presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Каникул

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮ ЖАРАЛАНБАСЫН
Ош жергесиндеги алоологон жаңжал оту басаңдап, эл бүлүнгөндү жыйнап, бөлүнгөндү бириктирип дегендей, кадыресе турмуш кайнап, саратандуу жай өз өкүмүн жүргүзүүдө. Жай мезгили балдардын эс алуу учуру болгондуктан, биз биринчи кезекте кандуу кагылыштын эрксиз туткуну болгон бөбөктөрүбүздүн каникулу үзгүлтүккө учурабай, көңүлдүү өтүшүнө кам көрүүбүз абзел. Мына ушундай максатта түштүк жергесинен балдарды ташыган учактар борборго байма-бай каттап, аларды эс алуучу жайларга жайгаштыруу иштери уланууда. Коогалаң болгон аймактардан учурда 505 бала жана аларды коштоп келген 19 тарбиячы Бишкектеги жатак мектептерде жайгаштырылган. Көл кылаасында эс алуу кезегин күткөн дагы 300дөй бала бар.
Бишкек шаарындагы жатак-мектептерге жайгашкан балдарга жолугуп, алардын ал-акыбалын сурап, кээ бирлерин кепке тарттык. Алардын айтымында Ош жергесинен балдардын келишкенин уккан спонсорлор да колдон келген жардамдарын көрсөтүшүүдө. Алсак, бул жакка келип түшкөн балдардын чачтарын бекер кырктырышып, жүз аарчы, самын, тиш щетка, тиш жуугуч сыяктуу өздүк гигиена буюмдарын таратып беришти. Белгилүү "Сейтек" борборунун жаш артисттери концерт коюшуп, курбуларынын маанайларын көтөрүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө. Балдар үчүн жаш курактарына жараша оюн-зоок программалары уюштурулуп жатат.

Балдарды коштоп келген мугалимдердин бири Элмира Шаршеналиева 20 жылдан ашык убакыттан бери Ош шаарындагы № 42 орто мектептин окуучуларына орус тили жана адабияты сабагын окутат. Ал болгон окуя тууралуу бизге буларды айтып берди:
- Азыркы максат - согуш оту алоолонгон очоктордон балдарды тез арада алып чыгып, аларды психологиялык жактан реабилитациялоо. Биз Бишкектеги бул жатак-мектепке кечээ келип түштүк. Биздин угушубузча балдар бул жакта 2-3 күн болуп, андан соң көл кылаасына барып эс алышат. Бир партия менен 167 баланы алып келдик. Алардын жаш курагы 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар. Кудайга шүгүр, бул балдар кандуу коогалаңды жакындан көрүшкөн жок, негизинен шаардын четиндеги кичи райондордо жашаган балдар-кыздар. Ошондой болсо да согуш алааматын көрүп, кечээ эле коюн-колтук алышып, балдары менен чогуу ойноп жүрүшкөн эл менен душмандай кан төгүшкөн көрүнүшкө эрксиз күбө болушту. Балдар бул жакка келип түшөөрү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын врачтар келишип, балдардын жалпы абалын текшерүүдөн өткөрүштү. Бала деген бала эмеспи, алардын абалына көзөмөл жүргүзүү оңой. Тигил жакта да өспүрүм балдарды көчөгө чыгарбай, катуу кайтарууда болушту. Биз да үйдөн чыкпай, терезеге жакын барбай жакабызды карманып отурууга аргасыз болдук.
Мен өзүм да Ош шаарынын чет жагындагы Батыш кичи районунда жашагандыктан коогалаң тууралуу эртең менен уктум. Биздин үйдө өзбек улутундагы үч үй-бүлө бар, биз аларды бекитип, кошуналык милдетибизди аткарып, азык-түлүк ташып, алар үчүн коопсуз абал түзүүгө аракеттендик. Мындай камкордук көрүшкөн өзбектердин арасында да болду. Бирок кан төгүлгөн кыйын экен, адамдар бул окуяны көпкө чейин эстеринен чыгара алышпайт болуш керек. Согуш оту тутанганда артынан жамандык гана келет экен, бир жагынан кан төгүлүп жатса, бир жагынан мародерлук кылып жатышкандыгына күбө болдук.
Улут аралык чагымчылар кыйла жыл улагалаш жашаган кошуналардын ортосуна от жагып, адам өлтүрүп, кан жуткуруп кайгыга салышты, алар кудай алдында өз жазаларын алышат деп ишенем.

