Тилден - дилге

Кыргыз акындарынын ырлары Михаил Рудовдун котормосунда
Жакында Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Михаил Александрович Рудовдун котормолору, чөнтөк дептерлериндеги ырлары жана тамсилдеринен түзүлгөн ыр жыйнагы жарык көрдү. Бул жыйнакка XIII-кылымда кыргыздан чыккан Кетбука бабабыздын, Калыгул Бай уулунун, Жеңижоктун, Токтогулдун, Касым Тыныстановдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин, Түмөнбай Байзаковдун ырлары киргизилген. Михаил Александровичтин кыргыздын эл-жерин, жашоо-турмушун, каада-салттарын, адабиятын жакшы биле тургандыгын, күйөрмандыгын жана котормо өнөрүндө анын жараткан ийгиликтери бар экендигин баамдоого болот. Ошондой эле кыргыздын белгилүү инсандарынын, акындарынын ырларын орус окурмандарына жана ал аркылуу дүйнөнүн башка элдерине таанытууга кылган далалатын да акыйкаттык менен баалай кеткенибиз жөндүү. Анткени бир топ мезгилден бери кыргыз акындарынын ырлары орус тилине которулмак мындай турсун, басма сөз беттеринде өз тилинде да солгундап чыга баштаганын кантип жашырабыз.
Бул котормолор акындардын ырларын чет тилдерге которуудагы көңүл кубантарлык жакшы иштердин алгачкы кадамдары болуп, мындан ары учугу уланып кеткиси бардыр деген тилек менен котормону түп нускасы менен салыштырып окууну туура көрүп, түп нускасы менен берүүнү ылайык таптык.

Кетбука
Мындан 7-8 кылым мурда эле Кетбука бабабыз элинин эртеңки келечегинен санааркап, устаранын мизиндей болуп ойкуп-кайкып турган бүгүнкү замандын өйдө-төмөнүн алдын-ала баамдап, адамдарга акыл-кеңешин айтып, боло турган, калайык-калктын көңүлүн оорутуп, көйгөйгө сала турган куулук-шумдук иштерден этиет болуп, сак болуусун какшап айтып кеткен экен, кайран киши.

Сак болгун

Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.

Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат, сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат, сак болгун.
Кырды-түздү жат элге,
Кыйган качат, сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга,
Кылган качат, сак болгун.

Поберегись

Потоки зеленые горы снесут,
Краса потускнеет.
Поберегись!
Обманом людей до беды доведут,
Земля оскудеет.
Поберегись!
Отравой предательства душу зальют,
Свои же изменят,
Поберегись!
О чести и совести не вспомянут,
Слова обесценят.
Поберегись!
Потоки багряные горы снесут,
Жнивье опустеет.
Поберегись!
На промысел люди с кочевий уйдут,
Жилье опустеет,
Поберегись!
Продавший равнины и взгорья чужим
Сбежит от ответа
Поберегись!
Принесший невзгоды киргизам своим
Укроется где-то.
Поберегись!

Жеңижок (Өтө) Көкө уулу
"Таймашаарга теңи жок", Таласта төрөлүп, Аксыда өскөн, манасчы, дастанчы, чебер комузчу, даанышман, улуу ойчул Жеңижок "Аккан сууну" алты-жети күнү тынбай айтчу экен. Адамзатка, бүткүл жан-жаныбарга жашоо берген суунун эч бир байлыкка алмашкыс касиетин даңазалап, сууну сыйлоо, кадырлоо, барктоо жана сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө өзүнүн башкаларда кездешпес зор таланты менен кайталангыс ырларында айтып кетиптир. Суунун баркы күндөн-күнгө эмес, жылдан-жылга өсүп баратканын мындан бир кылым мурда эле өзүнүн ойчулдугу менен сезген экен. Акындын айткан ырларынын үч вариантынын бирөөнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Аккан суу
А жаныбар, аккан суу,
Күнү-түнү аксаң да,
Кызмат этип жатсаң да,
Кадырыңды билбейбиз.
Көңүлүңдү кир кылып,
Кайра өзүңдү тилдейбиз.
Жок дегенде бир жылда,
Зыярат кылып жүрбөйбүз.

Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор,
Өзүнө-өзү жоо болор.
Акыл менен ойлоп ал,
Айткан жокмун тим гана.

А жаныбар, аккан суу,
Жок дегенде бир күнгө.
Келбей койсоң таарынып,
Кесирленип жүргөндөр,
Чуркайт эле ак уруп.
Барктабастан жүргөндөр,
Айчылык жерде болсоң да,
Бир ууртап сени алганга,
Жетет эле жалынып.
Колунда болгон дүйнөсүн,
Берет эле жабылып!..

Вода

Животворная текущая вода,
Круглосуточно бегущая вода,
Где теперь свое прокладываешь дно,
До конца понять нам это не дано.
Мы стремимся твои тайны разгадать,
И в сердцах твой нрав непрочь и поругать.
И скупы мы на хвалебные слова,
Раз другой в году услышать их едва.

