Сын-пикир

Окуучулар олимпиадасы: күңгөйү менен тескейи
Учурдагы билим берүү тармагындагы оош-кыйыштар, предметтерди окутуудагы олуттуу мүчүлүштүктөр, кендирди кескен каржынын тийгизген таасири ж.б. маселелер көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп келүүдө.

Азыркы учурда республикадагы 2111 мектепте 1 124 883 окуучу таалим-тарбия алып жатат. Анын ичинен 38 менчик мектеп бар.
Жалпы билим берүүнүн көйгөйлөрү, предметтерди окутуудагы мүчүлүштүктөр, усулдук жаңылануудагы кайтарымсыз аракеттер, мугалимдердин жеке кадыр-баркынын төмөндөп кетиши (1970-80-жылдарда эң барктуу кесип деп эсептелинген) жөнүндө массалык-маалымат каражаттарында мугалимдердин конференцияларында, илимий симпозиумдарда жалындуу сөздөр айтылып, иш жүзүндө эски калыптан чыгалбай, кыймыл улам жай абалда жүрүп келүүдө.
Окуучулардын кыргыз тили жана адабиятынан алган билимин так таразалоонун, айкын баа берүүнүн бир шарты жылда өткөрүлчү облустук олимпиадада аныкталат.
2010-жылдын 25-26-февралында Ош облусунун райондорунун мектептеринен келген окуучулардын предметтер боюнча өткөрүлгөн олимпиада мурункуларга караганда тааныш-билиш, жең ичинен сүйлөшүү, жогортон көрсөтмө берүү өңдүү терс көрүнүштөрү жок таза өттү деп белгилөөгө болот.
1-турда окуучулардын дареги айтылбастан, шифр менен киргизилип, жазуу иштерине да шифр коюлуп текшерилди. 2-турдун оозеки сынагында да жогоркудай үлгү колдонулуп, окуучунун жообу үн жаздыруучу аппаратка (диктофон) жазылып, бейтарап байкоочулардын катышуусунда алынды. Эгерде окуучу өзүнүн жоопторуна коюлган баллга нааразы болсо, апелляциялык комиссияга кирип, өзүнүн жообу диктофондон баштан-аяк угузулду.
Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча даярдалган жазуу, оозеки тапшырмалардын деңгээли, актуалдуулугу жөнүндө айрым көз караштарыбызды ортого салып көрөлү.
Кыргыз тилинде окуган 10-11-класстын, орус (өзбек, тажик) тилинде окуган 11-класстын окуучулары үчүн жазуу түрүндөгү 8 пункттан турган суроолордун түзүлүшү шуруга тизгендей окшош, бирдей болуп калган. Жаш курагы, окуу материалынын жеңилден татаалга деген принциби сакталган эмес. Жадагалса, кыргыз тилинде, орус тилинде окутуунун өзгөчөлүгү, берилчү маалыматтын өлчөмү жана окутулушу эске алынбаган. Бул тапшырмалар КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөндүгү да таң калтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн тапшырманын түп нускасынан мисал келтирели (10-класска):
1. Төмөнкү ырды жакшылап окуп чык, андагы көркөм сөз каражаттарына талдоо жүргүз да ырдын мазмуну, көркөмдүгү жана сабаттуулугу кандай экендигин далилде (жакшы ырбы, ортозаарбы же начарбы?)
Акча, теңге түгөнүп,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы,
Кыйын чыгат дечү эле.
Калаа-коргон көбөйүп,
Кент түгөнөт дечү эле.
Тегерете урдурган,
Коргон чыгат дечү эле.
Тегеретип бардыгын,
Кагаз менен иштетип,
Соргон чыгат дечү эле.


Арстанбек
Суроонун түзүлүшүндө стилистикалык ката кетирилип, тапшырмадагы негизги максат ажыратылбаган. Көркөм сөз каражаттарына талдоо жүргүз деп, кайра ырды "ортозаарбы, начарбы далилде" деген эмнени түшүндүрөт? Тыныш белгилери да коюлган эмес. Жогорудагы ыр Арстанбек Буйлаш уулунун "Тар заман" (Улуу кыргыз көчү. - Бишкек, 2006, 56-бет) деген казалынан алынып, түп нускасы өзгөртүлүп, катар саптары алмаштырылып, түшүнүксүз ой берилип калган. Баш аламан саптарга окуучу кантип талдоо жүргүзө алат?
11-класстын окуучулары үчүн берилген суроо да жогоркунун эле көчүрмөсү. Ж.Бөкөнбаев менен Ж.Турусбековдун ырларынан мисал келтирилип, "салыштырып, кайсынысы жакшы ыр же начарын ынанымдуу көрсөт" деген тапшырма берилген. Белгилүү акындардын ырларын аныктап, ажыратуу окуучу эмес, дасыккан адабиятчы үчүн да оор экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Ал эми орус тилинде окуган 11-класстын окуучуларына суроо жогоркудай берилип, О.Султановдун төмөнкү ырын талдоону сунуштайт:
"Сенин сүйүүң жаштыгыңдан жаш эле
Менин сүйүүм көп-көк эле көктөмдөй.
Сенин сүйүүң тазадан да таза эле
Жаштык өттү өткүн жаап өткөндөй"
Мектеп программасына киргизилбеген акындын өзү, чыгармачылыгы жөнүндө маалыматы жок окуучу жогорку ырга кантип пикирин билдире алат? 8 пункттан турган тапшырманын бардыгын чакан макалага сыйдыруу мүмкүн болбогондуктан, 1-пунктту гана мисал кылып көрсөттүк.
Жазуу түрүндөгү тапшырмаларды түзүүгө министрлик тарабынан бекитилген жооптуу адамдардын бул иш-аракетке кош көңүл мамиле жасаганы ачык билинип турат.




