Тил-сабак

ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ОЙ
(Башталышы өткөн санда)
84-бетте таблицадагы "Атоочтуктардын морфологиялык жол менен жасалышы" темасына -максан+сал, бол, киши, адам деген жасалыш жол катары берилиптир. Келтирген мисалдарда: "көрмөксөн болду", "билмексен болду" дегендери ылайык келбегени көрүнүп эле турат. Эмне болду? - көрмөксөн болду, билмексен болду, 3-жак, өткөн чактагы нагыз этиш. Атоочтук эч касиет көрүнбөйт. 130-көнүгүүдөгү 10. Бармаксан болду. 11. Бүгүн шаарга баргыдайбыз. 12. Силер баргыдайсыңар. 13. Бүгүн күн жаагыдай деген сүйлөмдөрдөгү баяндоочтун милдетиндегилерди атоочтук деп эч айтууга болбойт. Адатта, "атоочтук кыймыл-аракетти заттын белгиси катарында көрсөтүшү" керек эмеспи. Нагыз эле чак, жактагы этиштер баяндоочтук милдетти аткарып турат.
93-бетте "Атоочтуктун синтаксистик кызматы" темасында, 2. Баяндоочтун милдетин аткарышындагы мисалдарда: Мен кат жаза элекмин. Ал эриккенде Мыскалдыкына баруучу: Тууганмын эл ичинде, өскөнмүн эл четинде. Мында баяндоочтор чакты, жакты билдирген нагыз этиш сөздөрү эле. Зордоп, сүйрөп атоочтук дей берсек болобу? Ушундай эле 94-беттеги таблицадагы бышыктоочтун милдетин атоочтуктун аткарышына келтирилген мисалдар бышыктооч болушка эч жооп бербейт: Бербестен (кимден) безе кач. Тил албастан (кимден) аша кач. Эккенден (эмнеден?) эрикпе, баштагандан (эмнеден?) зерикпе. Бул сүйлөмдөрдө автор бышыктооч деген атоочтуктарга өзү каша ичинде кимден? деген суроолорун берип, затташкан атоочтуктарды бышыктооч деген апендилигине таңданасың. Сүйлөмдөгү атоочтуктак кимден? суроосуна жооп берип толуктоочтук милдетти аткарып турат. Автор мында жөн эле (механический) жаңылып жатат дейли десек, жаңылбай эле бышыктооч менен толуктоочтун айырмасын ажырымдап билбестигин көрсөткөн илимий катасы. Толуктоочтук милдетке өзүнчө мисалдар башка берилиптир.
95-беттеги "Атоочтук түрмөккө" бир кулач берген аныктама анчалык ынаным бере албайт. "Башка сөздөр менен ажырагыс бирдикте айтылган…" деген эреженин үзүндүсүнөн эмне үчүн? Кантип? "ажырагыс бирдикте айтылганын" кайдан билебиз? Эреже ошол жагынан ишеним берүүсү зарыл, ал жок.
Жогорудагы келтирилген жамыраган кемчилик 7-класстын кыргыз тили авторлору В.Мусаева, С.Үсөналиевдин окуу китеби: "1. 1997- жылдын 27-октябрында Кыргыз Билим берүү институтунун окумуштуулар кеңешинде бекитилген; 2. 1997-жылдын 22 -декабрында КРдин Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында; 3. Кыргыз тили жана адабияты окуу китептеринин сапатын текшерүү үчүн түзүлгөн Кыргыз Өкмөтүнүн атайын эксперттик комиссиясынын 1997-жыл сентябрь айындагы чечими менен басууга сунуш кылынган" экен да, үч жолу кайталанып басылып, мектептерде окуучуларга билим берүүдө колдонулуп келет.
