НОВАЯ РЕДАКЦИЯ КОНСТИТУЦИИ
ВЫСТРАДАНА ОБЩЕСТВОМ
Новая редакция Конституции Кыргызстана 26 апреля вынесена на всенародное обсуждение. Декретом Временного правительства на 27 июня 2010 года назначен референдум (всенародное голосование) по вопросу принятия Конституции Кыргызстана. По всей стране обсуждают поправки и изменения в Основной закон страны. Свое мнение о новой редакции газете "Кутбилим" высказывают как сами разработчики, так и независимые эксперты.

2-3 стр.




Жалтанбас баатырларга -
жалпы элдик сый-урмат
Калкыбыз 7-8 апрелдеги кандуу каршылык акцияларында курман болгон уулдарынын эрдигин унутпай даңазалап, алардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, жабыла жакындан жардам берүүдө. Өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да эл-журт үчүн күйгөн боорукер жана патриот жарандар каражат жыйнашып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жараат алып дарыланып жаткандарга жардам көрсөтүүдө.

Мындай маанилүү иштен Нарын районундагы Каза-Куйган айылынын жашоочулары дагы четте калбай, биринчилерден болуп акчалай жардам чогултуп беришти. Ушул айылдагы орто мектептин директору, айылдык кеңештин депутаты Мырзабек Солтонкулов менен айылдык кеңештин депутаты Карабагышев Өмүрбек Бишкекке келишип, шаардагы №4 жана №1 ооруканага барышып, апрель окуясында жараат алып дарыланып жаткан адамдарга айылдаштары чогулткан 30 миң сом аманат акчаны тапшырып, алардын абалын сурап кайтышты.
"КБ"