памирге чейин аралап өтүптүр. Учурда ал Орто Азиянын улуу дарыяларынын бири Амур дарыясы тууралуу китеп жазып жатыптыр. Искендер агай "Кочкорго келип кет, кой союп берем" десе, тоолук элдердин каада-салтын ар тараптуу изилдеп жүргөн Дилон мырза "Сөзсүз барам, бирок башынан макулдашып алалы, койдун көзүн же деп кыйнабайсың" деп баарыбызды күлдүрдү.

(Уландысы кийинки санда)

А. Алибеков, "Кутбилим"