Маараке

Убагында Чыгыштын залкар аалымы Жусуп Баласагын "Билим алып аны иш менен айкалыштыра билсең, ал сага сый-урмат алып келет" деген экен. Анысыңардай, бүгүнкү каарманым эл кадырлаган эл кишиси Мамбеталиева Гүлайда эжей, элге арналган эмгеги менен журт кадырына ээ болуп, өзүнүн 80 жылдык торколуу тоюн белгилегени турат.

Мугалим мөмөсү менен барктуу
Гүлайда эжени Талас районунун Көк-Кашат айылындагылар "Көк-Кашаттын Дүйшөнү" деп коюшат. Анткени эже мындан жарым кылым ашык убакыт мурда 16-17 жаш курагында айылдагы орто мектептин пайдубалын куюп, дубалын тургузган экен. Ошол убакытта чуркап, кирпич куюп, таш чогултуп жүргөн окуучулары 60-65ке чукулдап калышты. Ошентсе да тээ баягыдай эле Гүлайда эжесин ызаатташып, ызаат көрсөтүп турушат. Гүлайда эженин эмгек жолу 1948-1949-жылдары согуштан кийинки оор мезгилге туш келген. Жети жылдык мектепти жакшы бүтүп, дээринде тиригараак, сезимталдыгынан улам мектепке мугалим болуп орношот. Башында, Кырк-Казык, Кең-Арал айылдарында иштеген. Кийин 1953-жылы Көк-Кашаттын мектебине которулат. Эски мечитти башмаанектеген мектеп жер титирөөдөн жарака кетип кулап калып, бирөөнүн чакан үйүнө көчүрүлгөн экен. Балдардын келечегине тынчсызданган эже айылга келген күндөн баштап, жаңы мектеп куруу керек экендигин айта баштайт. Мезгил оор, мектеп курганга дарамет кайда? Бирок, антип кол куушуруп отура берүүгө болбостугун түшүнгөн эжейдин чоңдорго "Мага уруксат бергиле, партбилетим менен жооп берем" деп айтканы эмне деген эр жүрөктүк!
Ошол жылы айткандай эле төрт класстык мектеп жаңы окуу жылына карата ишке берилип, айылдыктар бир чети кубанып, бир чети жаш келиндин өжөрлүгүнө таң калышкан экен. Кийинки жылы дагы төрт класстын курулушу башталып, ага жалпы ата-энелер, айылдыктар ашарга келип, колхоздун башкармасынын колдоосу менен бүткөрүлгөн. Кыргыз аялдарынын ички туюмундагы каны менен кошо жаралган даанышмандык, жаратуучулук, эч нерседен коркпогон сырттандык жана эң башкысы жөнөкөйлүк сыяктуу асыл сапаттар Курманжан датканын, Уркуянын, Толгонайдын ж.б. баскан жолу арылуу даңазага айланып, кылган иши кийинки муунга үлгү болуп келбедиби. Анын сыңарындай 1953-56-жылдардагы турмуштук оор кырдаалда советтик мектептин пайдубалын түптөгөн Гүлайда эженин эмгеги да жерде калган жок. Жаркыраган кенен класстарга айылдын мектеп жашына келген балдардын баары тартылып, мотурайып билим ала башташканда, айылдыктар чындап кубанып, чарчоону билбей чапкылап жүргөн Гүлайданы "Биздин айылдын Дүйшөнү" деп атап, аны менен сыймыктанышты.
Ооба, Гүлайда эженин теңдешсиз эмгегине айыл эли гана сыймыктанбастан жогорку жактагылар да баа берип, Кыргызстан мугалимдеринин 3-съездине делегат болуп чакырылат. Ошондо эженин төшүнө өкмөттүк сыйлык "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы тагылды. Бул айылдан чыккан, бирок алысты көрө билген жөнөкөй мугалим үчүн чоң сыймык, бараандуу баа болгон. Ал сыйлык албетте эженин тунук жан дүйнөсүнө дем берип, ички мүдөөсүнө жоопкерчиликтин үрөөнүн сепкендей болду. Ал ошондо эртерээк мектебине келип, эртели кеч жүрөгүнө тынчтык бербеген ой-максаттарын, баштап койгон жумуштарын үрөөлөштүрүп алгысы келди. Оор мезгил, турмуштун тартыштыгы, жада калса кагаз калемдин жетишсиздиги кыйнап турган чакта, окуучуларынын чымырканып окуп, билим алууга койгон ынтызарлыгын көз алдына элестетип, аларга дагы жакшыраак мүмкүнчүлүк ачылса деп кыялданды. Чындыгында эже ошондо жаштыгына карабай болгон дараметин, күч-кубатын, билимин мектепке окуучуларга жумшады.
