Улуу жеңишке 65 жыл

УЛУУ СОГУШТУН БААТЫР ЖООКЕРИ
Мындан 65 жыл мурун болуп өткөн согушка катышкан, адам баласынын көз жашы төгүлгөн, каны төшүнө тагынган орден медалдары күнгө чагылышып жаркырап өзүнө жаращкан агайыбыз Рапком Кулданов жөнүндө сөз кылгыбыз келди. Ал чыныгы патриот, баатыр жоокер катары Ата мекенибизди коргоп, биз үчүн кан кечип келген улуу адам. Биз ага ардайым таазим этип, дүйнөдө экинчи мындай согуш болбосо экен деп тилейбиз.

Эр жигит - эл четинде, жоо бетинде - дегендей өлкө башына оор мүшкүл түшүп, тээ батыштан канкор Гитлердик баскынчылар кара тумандай каптап киргенде эл жери үчүн күрөшүгө көп улуттуу совет элинин эр азаматтапры түп көтөрүлүп кан майданга жоо менен салгулашууга аттанышкан. Ошол капсалаңдуу күндөрдө колуна курал алып ар бир эр азамат аскерге барууга өзүнүн эң башкы патриоттук ыйык парызы деп эсептешкен. Архивтик документтерге кайрылсак согушка Кыргызстандан 380 миңден ашуун уул кыздары согуш майданына жөнөтүлгөн. Согуш майданына аттангандардын арасында 1395 миңи аялзаты болгон. Кыргыз кыз келиндер арасынан аскердик врач Р.Айдарбекова, Г.Эгембердиева, даңктуу Панфилов дивизиясынын жоокерлери К.Алиева, К.Эралиева, Исмаилова жана башка кыз-келиндер көп эле. Сокулук району боюнча Улуу Ата мекендик согушка 6 миң 700 адам аттанган. Алардын ичинен 4000 адам согуштан кайткан эмес. Биздин Төш-Булак айылынан уулу Ата мекендик согушка катышуучулардын жалпы саны 313 адам, анын ичинен 183 жоокер туулуп өскөн жерине кайтып келбей курман болушкан.
Архивтик документтерге кайрылсак, 1920-жылы туулган даярдап аскерге 1944-жылы ноябрь айында чакырылган жоокерлердин жетөөсү өлүп, бешөөсү белгисиз бойдон калган. Бир гана жоокер Козырев Константин тирүү калган. Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлерибиздин саны жылдан жылга кыскарып баратат. Азыр айылыбызда Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу ардагер агайыбыз Рапком Кулданов гана 90 жашты аркалап балдарынын колунда. Кыргыз эли айткандай "Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" дегендей, уул-кыздары тарабынан агайга камкордук көрүлүүдө.
Рапком Кулданов агайыбыз 1920-жылы Төш-Булак айылында туулган. 7-классты бүтүрүп Фрунзе шаарындагы Педагогикалык техникумунда окуп жатканда каргашалуу согуш башталып Рапком Кулданов агай согушка аттанган. Алгачкы айыгышкан салгылашууларда фашисттер көптөгөн аймакты, шаарларды ээлеген менен, "Барбаросс" планын ишке ашыра албай, Ленинград, Одесса, Севастополь, Москва шаарынын жанында зор соккуга учураган. 1942-жылы январь айында Рапком агай башкарган минометтук бөлүк немецтик баскынчылардын ондогон машиналарын жана адамдарын жок кылгандыгы үчүн II даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.
Согуштун мезгилинде тактап айтканда 1942-жылы 19-ноябрь, 1943-жылы декабрь айлары "Антигитлердик" союз демилгени колуна алып, жалпы стратегиялык чабуулга өткөн мезгил эле. 1942-43-жж. Курск салгылашы согуштун үчүнчү мезгилинин ичинде Советтик аскерлер душманды 500-1300 км. чейин сүрүп, алардын 218 дивизиясын талкалашкан. 5000ден ашык замбирегин, 7000 танккын, 14000тон ашуун самолетун жок кылышкан. Ушундай катуу салгылашууда Рапком агайыбыздын эрдигин баалай билишкен. Ал 1942-43-жж. Минск, Карачев, Витебск, Великие Луки, Кенисгберг шаарларын фашисттик баскынчылардан бошотууга катышат. 1943-жылы Карачев шаарын алуудагы эрдиги үчүн, Неман дарыясын кечип гитлердик баскынчылар менен бетме-бет кармашууда каармандыны үчүн медаль, үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Өлкөнүн башкы командачысы И.В.Сталиндин колу коюлган алкыш баракчасына татыктуу болгон. 1945-жылы 20-мартта Рапком агай Кенисгберг шаарында немецтер менен салгылашууда окопто жатып, туулган жерине, элине куса болуп саргарып калган кагазга жазган ырларынын үзүндүсүн окурмандарга тааныштырып кетейин.
Туулган жерим Сокулук,
Кырлары катар созулуп.
Өзөндөгү аккан суу,
Көк кашка сонун туптунук.

