Сыйлык - сыймык

СЫЙЛЫКТАР ЖАҢЫ ИЙГИЛИКТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРАТ
Салидин Калдыбаев, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жалпы жамааты үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Европалык Бизнес Ассамблеясынын Номинациялык Комитети тарабынан биздин окуу жай "Европалык сапат" ("European Quality") Эл аралык сыйлыгынын лауреаты болуп таанылгандыгы тууралуу куттуктоо кат келди. Бул катта Номинациялык Комитет С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жалпы жамаатын жогорку статустагы сыйлыкка ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктоо менен, бул сыйлыктын тиешелүү символикасын, атрибуттарын рекламалык максатта колдонууга укук берилгендигин маалымдайт. "Бул сыйлыктын берилиши, - деп айтылат куттуктоодо, - сиздердин университетте жолго коюлган билим берүү системасынын Европалык окуу жайларынын үлгүлүү окуу процессинен кем калышпай тургандыгын, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын профессионалдуулук деңгээлинин жогору экендигин, жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн сапаттуулугун жана эл аралык программаларды жайылтуу боюнча жигердүү иш-аракеттериңерди тастыктайт". Европалык Бизнес Ассамблеясынын Номинациялык Комитети бүткүл дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү мекемелердин, ишканалардын жана ошондой эле жогорку окуу жайларынын ич ара жана эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерине көзөмөл жүргүзүп турат. Аталган эл аралык сыйлык биздин университетке 2010-жылдын 3-июнунда Мальта республикасынын Сент-Джулианс шаарында тапшырылды.

Ушул эле жылдын май айында "XXI кылымдын лидерлери" программасынын алкагында Өнөр жай кызматкерлеринин, ишкерлердин, бизнес жана илим лидерлеринин Эл аралык Конгресси биздин университетти "Миң жылдык" эл аралык сыйлыгына көрсөткөндүгү маалымдалды. Бул сыйлык биздин университеттин профессионалдык чөйрөдө алдыңкы заманбап технологияларды өздөштүргөндүгү жана аларды эффективдүү пайдалануусунун натыйжасы деп берилип олтурат. Ушул эле жолдомо катта университеттин мурдагы ректору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Алмазбек Акматалиев азыркы коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жогорку профессионалдык жетишкендиги үчүн "Улуттун интеллекти" аттуу эл аралык сыйлыкка ээ болгондугу тууралуу да айтылган.
500-800 жылдык тажрыйбасы бар Европа жана Америка өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына караганда, 60-80 жылдык тажрыйбасы бар Кыргызстандын жогорку окуу жайларына караганда, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети салыштырмалуу өтө жаш жогорку окуу жай. Демек, биздин университеттин мындай сыйлыктары чоң жетишкендик экендиги анык.
Эң алгач белгилей кетүүчү нерсе, мындай сыйлыктар С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине оңой-олтоң келген жок. Бул сыйлыктарды жеңип алуу үчүн бүткүл эмгек, студенттик жамааттын жигердүү аракеттери өбөлгө түздү десек болот. Нарын облусу алыскы тоолуу, шарты катаал, өнүккөн инфраструктурага ээ эмес, дотациядагы региондо жайгашкан. Мындай катаал шарттар университеттин турмушуна да өз таасирин тийгизбей койбойт. Борбордук жогорку окуу жайларындай мобилдүүлүктү камсыз кылуу университет үчүн кыйынчылыкка турат. Бирок, ошого карабастан, Нарын мамлекеттик университети дүйнөлүк билим берүү системасында болуп жаткан жаңыланууларды өз тажрыйбасына жайылтуу максатына тынбай умтулуп келет. 2005-жылга чейин НМУ сандык өсүш жолунда болуп, бул жылдары курс жогорулаган сайын студенттердин жана мугалимдердин саны, окуу корпустарынын, аны менен бирге окуу аянттарынын саны көбөйдү.