Эскертүү: Оозеки тур маектешүү мүнөзүндө жүрөт. Орус мектептеринде окуган окуучуларга жюри мүчөлөрү айрым суроолорун жеңилдетүүгө тийиш.
Олимпиадага келген министрликтин өкүлү: "Оозеки сынакты жогорудагы критерийлерге таянып, кандай формада өткөрүүнү калыстар тобу чечет", - деп билдирди. Маектешүү менен жеңүүчүлөрдү аныктоого мүмкүн эмес. 2 саат бою ары сүр, бери сүр болуп, арга жок шашылыш түрдө суроолорду түзүп, сынакты баштадык. Ачыгын айтканда, формалдуулукка жол берилди. Критерийлерди сунуш кылганга жараша сынактын суроолорун түзүп беришсе болмок. Же болбосо, облустук олимпиаданы уюштуруучуларга милдеттендирип, дале болбосо калыстар тобуна алдын-ала маалымдап койсо, жогоркудай көйгөй чыкпайт эле. 23 окуучунун, ата-энелеринин, окуткан мугалимдеринин тарткан түйшүгү кылдай да эске алынбай калган.
Орус тилинде окуган окуучулар критерийдин 1-2-3-4 - пункттарына талаптагыдай жооп берери күмөн жаратат. Бул пункттар жөнөкөйлөштүрүлүп, жеңилдетилип берилсе, ыңгайлуу болот эле. Жогорудагыдай көрүнүшкө республиканын бардык облустарындагы олимпиадага калыс болуп катышкандар күбө болушса керек.
"Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, ар кимге сын айтуудан алыспыз. Бирок ачуу чындыкты айтууга мажбурбуз. Сынактын жүрүшүндө окуучулардын жазуу маданияты улам төмөндөп баратканы, эрежелерге ылайык жазуунун үлгүлөрүн билбегени аныкталды. 2008-жылы чыккан кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин соңку редакциясы облустун көпчүлүк райондоруна жетпегени да белгилүү болду. Айрым окуучулардын өз оюн эркин, кеп маданиятынын талаптарына ылайык (так, туура, көркөм, уккулуктуу ж.б.) сүйлөй албагандары да өкүнүчтү жаратты. Кээ бир окуучулар даярдыгы начар, сүрөмөлөө менен эле катышып калганына да күбө болдук. Ошондой болсо да, "Экөөгө бергис бирөө бар, өгөөгө бергис бүлөө бар" дегендей, Кара-Кулжа районунан келген таланттуу, ынтызар окуучу Байзак Маматалиев 1-орунду ээлеп, республикалык олимпиадага жолдомо алды. Олимпиаданын жыйынтыгында эске алчу 3 жагдайды өзгөчө белгилөөгө болот:
1. Кыргыз тили жана адабиятын мектепте окутууда калыптанган курулай эреже жаттатуудан, өктөм мажбурлоодон четтеп, эркин ой жорууга, кеп ишмердүүлүгүнө көнүктүрүүгө үйрөтүүнү жетекчиликке алуу керек. Олимпиадада жазуу, оозеки түрүндө сынак алынып, ЖОЖдордун кыргыз филологиясы факультетине тапшырган абитуриенттерден тест түрүндө сынак алуу - бири-бирине коошпогон, алгылыксыз аракет болуп калууда. Мындан ынанымдуу бүтүм чыгарып, сапаттуу иш-чараларды жүргүзүүгө эбак мезгил жетти.
2. Республика боюнча олимпиада өткөрүү үчүн 1 млн. сом, жеңүүчүлөргө 138 миң сом бөлүнгөндөн кийин, сынактын талаптарын так иштеп чыгып, уюштуруу иштерин да өз даражасында өткөрүү зарыл эле. Келерки жылы өткөрүлчү олимпиадада терең изденип, мектеп программасынын материалдары камтылган, жаңылыкка жол ачкан, татыктуу билим берүүнүн үлгүлөрү чагылдырылган жагдайларды эске алып, уюштурууну колго алууну эскертмекчибиз.
3. Я.А.Каменский: "Күн алдында мугалимден артык эч бир кызмат жок", деп белгилегендей, бардык кесиптердин башатын ачкан, алгачкы таалим берген ары оор, ары жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесиптин калк кадырлоосунан тайып, "эл жакшыларынын" көз жаздымында калып жатканы дагы бир чечилбес маселе болуп келүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, билим берүүдөгү иш-чаралар жогору жактан (министрликтен) тыкан иштелип, иретке салынып, күмөн жаратпаган, ишенимдүү таризде сунушталса, аткаруучулардын, катышуучулардын аракетинен натыйжалуу майнап чыгышы толук ыктымал.

Асылбек Айтманбетов,
Ош мамлекеттик университетинин доценти




Олимпиаданын 2-турунда оозеки алынчу сынактын тапшырмасынын түп нускасын сунуш кылабыз:
Кыргыз (орус) тилдеринде окуган олимпиаданын катышуучуларынын оозеки жоопторун баалоонун
к р и т е р и й л е р и
1. Азыркы мезгилдеги кыргыз адабиятына берген обзору эске алынат.
2. Жаңы кабыл алынган кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин канчалык өздөштүргөнү бааланат.
3. Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча системалуу ойлоно алгандыгы.
4. Кыргыз акындарынын чыгармаларын жатка айта алгандыгы.
5. Көркөм окуу чеберчилиги.
6. Өзүнүн кебинде көркөм сөз "берметтерин" колдоно алгандыгы.
7. Сөздүн кыйыр, өтмө ж.б. маанилерин канчалык биле алышы.
Оозеки жоопторго берилген баллдардын жалпы саны: 35 балл.