Жактырылып басып өткөн тепкичтерин карагылачы, окуу китептеринин сапаттуулугуна түздөн-түз кам көргөн жоопкерчиликтеги мамлекеттик мекемелер. Салабаттуу жактыруулардан өткөндөн кийин дадил - таасын окуу куралы болушу керек эле… Караштыра келсек, атаандаштык окуу китебинен жөнөкөй, техникалык кемчиликтер эмес, болгондо да илимий жаңылыштагы каталар, практикалык иштери илимий негизге жуутпаган билим берүүгө залалдуу кемчиликтер болуп жатпайбы. Бирок ушундай эле кемчилик-каталары айгинеленип белгилүү болгон С.Үсөналиевдин 6-класс кыргыз тили 1998-жылдан бери "аздектелип" мектеп окуучуларына билим берүүдө колдонуудан түшпөй келет. Буга таң калбасак да болот. Бизде баары боло берет окшобойбу…
6-класс кыргыз тили автору С.Үсөналиев өзү окуу китебин кийинки "жаңы талапта", "жаңыча көз карашта жазылган" окуу куралы деп айтып да, жазып да келет. Бул ойду китепти колдонгон адистер, окуган окурман айтса болор эле. Ошо башынан аягына толук окуп чыккан окурман да, адис да катары мен 23-май 2008-жылы "Кутбилим" газетасына "Оңдолуп, толукталып басылган окуу китебинин абалы кандай?" деген темада терең талдап, 1998-жылдан бери мектептерде окутулуп келаткан окуу китебинин алгысыз жактарын ачып, сын пикир жазгам. Андагы жазгандарымды кайталап айтуу азыр мага ашыкча, убагында айтылган. Ошондо да китептин кети рилген кемчилигинен бирин келтирейин. 3-жактын таандык мүчөсү уланган зат атоочтун жөндөлүшүндөгү жөндөмө мүчөлөрдү С.Үсөналиев:
А. баласы
И. баласын+ын
Б. баласын+а
Т.баласын-жөндөмө мүчө жок
Ж. баласын+да
Ч. Баласын+ан деп, байыркы түрк тилинде унгу-сын менен келет, андан кийинки уланган сөздүн бөлүгү жөндөмө мүчөлөр болуп эсептелет деп, жогорудай жөндөмө мүчөлөрүн ажыратып окутуу китебинде берген. Автор учурдагы илимдеги өзгөрүштү, көрүнүштү эсине алгысы келбейт. С.Үсөналиев өзү "3 - жактын таандык мүчөсү уланган сөздүн жөндөлүшү" деп тема коюп, жөндөй келгенинде таандык мүчөнү уңгуга кошуп таппай калганы менен, андан кийинки жөндөмө мүчөлөрдүн сайда санын кетирип алганы менен иши жок. Деги эле, жөндөлүш менен тааныштыгы бар кимди болсун жөндөп берүүсүн сурансак:
А. баласы+сы
И. бала+сы+нын
Б. бала+сы+на
Т. бала+сы+н
Ж. бала+сы+нда
Ч. бала+сы+нан деп эле жөндөмө мүчөлөрүн ажыратат болуш керек, С.Үсөналиевдин китебинде 2-жөндөлүштүн тибин үйрөтүүсү кийинки сөз түркүмдөрүндө бардыгы болуп 17 жерде кайталанып окутулат экен. Ойлонуп көрөлүчү, бир эле ката-кемчиликтин залалы канчалык болуп жатат?
С.Үсөналиев өзүн орфографиялык эрежелер боюнча адис-илимпозмун деп санап, төшүн койгулаган окумуштуу ушу орфографист окумуштуу 6-класстын окуу китебинде "Сан атоочтун жазуу эрежелерин окуучуларды туура жазууга кандай үйрөтөт көрөлү. Үсөналиевдики китепте кандай болсо, ошондой келтирилет. 180-бет… 1. Жөнөкөй сандар айрым жазылат. Мисалы: Бир, эки, он" ж.б. берилген. Өзү жөнөкөй сан болсо, эмнени "айрым жазылат" деп жатат түшүнүксүз. Б) Эсептик сандарга мүчө уланганда сан менен бирге жазылат. Мисалы: отузча, кырктай, алтымышча, жүздөй" - дегенде эрежеге келтирген мисалдар шайкеш келбейт. 30ча, 40тай, 60ча, 100дөй болуп мүчө цифра менен келген сан атоочко уланыш керек эле.
182- бетте 3. Татаал сандар цифра менен да, сөз менен (тамга менен болуш керек эле) да ар бир оруну бөлөк жазылат. Мисалы: 13 -он үч, 32 - отуз эки, 45 - кырк беш, 105 -бир жүз беш" - деген жазуу эрежеси жана ушу мисалдар берилиптир. Бул эрежени аңдап окуп көрөлү. Эмне, татаал сандар цифра менен жазганда да ар бир оруну бөлөк жазылчу" беле? Үсөналиев үйрөткөндөй жазасак, татаал сандардын цифралары чачырап жөнөкөй санга айланып калбайбы.
Эреже: "Татаал сандар тамга менен жазууда ар бир оруну бөлөк жазылат" - деп мисалдарын келтирсе болмок.
Ушундай дайнын таппаган эреже, мисалдарды 1998-жылдан бери 6-класстын окуучулары окуп билим алып келет. Мындай кемчиликтер окуу китебинде дагы бир топ.
