Сабак

Арман ырлары
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында эмгек, ашыктык, мактоо, кордоо, керээз, кошок, айтышуу, учурашуу, коштошуу өңдүү эл ырларынын ичинен жаралышы жагынан арман ыры өзгөчө айырмаланат. Андай айырмачылык арманды жараткан адамдын жаш өзгөчөлүгү ырда ар тараптан даана жалпылаштырылып көрсөтүлгөнүнөн эле билинет. Белгисиз мезгилдерден жаралып бизге жеткен ар кыл арман ырларынын маңыз-мазмуну адамдын жаш жагынан урунттуу үч курагы турмушта кандай болсо, дал ошондой көркөм элестетилип келгендиги менен түшүндүрүлөт.

Кыргыздар тарыхта качан белгилүү болсо, ошол байыркы мезгилдерден баштап эле алардын турмушу мал чарбачылыгына негизделип, узак доордо феодалдык коомдук түзүлүштө жашашкан. Адамдардын жеке жана коомдук турмушу да феодалдык түзүлүшкө жараша бай, кедей аталып, тапка бөлүнүп, ар бири материалдык-маданий жагынан өзгөчө айырмаланган турмушта жашашкандыгы да жалпыга дайын. Жашоонун ошондой өзгөчөлүгү элдин өздөрү чыгарган арман ырларынын аталышынан эле ачык байкалат. "Чалга берген кыздын арманы", "Жаш балага берген кыздын арманы", "Жокчулук", "Койчулардын арманы" өңдүү ырлар мына ошондой өзгөчөлүктү чагылдырып, аны түбөлүккө сактап келген чыгармалардан. Андай болуштун башкы себеби элдин басымдуу көпчүлүгүн кедей-кембагалдар түзгөндүгүндө. Кыргыз коомчулугунда элдин өз түшүнүгү менен айтканда бай-манаптар бир ууч тап аталып келгендиктен жогоруда аталган оозеки чыгармалардын түрлөрүндө, арыкча эмгек, арман ырларында алардын турмушу дээрлик чагылдырылбагандыгында.
Сөзгө алынып жаткан кыздардын арманындай кайгылуу ырды бай-манаптын кыздары өкүнүп-өксүп, сыздап чыгармак турсун ойлоп да койбогон, үч уктаса түшүнө да кирбеген. Алардын кыздары кудалашуу салты, ата-энесинин каалоосу менен күйөөгө берилген. Кедей-кембагалдардын кыздары сыяктуу алардын бийкечтери тезек терип, куурай оргон, эрте жаздан кеч күзгө чейин козу, музоо, короо кайтарган өңдүү жумуштарды да жасашпаган. Бай-манаптардын андай жумуштарын саанчы болуп сүт ичкен кедей-кембагалдардын кыздары жасоого милдеттүү болушкан. Анда "Акыйнек", "Бекбекей" өңдүү ырларды кыргыздын кедей-кембагалдарынын эмгекчил кыздары жараткан алгачкы ырлардын үлгүсү аталып, өзгөчө бааланууга татыктуу чыгармалар болгондугу менен айырмаланат.
Арман ырын адегенде кыз чыгарып, кыргыздын кедей-кембагалдарынын кыздарынын ыры аталганына "Чалга берген кыздын арманынан" мисал келтирсем айтылган ойлор ачык-айкындаштырылып далилденет.
Күңгөйдүн күнү баткан жок,
Күйөөдөн мага айткан жок.
Тескейдин күнү баткан жок,
Теңтуштан мага айткан жок.
Алтымыш жашта аксакал,
Чалга кетип баратам,
Атам сатып башымды,
Малга кетип баратам.
Башы кара, буту айры,
Жанга кетип баратам.
Убалга атам карабай,
Балам деп мени санабай.
Кудурет мени кыз кылды,
Куураган чалга туш кылды.