Эжеден билим алгандардын арасында Улуттук илимдер академиясынан вице-президенти А.Жайнаков, прокуратура, сот тармагында Ш.Абдышов, А.Дүйшөналиев, К.Султанбеков, суу чарба министринин орун басары Ж.Мырзаев, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусту боюнча көзөмөлдөөчүсү К.Сарымсаков, көп жыл мектеп директору болгон А.Кулбөртөев, совхоздун директору болгон К.Дүйшөналиев сыяктуу жүздөгөн атуулдардын атын атаса болот. "Мугалим мөмөлүү дарак" дегендей, эженин колунан тарбияланып чыккан окуучулары бүгүн пайгамбар жашына келип, сунган жерине колу жетип турган чагы. Аккан арыктан суу агат турбайбы. Эженин окуучулары, ушунча эмгек жумшап, ушул убакка чейин "Билим берүүнүн отличниги" наамын албаганы эмнеси деп архивди көтөрүп чыгышып, 2002-жылы эжеге "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисин тагып кетишти. Эли демилге көтөрүп "Айылдын адактуу тургуну" наамын ыйгарышты. Эже менен жолугушуп калганыбызда: - Мээнетим текке кеткен жок. Ошол оор жылдарда ылай тебелеп мектеп салып, ар бир үйдү кыдырып, чогултуп партага отургузгандардын баардыгы төбөсү көрүнгөн адам болушту. Мугалим болуп кайра өзү менен чогуу иштешкенинен баштап, жогорку кызматтарды аркалаганына, дыйкан-фермерине, шоферуна, деги баардыгына ыраазымын - дейт маңдай жарыла кубанып.
Эже мектептин жүгү менен кошо сегиз уул-кызды тарбиялап өстүрдү. Эженин бир арманы - эл агартуу тармагында иштеген жолдошу Үсөн агайдын уул-кыздары жерден боорун ала электе каза болуп, алардын ата камордугун көрбөй калганы болду. Бирок, аркы-беркини илгертпей түшүнгөн баамчыл, эмгекчил болушуп, бири-бирине эриш-аркак жетилишти, билим алышты. Азыр очор-бачар болушуп, эл катарында иштеп жатышат. Эженин кутман үй-бүлөсү мугалимдердин династиясын түзөт. Кыздардын улуусу Анархан "Себат" балдар лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, эл агартуунун отличниги, республикалык XXII педагогикалык окуунун катышуучусу. Андан кийинкиси Алмакан Кырк-казык орто мектебинде башталгыч класстарынын мугалими, мектептин алдыңкы мугалими. Уулу Болот А.Огонбаев мектебинде дене тарбия сабагынан берет. "Кайненесинин камырынан" дегендей, келиндери да мугалимдик кесипти аркалашып, улуусу Смадиярова Рахат кыргыз тилчи, ушул мектептин директору, эл агартуунун отличниги, экинчи келини Сүйүнтбекова Жаңыл, физика мугалими, эл агартуунун отличниги. Тун уулу Автандил көп жыл партиялык кызматтарда иштеди. Бирок өмүрү кыска экен, бул дүйнөдөн эрте кетти. Артында калган балдары эр жетип, ата ордун басып, чоң энесине медер болуп жүрүшөт. Андан кийинки уулу Байыш дыйкан чарбасында иштесе, кызы Айнура мээрман эне, Бишкекте эң кичүү уулу Казат соода тармагында иштесе, кичүү кызы Сайракан коомдук тамактануунун алдыңкысы. Бир аз күндөн кийин, тагыраак айтканда, 20-майда уул-кыздары, эженин 80 жылдык тоюн белгилемекчи. Гүлайда эже бүгүнкү күндө дөөлөттүү карылыктын насибин татып келет. Айылдын ардактуу тургуну катары кийинки жаштарга акыл насаатын аябай, айылда боло калган жакшы ийгиликтерге жан дили менен сүйүнүп, жашап келет. Ылайым эженин кубанычы үзүлбөсүн. Эженин 80 жашын куттуктоо менен эжеге узун өмүр, чың ден соолук, уулдун урматын, кыздын кызматын, келиндин сыйын көрүп, небере чөбүрөлөрү-ңүздүн жытын искеп, мөмөлөрү-ңүздүн кадыр-баркына бөлөнө бериңиз демекчибиз.
Көкөлөп учуп тиреги,
Ишке ашып максат тилеги.
Эжебиз чыкты сексенге
Желбиреп жашоо желеги.

Жашоодо баскан ар күнү,
Жаштар деп сокту жүрөгү.
Тарбия-билим, зор үмүт,
Эженин бүтпөс эмгеги.
Кыялбек Сасыкулов,
Эмгек ардагери, Эл агартуунун отличниги, Талас району, А.Огонбаев орто мектеби.