Методика

БАР БОЛ, НООРУЗ!
Айгүл Калмамбетова,
Балыкчы шаары, Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин жогорку категориядагы кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Сабактын максаты: Окуучуларды кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты менен тааныштыруу, Нооруз майрамынын тарыхый маанисин ачып көрсөтүү.
Сабактын жабдылышы: Дубал газеталар, байчечекей, жоогазындын сүрөттөрү, лозунгдар, улуттук буюмдар.
Сабактын жүрүшү:
Алып-баруучу : Арбаңыздар, ардактуу агай-эжейлер, кымбаттуу балдар жана кыздар, азиз меймандар! Куш келипсиздер!
Алдыда келе жаткан жакшылык майрамы менен куттуктоо менен кечебиздин алгачкы барагын саламдашуудан баштасак.
1-окуучу: Салам айтам адегенде,
Саламдашуу салт экен кыргыз элде.
Салам айтпай өтүп кетсек башка сөзгө,
Анда айып болот го өзүбүзгө.
2-окуучу: Ук жер жүзү, ук бүт аалам.
Урмат-сыйдын күүсүн чалган,
Ушул жерде олтурган баарыңыздарга
Жалындуу ысык салам (баардыгы чогуу айтат)
3-окуучу: Агарып атып келаткан,
Таң менен кошо туралы!
Жер-Эне, Асман-атабыз,
Теңирге таазим кылалы!
4-окуучу: Курдаштар бүгүн кубанып,
Кубултуп чыгар добушту.
Кучак жайып тосолу,
Жыл сайын келчү Ноорузду!
Хор: Кыргызымдын майрамы.
5-окуучу: Нооруз майрамы! Ата-бабаларыбыз жыл тогошоор убак деп Нооруз айын, тагыраак айтканда марттын 21 не караган түндү эсептешкен. Элибиз бул айды чын куран айы деп аташкан. Бул майрам мусулман элдеринин жаңы жыл тосуу майрамы катары кийинки жылдардан бери майрамдалып келе жатат.
6-окуучу: Тарыхта айтылгандай Нооруз күндөрүндө согуш токтолуп, уруу аралык кастыктар жоюлуп, эл чыр-чатагын унутуп, бири-бирине болгон таарынычтарын кечиришип, жүрөктөргө жылуу сезимдер келген.
7-окуучу: Нооруз ажайып майрам. Ал адамдын көңүлүн жашарткан майрам. Бул майрамга эл абдан кызуу даярданат. Ар ким короо-жайын тазалап, керексиз буюм кечегин өрттөп, үйүнүн ичин, бала-чакасын, мал-жанын аластап чыгат…
8-окуучу: Бул күндөрү ар бир үйдүн дасторконуна 7 түрдүү даам коюлат экен. Адамдардын пейили оңолуп, дини тазарып, бири-бирине мээримдүү мамиле жасашат.
9-окуучу: Нооруз майрамы эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу менен башталат. Жаңы жылды тосууда салттуу тамактарды даярдашкан. Аларга чоң көжө, сүмөлөктөр кирген.
Алып баруучу: Нооруз майрамын тосуу үчүн кыз-жигиттер келе жатышат, тосуп алалы (сахнага 6 жигит, 6 кыз келет). жигиттер "Шырылдаң" ырын ырдашат, ыр бүткөндөн кийин "Бекбекей" ырын кыздар ырдашат.
Алып баруучу: Эски жыл өтүп, биз көптөн-көп күткөн жаңы жыл жакындап калды, мына Ноорузду жетелеп Теңир Ата, Умай Эне келип калды, эмесе баарыбыз тосуп алалы (залга Теңир ата, Умай Эне Ноорузду жетелеп киришет).
Окуучулар:
- Ассаломалейкум Теңир Ата!
- Арбаңыз Умай Эне!
Алып баруучу: Куш келипсиздер!
Теңир Ата: көкө Теңир жар болсун! Кызыр Ата дарысын, күткөн куш болсун!
Умай Эне: Бар болгула, балдарым!
Алып баруучу:
Куш келипсиз Нооруз!
10-окуучу:
Жаңыргансыйт Ала-Тоонун добушу,
Жашаргансыйт байыркы ата конушум.