Советтик түзүлүшкө чейин кыргыздар кызды он, он эки, он үч жашынан эле күйөөгө бере беришкен. Он беш, он алты жашка чыкканга чейин күйөөгө чыкпаса, андай кыздарды эл кара далы кыз деп да аташкан. Алынган ырдын маңыз-мазмуну кара далы атала электе эле атасы атайы малга сатканы турмуштагыдай ырга кошулган. Кыздын атасы кедей болсо жаш кызын мал үчүн карыган чалга күйөөгө бергени феодалдык коомдо турмушта болуп келген, боло да берген кадыресе көрүнүшкө айланган.
Кыргыздын эл ырларынын өзгөчө жанры эсептелген "Акыйнек" менен "Бекбекейдин" жаралышына бай-манаптардын кыздарынын катышпай калышынын себебине да кайрылып, аны таанып-билүүгө да аракет жасап көрөйүнчү. Барып-келип ал кыргыз элинин феодалдык коомдук түзүлүштө жашашы аялдардын эркектер менен бирдей тең укукка ээ эместиги менен бекем байланышып, анын өкүм сүргөндүгүндө. Анткени бай-манаптар мал мүлкүнө, байлыгына чиренип экиден, үч-төрттөн аял алууга чейин барышып, феодалдык коомдун мамилесин, өтө орой жорук-жосунун үй-бүлөдө да бекем кармалгандыгы менен түшүндүрүлөт. Бай-манаптардын андай аялдары канча болсо, ошого жараша эрегишип, тиреше жашагандыктан, аларды эл баланчанын күнү катындары деп өзүнчө атап да коюшкан. Андай аялдардын тукумунда да күнү катындын балдары деген аталыш да ырааттуу айтыла берген. Үй-бүлөдө да, коомдук турмушта да күнү катындардын эрегишип жашоосу менен ар кыл мамилелери да кадимкидей улантылган. Сөздүн кыскасы кедей-кембагалдардын кыздары жасаган ар кыл жумуштарды бай-манаптардын бийкечтери жасабай, үйдөгү аялдар жасаган кол өнөрчүлүк иши менен алпурушуп, үлпүлдөп өсүшкөн.
Аялдарга жасалган мындай катаал мамиле кыргыздар ислам динин кабыл алууга өтө баштаганда анын ишенимдери менен да күчөтүлүп, алардын эркектер менен тең-тайлашкан укугу ого бетер басмырланган. Элдин кедей-кембагал, бай-манап болуп тапка жиктелиши күчөп, жакыр турмушта жашагандар мезгил өткөн сайын көбөйүп, басымдуулук кылган. Бай-манаптар барган сайын өзүнчө өзгөчөлөнүп жашоого ыңгайлашып, алардын аялдары менен кыздарынын турмушунан да айырмачылыктар бар экендиги да ачык билине баштайт. Андай айырмачылык алардын эмгектенүүсүнөн, ага жасаган мамилесинен эле ачык байкалат. Бай-манаптардын кыздары тезек терип, куурай өргөн, козу, музоо, короо кайтарган өңдүү жумуштарды жасоого катышпагандыгы алардын эмгектенүүнүн андай түрлөрүнөн кабары дээрлик жоктугун, өзгөчөлөнүп жашаганын гана билдирет. Акыры мындай жашоо кыздын атасын тектүү да, оокаттуу да адам менен кудалаштырып, анын жашынан сөзгө, көзөмөлгө алынышына да кабылтат. Эмгектенүүдөн жаралган ырларга бай-манаптардын кыздарынын катышпай калышы кыргыз коомчулугундагы таптык жиктелүүнүн натыйжасы, анын мөмөсү экендиги менен аныкталат.
