Учур маселеси

Эльмира Ибраимова:
"Учителя должны думать об улучшении качества образования"
Вот и закончился еще один учебный год. Но этот год особенный. После выпускных экзаменов сразу в стране пройдет референдум по принятию Новой редакции Конституции КР. Что ожидает летом наших учителей? С таким вопросом мы обратились к координатору социального сектора Временного Правительства Эльмире Ибраимовой.

- Эльмира Султановна, закончился учебный год, как будет вестись подготовка к новому учебному году?
- Несмотря на то, что у детей начались каникулы, в школах не прекращается работа. Непосвященному человеку кажется, что с завершением очередного учебного года вся работа учителей завершается. Но это далеко не так, а может быть и наоборот. Наши учителя несут большую нагрузку именно в летнее время, когда необходимо подвести итоги уходящего года и провести огромную подготовительную работу к предстоящему учебному году. Это и проведение выпускных экзаменов, и работа по приему в школы новых учеников, и разработка новых методических материалов и т.д. Что скрывать, часто на плечи наших учителей помимо всего прочего, ложится и подготовка школьной инфраструктуры, когда в отпускное время они вынуждены сами красить и белить классы, приводить в порядок школьную мебель. Это наша реальность и не стоит об этом забывать. Общаясь с учителями школ, я понимаю, что все эти годы они честно несут свою нелегкую миссию, за что я чувствую перед ними глубокую благодарность.
Правительству надо сейчас думать о том, как сделать профессию учителя престижной, для чего в первую очередь, надо решить вопрос о повышении материальной заинтересованности, в том числе решить вопрос о справедливой системе оплаты за труд.
Сегодня меня также беспокоит следующее. Так заведено, что во время всех выборных кампаний в процессы политической борьбы вовлекаются и наши школы. Всем хорошо известно, что все эти годы власть использовала школы и учительский корпус для достижения собственных политических целей, при проведении выборных кампаний. Зачастую учителя против своей воли, под страхом увольнения вынуждены были участвовать в организации выборов. Это, на мой взгляд, подрывает веру наших сограждан в проведении честных и независимых референдума и выборов. Поэтому Временному Правительству важно обратить внимание на открытое обращение представителей учительского корпуса, гражданского сектора к ВП, руководителям местных государственных органов и органов местного самоуправления, руководителям районных и областных отделов образования c требованием прекратить оказывать давление на школьную администрацию с целью ее вовлечения в избирательные процессы.
Вместе с тем, каждый учитель, как гражданин Кыргызской Республики, вправе самостоятельно решать - как и за какую партию работать на выборах. Но это должен быть осознанное и главное добровольное, без какого-либо принуждения, решение.
Для вынесения коллегиального решения членов ВП я внесла проект Постановления о запрете на привлечение работников общеобразовательных учреждений в работу избирательных комиссий при проведении референдума и предстоящих парламентских и президентских выборов.
Нам надо дать учителям работать в обычном режиме, несмотря на политические мероприятия текущего года. Учителя в первую очередь должны думать об улучшении качества образования, а не о том, что они должны под давлением выполнять партийные поручения, входить в составы избирательных комиссий. Этот шаг ВП, в случае поддержки его со стороны других ее членов, должен продемонстрировать наше общее стремление к тому, чтобы наконец-то искоренить практику использования пресловутого административного ресурса на выборах.
- Тогда можно надеяться, что учителя могут спокойно заниматься своим делом?
- В Министерство образования пришло новое руководство, которое пришло с целью не только удержать ситуацию, но и воплотить в реальность многие инициативы, обсуждаемые в обществе в течении длительного времени. Так что придется очень интенсивно работать. Но работать учителя будут на благо нашего образования. Ради той благородной миссии воспитания достойной молодежи, которой они посвятили себя.

Подготовила
Гульнара АЛЫБАЕВА, "Кутбилим"





Мыкты методикалык иштелмелер аныкталды
Жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн окутууда жаңы инновацияларды киргизүүгө активдүү катышкан окутуучуларды, жогорку окуу жайларды колдоо максатында республикада биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Республикадагы жогорку окуу жайлар арасында мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекси" аттуу сынактын жыйынтыгы 28-майда Билим берүү жана илим министрлигинде чыгарылды.
Сынак республикадагы баардык жогорку окуу жайлар жана окутуучулар арасында жарыяланган. Ага жалпы 50 автор катышып, алар 27 окуу-методикалык комплекстердин иштелмелерин сунушташкан. Анын ичинен эксперттик комиссия сынактын баардык талаптарына жооп берген жети ишти тандап алып, жыйынтыктоочу сынакка алып чыгышкан. Сынактын экинчи жана жыйынтыктоочу этабында катышуучулар иштеп чыккан окуу-методикалык комплексин калыстар тобуна өздөрү жактап беришти. Анын жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жашыруун добуш беришти.
Натыйжада сот медицинасы боюнча Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын окутуучусу Сопубекова Назира, долбоорлоонун негизи жана методдору боюнча Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен Халмурзаева Эльмира, тарых боюнча Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Бектемирова Айнагүлдөрдүн иштеп чыккан окуу-методикалык комплекстери мыкты деп табылды. Бул жеңүүчүлөргө дипломдор, кымбат баалуу белектер жана он миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Калган Ош мамлекеттик, Кыргыз экономикалык, Кыргыз-Түрк "Манас" жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин атынан чыккан төрт жеңүүчүгө дипломдор жана ар бирине үч миң сомдон сыйлыктар ыйгарылды.
Бул конкурс Билим берүү жана илим министрлигинин, жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлдү. Аны өткөрүү демилгесин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандын отуздан ашуун жогорку окуу жайларынын коомдук фонду болуп саналган "EdNet" билим берүү мекемелеринин Ассоциациясы көтөрүп чыккан.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".




