Танапис

Куйручук (Кудайберген)
Бул киши жөнүндө мен бала кезимден бери билем. Анткени тууганчылыгыбыз жакын. Айлыбыз бир жашаганбыз. Куйручук жөнүндө жазылган китептерде көп окуялары чалгай болуп жүрөт. Куйручук Медет датканын чөбөрөлөрүнөн болот.

Мындайча айтканда Келдибек бийден алты уул болгон. Ошонун бири Байтүгөл, андан Медет. Медеттен алты уул: Дуулат, Абак, Айтак, Албан, Атабек, Алаша. Балдарынын ортончусу Айтак баатыр. Ал жигит кезинде Казак Кенен-Сарынын согушунда 27 жашында каза тапкан. Ошол Айтактан Өмүрзак жалгыз экен. Өмүрзактан - Кудайберген, Теңирберген, Жунушалы деген үч уул. Менин Жунушалынын улуу уулу Муталип менен бир класста окуп, бирге жүргөнмүн. Ошондуктан Кукемди жакындан билем. Ал кишинин бала кезиндеги окуяларын да айылдаш карыялардан көп уккам. Ата-энеден эрте жетим калып балалык чагы оор шартта өткөн. Эки инисин багуу да анын мойнунда калат. Атадан калган оокат жана бирин-экин малды тейлегенге алдары келген эмес. Көбүнчө балдарга Бугубай жардам берчү экен. Башка туугандары да сыртынан көз салып турган. Бала кезинен чыйрак бала болуп, сөздү жазганбай бетке айтып жетилет. Муталип менен мен ошол айылда көп жүрчүмүн. Ал кишиге дайыма көп кызыкчумун. Себебин деле билбейм. Менин баамдоомдо Кукем өзү орто бойлуу, кең далылуу, мойну жоон, чокчо сакал, көзү өткүр, күйүп тургандай сезилчү. Колунун манжасы да жоон, кең таноо, бадырайган киши эле.
Муталип экөөбүз өзүбүзчө балбан киши го деп калар элек. Чындыгында балбан эле киши экен. Кукемдин балбандыгы жөнүндө китеп жазылган. Ал казактын ак балбанын жыкканы жана Ак-Талаадан келе жатып, көк жал карышкырды үзөнгү менен башын жара чапканы айтылып жүрөт.
Куйручуктун үч уулу болгон. Мукат, Аким, Жусу. Аким аялы экөө мугалим эле. Аким, Жусу экөө армияга кетип кайтпай калган. Акимдин аялын акын Медербек Акимкожоев алган. Улуу уулу Мукат жаш кезинде жамакчы, кээде Манастан үзүндү айткан. Кийин мурду "кан жил" деген оорудан бузулуп калган. Кийин ошондон уялып эч нерсе айтпай калган. Мукат ата атасы жөнүндө көп нерсени билчү. Атамдын күчтүү колдоочусу бар эле дейт Мукат ата. Колдоочусун мага көрсөткүсү келдиби, бир күнү "Намазыңды окуп, атты токуп кой" - деди. Айтканындай жасадым. Атам үйдөн чыгып, эки жакты карап, "Атты дөбөгө тарт, мени аткар, эгер бир нерсе көрсөң чочуба" - деди. Аткардым, бастыра берерде аттын алдынан келтек куйрук карышкыр ары-бери секирип атам менен кошо кетти. Эсим ооп, өңүм керсары болуп үйгө келип жатып калдым. Мына менин баатырлыгым деп күлүп калар эле. Коркпосом мага да касиети жугат беле деп тунжурап калар эле. Дагы бир күнү эртең менен эрте Каниет бай бир кырсыкка учураган окшойт деп жөнөп кетти. Барса Каниеттин энесин, тайганын кутурган карышкыр талап кетиптир. Кукем тайганды атып көөмп сал, энең кырк күнгө чейин делбеленет. Мен ошондо өзүм келем деп досу Байөмүрдүкүнө жөнөп кетет.
Арбагыңдан айланайын, атам көп нерсенин алдын ала айтып берчү. Бардай айтып же билип коер эле. Сапыны, Сопубекти чакыр, тиги короодогу ирикти сойдур, алыстан конок келет. Ошого кам көрүш керек. Кеч күз. Ылдый жактан жакшы ат минген, суусар тебетей кийген эки жигит шайдоот бастырып түз эле биздикин сурап калды. Алар Кетмен-Төбөлүк Рыскулбектин неберелери Акматтын, Атакандын балдары экен, таякеси Көнүмбайга учурашканы келе жатыптыр. Себеби, Рыскулбек Көкүмбайдын эжеси Сайкал энени алыптыр. Чай ичилип бүткөндөн кийин: "таяке, атам сизге мурда жолугуп менин белегимди берип кой" - деп эле жанын сыйпалайт. Анда атам, "жээн, мага берилер белегиң төш чөнтөгүңдө турат, санабай бер", - деп колунан алып апама берет. Кукем дайыма эл аралап көп жүргөн. Барган жерде чечендик, куудул сөздөрү менен элди күлдүрүп, адамдардын жарпын жазган жана чукугандай сөз тапкан, сөздү бетке айткан, адамдын кемчилдигин көрө билип далайларды сөзгө жыгып, басырык алчу экен. Алганын ошол элдин арасындагы начар адамдарга кармата берген.
