Бүтүрүүчү - 2010

САРАМЖАЛ ЖАНА САК БОЛОЛУ
Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салуу жөнүндөгү" жана "Жалпы жана негизги билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараны өткөрүү боюнча" чыгарган буйруктары коомчулук тарабынан оң кабыл алынып, колдоого ээ болууда.

Дамира Кудайбергенова, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысы:
- Бүтүрүүчүлөрдүн кечелерин өткөрүү тууралуу чыккан министрликтин буйругунун негизи - ата-энелердин кайрылуусу, арызы болду. Ата-энелер бир эле министрликке эмес, Убактылуу өкмөткө, тиешелүү укук коргоо органдарына, т.а. прокуратурага кайрылып жатышат. Анткени бүтүрүү сынактарына, кечелерди өткөрүүгө ата-энелерден бир топ каражат чогултулат экен. Баласынын көңүлүн кыя албаган байкуш ата-эне бир колу менен акчаны берип, экинчи колу менен бизге телефон чалып "качан акча чогултканга тыюу саласыңар?" дешүүдө.
Айрым ата-энелерди, бүтүрүүчүлөрдү буйрук тууралуу сурамжылап көрдүк. Сурамжылоонун жыйынтыгын карап көрсөк көптөгөн ата-энелерге чыккан буйрук майдай элек жагып жатат. Анткени мектеп окуучулары иштеп, акча таба элек. Ал эми азыркы жашоодо элдин баары эле тегиз жашабайт. Бир ата-эне иштесе, экинчилери иш табалбай жүрүшөт. Анан куру дымактын кереги эмне? "Карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр" деген кеп бар. Эгер байманасы ташып жаткан ата-энелер болсо, мектептин материалдык-техникалык базасын оңдогонго жардам берсин, эч ким каршы болбойт. Албетте, арасында демилгечи ата-энелер бар экен, "кафе, ресторандарга эртелеп эле кезекке туруп, жарым-жартылай акчасын төлөп койдук эле" дегендер болууда. Биз аларга түшүндүрдүк "эгерде ресторанды арендага албай калдык десеңер, буга чейин төккөн акчаңар кайтарылып берилет" деп.
Дагы бир негиз - 7-8-апрелдеги кандуу окуяда шаардык мектептен төрт окуучу денесинен жаракат алды. Ошол окуядан кийин канчалаган куралдар, т.а. автомат, пистолеттер элдин колунда жүрөт. Баары эле өткөрө коюшкан жок. Ошондуктан "сактыкта кордук жок" дегендей, мейли "Акыркы коңгуроо" болобу, мейли бүтүрүү кечелери болобу, мектептин базасында күндүз өткөрүлүп, эч кандай шаан-шөкөткө айланбасын дедик. Бизге, биринчиден, келечек муундун коопсуздугу, дени сактыгы маанилүү. Анткени мындан 2-3 жыл мурда шаардын четине чыгып бүтүрүүчүлөр жол кырсыгына учурашканы, ысык-аталык бүтүрүүчү денесине бычак алганы ж.б.у.с. көрүнүштөр орун алганы белгилүү. Ошондуктан буйрук өз учурунда чыкканын ата-энелер баса белгилеп жатышат. Телефон, факс аркылуу ойлорун, сунуштарын беришүүдө.
Ырас, 2003-жылы бүтүрүү кечелерине тыюу салган буйрук чыккан болчу, бирок анда мектеп ичинде спирттик ичимдиктери жок фуршет уюштурулсун деген бар эле. Азыркы буйрукта болсо ушунун баарына тыюу салынат. Тек гана бүтүрүүчүлөр ата-энелери менен мектепке келип, салтанаттуу иш-чарага катышып, документтерин колдоруна алышат.
Ошондой эле башаламандыкка жол бербөө үчүн биз кат менен Ички иштер министрлигине, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылдык, 25-майда, 18- жана 25-июндарда түн бою күзөттөрдү уюштуруп, балдардын коопсуздугун сактайлы деп.
Дагы бир нерсе, ата-энелердин арызында мектептерде мыйзамсыз каражат чогултулуп жатканы айтылат. Чындыгында айрым ата-энелер комитеттери чектен чыгып жатышат. Ошондой эле 1-класска кабыл алууда да ата-энелер тарабынан нааразычылыктар бар. Айтып коюу керек, Кыргызстанда жашаган ар бир атуул кандай мектеп болбосун ошол каалаган окуу жайга кирип, билим алганга укуктуу. Бул "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 26-беренесинде жазылган. Айрым гимназия, лицейлердин Уставдары бар, ошол документке такап айрым мектеп жетекчилери өздөрүнүн нормаларын киргизип алышкан. Бирок Устав деген мыйзам эмес. Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы, Конституцияны сыйлап мыйзам чегинде иштегенибиз оң. Туура, гимназия, лицейлердин талабына жооп бере албаган бала кийин окуй албай кыйналып калат.