Эми 5-класс атаандаштык окуу китептерине келсек, мурдагы авторлор А.Осмонкулов, Б.Өмүралиевдин вариантындагы 2007-жылкы окуу китебине атаандаштыкта 2009-жылы Б.М.Акматов, А.С.Мукамбетовалардын авторлугунда жарык көрдү. Бул авторлор окуу китебине удаа кечиктирбестен окутуу методикалык колдонмосун бирге бериптир. Мунусу жакшы болуптур. Болбосо окуу китебинин окутуш маани-максаты, жаңылык өзгөчө жактары туура кабылданбай мугалимдердин көңүлүн эрте айнытып, окуучуларды колдонууда эрте иренжитип алат белек. Анткени окуу китеби-колдонуудагы жаңылык. Түп тамырынан бери инновациялап окутуу максатында, ыкмасында атайын изденип, илимий негизде түзүлгөн үлгү болорлук окуу куралы. Колдонмонун темаларды түшүндүрүү, ага карата пайдаланчу практикалык иштерди айкалыштыруу жолдорун өздөштүрүүдө жардамы зор.
5-класстын жаңы окуу китебин окутуудан алдын сүрөт менен көрсөтүлгөн шарттуу төрт белгиде берилген ой-максат, маани-маңызын ажырымдап түшүнүп алуу абзел. Ал төрт шарттуу белги окуучулар үчүн, окуучуларга арналгандай, бирок анда баарысы бар, айрыкча субъектилердин объектилерге карата иш-аракеттерин багыттап турат. Ошол шарттуу белгилерге карап, материалдарды туура колдонуу ыгына көнүгүп, ылайыгына карата окутуунун изине түшпөй эмне болуптурбуз? Баш катырар деле эч нерсеси жок.
Бул окуу китеби бар турушу
менен окуучуларды теорияны
практика менен айкалыштырып көбүрөөк сүйлөөгө, жазууга үйрөтүүнү көздөйт. Берилген практикалык иштерди окуучулардын жекече да, топ менен биргелешип акылдашып да изденип иликтөөлөрүнө коет. Практикалык көнүгүүлөрдү (көбүнчө текст) авторлор 5-класстын окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык кызыктуу, түшүнүктүү жана ар тараптуу таалим-тарбия берүү жагын көздөп тандашканын көрсөк болот. Тандалган бирдиктүү тексттер окуучуларды бир жагынан жаштайынан текст түзгөнгө көнүккөнгө тартып, кеңири ой бере билгенге жатыктырат; сөзгө жапдылыктан, кыска ойлуулуктан арылтат.
Кеп жаңы үлгүлөрдөгү окуу китебин колдонууда мугалимдердин кабылдоосу, көнүгүшү кандай болор экен? Инновациялап окутууну билбегендер, тааныштыгы жоктор китепти талдап, жактап колдоп алышар бекен? Жеңилге качыргандардан кур эмеспиз. Жеңилине ык тартып 70-80-жылдардагы окуу китебин көксөгөндөр дагы эле бар. Аларга окуучулардын акыл-ою өсүп, терең билимге жетиши эсеп эмес. Атаганат, башка класстардын окуу китептери да ушундай талапта түзүлүп окутулса кана! Кантсе да, билим берүү башкаруу мекемелерибиз жер-жерлерде, район, облустарда методикалык жардам катары адис-методисттерди жалдап окутуу курсун уюштуруу керекпи?.. Дегинкиси, 5-класстын жаңы окуу китебинин колдонулуп жайылып кетишине, жаңы дагы башка класстардын окуу китептеринин ушундай жаңыланышына кам көрүлүшү керек.
5-класс Кыргыз тили А.Осмонкулов, Б.Өмүралиевдердин окуу китеби кийинки басылышы 2007-жылы чыгыптыр. Мурдагы салттык усулдук окутуу ыкмаларында жазылган китеп. Утуштук ооматы жаңычыл китепке ооп турат, эскиси канча жашайт анысын мезгил көрсөтөт.
Эми 5-класстын жаңычыл окуу китебинде кездешкен китептин жалпы сапатына доо кетирбей турган байкалган көрүнүштөрдү сунуштоо катарында эске сала кетмекчимин.
