Илим жана азыркы доор

МЕЗГИЛДЕН АРТТА КАЛБАЙЛЫ
Ошондуктан биз илимдин өнүгүшүнө, өлкөнүн гүлдөшүнө кедерги тийгизген паракорлукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүшүбүз зарыл.
Өткөн жылы мен УАКтын тарых жана юридикалык илимдер боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы болуп иштедим. Отчеттук докладда келтирилген диаграммалардан эле өзүңөр көргөндөй, юридика багытында жакталып жаткан диссертациялар саны жагынан биринчи орунга чыгыптыр (буга чейин көп жылдар бою алдыда болуп келген медицина багыты экинчи орунга түшүп калды. - ред). Албетте, бул адистик боюнча жакшы докторлук, кандидаттык диссертациялар көп жаралып жатат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени өлкөбүз укукчул мамлекет курууга умтулууда. Ушундай илимий эмгектердин жыйынтыктары практикада колдонулса, коомубуз өнүгөт эле деп ойлойм.
Тилекке каршы, бул багыттагы диссертациялардын айрымдары өтө төмөн деңгээлде иштелген. Формалдуулукка жол берилген учурлар көп кездешет. Мисалы, изденүүчүнүн атын атабай эле коёюн, бирөө кириш сөзүндө диссертация үч бөлүктөн турат деп жазып, анда кандай маселелер караларын белгилеген, бирок анысы эки гана бөлүк менен аяктап калган. Бул ушул тармактагы илимде кандай жоопкерчиликсиз адамдар бар экендигинен кабар берет. Мындай иштерди өткөрүп жиберген диссертациялык кеңештер өз милдетин аткарууга шалаакы мамиле жасаарын көрсөтүп турат.
Эксперттик комиссияда иштеген кезде бизге бир катар ата-энелер кайрылышты. Алар юридика жана тарых илимдери боюнча адистештирилген диссертациялык кеңеште коррупция абдан кенен тамыр жайган деп даттанышты. "Уулум (кызым) илимий эмгегин ийгиликтүү жактап алсын десек, оппоненттер, кеңеш мүчөлөрү пара үмүт этишет экен" - дешет. Өзү илимдин доктору болгон эжей, келинимдин диссертациясын жактатам деп көйнөксүз калмай болдум дейт. Кеңештин ар бир мүчөсүнө, төрагасына өзүнчө, оппоненттерине акча бериш керек экен, баарын кошо келгенде өтө чоң суммага чаап барат экен. Коррупцияга катуу чалдыккан кеңештердин кароосуна коюлган эмгектердин калыс бааланышы, сапатынын жогорулашы жөнүндө сөз да кылуунун кажети жок. Мындай көрүнүштөр бир гана юридика жана тарых илимдери боюнча эмес, башка багыттарда иштеген кеңештерде да бар деп ойлойм.
- УАКта сүйлөгөндө "жол кире" дегенди да айттыңыз эле…
- Чындыгында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу диссертациялык кеңештердин ишине мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан кеңеш мүчөлөрү жыйынга келиши, илимий иш менен таанышып чыгып, эксперттик баа бериши үчүн изденүүчүлөр өздөрү төлөп жүрүшөт. Бул чыгымдар анча деле чоң сумманы түзбөйт. Айрыкча улгайып калган курактагы кишилердин келип кетишине сарпталуучу жол кире акысын төлөөгө эч ким каршы да, нааразы да болбойт. Таксиде келгени үчүн 200 сомдой…
- Бишкекке Кара-Колдон же Оштон келсе…
- …ошол шаарлардан келип кеткенге жеткидей акчаны деле берүүдөн эч ким кыңырылбайт. Бул туура эле нерсе. Бирок бул жол кирени астрономиялык өлчөмгө көтөрүп жиберген диссертациялык кеңештер бар экен.
- Океандын ары жагына барып келебиз дегендейби?
