Жаңы долбоор

РОССИЯНЫН READ ПРОГРАММАСЫ БИЗДИН БИЛИМ
САПАТЫБЫЗДЫ БИРГЕЛЕШИП ЖОГОРУЛАТУУГА КИРИШТИ
Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги билим сапатына биргелешип баалоо жүргүзүүгө арналган россиялык программа (READ) бизде старт алгандыгы тууралуу билдирген элек. Төмөндө ошол программа тууралуу окурмандарга кененирээк маалымдамакчыбыз.
Бир нече баскычтарга бөлүнгөн бул программанын биринчи - өзүнө-өзү диагностика жүргүзүүгө арналган этабынын аналитикалык отчетун даярдашкан атайын адистердин баяндамасында белгиленгендей, окуучунун жетишкендиктери тууралуу маалыматтар аны ар кандай саясий жана педагогикалык чечимдерди иштеп чыгууда пайдаланууга мүмкүндүк берет. Алсак, окутуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга же болбосо муктаж болгон мугалимдерге жана мектептерге билим сапатын тийиштүү деңгээлде камсыз кылуучу окууларды өткөрүүгө көмөктөшөт.
Демек, окуучунун жетишкендиктерин баалоо проблемасын чечүү - билим берүү сапатын жогорулатуучу маанилүү механизмдердин бири болуп саналат. Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө таасир этүүчү бул Программага катышуу Кыргызстан үчүн актуалдуу жана өз учурунда болуп жаткандыгын адистер белгилешүүдө.

READ программасы деген эмне?
2008-жылдын октябрь айында макулдашылган россиялык бул программа кирешеси төмөн деңгээлде жашаган мамлекеттерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууну максат кылат. Ушундай глобалдуу максатты ишке ашырууга кызыкдар болуп жаткан Россиянын өкмөтү Дүйнөлүк Банкка өзүнүн каражатын кошуп, донор катары чыгып жатат. READ программасы көз карандысыз (Дүйнөлүк банктын эрежелерине ылайык кайра түзүлгөн бардык траст-фонддор Дүйнөлүк банктын жеке башкаруусунда гана болот, ошол эле учурда донор өлкө жана анын өкүлдөрү бул траст-фонддорду реализациялоо боюнча конкурстук процедураларга жалпы негизде катыша алышат), Дүйнөлүк банк башкарган траст-фонд. Анын 32 млн. АКШ доллар каражаты 5 жылга пайдаланууга каралган.
READ программасы жогоруда белгиленгендей, кирешеси төмөн мамлекеттерге окуучулардын билим сапатын жогорулатууну окуучунун окуудагы жетишкендиктерин баалоонун улуттук системасын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу жана колдонуунун эсебинен жүргүзүүгө жардам берүүгө арналган. Мындай системалар төмөндөгүлөрдү камтыйт:
o Билим берүү тармагындагы окуунун жалпы деңгээлин аныктоо үчүн тесттер, мисалы, улуттук масштабда иргелип алуунун негизинде окуудагы жетишкендиктердин деңгээлин текшерүү;
o Белгилүү бир окуучуга байланыштуу чечимди кабыл алуу үчүн тесттер, мисалы, бүтүрүү экзамендери же ЖОЖго кабыл алуу экзамендери;
o Класстагы жетишкендиктерин күнүмдүк баалоо үчүн практикалык тапшырмалар;
o Кызыкдар тараптарга окуудагы жетишкендиктер тууралуу маалыматтарды көрсөтүү;
o Окуу пландарын, окутуу методдорун жана ошондой эле практикаларды жана окутуунун стратегияларын андан ары жакшыртуу максатында баалоонун жыйынтыктарынын анализи;
o Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуучу материалдар.
Россия READ программасынын алкагында жардам берүүгө тандап алган жети өлкөгө (алар: Ангола, Эфиопия, Кыргызстан, Мозамбик, Тажикстан, Вьетнам жана Замбия) алардын кызыкчылыктарын эске алып, ар бири менен кызматташуунун натыйжасында аныкталган аларга зарыл техникалык жардамдарды, билим жаатындагы жана аналитикалык кызматтарды көрсөтмөкчү.
Программага тартылган адистердин баамында сапаттуу билим берүү деген түшүнүк мындайча аныкталат: сапаттуу билим берүү - билим берүү процессинин абалын жана жыйынтыктуулугун, личносттун граждандык, турмуш-тиричилик жана профессионалдык компетенцияларын өнүктүрүүдө жана түзүүдө анын коомдун (ар кандай социалдык топтордун) өнүгүү муктаждыгына жана күткөн натыйжасына шайкеш келүүсүн аныктоочу социалдык категория болуп саналат.
Азыркы этапта "сапаттуу билим берүү" деген түшүнүктүн мазмуну билим берүү системасынын интегралдык мүнөздөмөсү катары каралууда. Бул окутуунун, өнүгүүнүн жана личносттун жетилүүсүнүн, билим берүү процессинин шарттарынын жана жыйынтыктарынын бардык этаптарын синтездөөчү комплекстүү көрсөткүч.
Демек, сапаттуу билим берүү деген - негизги продукциясы сапаттуу даярдалган бүтүрүүчүлөр болуп саналган билим берүү мекемелеринин эффективдүү ишмердүүлүгүнүн критерийи.
Программанын алкагында иштеген адистер бул терминдин кеңири пайдаланып жаткандыгына карабай, "сапаттуу билим берүүнүн" категориясына бир жактуу аныктама киргизүүгө мүмкүн эместигин белгилешет. Анткени коомдун социалдык-экономикалык деңгээлинин билим сапатына карата өзгөрүп турушу мындан да өнүккөн жаңы талаптарды коеру шексиз. Ошондон улам социалдык-экономикалык чөйрөнүн улам-улам өзгөрүүгө учуроосу "сапаттуу билим берүү" түшүнүгүн үзгүлтүксүз трансформациялоого шарт түзөт.
Бүгүнкү күндөгү сапаттуулукту камсыз кылуу системасы - бул билим берүүчү мекемелердин билим берүү максатына жетүүсүнө кепилдик катары жалпы кабыл алынган стандарттардын талаптарынын негизинде башкаруучу система.
Учур талабына шайкеш келген сапаттуу билим берүү деңгээлин камсыз кылуу максатында бул категорияны төмөнкүдөй баскычтарда кароо зарыл:
Системалык (улуттук) баскыч:
o Сапаттуу билим берүүнү баалоо боюнча нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу;
o Сапаттуу билим берүүнү баалоо жана камсыз кылуу боюнча тиешелүү структураларды түзүү;
o Сапаттуу билим берүүнү түзүүчү мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу, базистик окуу пландарды, окуу пландарды түзүү;
o Сапаттуу билим берүүнү камсыздоочу концепцияларды жана моделдерди түзүү;
o Сапаттуу билим берүүнү көзөмөлдөөгө граждандык коомдорду жана эмгек рыноктор институттарын тартуу;
o Билим берүү мекемелеринин рейтингдерин аныктоону киргизүү;
Институциалдык баскыч:
o Сапаттуу билим берүүнүн мектеп ичиндеги баалоо системасын ишке ашыруу;
o Сапаттуу билим берүүнүн методикалык борборлорун түзүү;
o Окуучунун билимине мониторинг жүргүзүү;
o Окуучунун билимин баалоочу көз карандысыз борборлорду түзүү (УТБ, ЖРТ) ж.б.
READ программасына тартылган адистер сапаттуу билим берүүнүн ар кандай аспектилерин анализдеп чыгышкан соң, өзүн-өзү диагностикалоону төмөнкүдөй негиздөөгө мүнөздөмө берүүнү сунушташат:
o Билим берүү системасынын иштөө максаттары менен өз ара байланышы;
o Сапаттуу билим берүүнү аныктоонун көп кырдуулугу жана көп факторлугу;
o "Сапатты" аныктоодо мектепте билим берүүнү ж.б. карап чыгуучу ар кандай көз караштардан, аспектилерден көз каранды болуу;
Жана ошондой эле сапаттуу билим берүүнү аныктоодо сапаттуулуктун мониторинги, аны баалоо жана сапаттуулук менен камсыздоо сыяктуу тутумдарды бөлүп кароо зарыл экендигин белгилешет адистер.





