Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча түшүндүрмө
МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК БУТАКТАРЫ
Конституциянын жаңы долбоорунда, жогоруда айтып өткөндөй, парламенттик башкаруу таризи киргизилип, "кубаттуу парламент - калыс президент - кубаттуу өкмөт - көз карандысыз сот бийлиги" ынанымы тандалып алынды. Ошону менен бирге, баардык мамлекеттик кызмат адамдары көп жылдардан бери талаш-тартыш туудуруп келаткан кол тийгистик макамынан ажыратылды.
Эң башкысы, мурдагы жыйырма жылдык тажрыйба эске алынуу менен, президенттин айрым ыйгарым укуктары чектелип, ал парламент менен өкмөткө өткөрүлүп берилди.

Президент мындан ары ал өзү каалагандай өзүнө гана баш ийген мамлекеттик органдарды түзө албайт. Өкмөт мүчөлөрүн өкмөт башчысынын сунушу боюнча гана кызматтан алат.
Ошону менен бирге, борбордук органдардын жетекчилигин дайындоо жана аларды кызматтан бошотуудагы президенттин ыйгарым укуктары да кыйла чектелди.
Кыскасы, Конституциянын жаңы долбоорунда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталып, бийлик тизгинин бир колго топтоо жосундарынын жолу тосулду.

Мыйзам чыгаруу бийлиги: Жогорку Кеңеш
Кыргыз парламентине мыйзамдардын аткарылышы менен аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлгө алуу милдети жүктөлүүдө. Жогорку Кеңештин курамына саясий партиялар аркылуу 21 жаштан жогору 120 депутат 5 жылдык мөөнөткө теңдештик системада шайланып келет.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча, жеңип чыккан партияга 65тен көп эмес мандат ыйгарылат. Демек, парламент курамына көбүрөөк партия өкүлдөрү кирип, бир партиянын жекебасар үстөмдүүлүгү токтотулат.
Жогорку Кеңеш өзү иштей баштагандан тартып 15 күндүн ичинде шайлоодо жеңип чыккан партия тарабынан Премьер-министрдин талапкерлиги көрсөтүлөт. Эгер бир да партия парламент курамынын көпчүлүгүн түзбөй калса, анда эки же андан арбын партиялар биригүү аркылуу талапкер көрсөтө алат.
Парламенттеги башкы эки комитет - укук коргоо жана бюджет боюнча комитеттер жетекчилиги жана төраганын орунбасары кызмат орду оппозициялык партияларга берилет. Мындай чара аткаруу бийлигинин ишине көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Демек, мурдагы бийликтин "жеңген баарын алат" деген урааны жокко чыгарылып жатат. Эми, жеңген баарын албайт, жеңген баары менен бөлүшө баштайт.

Аткаруу бийлиги: Өкмөт
Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Өкмөт курамына вице-премьер-министрлер, министрлер, комитет төрагалары кирет. Аны Премьер-министр жетектейт. Ал мамлекеттик мекеме жетекчилерин да дайындайт.
Өкмөт өз ишмердүүлүгү боюнча Жогорку Кеңешке отчет берет. Ошону менен бирге, депутаттардын жамааттык кутумунан коргоо максатында, анын ыйгарым укуктарынын алкагы кыйла кеңейтилди.
Бирок, аткаруу бийлигинин ишине көзөмөл кылган тараптар көбөйөт. Ошентип, "Жамбаштап жатсаң сонун да" ыры басылып, атаандаштык чөйрө түзүлөт да, жамбашы талыганча жаткан аткаминерлердин шору кайнайт.

Сот бийлиги
Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат. Алар Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат.
Конституциялык сот жоюлуп, анын ыйгарым укуктары Жогорку соттун алдында түзүлө турган Конституциялык палатага өткөрүлүп берилет.
Сот иштерин кароону ыкчамдатуу жана анын сапатын арттыруу максатында, келечекте судьялардын катарын эки эсеге чейин көбөйтүү чаралары караштырылууда.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жаңы Конституция долбооруна ылайык, Президент 6 жылдык мөөнөт менен бир гана жолу шайланат. Мамлекет башчысы мындан ары бийлик бутактарынын ортосундагы калыс кызмат адамы болот.
Ал сотторду, өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жөнүндөгү жарлыктарга кол коет. Башка органдар тарабынан тандалып алынган кызмат адамдары боюнча жарлык чыгарбай коюуга анын акысы жок. Тек, ал андай жарлыкка кол коюу аркылуу ал кызмат адамына тиешелүү ыйгарым укуктар жүктөлгөндүгүн тастыктап, алардын башка органдар тарабынан кысымга алынбай тургандыгына кепилдик берет.
Президентте колтийбестик макамы жок. Анын үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен эмес, өзүнүн жеке эмгек аксынын эсебинен камсыз кылынат. Бул дагы жаңыдан киргизилип жаткан эң маанилүү жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат.