Сагындырып неге мынча кеч келдиң,
Салам сага санжыралуу Ноорузум!
11-окуучу: Кел Ноорузум арыш керип артылган,
Кереметтей ар бир үйгө айтылган.
Күткөн үмүт, ак тилектер ишке ашып,
Кошо келсин ырыскысы калкымдын.
12-окуучу: Мол түшүмдүн кенчи болсун талаалар,
Моюл өңдүү гүлдөй берсин калаалар.
Унутулуп капалыктар, кастыктар,
Жакшылыкка багытталсын санаалар.
13-окуучу: Кел жаңы жыл Нооруз майрам тосолу,
Кучак жайып ырга ырды кошолу.
Бир кишидей ынтымактын деминде,
Бийлеп, ырдап обондорду созолу.
Музыкалык тыныгуу "Мекеним"
Теңир Ата: Келди Нооруз! Жер Энебиз нан берсин!
Жериме көк, жер жайнаган мал берсин.
Нооруз майрам утурлаган Курултай,
Ынтымак, ырыс-кешик алып келсин.
Умай Эне: Ооба, ушул Ноорузду утурлап өтүп жаткан Ынтымак - Курултайы ак жолтой болсун, калкымдын пейли ток болсун!
Каргаша-оору жок болсун!
Теңир Ата: Кут качпай пейил оңолуп,
Кор болбой балдар торолсун!
Жыл сайын арча жытынан,
Жоболон кырсык жоголсун!
Умай Эне: (арча күйгүзүп, "алас-алас" ырымын жасайт).
Алас-алас-алас! Ар балээден калас! Айдан аман, жылдан эсен бололу, жакшылыкты Теңирим берсин, жарык күндү, кеңири берсин!
Алас-алас-алас!
Ар балээден калас!
Орообуз данга толсун!
Оозубуз нанга толсун!
Манас атабыздын арбагы колдосун!
Оомийин! (бардыгы бата кылышат)
14-окуучу: Аштык-бычак бүлөнөт,
Коштун башы сүмөлөк,
Ар дасторкон түрлөнөт,
Жаздын даамы сүмөлөк,
Казан тынбай көөлөнөт,
Ыйман күтөт сүмөлөк! (отургандар сүмөлөк ооз тиет).
Алып баруучу: Эмесе, ардактуу конокторубузду тосуп алдык. Теңир Ата, Умай Эне балдарыңыздардын оюн-зоогуна күбө болуңуздар, төргө өтүп орун алыңыздар.
Алып баруучу: Суктанамын кыргыздын комузуна,
Бүт арбалып сыйкырдуу добушуна.
Таң каламын бир чети ойлой-ойлой,
Байыркы бабалардын колу узуна.
Комуз күүсү
Алып баруучу:
ак калпак кыргыз калкыбыз бар,
Атадан калган ыйык салтыбыз бар.
Жети атасын таап айтып, мүдүрүлбөй,
"Кыргызмын" деген бийик намысы бар.
Жети атасын айттыруу.
15-окуучу: "Манас" эпосунан үзүндү.
16-окуучу: "Дасторкон" ырын аткарат.
Алып баруучу: Эми кезекти оюнга берели.
"Аркан тартышмай" оюну. Утканына байге берилет (музыка коштоп турат).
Алып баруучу: Келгиле табышмак, жаңылмач айтышып көрөлү (жеңгенине байге берилет).
Теңир Ата, Умай Эне:
Балдар! Турмушта бар көп карыз.
Биринчиси - эрте тур,
Таң кабарын тыңдап бил.
Экинчиси - тазалык!
Жашоо берген өмүргө,
Муздак суудан жутмактык.
Үчүнчүсү - ыйман күт,
Жан-жаныбар макулук
Сенден күтсүн бир үмүт.
Ушуларды эсиңерден чыгарбагыла. Кайрадан келерки жылда жолугушканча аман-эсен болгула, балдарым. (Теңир Ата, Умай Эне кол булгалап балдар менен коштошуп чыгып кетишет.
Алып баруучу:
Нооруз майрам, ырыс майрам!
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам!
Нооруз майрам.
Сахнага Ноорузду ортого алып ырдап, бийлешет.
Жыйынтыктоо.