Өзүн Эшенкулова Эдельвейс Үсөналиевна деп тааныштырган дагы бир тарбиячынын айтуусунда, согуш очогунда калган үй-бүлөлөр үй-жай, кийим-кечелерден башка дагы окуу куралдарын алууга, документтерди калыбына келтирүүгө муктаж.
- Согуш оту алоолонгон очоктордон коопсуз жайга чыгып кетүү үчүн жазылып, анан чыгууга мажбур болуп жаттык. Азыр ал апаат күндөрдү унутууга далалаттанып жатабыз. Бирок жүрөгүбүз канап, жүзүбүздө кайгы турат. Кечээ эле чогуу жүргөн жакындарыбызды, тааныштарыбызды жоготтук. Биз фашизм менен бетме-бет кездешкендей болдук.
Эми 10-15 күн болсо да башка жакка барып балдарды эс алдырып келүү демилгеси көтөрүлгөнү абдан жакшы болду. Балдар1-2 ай эс алышса, келе жаткан жаңы окуу жылында мурдагыдан да артык күч жумшап, жаңы окуу жылына даярданууга туура келет. Анткени жаңжал чыккан жерлерди өрт жалыны коштоп, баардыгы күйүп кетти. Үй-жай, кийим-кече, тамак-аштан сырткары жаңы окуу жылына карата окуу китептерин, ж.б,.тиешелүү документтерди калыбына келтирүү талап кылынат.

Темирлан, 16 жашта, Оштогу № 14 мектептин окуучусу:
- Мен Оштун Батыш кичи районунда жашайм. Бул жакка бир тууган иним менен келдим. Биз 10-июнда үйдө элек. Эки тарап согушуп жатыптыр деп, түндөсү тааныштардан уктук. Биз ата-энелерибиздин кароосунда болуп, эч жакка чыккан жокпуз. Бирок ар тараптан ок атуулар чыгып жаткандыгын угуп жаттык. Бир жагында согуш болуп, адамдар өлтүрүлүп жатса, бир жагында талоончулук болуп жатканына кейидик.
Биз мурда теңтуш балдар арасында район-район болуп бөлүнүп, мушташып кетчүбүз. Эми билдик, согуш кандай жаман экенин. Мындан ары согушпаганга аракеттенебиз. Бул күндөрү көп эле нерсени түшүнгөндөй болдук. Эң негизгиси - апалар, бөбөктөр ыйлашпасын, жергебизде тынчтык болсун.
13 жаштагы Айжамал Мырзакматова, № 27 мектептин окуучусу. Каргылданып чыккан үнүнөн али да болсо болуп өткөн окуянын таасири балапан жүрөгүнөн кете электигин баамдоого болот.
- Бул жаман окуяны апамдан уктум. Үй-бүлөбүз менен баарыбыз чогулуп, кудайдан тынчтык, аманчылык болушун тилеп жаттык. Туш тараптан ок атышуулар болуп, өрттөнүп жатты. Тамакка жетпей ачкачылык да болду. Азык-түлүк кымбаттап кетиптир деп жатышты апамдар. Согуш аябай жаман экен - дейт Айжамал.

Сөз соңунда:
Мугалим Элмира Шаршеналиеванын айтуусунда кечээ жакында өткөн референдум тынч өткөнүн калайык калк жакшы жышаан катары кабыл алды. Жаңы Өкмөт мугалимдердин 2007-жылдын компенсациясын, өргүү акчаларын өз маалында таратуу тууралуу убадасын аткарып, биякка келээрдин алдында колдоруна таратканы да кубанычтуу кабарлардан болду. Мугалимдер август айында кайра мектепке чыгышып, бүтпөй калган мектептеги ремонт иштерин аякташат. Окуучулар алдыда дагы эки ай эс алышса, мугалимдер бир айда эс алып да, турмуш-тиричилик иштерин да бүткөргөнгө үлгүрүп калуулары керек. Түштүк жергесинин мугалимдеринин арасында (башка жердегилер деле) эс алуучу жайларга путевка алып, эс алып келгендери чанда кездешет. Таңдан кечке жүрүп мектептен тапканын үй-бүлөсүнүн жыртык-тешигине жеткирип-жеткирбей күн кечирип келген алар үчүн деле жылына бир жолу эс алууга атайын шарттарды түзүп беришсе жакшы эле болмок. Атпай журтту "а" тамгасына үйрөткөн агартуучулар акыры эмгегине жараша өз бааларын алаар бекенбиз деген үзүлбөгөн үмүт-тилегин азыр жаңы бийликке артып турушканын билдиришти.

Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим"







"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
2-июль, 2010-ж.:
1-бет
Референдум:
Кыргызстан укуктук жолго кайтып келди
2-бет
Коллегия чечимдери
3-бет
БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮ ЖАРАЛАНБАСЫН
4-бет
Кандуу тополоңдо жабыр тарткан мугалимдер жардамга муктаж
5-бет
АБИТУРИЕНТ, ЧАМДА, КЕЛЕЧЕГИҢЕ ЖОЛ ТАНДА!
6-бет
Интеграция
7-бет
Проблема
8-бет
Тил-сабак
9-бет
Бардык башаттын булагы - мугалим
10-бет
Окутуу жана тарбиялоо процессиндеги социалдык-педагогикалык кубулуштардын мааниси
11-бет
ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ОЙ
12-бет
Сабак - поэзия
14-бет
Абитуриент - 2010
15-бет
Объявления
16-бет
Танапис





??.??