2005-жылдан баштап НМУда сапаттык өсүш жолуна түшүү башкы багыт катары кабыл алынды. Ушул жылы окуу процессинин абалын аныктоо, студенттердин билим деңгээлдерине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү максатында НМУда билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү борбору ачылган. Борбордун иш-аракеттеринин негизинде ар бир предмет боюнча тесттик тапшырмалар, компьютердик тесттин инструменталдык системасы түзүлүп, ал аркылуу окуу предметтеринин түйүндүү түшүнүктөрү боюнча студенттердин билим деңгээлдерине мониторинг жүргүзүлүп турган. Мониторингде ар бир студенттин окуу предметинин түшүнүктөрүн өздөштүрүшү боюнча визуалдык формадагы проценттик диаграмма чыгарылып турду. Мониторингдин жыйынтыгы менен студенттик группанын жана мугалимдин катышуусунда ар бир түйүндүү түшүнүктүн өздөштүрүлүшү боюнча талкуу уюштурулган. Бул ыкма ар бир студенттин окуу предметин өздөштүрүүгө карата ынтызарлыгын ойготуп, анын сапаттуу билим алуусуна түрткү берген.
2006-жылы Борбордук Азиядагы Евразия фондусунун "Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнүн сапатын арттырууга жана ачык-айкындыкка жардам көрсөтүү" программасы жарыяланып, ага Нарын мамлекеттик университети менен кошо Кыргызстандын 8 жогорку окуу жайы катышкан. Бул программанын алкагында финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, экономика жана башкаруу, мекеменин менеджменти, маалыматтык системалар жана технологиялар, программалык камсыздоо жана юриспруденция адистиктери боюнча билим берүүнүн сапатына изилдөө жүргүзүлүп, Нарын мамлекеттик университети маалыматтык системалар жана технологиялар жана программалык камсыздоо адистиктери боюнча 8 жогорку окуу жайынын ичинен 1-2-орунду, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиктери боюнча 3-4-орунду камсыз кылышкан. Эл аралык деңгээлдеги фонддун жүргүзгөн иликтөөсүнөн кийин биздин университетте Кыргызстандын алдыңкы окуу жайлары менен ат салыша тургандай кудуретибиз бар экендигине ишеним пайда болду.
Билим берүүнүн сапатын арттыруу боюнча илимий-методикалык эмгектерди талдоонун, ар кандай деңгээлдеги семинарларга катышуунун натыйжасы негиздүү деп эсептелген үч маселени чечүүгө көңүл бурууну шарттады: мугалимдердин профессионалдык деңгээлин көтөрүү, анын негизинде студенттердин сапаттуу билим алуусуна жетишүү; университетте илимий иштерди күчөтүү; университеттин материалдык техникалык базасын чыңдоо.
Чет элдик билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланыш түзүү, аларда топтолгон тажрыбаларды үйрөнүү жана университеттин окуу процессинде кенен жайылтуу жакшы натыйжа бере алды. Мугалимдерибиз Германиялык DAAD программасы, EdNet Ассоциациясы, Евразия, Сорос-Кыргызстан фонддору тарабынан уюштурулган эл аралык семинарларга катышып, алынган жыйынтыктар университеттин окуу процессинде активдүү колдонула баштаган. Чет элдик адистерди, профессорлорду жана Тынчтык Корпусу аркылуу волонтерлорду университетке чакыруу маселеси колго алына баштады. Волонтерлордун Америка Кошмо Штаттарынан, профессорлордун Кытай Эл Республикасынан, Кореядан келип сабак өтүүсү биздин мугалимдерибиз менен методикалык жактан баарлашууга, алардын инновациялык ыкмаларын үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзө алды. Ушул жылдары эл аралык программаларга катышуу эң бир приоритеттүү багыт катары эсептелди. Азыркы күндө 2 кызматкерибиз Фулбрайт программасынын, 1 кызматкерибиз Э.Маски программасынын, 16 кызматкерибиз Эрасмус-Мундус программасынын стипендиаттары, 8 волонтер университетибизде эмгектенип жатышат. Ошондой эле чет элдик донорлор менен биргелешип уюштурулган Америка борбору, корей тили, немец тили, кытай тили, кыргыз тили жана түрк тили борборлору азыркы күндө толук кандуу иштеп жатышат. Мындай карым-катнаштын натыйжасында биз университетибиз үчүн маанилүү тажрыйбага ээ болдук, студенттердин өз алдынча билим алуусуна негизги басым жасоо, аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү бүгүнкү күндөгү профессионалдык билим берүүнүн негизги максаттарынын бири экендигине ынандык. Анткени студент өз аракети менен билим алып, алган билимин практикада колдоно билген учурда гана анын билими жугумдуу болот. Ушул багытта ар бир окуу предмети боюнча өз алдынча иштер түзүлүп чыкты. Буга карата бир канчалаган семинарлар уюштурулуп, мугалимдер портфолио, кейс-тапшырмаларды түзүү методикасын үйрөнүп чыгышты.
Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу боюнча мугалимдер арасында, эң жакшы аткарылган өз алдынча иштери боюнча студенттер арасында конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланып турду. Окутуунун инновациялык ыкмаларын үйрөнүү, аларды күнүмдүк сабактарда колдонуу маселеси дагы колго алына баштады. 2007-жылы уюшулган Профессионалдык өнүгүү борбору ушул маселени чечүүнүн аракетинде болду. Жыл сайын "EdNet" Ассоциациясынан адистер чакырылып, 70тен ашык мугалимдерибиз тиешелүү билимдерге ээ болушту. 2010-жылдын февраль айында 23 мугалимибиз "Тренерлер үчүн тренинг" семинарына катышып, "Тренер" сертификатына ээ болушту. Бүгүнкү күндө бул мугалимдерибиз Кыргызстандын университеттери үчүн инновациялык багыттагы семинарларды өтүүгө, практикалык жана методикалык жактан жардам берүүгө даяр.
Окутуунун сапатын арттыруу максатында силлабустардын кеңейтилген варианты - электрондук окуу-методикалык комплекстер түзүлө баштады. Азыркы күндө биздин мугалимдерибиздин электрондук окуу методикалык комплекстери бардык жогорку окуу жайларда эмгектенген мугалимдердин кызыгуусун туудуруп жатат. Жакында эле "EdNet" Ассоциациясы тарабынан уюштурулган республикалык конкурска 7 мугалимибиз катышып, алтоосу диплом менен сыйланды, 1 мугалимибиз баш байгени жеңип алды.
Окуу жайында коррупцияга жол бербөө максатында модулдук-рейтингдик система киргизилген. Акыркы жылдарда уюштурулган офис-регистратор коррупцияга бөгөт болуп берүүдө. Модулдун, экзамендик сессиянын жүрүшүнө, анын жыйынтыгынын объективдүү болушуна ушул офис-регистратор көзөмөлдүк кылат. Бул жерден ар бир студенттин, группанын, курстун жана факультеттин рейтингдери аныкталып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Быйылкы жылы Нарын шаарынын мэриясы тарабынан рейтинги жогору болгон 1-курстун студенти Исмаилов Ырысбек ноутбук менен сыйланды.
Студенттерибиз да ар кандай деңгээлдеги маданий иш-чараларга жана спорттук мелдештерге үзбөй катышып келишет. Жыл сайын 2ден студентибиз Президенттик "Үмүт" стипендиясына ээ болуп келүүдө. Агрардык-техникалык факультеттин 2-курсунун студенти Адылова Айзада дзюдо боюнча Азия оюнунда 2-орунду жеңип алды. "Тамашоу" лигасынын 2009-2010-жылкы сезонунда биздин университеттин "Саяктар" командасы баш байгени жеңип алып, чемпиондук наамга татыктуу болушту.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу маселеси менен тыгыз байланышкан. Бул максатта университетте "EdNet" Ассоциациясынын каржылоосу менен карьера борбору ачылган. Азыркы күндө карьера борбору тарабынан студенттерди иш менен камсыз кылуу, бүтүрүүчүлөргө кызмат орундарын таап берүү, жумуш берүүчүлөр менен дайыма байланышта болуу жана алардын мүдөөлөрүнө ылайык окуу процессинде тиешелүү атайын предметтерди тандоо курсу катары сунуштоо маселелери чечилүүдө.
Албетте, Нарын мамлекеттик университетинин бул сыйлыктары, жетишкендиктери университетибиздин жамаатын мындан ары да жаш муундарды татыктуу тарбиялоого, кийинки ийгиликтерге жетишүүгө шыктандырат. "Даңкка жараша жүк" демекчи, жамаатыбыз билим берүү багытынан да, илимий-методикалык изилдөөлөр жаатынан да университетти Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайына айландырууга бүт күч-аракеттерин жумшайт деген чоң ишеним бар.