Өткөөл мезгилдеги президент
Өзүңүздөр жакшы билесиздер, өткөндө Убактылуу өкмөт өзүнүн кезектеги декрети менен Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги президентин дайындады.
Албетте, мындай орчундуу милдетти аркалоо сыймык болгону менен, анын артында чоң жоопкерчилик жатат. Жалгыз адамдын колунан эмне келет, андыктан, ушундай өтө сынаакы мезгилде аны менен ийиндеш иштешип жаткан Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрүнүн көмөгү менен жалпы элдин колдоосу керек. Ошол себептен улам, ал кызмат орду Убактылуу өкмөттүн декрети менен эле эмес, жалпы элдик добуш берүү (референдум) аркылуу да тастыкталууга тийиш эле.
Дегеле, Кыргызстанда аял кишинин мамлекет башчылыгына дайындалышы болуп көрбөгөндөй чоң окуя болду. Бул аялдардын коомдогу башкы күчтүн бири катары алдыңкы катарга чыгуусуна түрткү берери бышык.
Белгилей кетүүчү нерсе, өткөөл мезгилдеги президенттин ыйгарым укугу кыйла кенен болот. Ал Конституция долбоорунда каралып жаткан өткөөл мезгилдеги президенттин, ошондой эле өкмөт башчысынын да ыйгарым укуктарын толугу менен өзүнө алат. Президенттин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. Президент саясий партиянын катарынан чыгып, ар кандай шайлоолорго талапкер катары катышпайт. Ал өз ыйгарым укуктарын 2012-жылдын 1-январында жаңы шайланган президентке өткөрүп берет.
Ушу тапта Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн баары мамлекеттик бийликтин мыйзам алкагына киришин күтүп жатат. Демек, 27-июнда өтө турган референдумда "өткөөл мезгилдеги президент" кызмат орду жалпы эл тарабынан колдоого алынса, легитимдүү мамлекет башчысы жана өкмөт жетекчиси катары чет мамлекеттердин жетекчилиги менен теңата кызматташа баштайт.
Баса, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында парламенттик шайлоо өткөрүлгөн соң, жаңы Конституция жоболоруна ылайык, өткөөл мезгилдеги президент өзүнүн айрым ыйгарым укуктарынан ажыратылат. Анткени, 15 күн аралыгында жаңы өкмөт курамы түзүлүп, ал өзүнүн өкмөт башчылык ыйгарым укугун жаңы дайындалган премьер-министрге өткөрүп берет.

ЖАМАН АЙТПАЙ - ЖАКШЫ ЖОК

Анысы кандай, ушу жерде айта кетпесек болбос, биздин алдыбызда дагы бир маселе бар. Башмыйзам долбоору жалпы элдик добушка коюлган референдумдун өтүү мөөнөтү саясий жигердүүлүк кыйла басаңдай турган жай мезгилине туш келип калды. Эми, муну тарыхый жагдай өзү шарттап отурат.
Ал кезде калкыбыздын 500 миң чамалуу эң активдүү бөлүгү, мындайча айтканда, шайлоочулардын 25 пайызы өлкө сыртында жүрөт. Ички көчкүндөрдүн абалы деле азырынча туруктуу эмес.
Бирок, Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу ачык-айкын, калыс шайлоо өтүп жаткандыгы, жарандарыбыздын алга умтулуу аракети менен жигердүү колдоо көрсөтүп жаткандыгы илгери үмүт байлоодо.
Шайлоо чыгымдары алдын ала такталып, референдум жана парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн 450 миллион сом каралган. Ал каражат казынада бар. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, жалпы элдик добуш берүү иш чарасын уюштурууга 129 миллион сом жумшалмакчы.

А, ПАРТИЯСЫЗ ЖАРАНДАР ЭМНЕ БОЛОТ?

Эч нерсе болбойт. Кептин баары эл кызыкчылыгын жалгыз-жарымдап эмес, жамаатташ коргоо, чачыранды күчтөрдү топтоштурууда болуп жатпайбы. Кандайдыр бир ойду жалпы элге таңуулоо үчүн ал пикирди колдогон адамдар тобу болуш керек да. Ошондуктан, кызыкчылык мамилелери дал келген адамдар биригип, саясий партия түзүп, шайлоо аркылуу парламентке келсе болот.
Анын үстүнө, шайлоолорго катышкан партиялардын тизмесине ал партияга мүчө эмес адамдар деле киргизиле берет. Ага мыйзам тарабынан деле тыюу салынган эмес.
"Парламент курамы толугу менен партиялык тизме боюнча шайлана баштагандан бери, Кыргызстан аймактарындагы жергиликтүү көйгөйлөргө көп көңүл бурулбай калды, ошондуктан парламент курамынын кандайдыр бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келүүгө тийиш" деген пикирлер байма-бай айтыла баштады.
Партиялык тизме боюнча теңдештик шайлоо системасы жергиликтүү маселелердин чечилишин көңүл сыртында калтырбайт. Анткени, ал саясий партиялардын жергиликтүү бөлүмдөрү бар, алардын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин курамына шайланып жатышат. Партия өкүлдөрү өздөрүнүн депутаттык фракцияларын түзүүдө. Ошентип, ал маселелер тууралуу сунуштар Жогорку Кеңештеги депутаттык фракцияларга, депутаттык фракциялар аркылуу жалпы парламенттин кароосуна коюлуу мүмкүнчүлүгү бар.


ТЕҢДЕШТИК ШАЙЛОО АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Ошентип, талаш-тартышка түшүп, ар кандай кайчы пикирлер айтылып келаткан Конституциянын долбоору жалпы элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынганы турат. Ага ылайык, коомдук мамилелердин тартиби, бийлик бутактарынын өз ара алака амалы, саясий күчтөрдүн атаандаштык оюн эрежеси да кыйла өзгөрөт.
Конституция долбоорунун 2-беренесинде: "Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат" деп айтылган. Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, эл парламенттик башкаруу таризин тандап алганы турат. Демек, саясий партияларга эл кызыкчылыгын коргоо боюнча өтө зор жоопкерчилик тагылууда.
Ырас, азырынча жалпы эле өлкөдөгү саясий күчтөрдүн саясий маданияты калыптануу жолунда барат. Баары бир саясий партиялардын мааниси мындан ары да арта берери бышык. Муну өнүккөн өлкөлөрдүн мисалынан көрүп турабыз.
Ушу тапта карапайым калкыбыздын калың катмары ар кандай саясий башаламандыктардан тажап бүттү. Саясий абалды турукташтырып, элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү зарыл. "Эртең деген - эч бүтпөйт", азыртан баштоо керек. "Заман оңолсо - жаман оңолот" дешет, адегенде ишти ошол замандын өзүн оңдоодон баштайлы.
Кеп баардык аракеттердин мыйзам жолуна салынгандыгында жатат. Анткени, мыйзам талабын аткаруу - ар жарандын милдети. Ар жаран өзүнүн жарандык милдетине атуулдук ынаным менен мамиле жасай алганда гана, жакшылык менен эгерим жалгашпаган андай жорук-жосундардан арыла алабыз. Ошондо гана мыйзам бийлиги өз өкүмүн көрсөтүп, өз бийлигин чындап жүргүзгөн болот.

СОҢКУ СӨЗ

Заман өзгөрүп жатат, заманага жараша Кыргызстан эли да өз турмушун өзгөртүүнүн үстүндө келет. Өлкө турмушундагы орчун окуялар элибизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге, жамы журттун алдына жаңы милдеттерди, жаңы талаптарды коюп жаткан чак. Заман талабына заманбап ой жүгүртүп, аны менен тең кадам таштоо аракетинде жүргөн замандаштарыбыздын катары калыңдап баратканы да ушундан улам чыгар.
Ал эми карапайым калкыбыздын калың катмары ар кандай башаламандыктар менен олку-солку абалдан тажап бүттү. Саясий абалды тезинен турукташтырып, элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү зарыл.
Биз баарыбыз байгер жана бейпил өлкө келечегин түптөп жатабыз. Муну эгерим эстен чыгарбоого тийишпиз. Биздин эл баардык кыйынчылыктарды жеңип, Кыргызстан келечекте чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула тургандыгына ишеним зор. Биздин бар аракетибиз мына ошого багытталган.
Демократиялуу жана эгемен өлкөнү түптөө боюнча тарыхый ооматын колдон чыгарбоо максатында, биз карапайым калктын калың катмарын бириктирүү менен, эл ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти сактап калууга тийишпиз. Ошондуктан, жарандарыбыз мындан ары да жамы өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык курумдардын жүрүшүнө түздөн-түз катышып, өз салымын кошо тургандыгына чоң ишеним артабыз.
Бу жалганда түбөлүктүү, идеалдуу нерсе жок, баары салыштырмалуу карала турган нерсе. Ошентсе да, Конституциянын бул жолку долбоорунда, айрым бир жагдайларды айтпаганда, баардык тараптардын мүдөөлөрү эске алынгансыды.
Мезгил оошот, заман өзгөрөт, заманага жараша биз дагы өнүп-өсүп турабыз. Заман талабына жараша, мезгил-мезгили менен түзөтүүлөрдүн киргизилиши - турулуу иш. Бирок, андай өзгөртүүлөрдүн баары элдик бийликтин бекемделүүсүнө гана багытталууга тийиш.
Адамды алмаштыруу менен эле бийлик табияты өзгөрүп кетпейт тура. Адегенде ошол системанын өзүн өзгөртүү милдети турат. Буюрса, мына Конституциянын жаңы долбоору тыкыр иштелип чыгып, эл сынына коюлуп отурат.
Ар бир жаран 27-июнда өтө турган референдумга катышып, өз добушун берүү аркылуу өз келечегин тандап алууга тийиш. Ошондой эле, бүткүл Кыргызстандын келечеги да биздин колубузда тургандыгын эгерим эстен чыгарбайлы.