Арман ырынын дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү адамдын курагы жагынан жаш кезинде жаралганы негизинен кыздардын өздөрүнүн теңтушуна жетпеген өксүгөн кайгылуу турмушун кеңири көрсөткөндүгү менен өзгөчөлөнөт. "Чалга берген кыздын арманы", "Жаш балага берген кыздын арманы", "Насыяга кеткен кыздын арманы", "Ойдай" өңдүү ырлар менен ошондой жаш кыздардын муңкана сыздаганын чагылдырган чыгармалардан.
Эл бийлеген билермандар бийликтин күчү менен өзү карыса да жаш кыздарды зордоп алган учурлар да кыргыздын тарыхында болуп да келген. Ага кадимки Жантайдын кедейдин кызы Акмөөрдү зордоп алганы жөнүндө мына мындай арман ыры жаралып, элде түбөлүккө айтылып да калган.
Кең-Колдун башы тал менен
Кербендер өтөт мал менен.
Кейиште кетип баратам,
Кемшейген Жантай чал менен.
Соң Көлдүн башы тал менен
Соодагер өтөт мал менен.
Солкулдап ыйлап баратам
Соолгон Жантай чал менен
деп кыздын көз жашын куюлта сыздаганы кечээки эле XIX кылымда болгон Акмөөрдүн кайгылуу ыры армандын классикалык үлгүсү болуп саналат.
Кедей-кембагалдардын жетим кыздары калыңга саткан зордукчул билерман манаптарда чыккан. 1911-жылы Кетмен-Төбөдө 13 жашар жетим Акберметти айтылуу Керимбайга окшогон манаптар улам бири байга калыңга сатып, өздөрү каалагандай кызды басмырлаша кордогон. Акбермет 25 жашка чыкканда 65 жаштагы таластык чалга сатылганын 1923-жылы жыйноочу К.Мифтаковго сай-сөөгү сыздаганын муңкана айтып берген. Ошондон баштап, "Акберметтин арманы" мурда оозеки айтылып келсе, жазылган түрү менен элге тарап кеткен.
Адамдын жаш кезинде көргөн азап-тозогу, жашоодо ар кыл кыйноого чырмала тушукканы "Кордукту тарттым жашымдан курсагымдын ачынан" - деп "Койчулардын арманында" абдан таасын ырдалган. Армандан үзүндү келтирсем койчунун көргөн кордугу ар тараптан жасалганы муңкана зарлап, көз жашын көлдөтө ыйлоого чейин барганы да турмуштагыдай көз алдыңа элестейт.
Чарыгым буттан суурулуп,
Чарчадым таман туурулуп.
Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү?
Эшикке жатсам, эчки капыр тебелейт,
Үйгө жатсам, байбиче капыр жемелейт,
Тезек тер деп кап берет,
Үйгө кирсем көсөө менен тап берет.
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында арман ырынын жаралышы адамдын жашынын курагына жараша анын экинчи мезгилинде деп айтууга да мүмкүндүк бергендигин өзүнчө белгилеп койсок да болчудай. "Манас" эпосунда жылкысы эле "тоодагы жылкы тогуз сан" (бир сан он миң апыртуу да бар деги) болуп, байлыгы ашып-ташыса да Жакыптын балалыгы жоктугуна зарлап сай сөөгүнүн сыздашы эпостун башталышы арман ырынын адамдын бир өзгөчө мерчемдүү курагында жаралып келгендигинен да ачык-айкын кабар берет. Андай курактын экинчиси адамдын эр ортону элүү жаш дегендей, ошол жаштын ары-бери жагы экендигинен билинет. Акын-ырчыларда баласы жоктугуна күйүгө кайгырган арман ырларын элүү жаш курагында чыгарышкан.