Жапайысы тоолордо,
Эчки, теке жайнаган.
Этегинде, коолордо,
Кекилик чили сайраган.

Бийик тоолуу зоолордо,
Аркар кулжа жайнаган.
Этегинде чабандар,
Кош деп коюн кайрыган.

Сокулук деген жеримде,
Жоочалыш деген элимде.
Сайрандап ойноп күлчү элек,
Сүйгөнүм селки кезимде.

Душманды айдап жемелеп,
Токтосо согуш эртелеп.
Бараармын мен да бир күнү,
Жаркылдай күлүп, эркелеп.

Жеңиш күнүн Рапком агай Кенисгберг шаарында тоскон. 1946-жылы туулуп өскөн мекенине кайтып келип, мектепте мугалимдик кесипте иштеген. Андан кийин Өкмөт башчысы Исхак Раззаковдун колу коюлган жолдомо боюнча Рапком агай Ош аймагында партиялык кызматтарда эмгектенген. 1967-80-жылдарга чейин өзү туулуп өскөн айылында мектеп директору болот. Рапком агайдын өмүрлүк жары Айтбүбү эже да өмүр бою педагогикалык кесипте иштеп ардактуу эс алууга экөө тең 1980-жылы чыгышкан. Бирок, эжебиз 1999-жылы кайтыш болуп калган. Рапком агайбыздын үч кызы, эки уулу, 14 небереси жан беш чөбөрөсү бар. Кыз уулдары баары жогорку билимдүү. Эң улуу кызы Салкын медициналык институтту бүтүп, медициналык окуу жайында окутуучу болуп иштеп келди. Агайдын экөө улуу күйөө баласы Жолболду жезде да агайдын колуна кол болуп өмүр бою транспорт жагында жогорку жетекчилик кызматта иштейт. Ал эл арасында жана тууган арасында кадыр барктуу жөнөкөй адамдардан. Ортоңку кызы Жаңыл Бишкек шаарындагы Айылчарба академиясында окутуучу болуп иштейт. Химия илимдеринин кандидаты. Андан кийинки кызы Райлакан "Учкун" басмасында иштейт. Уулу Нурдан транспорт жагында маркетинг бөлүмүн башкарат. Кичүү уулу Улан айылда чарбалык иштер менен алек. "Мугалим мөмөлүү дарак" дегендей, агайдын билим берип тарбиялап чыгарган окучуулары Кыргызстандын бардык аймактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.
Агай жаш кезинен баштап эле эмгекчил, мээнеткеч адам болгон. Өз колу менен тиккен 30 түп алма багы шагы ийилип жемишин төгүүдө. Буркураган алма жыты абага таркап адамдын көз жоосун өзүнө тартат. Ушул алма дарактарын багып, чөбүн чаап, бутактарын бутап, эмгектенип келген Рапком атасынын жолун жолдоп чөбөрө баласы Дастан да эмгекчил бала. Чоң атасы шагы ийилген алма багынын көлөкөсүнө олтуруп балдары алып келген гезит журналдарга көз жүгүртүп, ааламда болуп жаткан маалыматтар менен таанышып турат.
Жогоруда жазылган архивдик маалыматтарды окурмандарга тааныштырып кеткенимдин себеби кызыл жылдыз фуражкачан жигиттин жаш кези, кан кечип басып өткөн жолун кырчындай жаш жоокерлер да, патриот баатырларды унутпас түбөлүк жүрөктөрдүн түпкүрүндө сакташса. Экинчи дүйнөлүк согушка 61 өлкө катышкан. мындайча айтканда, дүйнө жүзүндөгү калктын 80% тартылган. Согуш 40 өлкөнүн айагында жүргөн. 110 млн. адам аскерге алынган. Жалпысынан 50-55 млн. адам жок болуп, мунун 27 млн. фронтто курман болгон. Согуштун чыгымы 4 триллион долларга жеткен. Улуу Ата мекендик согуш ушундай жоготууларга алып келгендигин эч качан эстен чыгарбайлы!.

