Көз караш

Тойчу Үсөналиев, КТМУнун окутуучусу, Билим берүүнүн отличниги

Көчмөлүк психологиянын көйгөйлөрү
же этномаданиятыбыздагы жан күйгүзчү көрүнүштөр
Кыргыз эли өзүлөрүн көчмөн элдин тукумдарыбыз деп, көчмөнчүлүктүн жакшы болгондугун, кылымдар бою бул менталитет өнүгүп, өсүп жүрүп олтуруп өз апогейине жетип укмуштуудай уникалдуу маданиятты жараткандыгын, ж.б. жактарын көбүрүп, жабырып айтып да, жазып да келишүүдө. Ал турмак бул маселе илимдин көп тармактарында (асыресе тарых, философия, адабият, этнография, культурология ж.б) атайын илимдин кароолуна алынып, жактоочулары, докторлор, кандидаттар эгемендик алгандан бери, өзгөчө көбөйгөндүгүн да танбашыбыз керек. Бул албетте жакшы деңизчи, себеби чындыгында да ата-бабаларыбыз кылымдар бою ошол көчмөнчүлүк ыңгайында жашап келип, ошол доорлорго ылайык көчмөн жашоо образын түзүп калтырган да. Ырас, көчмөнчүлүк ошол жашоо образына ылайык сонун маданиятты жаратты, тарыхта даңкталып изи калды ж.б. Алар биздин улуу муундардын, баба- бубалардын жашоо ыңгайы, даңктуу иши экен. Ал эми азырчы?!

Ал эми ал кылымдар кайрылгыс болуп кеткен ушул заманда, азыр башка жашоо ыңгайы талап кылынып жатканда өткөндү көбүрүп көксөй берүү, жакшы эле деп кайра-кайра кылчактай берүү жана да ушул кезде да көчмөнчүлүктүн көп жарабай калган психологиясын, ушул заманга айкалыштыра берүүгө жандалбасалоо деги акылга сыябы? Мына ушул багыттарда айрым бир ойлорубузду алдыңыздарга жаялы дегени турабыз. Биз мындан мурунку макалабызда көчмөнчүлүктүн биздин азыркы жашообузда айрым тармактарга тийгизип жаткан терс таасирин айткан элек. Бул макалабызда биздин каада-салттарыбызды деле, социалдык жашоо турмушубузду деле ошол бир кезде калыптанган көчмөн жылмышкак психология, оома аң-сезим учурда кантип өзгөртүп, бузуп жиберип жаткандыгына мисалдар менен кайрылалы деп турабыз.
Каада-салттардын эң орчундуусу, олуттуусу, кайгылуусу өлүк койууга, сөөк узатууга байланышкан салт. Буга бардык калк сыяктуу эле кыргыз эли да абдан олуттуу караган. Чындыгында да карабашыл кишини жоготуу чоң трагедия, адам башына келген эң кайгылуу учур. Мына ушул жоготууга карата башка бардык салттардай эле каадалары, ырасым, жөрөлгөлөрү кылымдар бою иштелип чыгып, элдин кан-жанына сиңирилип, кечээ жакындарга чейин кыргыздардын түндүк, түштүгүндө болсун, чыгышы менен батышында болсун, көп сандаган урууларынын арасында болсун, негизинен бирдиктүү, окшош каада, жөрөлгөлөр аткарылган. Ошентсе да көчмөнчүлүк шартта бул каада, жөрөлгөлөр ушу кездерге чейин деле бир канча түр-түс алып өзгөрүптүр. Анда ошолорго кайрылалы. Тээ кылымдардын түпкүр жактарында кыргыздар деле сөөктү коюуда индустардай эле өрттөшкөн экен. Анын издери тээ Энесайдан башталып, бул Теңир-Тоого келип жайгашканга чейинки аралык мезгилдерде жатат. Башкача айтканда, окумуштуулардын айтууларында ( б.з.ч. 1-кылымдардан баштап 13-14-кылымдарга чейин эле) кыргыздар жашаган, көчүп-конгон аймактарда индустардай эле сөөктү өрттөө, андан кийин буддалыктардай, эгипеттиктердей жанына аялын, кулун, курал-жарагын, керек десе тамак ашын койуу салттары жашап келгендиги баяндалат. (Караңыз: Бернштам А.Н. Историко археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М., Л. 1952, Бартольд. В.В. Киргизы.Исторический очерк,//Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана, - Б., Шам, 1996, Кубатбек Табалдиев "Енисей Ысык-Көлгө куят…", Ала-Тоо, 2009, № 1, 160-171-б., ж.б.). Анан кийинки араб маданияты, мусулманчылык динине аралашкандан кийин сөөктү ак кепинге ороп, аруу жууп жерге берүү каадасы келип чыкты. Кийин Совет мамлекетинин тушунда өлүктүн айланасына кирпич, кыштан коргон, үй салуу каадасы кирди. Дагы ушул сыяктуу бул салттын ички ырым-жырымдары, ырасим-шарттары да өзгөрүп жүрүп отурду. Мына ушунун баары кыргыз, казакта өзгөчө байкалат да, коңшу эле өзбектерде жана башка отурукташкан калктарда (мейли европалык, мейли, арабиялык ж.б.) консерватордук мүнөздө болуп, бир канчалаган кылымдардан бери өзгөрбөй эле, коңшуларынын таасиринде калбай эле бир калыпта келе жатыптыр.
