presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Коллегия чечимдери
1-2-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги коллегиясы өтүп, анда отузга жакын маселе каралды.
Алгач Кыргыз билим берүү академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунун 2008-2009-окуу жылында жасаган иштери боюнча борбордун директору Б.Кособаева отчет берди. Отчетто борбордун жасаган иштери, ийгиликтери, кемчиликтери тууралуу кенен айтылгандан соң, коллегия мүчөлөрү бул багыттагы көптөгөн суроолорду беришти. Аларды кызыктырган негизги маселе буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын бул борбордон кесиптик чеберчилигин жогорулатпай келгендиги болду. Бул суроого Б.Кособаева ушул окуу жылынан баштап мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары дагы кесиптик чеберчилигин жогорулата алаарын билдирди.
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В.Нифадьев Кыргыз билим берүү академиясын биргелешип иштөөгө чакырды. Анткени мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн бул окуу жайда эң жогорку шарттар түзүлгөн.
Жалпысынан коллегия мүчөлөрү тарабынан бул борбордун иши канааттандырарлык деп табылды.
Андан соң Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын Болон процессинин негизинде эки баскычка: бакалавр, магистрге өткөрүү маселеси каралды. Бул эки баскычка толугу менен өтүү 2011-2012-окуу жылынан башталат. Ага өтүүдө министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан адистиктерди бириктирүү, талдоо иштери тууралуу маалымат берилди.
5-9, 10-11-класстар үчүн Улуттук куррикулумдун концепциясы коллегиянын орчундуу суроосу катары каралды. Анда буга чейин жасалган иштер жана келечекте жасала турган кадамдар тууралуу билдирүү жасалды. Коллегия мүчөлөрү куррикулумду иштеп жатканда окуучуларды акыл-ой байлыгын өстүрүү, патриоттуулукка тарбиялоо үчүн дагы айрым маселелерге токтолууну суранышты. Анткени акыркы кездерде бул маселе тап-такыр унутта калып баратат.
Айрым коллегия мүчөлөрү биринчи класстын окуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да сунушташты. Анткени азыр окуучулар биринчи класска барганда эле окуганды, санаганды билгендиктен алар үчүн кайрадан Алиппени башынан баштоонун кажети жок. Мындайда окуучулардын окууга болгон кызыкчылыгы төмөндөп, билим сапаты начарлап кеткендиги байкалып келет. Бирок бул өзгөчөлүктү Бишкек шаары гана көрсөткөндүктөн, башка региондордогу балдар бала бакчанын жоктугунан мектепке даярдыксыз баргандыктан бул сунуш колдоо тапкан жок.
Андан сырткары коллегиянын бир күндүк иш тартибине коюлган тогуз окуу жайдын, тактап айтканда: Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, КМТУ, Жалал-Абад укук жана бизнес институту, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту, Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи, Ош курулуш колледжи, Майлы-Суу медициналык колледжи, Таш-Көмүр аймактык колледждеринде министрлик өткөргөн аттестациялык текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим".




Т. Бекболотова:
Калаба болгон аймактардагы балдарга психологиялык колдоо зарыл
Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаңдан кийин жаш балдар менен иш алып баруу кандай болуп атканы тууралуу Убактылуу өкмөттүн балдарды коргоо жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын өкүлү Толкун Бекболотова кеп салат.
- Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңдан кийин ал жактагы жаш балдар менен иш алып баруу кандай болуп атат, буга чейин эмне иштер аткарылды?
- Бүгүнкү күнгө бир жарым миң баланы Ысык-Көлгө алып баратабыз, реабилитация жана эс алуу боюнча. Ушундай максат койгон өкмөт азырга чейин жети жүздөн ашык баланы Ысык-Көлгө жөнөттү. Бүгүн-эртең дагы ушунча баланы эс алууга жөнөтөбүз. Ал балдар Бишкекте медициналык кароодон өтүп атышат, андан ары Көлгө жөнөтүлөт. Дагы кырк чакты реабилитациялык борборлор ачылат жана жергиликтүү бийлик менен жумуш жүргүзүлүп атат. Алар балдар менен мелдештерди уюштуруп, эс алуу боюнча аракеттерди көрүшүп, психологиялык иш жүргүзөт.
- Демейде ушундай бир ири кырсыктар, кагылыштар болуп кеткен учурларда балдарга алгачкы жардам катары медициналык-психологиялык көмөктөр көрсөтүлөт эмеспи. Ош, Жалал-Абаддагы ошондой балдар менен иштеш үчүн психологдор жетиштүү болуп атабы?
- Психолог боюнча маселени көтөргөнбүз, азыр түштүк тарапта балдар менен жумуш жүргүзө турган адис психологдор жокко эсе экен. Азыр мен билим берүү мекемелери менен иштешип атам, бул багытта 120 адис даярдасак деп атабыз. Мындан сырткары, балдар менен иш жүргүзө турган социалдык кызматкерлер керек. Менимче, 3-6 ай балдарга психологиялык колдоо керек. Билим берүү борборуна жок дегенде бир социалдык кызматкер болуш керек, технологияларын билген, кыргыз-өзбек балдарын кошо тургандай маселелерди билим берүү борборлорунун башчыларына коюш керек. Максаттар көп, бирок маселе аны канчалык ишке ашырууда. Бийликтен, эл аралык уюмдардан чоң жардам керек. Экинчиден, адистерди да окутуу зарыл.