Турсун ИСАКОВА,
Сокулук району, Төш-Булак айылы, Рапком Кулданов орто мектеби.




Ветеран ВОВ не имеет национальности, имея родину СССР
Человек, испытавший ужас отечественной войны, достоин хотя бы внимания со стороны государства, а если он его защищал, то - вдвойне.

Вот уже 65 лет прошло с тех самых тяжелых, героических и долгожданных дней, когда весь советский народ и прогрессивное человечество, со слезами на глазах встретили радость Великой Победы над фашизмом. Победа, доставшаяся громадной ценой и большими человеческими потерями, особенно для советского народа, осталась в памяти людей не на одно поколение. Война, длившаяся четыре года, стала воистину примером человеческой отваги, героизма и стойкости солдат и офицеров, генералов и тружеников тыла, детей и стариков. Непоколебимая вера в победу, сила духа и неустанного труда наших отцов и братьев, матерей и сестер способствовали достижению торжества мира, созидания и благодаря чему мы продолжаем жить.
Память о былых сражениях хранит дух единства народов многонационального Советского Союза, героически защищавших Москву и Киев, Минск и Ригу, Кавказ и Среднюю Азию. Они верили в победу, воспевая на разных языках просторы Карпат и Приморья, Прибалтики и Ала-тоо. Ценою собственных жизней люди ковали неразрывное единство, непоколебимое мужество и героизм. День Победы еще был от них далек и изо дня в день, пропахшие порохом советские воины, приближали его, как могли и многие из них не смогли вернуться домой и сказать: "Здравствуй мама???" Сколько матерей не услышали родные голоса близких людей, проливая горькие слезы дни и ночи, стоя у мартеновских печей. Сколько великих имен смогли и не смогли прошагать пол Европы, пол земли среди которых Дуйшонкул Шопоков и Мелингтон Кантария, Зоя Космодемьянская и Алия Молдагулова, Собир Рахимов и Георгий Жуков и многие другие интернациональные личности. Их созвучные и разные имена никто не забудет и ничто не будет забыто потомками. Вечная им память и слава!
Из года в год мы отдаляемся от той войны, постепенно теряя тех, кто на себе испытал весь ужас кровопролития и страданий, холода и голода. Время не стоит на месте и забирает в мир иной самых дорогих для нас людей, которые были непосредственными участниками, свидетелями суровых военных дней. Человечество бессильно остановить этот естественный процесс, но оно сильно человечностью и гуманизмом, способствующим сопереживать и ценить. Память о павших в боях Великой Отечественной Войны и в тылу не может оставлять равнодушным всех нас к ныне здравствующим ветеранам с сединою на висках, не совсем обремененных вниманием потомков. Ветеран, победивший фашизм, не имеет национальности, имея родину СССР и в его былых, необъятных просторах родимая земля та, где его искренне ценят и превозносят.
Ветераны Великой Отечественной Войны живая неразрывная нить единства народов, совместно победивших грозного врага и мы в неоценимом долгу перед ними. Они заслуживают искренне человеческого внимания и уважения, хотя бы за то, что родились 20-40е годы 20 века и достойны всех благ за свою не благодарную судьбу. Государство, которое ценит своих ветеранов, имеет собственную ценность в глазах мировой общественности и воистину достоин божественного благословения.

Кубат Кокомбаев,
кандидат социологических наук