"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
п»ї
ТЕХНИКАЛЫК ӨКМӨТ ТҮЗҮЛДҮ
14-июлда Президент Роза Отунбаева техникалык өкмөттүн курамын бекитти. Бул өкмөт парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралганга чейин иштейт.

Техникалык өкмөттө премьер-министрдин төрт орун басары бар. Амангелди Муралиев биринчи вице-премьер-министр, Александр Костюк, Өктөмхан Абдуллаева жана Жантөрө Сатыбалдиев вице-премьер-министр болуп дайындалды.
Жаңы өкмөттө 17 министрлик жана бир мамлекеттик комитет болушу каралган. Президенттин 14-июлдагы жарлыктары менен Сабыржан Абдукаримов саламаттык сактоо министри, Мамашарип Турдукулов айыл чарба министри, Айгүл Рыскулова эмгек жана миграция министри, Садык Шернияз маданият жана маалымат министри, Чоробек Имашев финансы министри кызматына отурушту.
Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов, экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев, билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана башка министрлер ордуларында калышты.
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев кызматынан кетишти. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков дагы шайлоого катышуу жөнүндө ою бар экенин мурда билдирген.
Убактылуу Өкмөттүн маалымат борборунун жетекчиси Фарид Ниязов 15-июлда техникалык өкмөттүн иштөө тартиби жөнүндө ММК өкүлдөрүнө маалымат берди. Анын айтымында, техникалык өкмөт кыска убакытка гана өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалды туруктуу кармоо жана парламенттик шайлоонун өтүшүнө тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында гана түзүлдү. Техникалык өкмөттүн бардык мүчөлөрү саясий партиядагы ишмердиктерин убактылуу токтотууга тийиш.
Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев 14-июлда эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда техникалык өкмөт өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн үч айлык планын иштеп чыгарын билдирди.
"Биздин биринчи кезектеги милдетибиз - атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдин ишенимин кайтарып келүү жана суук түшкөнгө чейин Ош жана Жалал-Абад областтарында үй-жайынан айрылган жашоочуларын үй менен камсыз кылуу болуп саналат",- деди А. Муралиев.

К.ЧЕКИРОВ, "Кутбилим"















??.??