Арман ырларынын жаралышы жар чакыруу, айтышуу, учурашуу, коштошуу, жоктоо, кордоо, керээз, акыйнек өңдүү эл ырлары менен бирге "Манас" эпосу менен киндиктеш чыгармалардын өтө байыркы түрү. Аталган жанрлар "Манас" эпосунун жаралып, анын калыптанышына ар бири өзүнүн үлүшүн кошушкандыгы "Кыргыз адабиятынын тарыхынан" (3-44-беттер, 1980) деген жыйнакка кирген "Манас" эпосун биринчи айтуучулар" - аттуу изилдөөдө териштирилген. Эпостун ири темасынын бири Алмамбеттин окуясынын өтө кайгылуу жери" Алмамбеттин арманы" делип да өзүнчө айтылат. Арман ыры өйдөдө эскерилген кыргыздын оозеки чыгармачылыгында да ырааттуу айтылган адабий жанрлар менен бирге, алардын жаралышы "Манас" эпосу менен мезгилдеш, тактап айтканда, б.з.ч. биринчи миң жылдыкта чыккан чыгармалар катары эсептелет.
Мындай өзгөчөлүк кыргыздар тарыхта качан белгилүү болсо, ошол мезгилдерде алар оозеки чыгармачылыктын ар кыл түрлөрүн жаратышып, өнүктүрө сактап келген байыркы элдердин бири болгондугунда. Адамдын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташа жаралган чыгарманын бири - карылык арман ыры. Адам канчалык узак жашап, алтымыштан ашкандан кийин "жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курбусунан айрылат" болуп, үй-бүлөлүк коомдук турмуштан да курдаштары четинен түбөлүктүү тиги дүйнөгө бастыра беришип, жалгыздап калганда өткөндөгү жашоосу менен учурдагы абалын салыштыра келип, карылык арман ырын чыгарууга чейин барышкан. Ыр канчалык кайгылуу айтылса да жашоонун мыйзам ченемдигине ынанып, аны түшүнө билүүгө ойлонткон.
Кедей-кембагалдардын турмушундагы ар кыл кемчиликтерди, бактысыздыктарды, максат тилегине жетпегендиктерди өкүнүп-өксүү менен билдирген чыгарма арман ыры деп аталат. Ушундай өзгөчөлүгү менен арман ыры кандай кырдаалда, кантип жаралса, ошо замат жалпы элге кеңири тарап, жатка айтылып кеткен.
Арман ырынын өйдөдө аталган эл ырларынын жанрлары менен болгон байланышына да бир мисал келтирейин. Кыргыздын бугу уруусун орустар менен байланыштырып, акыры каратып берген Боромбай өлөрүн билип, элине калтырган керээзинде "тааныш кылдым орусту, дайындуу кылдым конушту, акыры журтум силерге орус болор корукчу!" - деп өзүнүн элине жасаган ишин эскере келип, дагы жасай албаган башкы максаты да жүзөгө ашпай калганына мына минтип өкүнө арманын ачык айтып калууга үлгүргөн.
Белимден кетти дарманым,
Орус, кытай, эки журт,
Чогулуп атка мингенин,
Чогуу жыйын кылганын,
Бет алышып келгенин,
Чек араны бөлгөнүн.
Бир көрбөдүм арманым!
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгын изилдеген М.И.Богданова, С.Закиров, М.Түлөгабылов өңдүү окумуштуулар арман ырларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, чыгышын ачып берүүнүн ордуна, алардын мазмунуна, ыр түзүлүшүнө ой жүгүртүү менен чектелишкен.

М.Мамыров


Кедей-кембагалдардын жетим кыздары калыңга саткан зордукчул билерман манаптарда чыккан. 1911-жылы Кетмен-Төбөдө 13 жашар жетим Акберметти айтылуу Керимбайга окшогон манаптар улам бири байга калыңга сатып, өздөрү каалагандай кызды басмырлаша кордогон. Акбермет 25 жашка чыкканда 65 жаштагы таластык чалга сатылганын 1923-жылы жыйноочу К.Мифтаковго сай-сөөгү сыздаганын муңкана айтып берген. Ошондон баштап, "Акберметтин арманы" мурда оозеки айтылып келсе, жазылган түрү менен элге тарап кеткен.