Автор адатта көнүгүүлөрдүн шартындабы, берилген суроолордобу, эреже, тексттердеби окуучулардын жаш курагына түшүнүксүз, алардын сөздүк запасында жок сөздөрдү, терминдерди колдонуудан качыш керек. Эгер болсо маанисин барактын аягында же китептин акырындабы атайын түшүндүрмөсүн берип коюу зарыл, түшүнүксүз калтырууга болбойт. Алсак, 31-бет 41-көнүгүүнүн шартында "…кайсы текстте эмоциялуу сөздөр көбүрөөк экендигин тапкыла", "…кандай эмоцияны туюндуруп жатканын айтып бергиле" - деген сүйлөмдөрдө, "эмоция" деген сөздүн маанисине түшүнүк берүүнү талап кылып турат. 43-бетте 62-көнүгүүдө "образдуу, элестүү берилген сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып" - дегенде "образдуу", "элестүү" деген сөздөрдүн да мааниси окуучуларга түшүнүксүз эле. 131- бетте эрежеде "адабий тил" деген терминдин маанисин чечмелөөнү суранып эле турат.
117-бетте алфавиттин эрежесине "Алфавитте тамгалардын жеке аталыштары бар:" а, б(бе), в(ве), г(ге), д(де), е(йе) ж.б. Үнсүз тамгалардын алфавитте аталышында тамгадан мурун же кийин бир үндүү кошулуп аталат: б(бе), в(ве), г(ге) ж.б. м. (эм), н (эн) ң(ың) ж.б. деген эреже кошумчаланып берилүүсү керек го.
121-беттеги эрежеде "…ал эми сөз ортосунда жана аягында Е тамгасы менен жазылат" - дегенде орус тилиндеги баш тамга Е йотошкон тыбыштын тамгасын туюндуруп турат. Муну кичине тамга "ё" менен алмаштыруубуз керек, "…сөз ортосунда, аягында" деп Е баш тамгасын жазганыбыз кандай? Бул жаңылыштык берет.
123-бетте К, Г, Ж тамгалары жөнүндөгү эрежеде булар бир тамга, эки тыбышты төл сөздөрдө туюндурары тууралуу түшүнүк берилиши керек.
115-бетте "График", 134-бетте "Семосология" жөнүндө эрежелер узун, узак түшүнүк менен берилген. 5-класстын окуучуларына оордук болчудай.
Программа боюнча 10-11-класстарда тереңдетилип өтүлөт. 5-класста жеңилдетип маалымат катары окутулганы ылайык.
10-11-класстын окуу китептери 2003-жылга чейин бир китеп болуп чыгып келди. 2004-жылы өз алдынча экиге бөлүнүп (класс боюнча) чыкты.
10-класс кыргыз тили авторлору А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева. 10-класста Морфология бөлүмүндө, бейиши болгур, А.Сапарбаев "Этиштин татаал формалары" деген темага байланыштуу дагы "Этиштин татаал формаларынын түрлөрү" деп, 7 түрүнүн өзүнчө темаларын коюп чечмелеп берген эле. А.Сапарбаев илимий изденүүгө талаптуу окумуштуу эмес беле. Мында да илимий жагына оодук, өтө эле эзмеленип кеткени байкалат. А.Сапарбаевдики аз келгенсип, ал материалды тытмалап, кийинки басылыштарда (2003-2004) авторлор "Этиштин татаал формаларынын жасалышы" деп дагы тема коюп кошумчалашыптыр. Бирок бул материал А.Сапарбаевдин "Этиштин татаал формаларында" эле берилген. Өзүбүз деле калыс бололу. Этиштин татаал формаларында жасалышын бербей, башка эмне менен түшүндүрүлөт эле? Демек, кийинки "Этиштин формаларынын жасалышы" темасы "Этиштин татаал формаларынын" артык баш кайталанышы. Мунун китептин көлөмүнө,материалдарды бөлүштүрүүдө саат санына да залалы бар.
11-класстын окуу китебинде да мурдагы 10-класста өтүлүп түшүнүк берилген "Илимий стилдин практикалык материалдарынан" конспекти, реферат кайталанып берилген, ырас авторлору башка.
10-класстагысынын автору профессор С.Өмүралиевага таандык болсо, 11-класстагысы авторлоштукка кийинки басылышта кошулган В.Мусаева экен. Чынында, С.Өмүралиева 10-класста бул теманын ажарын кенен-кесир эле ачып, жеткиликтүү берген болчу. 11-класста дагы берүүнүн зарылчылыгы жок эле. Илимий стилдин башка доклад, библиография материалы менен чектелсе болмок.


Мектептерде колдонулуп келген кыргыз тили окуу китептеринин сапаттык кемчиликтери, кетирилген илимий каталары жөнүндө жогоруда айтылган сын пикирлер эске алынып, жыйынтык чыгарылат деген ойдобуз.
Илимде соодалашуу, достук жок. Чындыкка карата айтылган сөз ачуу тийсе, авторлор кечирип коер. Илимде чындык өз жолу менен.

Нуркалый Абдесов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими