Коом. Ата-эне. Мектеп

Мектеп рэкети
анын себептери жана аны чечүүнүн жолдору
Мамлекетибиз өз алдынчалыкка бет алгандан тарта дээрлик бардык тармактарда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр боло баштады. Тилекке каршы, бул өзгөрүүлөр өстүрүүчү эмес, көбүнесе кыйратуучу мүнөзгө ээ болду. Мындан мамлекеттин айыл чарбасы, экономикасы гана жапа чекпестен, мамлекеттин пайдубалын түзүп турган илим - билим да туңгуюкка келип такалды. Билимдин баасы түшүп, куну кетти. Мектептердеги окуу-тарбия иши баш аламандыкка кептелип, аталышы жаңы, мазмуну эски боюнча кала берди. Андан да базар - экономикасындагы ар ким өзү үчүн деген жин ургандай атаандаштык балдарды тарбиялоо, окутуу процессинин экинчи планга жылып, көз жаздымда калуу абалын шарттады. Демек, бүгүн бизди тынчсыздандырып жаткан мектеп рэкетинин маселеси тээ тереңде жаткандыгы ар бир мугалимге, ар бир ата-энеге жана коомчулукка жаңылык эместир.

Учурда мектеп рэкетинин күчөп, кылымыштуулукка чейин өсүп жетилүүсүнүн абдан көп себептерин атоого болот:
- Эмгек мигранттарына айланган ата-энелердин кароосуз калган балдары;
- Ата-энелердин мектеп турмушуна болгон кайдыгерлиги;
- Ата-энелер комитетинин баланын укуктарын коргой албагандыгы же ал жөнүндө таптакыр түшүнүгүнүн жоктугу;
- Мектептин педагогикалык жамаатынын кескин түрдө сан жагынан гана азайбастан, сапаттык деңгээлинин да начарлап кетиши;
- Коом - ата-эне - мектеп үчилтигинин иш-аракетинин формалдуулугу;
- Мектептеги тарбия иштери жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын иш-аракетинин экинчи планга жылып калуусу;
- Жаш мугалимдердин көп-чүлүгүнүн педагогикалык-психологиялык жактан даярдыгынын төмөндүгү;
- Мектеп администрациясынын билим-тарбия иштеринен четтеп, көбүнчө мектептин чарбачылык иштери менен алектенип калгандыгы;
- Мугалимдерге моралдык да, материалдык да колдоонун жоктугу;
- Мектеп жамаатын жетектөөгө даярдыксыз, кокустан келип калган жетекчилердин дайындалышы;
- Билим берүү министрлиги, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мектептерге тарбия окуу иштери боюнча усулдук-практикалык жардамдардын өз убагында жеткиликтүү берилбей жатышы;
- Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча заманбап, ыңгайлу иш-аракеттердин жоктугу;
- Балдарга билим берүүдөгү аталышы жаңы, мазмуну эски окуу программаларынын негизинде окутулуп жаткан ашыкча, супсак сабактардын өтүлүшү;
- Окуу китептеринин жетишсиздиги (айрыкча кыргыз тилиндеги);
- Класстагы окуучулардын саны чектелбей, бир класста 30-35 балага дейре окуп жаткандыгы;
- Окуучу менен мугалимдин биргелешкен ишмердүүлүгүнө чоң кедергисин тийгизип жаткан мыйзамсыз акча чогултуунун аягына чекит коюлбай жаткандыгы;
- Жаш кадрлардын жана чыгармачыл мугалимдердин эмгектенүүсүнө тиешелүү шарттардын жетишсиздиги;
- Мектеп жамаатынын ичиндеги ар түрлүү интригалардын байма-бай болуп турушу;
- Укук коргоо органдарынын өз убагында мектеп окуучулары менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин профессионалдык маанайда алып бара албай жаткандыгы;
- Элдик идеяны камтыган программалардын чийкилиги;
- Жалпы коомчулуктун балага жана анын келечегине, тагдырына болгон кайдыгерлиги.
Жогоруда келтирилген мисалдар куру сөз же айрымдар айтып жүргөндөй жөн эле популисттик саясий көз-караш эмес. Мамлекеттин өз алдынчалыгына салым кошуу айрыкча мугалимдердин зор милдети.
"Балапан уядан эмнени көрсө, учканда, ошону алат" дегендей, баланын жан дүйнөсүнүн калыптануусу биринчи кезекте ата-эне менен мугалимдин ички көрөңгөсүнө, рухий дүйнөсүнө, деги эле адамдык сапаттарына тыгыз байланыштуу. Эгер дарыгер же курулуш инженери өз ишинен жаңылса, анын азабын аз гана киши тартат, ал эми адамдын учурдагы, келечектеги тагдырына пайдубал куюучу мугалим ыймандан тайса, анда анын кесирин бүтүндөй эл тартат. Ошондуктан мугалимдин жаңылууга же пендечилик кылууга акысы барбы?
Мамлекет ата-энени да, мугалимди да, окуучуну да бушайманга салган мектептин ремонтуна, китепке акча чогултууга чек коюп, бир оор жүктөн арылткандай болду эле. Бирок мектеп жетекчилери ар кандай шылтоолор менен акча чогултууну адатка айландырып алганбы же чындап эле мамлекет мектептерге реалдуу жардам бербей эле, олчойгон-олчойгон каражаттарды билим берүү мекемелерине берип жатабыз деп калп айтып жатабы, айтор, ушул күнгө чейин мектеп окуучуларынан мыйзамсыз акчалар жыйналып эле келе жатат. Жада калса ата-эне баланы бир мектептен экинчи мектепке которууда спонсорлук акча каражатын да берүүгө мажбур болот. Бул учурда баланын ата-энесинин социалдык абалын эч ким териштирип олтурбайт. Ооба, мектептин кем-каржын спонсорлук жардамдар менен чечүү жолдору айрым өнүккөн мамлекеттерде бар. Ал мамлекеттерде мектепке капчыгынын мүмкүнчүлүгүнө жараша айрым ата-энелер, мектепти бүтүп кеткендер же кайрымдуулук менен алектенген жарандар, фонддор жардам беришет. А биздин мектептерде мындай жардамды окуучуну мажбурлоо менен алышат. Мектептеги ушундай коммерциялык иш-аракет ата-эне - мугалим - окуучунун ортосундагы жылуу мамилени түзүүгө кепил боло алабы? Албетте, жок. Тескерисинче социалдык, психологиялык көрүнбөгөн карама-каршылыктарды пайда кылуу менен окуучуну да, мугалимди да моралдык кыйроого алып келет да, жыйынтыгында балдар эч кимди аябаган таш боор, өзүмчүл, карөзгөй болуп чыга келишет.
Чоңдорго каяша айта албаган балдар, бардык ызаларын бири-бирине зордук-зомбулук көрсөтүү жолу менен чыгарып алышат. Мына ошентип мектептеги мыйзамсыз акча чогултуунун көмүскөдөгү түрүнө айланган мектеп рэкетинин иш-чарасы бутактап, шактап, окуучунун жан дүйнөсүнө бүлүк салып, анын окуу ишмердүүлүгүнө ар тараптан тоскоолдук кылуу менен бирге, инсан катары толук кандуу калыптануусуна чоң залалын тийгизет.
Адамзат жашоосунун ийгилиги, улам өргө карай жүрүшүнүн сыры адамдын кулк-мүнөзүн, акыл-эсин адамгерчилик, айкөлдүк, кечиримдүүлүк, достук сыяктуу мыкты сапаттарга багыттоо менен байланыштуу эмеспи. Бүгүн биз балдарыбызды аталган мүнөздөргө тарбиялай алдыкпы? Албетте, жок, тескерисинче, өзүбүздү да, балдарыбызды да батыштын прагматикалык "күн карама" калыбына салып, бардык асыл касиеттерибизден ажырап калуудабыз.
Бүгүн мектеп турмушунда рэкетизм системасы уюмдашкан туруктуу иш-аракетке өтүп, өзүнүн жазылбаган мыйзамдары менен окуу-тарбия ишине таасир этип жаткандыгын, ошондой эле алардын аракети бузуучу зор күчкө ээ экендигин билсек да, билмексен, көрсөк да, көрмөксөн болуп келдик. Тактап айтканда, рэкетизмге каршы күрөштөн билим берүүнү тескеген жетекчилер, мугалимдер бизге жаман сөз тийбесин деп, жаман атты болуудан качса, ал эми ата-энелер мындай опурталдуу аракетке барсам баламды майып кылып алам дешип коркушат, б.а. "ак карга" болгулары келбейт, а бул учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кайда экендиги белгисиз.
Эгер биз бакубат карылыгыбызды ойлосок, азыр мектеп окуучуларынын үрөйүн учуруп, жүрөгүнүн үшүн алган мектеп рэкетинин кесепетине каршы күрөштү мектеп партасынан баштабасак, анда мамлекетибиздин келечегин кылмыш чөйрөсүнүн колуна тапшырып берген болобуз.
Мектеп рэкетинин катмарлашып кеткен иш-аракетин кантип токтотобуз? Окуу-тарбия иш-аракетине өзүнүн чоң кедергисин тийгизип жаткан бул көрүнүштү жоюу үчүн төмөнкүдөй пикирибизди сунуштайбыз:
1. Мектептеги тарбия ишин элдик идеялар (Байгазиев Советбек агайыбыздын автордук долбоорунун негизинде) менен айкалыштырып жүргүзүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу;
2. Тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын милдеттерин аныктоо жана жандандыруу;
3. Класстагы тарбиялык сааттардын сапатын көтөрүү;
4. "Манас", "Семетей", "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр уюмунун иштерин мамлекеттик деңгээлге көтөрүү;
5. Аталган уюмдун укугун жана милдеттерин аныктоо менен анын иш-аракетин жүзөгө ашыруучу кесипкөй кадрларды даярдоо;
6. Психологиялык-педагогикалык жактан мугалимдердин билимин тереңдетүүчү атайын окууларды уюштуруу;
7. Мектеп жамаатын жетектөөчү жетекчини тандоонун жаңы критерийин иштеп чыгуу;
8. Мугалимдердин социалдык теңсиздигин жоюу, т.а. эмгегине жараша адилеттүү маяна төлөө;
9. Мектеп директорунун укугун жана милдеттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бирге иштөө мөөнөтүн чектөө;
10. Ата-энелер комитетинин укуктарын жана милдеттерин аныктоо;
11. "Коом - мектеп - ата-эне" үчилтигинин республикалык масштабдагы иш планын түзүү;
12. Ата-эненин мектеп турмушундагы кызматын, милдетин аныктоо;
13. Окуучулардан мыйзамсыз акча каражатын чогултууну токтотуу;
14. Окуучуларды окуу китептери менен толук камсыз кылуу;
15. Окуучунун жана мугалимдин укуктарын жана милдеттерин жаңылоо, аныктоо;
16. Бир класста билим ала турган окуучулардын санын чектөө;
14. Баланын укугу жөнүндөгү окууларды, семинарларды,конференцияларды эл аралык, республикалык, облустук, райондук деңгээлде өткөрүү;
17. Балдар үчүн тарбиялык мааниси бар классикалык китептердин чыгуусун (айрыкча кыргыз тилиндеги) камсыз кылуу;
18. Укук коргоо органдарынын мектеп окуучулары менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өз убагында алып баруусун жолго коюу;
19. Жалпы коомчулуктун көңүлүн мектеп рэкетизми менен күрөшүүгө багыттоо.
Мектеп рэкети учурда ар бир ата-эненин, окуучунун, мугалимдин, жалпы коомчулуктун коркунучтуу көйгөйүнө айланып олтурат. Ошондуктан бул маселени республикалык деңгээлде карап, аны чечүүнүн иш-чарасын иштеп чыгуу зарыл.
Элибиздин келечек жыргалчылыгы жаштарыбызды тарбиялоого байланыштуу. Тарбиясы жаман адамдын эрдиги - оройлукка, билимдүүлүгү - көйрөңдүккө, өткүрлүгү - баканооздукка, жөнөкөйлүгү - дөдөйлүккө, боорукерлиги - жасакерликке айланат. Балдарыбызды туура тарбиялап, татыктуу билим берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Ошондуктан канаты ката элек балдарыбызды тагдырдын тамашасына салып бербей, жапа тырмак тамырлашып калган "мектеп рэкети" деген оорудан арылуунун дарысын издейли…

Ленара Ниязбекова,
ата-эне, мугалим.