Абдывали Балтабаев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы :
- Билим берүү жана илим министрлигинин чыгарган буйругу менен ар бир мектеп жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер таанышып чыгышты. Муну менен биз ата-энелерди тартипке чакырабыз. Ашыкча каражатты бир күндүк шаан-шөкөткө чачкандын ордуна жатак-мектептерге, багаар-көрөрү жокторго, социалдык жактан аз камсыз болгондорго беришсе сооп табышпайбы. Мына ушундай нерселерди айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Бүтүрүүчүлөр документтерин колуна алган күндөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте балдардын коопсуздугун кайтарабыз.

Акылбек Ташбаев, Ош шаарындагы №6 мектептин директору:
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 7-майдан баштап эле бардык мектептерге министрликтин буйругун таркатты. Бир гана бүтүрүү кечеси эмес, 1-класска кабыл алуу, мектептердеги "Алиппе" майрамдарын өткөрүү, "мектепке цирк, концерт коет элек, аренданын 5%ы силерде калат" деген нерселерди токтотуу - учур талабы. Буйрук менен мугалимдерди эле эмес, ата-энелерди да тааныштырып жатабыз. Ар бир бүтүрүүчүнүн ата-энесине айтып, "эч кандай кечеге акча бербегиле" дедик. Бирок айрым демилгечи ата-энелер "менин биринчи неберем бүтүп жатса, кантип унчукпай коем" дегендери болууда. Мындай ата-энелер тууралуу маалыматты шаардык билим берүү башкармалыгына беребиз. Эгерде ал тараптан кандай бир чара көргүлө десе, мыйзам чегинде иш алып барабыз.


Ильмира Альбурина, Бишкектеги №24 мектептин директору:
- 1-класска кабыл алууда ата-энелер менен сүйлөшөбүз, эч кандай майрам, туулган күн мектепте өткөрүлбөсүн, мыйзамсыз каражат чогултулбасын деп. Бирок айрым демилгечи ата-энелер "балдарыбызга 1-классты аяктаганы үчүн грамота беребиз" деп бир нерселерди уюштура койгондору бар. Биз аларга тыюу салалбайбыз, анткени алардын өздөрүнүн укуктары бар. Мектеп администрациясы, класс жетекчи, же мугалим мындай ар кандай майрамдарды уюштурганга эч кандай тиешеси жок. Ал эми ата-энелер комитети тарабынан мектепке жардам берилип жатканын тана албайбыз. Эгерде мамлекет "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 28-статьясын аткарса, анда мектептерде түзүлгөн коомдук фонддордун кереги жок. Ошондой эле мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлсө, эч кандай проблема болбойт эле. Бүгүнкү күндө гимназияда иштеген мугалимдин айлык акысы 2400 сомду түзөт. Ушундай айлык менен жашаганга болобу? Ошондуктан ата-энелердин камкордук фонддору түзүлгөн, биз аларга чексиз ыраазыбыз, ушул убакка чейин мектептерди кармап турганына. Эгерде ушундай темп менен барсак, кийин биздин неберелерибизди окутканга мугалимдер калбай калабы деп корком.
Ал эми бүтүрүү кечелерин ресторан, кафелерде өткөрүүдө мектептин эч убакта тиешеси болгон эмес жана болбойт. Эгерде мен ата-энелерге бүтүрүү кечелери боюнча көрсөтмө берсем, алардын укуктарын бузган болом. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде бүтүрүү кечелери мектепте күндүзгү убакта өтөт. Аттестаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулат. Быйыл 99 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат, анын 16сы артыкчылык аттестат менен бүтүп жатышат.