Тот достойный, кто воде воздаст хвалу,
Недостойный тот, кто возведет хулу,
Сам себя тогда он выставить врагом.
Рассудительно подумай обо всем,
О чем сказано понятным языком.

Животворная текущая вода,
Не прожить, вода, и дня нам без тебя,
Даже те, кто не хранил тебя, вода,
Кто надменно не ценил тебя, вода,
Побегут везде искать тебя тогда,
В край далекий поневоле побегут,
Все, что есть, за эту воду отдадут.

Токтогул Сатылганов
Кыргыз акындарынын көч башында жүргөн улуу акын Токтогул Сатылгановдун "Алымкан", "Дүнүйө", "Келгендеги кербезим" деген ырлары бүгүнкү күндө да эл оозунан түшпөй, улам кийинки муундар тарабынан мезгилдин талабына жараша жаңы түс берилип, аткаруучулар тарабынан ар кандай деңгээлде айтылып келе жатат. Бул ырлар М.Рудовдун көз жаздымынан чыкпай, өзүнүн ыкмасы менен орус тилине которулган экен.

Дүнүйө

Келериңде дүнүйө,
Толукшуп турган айдайсың.
Кетериңде, дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң.
Жагалдантып көңүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Түбү түшкөн челексиң.

Бренный мир

В свет приходящая жизнь -
Как полной луны восход.
В тьму уходящая жизнь -
Арык, где вода не течет.

В свет приходящая жизнь -
Листкам весенним сродни,
И радостны всем они,
Что старым, что молодым.
В тьму уходящую жизнь
С дырявым ведром сравним.

Түмөнбай Байзаков

Түмөнбай Байзаковдун "Кыргыз жери" деген ырын кимдер билбейт. Кыргыз жеринин сулуулугун, улуулугун даңазалаган, тоо-токоюн, адыр-түзүн, көлдөрү менен дарыяларын акындык өзгөчө чеберчилик менен сүрөттөгөн бул ырды улуу-кичүү дебей радиодон, телевизорлордон угуп, аска-зоолуу Ала-Тоого, береке-байлыгы төгүлгөн касиеттүү жерибизге болгон сүйүүбүз, жылуу сезимибиз улам артылууда. Касиеттүү мекенибиз орус тилинде кандай сүрөттөлүптүр, ошого көңүл бурсак.

Кыргыз жери

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Киргизская земля

Ала-Тоо в белоснежном колпаке,
Скалы к небу прикоснулись вдалеке,
На дорогу выхожу рассвет встречать,
Песней горные хребты хочу обнять,
Ты - великая киргизская земля,
Ясноликая киргизская земля!

Кийинки сөз окурмандарда. Котормонун деңгээлин, сапатын, маанисин өздөрү акылы менен калчап, сезими менен туюп, билими, табият тартуулаган жөндөмү менен таразалап көрсө дейбиз. Мындан сырткары Михаил Александровичтин өзүнө таандык чөнтөк дептеринен алынган ырлары, көптөгөн тамсилдери менен таанышып алуусу ашыктык кылбас. Азыркы заманда болуп жаткан өйдө-ылдыйды, көйгөй маселелерди чагылдырган Осландия деген бөлүмгө киргизилген тамсилдер өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Ал эми адабиятчылар, котормочулар, акындар мүмкүн тиешелүү сунуш-пикирлерин айтаар.



Касым Тыныстанов
Кыргыз жазмасынын, тил илиминин, улуттук адабияттын негиз салуучуларынын бири, профессор К.Тыныстановдун гүлгүндөй жаш курагында, 1920-1924-жж. жазылган "Ысык-Көлгө", "Ала-Тоо", "Курбума" деген ырлары баш болгон отуздан ашык ырлары которулган экен.

Деңиз - акын, жүрөк - толкун,
шамал - шык

Күн боорунда сулуулукту кучактап,
Жаш баладай деңиз күлөт, тынч жатат.
Жан болжогус тереңинде деңиздин
Эмне сыр бар термелсе да билбес жат.

Море - акын, сердце - волна,
ветер - вдохновение

Словно ребенок, в обьятиях света
Море красуется, солнцем согрето.
Неисчислимые тайны хранит
Море в глубинах своих без ответа. 1924 г.

Жоомарт Бөкөнбаев
"Алтын кыз" драмасынын, "Айчүрөк", "Токтогул" операларынын либереттолорунун, көптөгөн ыр китептеринин автору, таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин "Кышкы тоо" баш болгон онго жакын ыры которулган.

Кышкы тоо
Жайнаган гүлдү сагынып,
Ак кардан чапан жамынып.
Каарына алып кайран кыш,
Зыркырайт бороон чамынып.

Зимние горы
А цветы, что везде красовались,
Белый снег понакрыл чапаном.
Вьюги яростно разбушевались,
Заморозили горы кругом.