Чыгыш спортун сүйүүчүлөр мелдешти
Чыгыш элинин Сунси нэйцзяцюань (УШУ) спорттук оюну боюнча биринчи эл аралык турнир 28-майда "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда болуп өттү.
Ага жүздөн ашуун Кыргызстан, Кытай, Россия, Украина жана Казакстандын жаш спортчулары катышты. Мелдешке түшкөн спортчуларга судья Кытайдан келген УШУнун мастери, Сунси нэйцзяцюань стилинин 13 муунунун тарбиячысыЛи Цзяньпин болду. Мелдештин шарты боюнча спортчулар куралы жок урушуунун техникасын жана Сунси стили боюнча курал менен мушташуунун ыкмаларын көрсөтүштү. Турнирдин эң кичинекей катышуучусу тогуз жашта болсо, эң улуусу алтымыш жаштагы спортчулар болду.
Мелдеште биринчи орунду кыргызстандык Ташболотова Нестан алса, экинчи орунга Ташматова Айсалкын чыкты. Үчүнчүнү Сивая Наталья алып кетти. Бул жеңүүчүлөргө жана турнирдин баардык катышуучуларына баалуу белектер жана сертификаттар тапшырылды.

Ч.К.




ТАГДЫР ЧЕЧЕР ЭКИ БЕРЕНЕ
Жаңы Баш мыйзам долбоору референдумга коюлса, ага жетиштүү сандагы жарандар катышабы? Бул суроо Ө.Текебаев жетектеген топту эле эмес, саясатка анча аралашпаган адамдарды да кыжаалат кылууда. Чындыгында парламенттигине да, президенттигине да дээрлик бирдей карагандар (кеп системада эмес, эл башына келер инсандын адамдык сапатына байланыштуу деп ойлогондор) абдан көп. Бирок бул ирет жалпы элдик добуш берүү ийгиликтүү өтүшү зарыл. Буга жетишүүнүн негизги жолу - түпкүлүктүү улут катары кыргыздардын саясий аң- сезимин өнүктүрүү. Ырас, 7-апрелде элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн канын төккөн, жанын берген баатырлар элди ойготту. Бирок мунун өзү эле жетишсиздик кылат. Азыркы талкууга кеңири катышпай жаткандардын бир бөлүгү өлкө тагдырына кайдыгер болсо, дагы бир зор бөлүгү (сүткө оозун күйгүзгөндөр) Убактылуу өкмөткө ишенбей турат окшойт.

Тил маселесин түшүнбөгөндөрдү эл колдобойт

Конституциялык кеңешме элди өзүнө тартуу үчүн долбоордогу мамлекеттин динге карата мамилесин аныктаган беренени абдан катуу талкуулап, дин чөйрөсүнүн, айрыкча мусулман коомчулугунун пикирин эске алууга аракеттенгени туура эле болду. Бирок "светское государство" дегенди кыргызчага дале жакшы которо албай турушат. Бул боюнча өз сунушумду айтардан мурун жаңы долбоордун өтөр-өтпөсүн, Убактылуу өкмөттүн ишеничтүү иштеп турарын же күзгө жетпей төңкөрүлүп кетерин - кыскасы, кыргыз элинин жана мамлекетинин тагдырын аныктай турган дагы бир берене тууралуу кеп козгомокчумун. Бул - кыргыз тилинин мамлекеттик статусу жөнүндөгү берене. Тилекке каршы, ушул берененин бардык пункттары эч өзгөрүүсүз кала бериптир. Расмий тил жөнүндөгү экинчи пункт факт жүзүндө биринчи пунктту жарамсыз кылып койгону баарыбызга белгилүү эмеспи.
Аталган пунктту алып салууну талап кылгандар көп болсо да, мурдагы түрүндө калтырылган себеби түшүнүктүү. Мейли, алып салбайлы, бирок туюнтулушун өзгөртүп ("расмий" эмес, "улут аралык" деп), мамлекеттик тилдин биринчи орунда турарын белгилеп койсо болот эмеспи? Атайын мыйзамда каралган, бирок иштебей жаткан "мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү" деген талапты Баш мыйзамга киргизүү зарыл.
Референдумга элдин жетиштүү санда келишин камсыздоо үчүн ушул беренени сөзсүз түрдө оңдоо керек. Же, эгер Убактылуу өкмөттүн буга саясий эрки жетпесе, 17-июндагы референдумдун үчүнчү суроосу катары жалпы элдик добушка койсо да болот.