Кукемдин акындык жагы да болгон. Илгери Суусамырда Түрмөн болуш атасы Сарпбекке аш берет. Ошондо Солто Чолпонкулдун ырчысы Найманбай жар чакырган ырчы экен. Анткени Чолпонкул Түркмөндүн кудасы эле. Найманбай саяктарды кордоп ырдайт. Куйручук Байсактан уруксат алып Найманбайды беттеп ырдаган. Найманбайдын айтканына намызданган окшойт, ошондон үзүндү келтирейин.
Найманбай:
Мен Балыктын уулу Найманбай,
Айта берем ар кандай.
Кээ сөзүмдү байкасаң,
Табына келген тайгандай.
Кээр сөзүм байкасаң,
Оттоп жүргөн айбандай.
Дагы бир топ ырдап басылат.
Куйручук:
Алты уруу элге мактанып тайганмын дедиң Найманбай.
Анда оозуңа өпкө саламын. Айбан болсоң Найманбай оозуңа чөп саламын.
Кош эле кош, ош эле ош, чек эле чек, чөк эле чөк Найманбай - деп ырдаганда элдин баары кыраан-каткы күлөт. Найманбай уят болуп, жыгылганын мойнуна алат. Дагы бир окуясын айтайын: Кукем Көлмө жайлоосунан келе жатып, капчыгайдан балдарга ышкындан үч тап кылып тердирип, канжыгасына байлатат. Сакалдуу киши ышкынды эмне кылат деп таң калышат. Көрсө, үч тап ышкындын бирөөнү башкармага, дагы бирөөнү бухгалтерге, партячейкага берет да кышында алам дейт. Айланайын Куке, азыр эле колкосун алыңыз деп акча беришет. Алган акчасын Сартпайдын дүкөнүндө катарда турган элдин арасындагы кедейлерге тартып берет.
Кукемдин үйүндө дайыма мал көп союлар эле. Союлган малдын этин айлына таратып бердирип, айылдагыларды сыйлап үйүнө чакырчу. Кукемдикине ары-бери өткөн коноктор да көп болор эле. Пейли кенен, март, кайрымдуу адам болгондугун жамы кыргыз эли билет.
Мен карылардан укканым боюнча Кукемдин бала кезиндеги бир окуясын айтып берүүгө тура келди. Шамыркандын Осмоналысы менен кыштоодо кой кайтарар элек. Өтө сөзмөр, көптү билген Санжырачы киши эле. Ал кишинин айткан сөздөрүндө жоопкерчилик, байгерчилик деген аңгемелерине көңүл бурбаптырмын, көрсө ал кишинин айткандары тарыхый маанидеги сөз экен.
Жоокерчилиги: калмактар жунгарлар менен болгон кыргыз казактардын согушу экен.
Байгерчилиги: Калмактарды жеринен кууп чыгып эркин болгон ошол кылымда байыган убагы экен. Кийин эле Абак уулу Таабалды бай Үлүш берип өзүнө таандык байларды чакырат. Коноктор чай ичип, дасторкон жыйылып, эт тартыларда колго суу куярга киши жок болот. (Кукем ошондо 9 жашта экен) "Мен деле куя коем байым" - деп чөөгүн, сүлгү алып байлардын улуусу, төрдө отурган Шоңкодон баштайт. "Ай, оң жактан куй, суу куйганда деле улуу кишиден баштоо керек" - десе, Шоңко "мейли, мейли", - деп коет да жанындагы Теңирберген байга суу куюп, анан оң жагынан баштаган экен.
Шоңко баш алчу эмес экен. Жамбашты алып бир кесип жеп: "Суу куйган бала кайда" - десе, "Мен мында" - деп тура калып бир сугунуп, керегеге кыстарып коет. Теңирберген устуканын берет. Устуканы кашка жилик экен, шылынып башында бир үзүм эти калыптыр. Анда Кукем жиликти алып, карап: "Байым, муну мен мүлжүйүнбү же ит мүлжүсүнбү?" - десе эл күлүп калат. Теңирберди ызаланып: "Ой Өмүрзактын уулу, күзүндө бир тай алып кет", - десе, Кукем: "Эл сизди сараң бай дешет. Берер тайыңыздын жонунда тону болбосун" - деген экен.
Абдыкожо
Жарбаналиев,
ардагер