  А.Мамытов,

Программанын улуттук координатору:
"Кыргызстан баалоо системасынан тап-такыр артта деп айтууга болбойт"
- Бул долбоор мектептеги балдардын билимин, ийгиликтерин баалоочу улуттук системасын түзүүгө көмөктөшөт. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө, министрликтин алдындагы тестирлөө борбору, улуттук баалоо борбору сыяктуу балдардын билим деңгээлин аныктоочу мекемелер бар болгону менен балдардын билими, компетенттүүлүгү бааланбай көз жаздымда калып келген. Ошого байланыштуу баалоонун багытын өзгөртүүгө аракет кылган долбоор старт алды десек болот. Россия дүйнөнүн билим берүүдөгү максаттарына жардам берүү үчүн Дүйнөлүк Банкка өзүнүн акчасын кошуп донор болуп чыгып жатат. Программанын алкагында 7 өлкө тандалып алынган. Анын бири - Кыргызстан. Программанын алкагына билим берүү деңгээли, менталитети, маданияты, тажрыйбасы ар түркүн мамлекеттер камтылган. Биз сапаттуу билимди камсыз кылуу, билим берүү тармагын диагностикалоого жардамдашуу, улуттук баалоо системасын түптөөгө жардам берүү деген үч максаттын тегерегинде иш алып баруудабыз.
Кыргызстан баалоо системасынан тап-такыр артта деп айтууга болбойт. Анткени башка өлкөлөрдөн айырмаланып, бизде көз карандысыз жалпы республикалык тестирлөө бар экенин билесиздер. Мындай башка бир да өлкөдө жок.
Бул тестирлөөнү мамлекеттик эмес уюм өткөрүп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстанда улуттук баалоо системасынын биринчи кадамдары шилтенди дагы, балдардын билимин баалоо 2006-2009-жылдары жүргүзүлдү. Бул изилдөөлөр 4-8-класстарда жүрүп жатат, биз ушул баалоону мектептин баскычтары менен байланыштырсак. Башталгыч классты бүткөндө бир баалап, орто мектепти бүткөндө бир, жогорку толук мектепти бүткөндө бир бааласак, ар бир баскычтын миссиясы кандай аткарылып жатат деген суроого жооп алат элек.
Инструментине келсек, дүйнөдө негизинен математикадан, адабияттан сабаттуулугу көбүрөөк текшерет. Менин жеке пикиримде үч негизги компетенцияны текшерсек болот. Ал кандай компетенциялар? Биздин улуттук куррикулумда айтылгандай, социалдык коммуникативдик компетенция, коомдо бирөө менен баарлашып жашап кеткенге даярдоо, коллективде жашоого даярдоо, экинчиси - таанып-билүү компетенциялары, үчүнчүсү - баланы турмушта кездешкен проблемаларды чечкенге үйрөтүү. Эгерде ушул үч компетенциянын негизинде бааласак, анда билим берүүнүн жалпы миссиясына баа бергенге башка мүмкүнчүлүк алат элек.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим",
Айгүл Ештаева,
"Айылдык билим берүү" долбоорунун адиси.