Илим Жанузаков,
"Азаттык"




Чубактын чырындай чубалжыган чырга
чекит коюлабы?
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияда болуп жаткан чыр-чатакты териштирүү максатында окуу жайдын мугалимдеринин жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

№5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Э.Музаеванын үстүнөн мугалимдер менен ата-энелер арызданып келатканына бир далай убакыт болду. Арыздангандар аталган окуу жайда директор окуу-тарбия процессине талаптагыдай көң үл бурбагандыктан билим берүү сапаты төмөндөп кеткенин, жетекчинин иш стили орой болуп жаткандыгын, мектептин каржылык-чарбалык ишинде толтура мыйзам бузуулар бар экенин министрликке, убактылуу өкмөт жетекчилерине чейин жазышкан. Түшкөн арыздын негизинде 2009-жылы эле министрлик комиссия түзүп, окуу жайдагы окуу-тарбиялык процесстин абалын текшерип чыгып, мугалимдер менен ата-энелердин тынчсыздануусуна негиз болчудай бир катар кемчиликтер бар экенин аныктап чыккан. Бир эле учурда Каржы полициясы гимназиянын каржылык-чарбалык ишмердигин текшерүүгө алып, ала жаздан бери тергөө-иликтөө ишинин аягына чыга албай келет. Ал ортодо гимназияда директор Э. Музаеванын таламын талашкандар бир жаат, анын жетекчилик кызматтан кетишин талап кылгандар бир жаат болуп, чыр-чатак күчөп, окуу-тарбия процессине зыяны тийүүдө.
- Жамаатта бирдиктүү позиция жок болгонунан мугалимдер, ата-энелер экиге бөлүнүп калган. Биз ушул жолугушууда эки тараптын аргументтерин угалы дедик. Анткени эки тараптын өздөрүнүн жүйөлүү аргументтери бар, - деп түшүндүрдү гимназияда түзүлгөн кырдаалды министр К.Садыков. - Эмоцияга алдырбай, чечкиндүү бир кадамга барышыбыз зарыл. Менимче, бул чыр-чатак жамааттын өзүнө зыян келтирчү нерсе. Бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеген, справкалар даярдалган, комиссия карап чыккан сунуштары да бар.
Жаатташкан тараптардын ой-пикирин, аргумент жүйөөлөрүн уккандан кийин министр гимназиянын окуу-тарбиялык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялоо создуктурулуп, экинчи жагынан чыр-чатактуу кырдаалды чечүүгө убагында тийиштүү чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн министрликтин кызматкерлеринин жоопкерчилиги бар экенин эскертти. Экинчиден, жетекчи катары гимназиянын жамааты менен тил табышып иштөөнүн көзүн билбей жаткандыгы үчүн Э. Музаеванын өзүнүн дагы жоопкерчилигин белгилеп, анын кемчилигин айткан мугалимдерди иштен бошотуп жиберген чечимдерин кайра карап чыгууга чакырды. К. Садыков ошондой эле министрликтин комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы дагы бир сыйра такталып, таразаланып чыккандан кийин чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча объективдүү чечим кабыл алынат деп билдирди.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"



"Кутбилим", жањы саны... • кыргызча... o
email • архив • редакция 
2-июль, 2010-ж.:
1-бет
Референдум:
Кыргызстан укуктук жолго кайтып келди
2-бет
Коллегия чечимдери
3-бет
БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮ ЖАРАЛАНБАСЫН
4-бет
Кандуу тополоңдо жабыр тарткан мугалимдер жардамга муктаж
5-бет
АБИТУРИЕНТ, ЧАМДА, КЕЛЕЧЕГИҢЕ ЖОЛ ТАНДА!
6-бет
Интеграция
7-бет
Проблема
8-бет
Тил-сабак
9-бет
Бардык башаттын булагы - мугалим
10-бет
Окутуу жана тарбиялоо процессиндеги социалдык-педагогикалык кубулуштардын мааниси
11-бет
ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ОЙ
12-бет
Сабак - поэзия
14-бет
Абитуриент - 2010
15-бет
Объявления
16-бет
Танапис





??.??