Совет доорунун келиши менен бир кылымдын ичинде өлүктү жерге берүү салтынын көп жөрөлгөлөрү аябай эле өзгөрдү, башкача багыт алды. Маселен, биринчиден, совет бийлиги өлүк коюу парзын эскинин калдыгы, диний ырым-жырым деген шылтоо менен каршы болуп, куугунтуктап, жоготууга жан далбасалап келди. Экинчиден, белгилүү эмгеги элге сиңген адамдарды ар кайсы мекемеден митинг жасап узатуу каадасы чыкты эле, эркектердин өкүрүп, аялдардын кошок кошуусу суу сепкендей эле басылып келе жатат. Ээ айланайын, уй да эгер уй өлгөнүн билсе өз "тилинде өкүрөт", дегеле, көп жандыктар мындай учурда үн чыгарышат. Анан карабашыл адам боло туруп, азабызды, күйүп жатканыбызды билгизбестен томсоруп, мисирейип туруп берүү, дегеле каадага, кайгырганга сыйбайт да. Мына ушул жөрөлгө тигил Европаныкы эле (ал жосундары өзүлөрүнө буйурсун деңизчи), биз да тигилерди туурап үн чыгарбай мисирейгенге көчтүк. Маселен, аялдардын тиги кишини жоктоп кошок кошуусунда не деген философия, не деген даңктоо, ода, анан калса кандай сонун уккулуктуу, адамдын аза боюн титиреткен, өлүмдүн маанисин жан дүйнөгө жеткирген обон, күйүттүү күү бар эле. Азыркы аялдарыбыз эгер эле катуу күйүшсө, беттерин жүз аарчыга жаап алып, мурдунун суусун куюлтуп бышактагандан башкага жарай албай калды, күйбөгөндөрү жана билбегендери ыйлоону унутушту. Эркектерибиз деле жер дүңгүрөтүп, чуу түшүп өкүрбөйт, эптеп өкүрдү аты кылышат. Бул бир.
Көчмөдух каныбызга ушунчалык сиңирилген экен. Тарыхый географиялык жактан жер ооп Энесайдан бул жакка гана көчпөптүрбүз. Ошол эле кезде диний жактан теңирчиликтен шаманизмге, тотемизмге, анан мусулманчылыкка көчтүк. Албетте, булардын баардыгы ошол көчмө аң-сезимди, көчмө духту калыптандырып койгон экен. Анын айкын мисалы, Совет бийлигинин жылдарында союздук республикалардан да, Орто Азия элдеринин ичинен биз кыргыздар Совет бийлигинин жараган да жарабаган да саясатын биринчилерден кабыл тутуп ("көчүп"), анын идеологиясына алгачкылардан көчө качып, биринчилерден өз тилибизди чанып, улуттук тарыхыбызды танып жибергенге чейин жетиптирбиз. Мисалы, анын көрүнүштөрү ушул; азыр мына ошол жоготуп алган тилибизди ордуна келтире албай, саясаттарга бурмаланган аралашмасы көп, ары-чоймолонгон, бери чоймолонгон тарыхыбызды тастыктай албай, этнографиябыздын эртегисин элекке сала албай убарабыз, традицияга, стандартка калыпка салынган каада- салтка токтой албай ооп ойдолойбуз. Ал эми ушул эле өлүк коюу салтын жерип, совет жылдарында партия, коммунист кишилер мүрзөгө айбыгып басып барып калышпадыбы. Бул көрүнүштөр демек биздин көчмөлүк аң-сезимибизди, бир нерседен бир нерсеге оңой эле оой берген жылмышкак психологиябызды, түзүүчүлүктөн, жаратуучулуктан көрө ыңгайлуулук жагына ыңгайлануучулук касиетибизди көрсөтөт. Бул кайсы жагынан жакшы, кайсы жагынан жаман, ал башка маселе, бирок бул түздөн-түз көчмөнчүлүктүн калыптанган психологиясы, биздин кыргыз улутунун аң-сезимине сиңирилген көчмөдухтун белгилери экендигин танбашыбыз керек.