Мамлекет динден тышкары эмес, динди да кошо камтыйт

Эми "светское" деген аныктамага келели. "Бейдин" да, "динден тышкары" да жарабайт. Орус тили аркылуу келген бул түшүнүктүн уңгу маанисин карап көрсөк, кыргызчасын жаңылбай таба алабыз. "Свет" деп орус тарыхында ак сөөктөр коомун, алар аралашып жүргөн жогорку чөйрөнү аташкан. Бул катмардагылар байлыгына, саясий кадыр-баркына таянып, дин чөйрөсүнүн тыюуларына, чектөөлөрүнө анча баш ийген эмес. Орто кылымдарда (атүгүл кечээ жакынга чейин бизде деле) дин кызматкерлери бул дүйнө жалган, биякта жыргагандар чын дүйнөгө барганда куурайт (тозокко түшөт), куурагандар жыргайт (бейишке кирет) деп, таптык антагонизмди жумшартып келишкен. Жарык дүйнөнүн ыракатын жамандап, караңгы көрдү ойлогонго чакырат деп, динчилдерди ак сөөктөрдүн да, кедейлердин да кыйласы жактырган эмес. "Миң күндүк бейиштен бир күндүк жарык" деген кыргыз макалы да буга үндөшүп турат.
Ырас, азыркы диний коомчулук орто кылымдардагыдан абдан айырмаланат. Молдокелердин арасында деле, өтө сейрек болсо да, сергек ойлонгон, тозоктун оту менен коркутуп эле чектелбестен, диний эрежелердин тууралыгын акылга сыярлык жүйө, илимий далилдер менен бекемдөөгө аракеттенгендер кездешет. Ошентсе да, дин бүтүндөй коомдук, саясый мамилелерди өзүнө камтыган, баарынан өйдө даражага коюлуп калбашы керек.
Руханий маданияттын дареметтүү, кубаттуу фактору катары дин коомдо өзүнүн анык белгиленген ордун ээлеши зарыл. Бул үчүн коом турмушунун динден башка, динден тышкары турган (бул сөзсүз эле динге каршы дегенди билдирбейт), улуттун өнүгүшү үчүн мааниси зор чөйрөлөр: илим жана техника, адабият менен көркөм өнөр (музыка, бий, айкелчилик, сүрөтчүлүк ж. у. с.) да бар экендигин унутпоо керек. Андыктан мамлекеттик саясат коом турмушундагы дал ушул көп тармактуулукту, түркүн чөйрөлөрдүн бири-бирине кысым көрсөтпөй, жанаша жашоосун камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан орустардын "светское", европалыктар менен америкалыктардын "секуляр" түшүнүгү Баш мыйзамда чагылдырылышы зарыл (мунун кыргызча "Миң күндүк бейиш…" менен үндөштүгүн жогоруда айттык).
Эми бул терминди кыргызчалатуу боюнча айрым варианттарга токтололу. Түрктөрдү туурап биз да "лайык" терминин тандайлы деген сунуш бир нече жыл илгери айтылган эле. "Ылайык" десе кыргызга түшүнүктүүрөөк болмок. Мааниси - диний жана динден тышкаркы чөйрөлөрдүн таламдарын ылайыкташтырган (гармониялаштырган) мамлекет. Кечээ жакында жазуучу М.Абакиров "аруу" дегенди сунуштады. Муну да ойлонуп көрүшсүн. Канчалык көп сунуш айтылса, эң жакшысын тандап алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң болот. Мен "жарык дүйнө" сөз айкашына таянып, үч варианттын бирин алалы дейм:
1. "Жарык дүйнөчүл мамлекет"
2. "Жарыкчыл мамлекет". Арстанбек, Калыгул, Токтогул, Жеңижок, Барпылардын залкар чыгармаларында жарык "караңгынын" каршысын эле эмес, бул кең дүйнөнү, адеп-ахлактык, эстетикалык, укуктук, саясый ж.б. жашоону, тиричиликти да билдирет.
3. "Дүйнөчүл мамлекет". Өзбектер "дунёвий" деп кабыл алышкан. Бул сөзгө бүт дүйнө менен алакалаш, жалпы адамзат дөөлөттөрүнө ортоктош деген маани да камтылат. (Азыркы Өзбекстандагы жагдайга туура келбейт дегендер чыгышы мүмкүн, бирок жаркын келечектен үмүт үзбөгөн өзбек тилчилери, жазуучулары бул терминди тандаганда дал ушундай кеңири, терең маани берүүгө умтулгандыгы анык).

Жолдош Турдубаев, адабиятчы