email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак


ОЛИМПИАДА - 2010: татыктуулар тандалды
Республикалык олимпиадага өлкөнүн бардык региондорунан 450 окуучу 14 жалпы билим берүү предметтери боюнча сынакка катышты. Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга - 50 жеңүүчү, 2-орунга - 50 жеңүүчү, 3-орунга - 52 жеңүүчү чыкты.

2,3-бет.




Балдар билимдүү болсо, өлкө өнүгүп-өсөт
Мына ушундай девиз менен Кыргызстанда билимди баалоо абалына биргелешкен диагностика жүргүзүүгө арналган жаңы долбоор өз ишин баштады. Ага Билим берүү академиясынын директору А.Мамытов баш болгон адистери, ЖК депутаты Г.Куликова жана ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Кыргызстан Сорос Фонду, Дүйнөлүк Банк сыяктуу донор уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Дүйнөлүк масштабда билим берүү максатына жетүүгө жардамдашуу (READ) мүдөөсүн камтыган Россия Федерациясы менен Дүйнөлүк Банктын биргелешкен долбоору билим берүү тармагына Россиянын жаңы донор катары ролун күчөтүүгө багытталган. Программанын негизги максаты - кирешеси төмөн өлкөлөрдө билим берүү сапатын жогорулатуу. КМШ мамлекеттеринин арасынан Тажикстан менен Кыргызстан катышууда. Анын улуттук координатору А.Мамытовдун айтымында, долбоор мектептеги балдардын билимин, ийгиликтерин баалоочу улуттук системасын түзүүгө көмөктөшөт. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө, министрликтин алдындагы Тестирлөө борбору, Улуттук баалоо борбору сыяктуу балдардын билим деңгээлин аныктоочу мекемелер бар болгону менен балдардын билими, компетенттүүлүгү бааланбай көз жаздымда калып келген. Ошого байланыштуу баалоонун багытын өзгөртүүгө аракет кылган долбоор старт алды десек болот.
- Россия дүйнөнүн билим берүүдөгү максаттарына жардам берүү үчүн Дүйнөлүк Банкка өзүнүн акчасын кошуп донор болуп чыгып жатат. Программанын алкагында 7 өлкө тандалып алынган. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Въетнам, Эфиопия, Мазомбик, Замбия жана Ангола. Программанын алкагына билим берүү деңгээли, менталитети, маданияты, тажрыйбасы ар түркүн мамлекеттер камтылган. Биз сапаттуу билимди камсыз кылуу, билим берүү тармагын диагностикалоого жардамдашуу, улуттук баалоо системасын түптөөгө жардам берүү деген үч максаттын тегерегинде иштешип жатабыз.
Былтыр октябрь айында Москвада өткөн глобалдуу конференцияга тандалып алынган жети өлкөнүн командалары, андан сырткары баалоо боюнча Америка, Англия, Австралия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөн дүйнөдөгү көрүнүктүү адистер келишип, бизге үч күн тренинг өтүшкөн эле. Анда адистер дүйнөдөгү баалоо системаларынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшүп, улуттук баалоо системасын кантип калыптандырса болот деген теманын тегерегинде кеңири ой-пикир бөлүшкөн.
Кыргызстан баалоо системасынан тап-такыр артта деп айтууга болбойт. Анткени башка өлкөлөрдөн айырмаланып, бизде көз карандысыз Жалпы республикалык тестирлөө бар. Мындай башка бир да өлкөдө жок. Менин жеке пикиримде окуучулардын билимин башталгыч классты аяктаганда бир жолу, орто мектепти аяктаганда дагы бир жолу жана жогорку толук мектепти аяктаганда үчүнчү жолу бааласак, ар бир баскычтын миссиясы кандай аткарылып жаткандыгын билмекпиз, - дейт А.Мамытов.
Аталган программанын бир нече баскычы бар. Биринчи этабы - өзүнө-өзү диагностика жүргүзүүгө арналган иш-чаралар камтылган. Атайын адистер Кыргызстанда эмне жумуштар аткарылгандыгынын аналитикасын жыйынтыкташты. Эми кийинки кадам ошол диагностиканын тегерегинде иш-чараларды пландаштыруу иштелип чыгат. Андан соң каржылоо, ишке ашыруу иштери башталмакчы.
Беш жылга созулган бул долбоорду ишке ашырууга 32 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"