Көчмөдух биздин калкты ушул азыр ар тараптан каптап алган. Экономикалык, материалдык жаатта дүйнөнүн туш тарабына, бакыт издеп, ыңгайлуу жашоого качып, көчүп кеткендерди санай албай калдык. Алыс барбай мына маданиятыбыздын бир тармагы болгон музыка жаатын алалычы. Ушул азыр өзгөчө жаш музыканттардын, эстрада өкүлдөрүнүн чыгарган, музыка, обон, күүлөрүнөн кайсыл гана элдин кайрыктарын таппайсыз. Индиялыктардын, арабдардын, Европанын, ал турмак Африканын стил, кайрыктарын кенен кездештире аласыз. Аларды уурдап да, туурап да, таасирленип да өз чыгармаларында пайдаланып жатышат, демек, биринчиден, ошолордун обон кайрыктарына өзүлөрү ооп жатса, экинчиден, элдин улуттук музыка, обон угуу табитин бузуп, ал тарапка элдин аң-сезимин да ээрчитип жатышпайбы. Элдин эртеңки каймактары болчу, бүгүнкү "жылдыздар" ошентип, өзүлөрү баштап жылмышып, жылтылдап, кылтылдап жатышкандыгы деле көчмөдух психологиясынан кабар берип турбайбы.
Дайым биз кыргыз эли мындай болуптур, тигиндей болуптур деп биздин ата-бабаларыбызга суктанабыз, ал туура суктануу. Ошол биз суктанган көчмөн турмуштагы ата-бабаларыбыз ушул азыркыдай башка тараптарга ашкере ообогондур, көчө качпагандыр, сыйгалактап жылмышпагандыр. Ал эми өзүбүз, кийинки жүз жылдыктагы көчмөдухтуу урпактар тарых алдында, цивилизация айдыңында абдан күчсүз, туруксуз экендигибизди көрсөтүп койдук. Эрксизден "жакшыдан - мөөн, жамандан - жаан" деген ата-бабалардын макалы эске түшөт. Анан калса, көчмөнчүлүк психологиясы, азыркы шарттын реалийине коошпой калгандыгын акыры мойнубузга алып, намыстанып, андан жыйынтык чыгарып, көчмө куйбузду оңдобосок жакында, такыр эле башка калктарга куюлуп, аралашып, ассимиляцияланып, аргындашып, көчүп кетерибиз да айгине болуп калды. Себеби "тулпар тушунда" дегендей ар нерсе өз убагында, көчмөнчүлүк ошол доорлордун реалдуу жүзүнө, жашоо ыңгайына, турмуш образына жарашкан, ошол реалдуулук көчмөндөрдү эркин арстандар кылган, даңккка жеткирген. Азыр көчмөнчүлүктүн ушул заманга ыңгайланыша бербеген, жарашпаган көп ыксыздыктарын, артта калган аң-сезимин алып ыргытпасак, өзүбүзгө зыян болгону калды. Анткени азыркы ааламдашуу, ассимляцаланышуу процесстери менен коштолгон цивилизацияга көчмөнчүлүк жашоо образы пайдасыз болуп калды. Демек көчмөнчүлүктү ушул азыр көкөлөтө берүүнүн кереги жок. Аны идеология да кыла албайбыз. Ал бир кездеги тарых менен анын ошол бүктөмүндө гана калышы керек.
Ошентип, эгер коомчулук, калкыбыз биздин айтылган айрым ойлордон туура жыйынтык чыгарса, көчмөдухтан баш тартып, аң-сезимди, акыл-эсти туруктуу отурукташтырууга, жерлештирүүгө багыт алуулары керек. Бир жерден чырмалыша өскөн чынар терек мисал өнүгүү жолуна түшүү керек. Себеби философиянын мыйзамында деле түптөн түрө чыккан, өзөктөн өнгөн нерсе бараандуу да, бардык ар түрдүү шамал, бороонго байымдуу да болот эмеспи. Азыр боздоп келе жаткан экономикалык, моралдык бороонго, тамырсыз көчмөдух эмес, тамыры элдин кан-жанынын, куйунун жети катарына кеткен отурукташкан психология туруштук берип, калктарды сактай алат. Антпесе, тарых айдыңындагы торнадо сыяктуу селге камгак болуп "көчүп", "учуп" кетүүчү мезгилдер жакындоодо.