Вера Мундузбаева, №12 мектеп-гимназиянын директору:
- Кечки убакта, ар кандай ресторан, кафелерде же сыртка чыгып өткөрүүгө тыюу салган министрликтин буйругу менен таанышып чыктык. Учурда ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз-Орус Славян университетинин базасында өткөрөбүз. Анткени биздин мектеп чоң болгондуктан, быйыл 140-150 бүтүрүүчү окуу жайды аяктайт, ал эми иш-чара өткөрчү залыбыз кичине. Иш-чарадан кийин ата-энелер балдарын өздөрү алып кетишет. Анан алар кандай маанайда өткөрүшөт бул ар бир үй-бүлөнүн өз иши. Эң башкысы, шаардык билим берүү башкармалыгы кайсы убакта өткөрүү керек экендигин бизге тактап берсе болду.
Мектепте башталгыч классты аяктап жатканда же ар кандай майрамдарга, туулган күндөргө каражат чогултулбайт. Мектепти колдоо үчүн коомдук бирикме бар, ал мыйзам чегинде иштейт. Азыркы чыккан буйруктай эле буйрук окуу жылдын башында эле чыккан. Апрель айында шаардык билим берүү башкармалыгында өткөн жыйында көптөгөн мектеп жетекчилери бүтүрүү кечелери мектеп базасынын алкагында күндүз өтсүн деген демилгени көтөрүп чыгышкан болчу. Мында мектеп аттестатты тапшыруу вазийпасын гана өз мойнуна алат, ал эми ар кандай каражат чогултууга тиешеси жок.





Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн ата-энелердин ыраазычылык каттарынан
Айнагүл Асанова, эне, Бишкек шаары:
- Менин эки уулум быйыл бүтүрүүчү болгондуктан, булардын бүтүрүү кечелерине акча таппай кыйналып турганда, министрлик чыгарган буйрукту угуп, аябай сүйүндүм. Анткени мага окшогон ата-энелердин көктөн тилеген тилеги болду. Эми Убактылуу өкмөт буга көңүл буруп, талапты катуу коюуну суранамын.

***
Ата-энелердин атынан Умсунай Салиева,
Алтын Тынчтыкова, Жаркын Саадабаева:
- Билим берүү уюмдарынын жетекчилери коррупцияга батып калганда министрликтин акча чогултууну токтотуу буйругу көп адамдарга жакпай калышы ыктымал. Бизге окшогон үч баласы мектепте окуган ата-энелерге майдай жагып турат. Маселен, класс жетекчилердин күнүгө үйгө телефон чалып жатканы жүрөгүбүздү оорутуп, кайгыга салчу.

***
Уважаемый министр!
Вчера в нашей школе состоялось родительское собрание. Наши дети учатся в 11 "а" и в 11 "б" классе. Директор школы ознакомила нас с приказом "О запрете взимания денежных средств" и "О проведении выпускных вечеров".
Особенно рады, что отменили проведение выпускных вечеров в кафе и ресторанах. Для многих родителей это очень накладно, особенно, у кого в семье девочки. Кроме этого, не совсем спокойная обстановка в стране тревожит нас, мы беспокоимся за жизнь и здоровье наших детей.
С уважением, родители Аламудунской сш.№1 А.Эмирсалиева, Н.Шушлебина.

***
Во избежание морально-психологического давления на дочь, свои инициалы не указываю.
Я родительница ученицы 4 "б" класса сш №27 обращаюсь к Вам с благодарностью, так как сегодня прочла в интернете приказ о запрете денежных поборов.
Все это время мы платили то в классный фонд, то на праздники, заставляли покупать каждый раз билеты в театры, так как классному руководителю зарплату выдали билетами и надо ей их продать. И за все перечисленное каждый месяц платить по 200-300 сом за одного ребенка, не считая деньги за дополнительные уроки, в наше время тяжело. Если мы отказывались платить, то ребенка просто не допускали к урокам, классная руководительница Динара Тулегеновна унижала ее при одноклассниках. В подарок от выпускного класса она требует золотые украшения.
Надеюсь, что подобные приказы, наконец, вернут прежнее качество знаний учащихся, потому что это первое, чем должны заниматься школа, директора, учителя.

***
Уважаемый министр!
Обращается к Вам пенсионерка Кундуз Ботоканова, бывшая труженица Камвольно-суконного комбината. Услышала о том, что министерство издало приказ о запрете проведения выпускных вечеров и других мероприятий, очень обрадовалась. Неужели нашим детям обеспечат безопасность. В последние годы так опасно стало в городе. Драки, пьяные дебоши, наркотики. В этом году переживаю за внучку, которая заканчивает 11-й класс.
Весь год откладывала пенсию, чтобы ей купить наряд не хуже, чем у других. Собрала 5 тысяч сомов. Оказалось мало, потому что на банкет школа запросила 2500 сом, на экзамены 1700 сом. Как думаете, хватит ли одеть красиво внучку за оставшиеся 800 сом? Теперь проблема отпала сама собой. В нашем классе родители вздохнули свободно. Детям объяснили. Некоторые поняли и тоже отказались от торжеств.