Абитуриент - 2010

Филология илимдеринин доктору, профессор, И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты Советбек Байгазиев:


"Институтту бүтүрүүчүлөр эч убакта ишсиз калбайт"


Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курамындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда уюшулгандан бери карай профессор катары сабак берип келе жатам. Бул окуу жайынын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары бар:
Биринчи. Аталган институт дүйнөдөгү эң бир асыл кесиптердин бири - мугалимдикке даярдайт. Институт азыркы татаал заманда республиканын мектептерин жогорку адистик даярдыгы бар педагогдор менен камсыз кылуу сыяктуу асыл мүдөөнү көздөйт.
Экинчи. Институтта тажрыйбалуу, дасыккан илимдин кандидаттары, доценттери, докторлору, профессорлор сабак берет. Алардын кыйласы мектеп үчүн окуу китептеринин авторлору, педагогиканын маселелерин чемичкедей чаккан агайлар, эжейлер.
Үчүнчү. Окуу жайда окуу программалары мезгилдин бийик талаптарына шайкеш келет, материалдык-техникалык базасы жетиштүү, студенттердин окуусуна жана чыгармачылык изденүүлөрүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Төртүнчү. Институтта дүйнөлүк илим-билим менен катар эле эли-жерибиздин руханий нарктарын, адептик-ыймандык дөөлөттөрүн, мурастарын үйрөнүүгө чоң көңүл бурулат.
Бешинчи. Институтту бүтүрүүчүлөр эч убакта ишсиз калбайт, кадрлар максаттуу, адрестүү даярдалат.
Илимге кызыккандар аспирантурада, окуу жайда калтырылат.
Урматтуу абитуриент, ушул институтка келсең жаңылбайсың.




Атажуртум!

Кутманым Жалал-Абадым -
Жаныма өзүң дабасың.
Арсланбабым аруу жер,
Ата журтка нур чачып,
Аппак шам болуп жанасың.

Сары-Өзөн Чүйүм - берекем.
Пейилиң чексиз кең экен.
Бишкегим - ыйык коломтом:
Ак калпак кыргыз ордосу,
Баарына бирдей тең экен.

Сулайман тоом - улугум!
Ак-Буурам - менин тунугум.
Орошон Ошум - желегим!
Бабамдан калган белегим,
Өзүң менен улуумун.

Жердеген айкөл Манасым,
Жер соорусу Таласым -
Айтып бүтпөс санатым.
Айкөлдөн калган түпкү ордом -
Таласым менин канатым!

Мен үчүн өзүң - баарысың,
Теңир-Тоом - бийик намысым!
Ак мөңгүдөн жаралып,
Күркүрөп аккан Нарыным,
Өзүңсүң каккан тамырым!

Баткеним сенин ар дүйнөң!
Бактыга бүткөн бар дүйнөм.
Өрүкзардын мекени
Өзүңсүз менин тар дүйнөм,
Өзөктөш сага жан дүйнөм!

Көрсөм деп үзбөй күдөрүн,
Баары эңсейт тоонун чүрөгүн.
Ысык-Көл кыргыз бермети,
Өзүңдү жандай сүйөмүн,
Соолбос өмүр мүрөгүм!

Түндүгүм менен түштүгүм,
Көзүмдүн эки кареги,
Сен барда жарык күн-түнүм.
Экөөңсүң алтын түркүгүм -
Тиреген МЕКЕН түндүгүн!

Ата журтум - Ала-Тоом,
Бешигим, ыйык түнөгүм!
Өзүңсүз жетим бирөөмүн,
Өзүң деп оттой күйөмүн,
Өзүң деп өмүр сүрөмүн,
Сен үчүн согот жүрөгүм!

Советбек Байгазиев




Институттун ага окутуучусу, этнопедагог, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Сабыр Иптаров:


"Бул институтта заманбап билим берүү процесси жолго коюлган"


Бүгүнкүдөй жалпы билим берүүчү мектептерде мугалим кадрлары жетишпей жаткан убакта бул көйгөйдү чечүүнүн өрүштүү жолдорун издөө зарыл болуп турат. Алардын бири - педагогикалык кесиптерге мектептин жогорку класстарынан тартып эле окуучуларды кызыктыруу болуп саналат. Тилекке каршы, мектептерди текши жогорку билимдүү адистер менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болбогон соң, педагогикалык орто окуу жайлар менен техникумдардын ролу кыйла арта тургандыгы талашсыз. Совет учурундагы мындай окуу жайларын бүтүп, андан соң мектепте бир нече жыл иштеп, кийин жогорку окуу жайына кирип окуган студенттер педтехникумда алган билиминин артыкчылыгын азыр да басым коюп айтышат.
Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту жалпы билим берүүчү мектептин 9, 11-класстарын бүтүргөн окуучуларды да кабыл алат.
Бул жагдай институт мектептер үчүн мугалимдик кадрларды даярдоонун чыныгы устаканасы болуп калат деп эсептөөгө толук негиз берет. Себеби мында окутууда көрсөтмөлүүлүккө, классты уюштурууга жана башкарууга, окутуунун ийкемдүү усул ыкмаларын үйрөтүүгө орчундуу басым жасалат. Окуу программаларында практикалык жана жекече иштерге көбүрөөк көңүл бурулуп, бүтүрүүчүлөрдү түздөн-түз мектепте иштөөгө даярдайт.
Ошондой эле институтка атайын орто жана жогорку окуу жайларын бүтүргөндөр да кабыл алынып, 2,5-3,5 жылдын ичинде тийиштүү адистикке ээ болуп чыгышат.
Өлкөбүзгө өтө керектүү, потенциалы жогору педагогикалык кадрларды даярдоодо айыл өкмөттөрү, ишкана-мекемелер, бизнес структуралар менен өз ара пайдалуу келишимдин негизинде заманбап билим берүү процесси жолго коюлган. Бул аталган окуу жайы келечекте педагогдук кесипти сүйгөн адистерди даярдап чыгаруучу чыныгы борбор экендиги анын илимий-интеллектуалдык жана окуу-методикалык базасы жогору, материалдык - техникалык жактан жетиштүү камсыз болгон Кыргыз Улуттук университетинин алдында түзүлүп иштеп жаткандыгы менен да түшүндүрүлөт. Себеби, бүтүрүүчүлөргө университеттин диплому берилиши - алардын кийинки ишке орношуусунда бир катар артыкчылыктарды берет.





Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин
ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ МАКСАТТУУ ДАЯРДОО ИНСТИТУТУ
2009-2010-окуу жылына контракттык бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

1. ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ
- адистиги боюнча квалификация ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим берүү (окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүм - 5 жыл, сырттан окуу - 6 жыл, кесиптик орто билимдин деңгээлинде - 3,5 жыл, кечки түрү - 5,5 жыл),
- кошумча жогорку билим берү (жогорку билимдин деңгээлинде, окуу мөөнөтү 2,5 жыл)
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту адистерди даярдоону жогорку кесиптик билим берүү программаларынын негизинде окутуунун күндүзгү, кечки жана сырттан окуу түрү боюнча төмөнкү адистиктерде жүргүзөт:
540102 Биология - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - биология, химия, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540102 Химия - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - химия, математика, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540103 География - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - география, математика, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540201 Физика - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - биология, химия, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540201 Математика - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө -математика, физика, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540203 Информатика - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - математика, физика, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540301 Кыргыз тили жана адабияты - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - кыргыз тили жана адабияты, тарых, чет тили
540303 Орус тили жана адабияты - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - орус тили жана адабияты, тарых, чет тили
540304 Чет тили - адис
(күндүзгү жана кечки окуу формалары гана бар)
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө -чет тили, тарых, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540401 Экономика - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - математика, география, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540402 Укук таануу - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - тарых, чет тили, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540403 Тарых - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - тарых, чет тили, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540604 Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - тарых, чет тили, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540606 Социалдык педагогика - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө -тарых, чет тили, кыргыз (орус) тили жана адабияты
540702 Көркөм искусство - адис
Кирүү сыноолору: предметтер боюнча тестирлөө - тарых, чет тили, кыргыз (орус) тили жана адабияты
2. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту адистерди даярдоону орто кесиптик билим берүү программасынын негизинде окутуунун КҮНДҮЗГҮ жана СЫРТТАН окуу түрү боюнча төмөнкү адистиктерде жүргүзөт:
Орто кесиптик билим берүү (окуу мөөнөтү):
9-класстын деңгээлинде - 2 жыл 10 ай; 11-класстын деңгээлинде - 1 жыл 10 ай (күндүзгү окуу формасы үчүн), сырттан окутуу 11-класстын деңгээлинде гана жүргүзүлөт - 2 жыл 10 ай:
Ц 0301 математика
Ц 0302 кыргыз тили жана адабияты;
Ц 0302 орус тили жана адабияты;
Ц 0303 чет тили;
Ц 0304 тарых;
Ц 0305 география;
Ц 0307 дене тарбия;
Ц 0311 көркөм искусство жана чийүү
Ц 0312 башталгыч класстарды окутуу;
Ц 0313 мектепке чейинки билим берүү;
Ц 0314 социалдык педагогика;
Ц 0324 информатика;
Ц физика жеке план;
Ц химия жеке план;
Ц биология жеке план.
Абитуриенттерди кабыл алуу төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
документтерди кабыл алуу 24-августка чейин;
рейтингди аныктоо 26-августка чейин;
окууга өткөрүү 30-августка чейин, эгерде окутуунун жылдык наркынын 50%ы төлөнсө.
Окууга өтүүдөгү сунушталуучу негизги документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
абитуриенттин арызы;
паспорттун (9-класстын базасында тапшыргандар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн) көчүрмөсү;
мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто (9-класстын базасында тапшыргандар үчүн негизги орто) билими тууралуу күбөлүк, кесиптик орто билими же жогорку билими тууралуу диплому;
катталуу күбөлүгү же аскердик билети;
№086-У үлгүсүндөгү медициналык маалымдама;
3x4 өлчөмүндөгү алты сүрөт.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун кабыл алуу комиссиясы.

Дареги: 720024, Бишкек шаары, Манас пр. 101, №5 окуу имараты. 2-кабат, 205, 220, 219, 221-б.
Байланыш телефондору:
34-02-32, 32-21-71,
0778-788-877, 0-558-93-93-28