- Ооба. Муну ошол жерде (УАКтын жыйынында. - ред.) катышып отургандар деле жокко чыгарбады го. Нечен жыл бою өзүнөн кечип, үй-бүлөсүнүн материалдык пайдасын курмандыкка чалып, тырышып изденип жүрүп аяктаган илимий эмгегинин жыйынтыгын расмий түрдө таанытып алуу үчүн көз каранды абалга туш келген адамдын абалынан ынсапсыздык менен пайдаланып жаткандар бар экендигин ачык айтпасак, анда бул тармактагы абал оңолбойт. Ырас, окумуштуулардын баары эле андай эмес.
- Былтыр бир курсташым, ушундай кеңештердин биринин мүчөсү, мага кызык нерсени айтты эле. Бирөө диссертациясын алып келген экен, сын пикир (отзыв) жазып бер деп. Ага: "Биз бул иштер үчүн өкмөттөн бир тыйын албайбыз. Ошондуктан окуп чыгып, пикир жазууга убакыт, көз май коройт, күч-аракет сарпталат. Ичиңиз оорубаса, ушул кызматым үчүн 200 сом төлөңүз", - дептир. Тигил ошону гезитке жазып чыгыптыр, баланча менден ушунча сом пара талап кылды деп.
- Эми бул берки кишинин пастыгы.
- Антиплагиат тутуму жөнүндө сөз болуп келет эки жылдан бери. Буга сиз кандай карайсыз?
- Эгер таза иштесек, ал тутумдун эч кандай кереги болбойт бизге. Илимий ишке кадыр-барктуу илимпоз жетекчилик кылат, изденүүчүнүн бир эмес эки расмий оппоненти болот, докторлук диссертацияда оппоненттердин саны үчкө жетет. Ал эми кеңештин ичинен расмий эмес түрдө оппоненттик кылуучулардын санына чек жок. Ошолор таза иштеп берсе эле, жанагы кымбат баалуу компьютердик программанын кереги жок болмок бизге.
- Эми бул дагы арга кеткендеги бир оокат окшойт. Себеби уурдап алгандар көбөйдү деп сиз экөөбүздөн башкалар да какшап айтып жүрүшпөйбү? Кеңештерге ишенич анча жок. Башка өлкөлөрдө чыгарылган программа кымбат болсо, өзүбүздө эле маалымат технологияларын мыкты билген таланттуу адистерибиз бар эмеспи.
- Албетте, жаңы технологияларды, жаңы ыкмаларды пайдалануу керек. Бирок ошондо деле адам фактору таасир этпей койбойт. Мисалы, азыр эркин сессия дегенди уу-дуу кеп кылып жатышат. Студенттер окутуучулар менен көзмө-көз кезикпей эле, сынакты компьютерге тапшырсын дешет. Ошол компьютерди иштеткендер кайра эле адамдар эмеспи. Мен студенттер менен сүйлөшкөндө өздөрү айтышты - көрсө, программисттерге акча берип, тесттин туура жоопторун койдуруп алышат экен. Тескерисинче, сабакка дайым катышып, жакшы окуп жүргөндөр орто же начар бал алып калган учурлар көп болот. Андыктан мен адистештирилген кеңештердин мүчөлөрү өз милдеттерин ар намыстуулук менен аткарса деп тилээр элем, ошондо гана тазарабыз.
- Жана жыйында УАКтын сайты ачылды дешти го, сиз аны карап көрдүңүзбү?
- Жок.
- Ошол сайтка эле ар бир жакталган же жактоого коюлуп жаткан диссертациянын текстин жайгаштырса, бүтүндөй уурдалган эмгектер эле эмес, үзүндүлөр, атүгүл туюнтулушу, формасы өзгөртүлгөн, бирок маалымат булагына шилтеме жасалбай пайдаланылган идеялар да коомчулукка көрүнүп калат эле да. Россияда жакталган диссертацияларды (Улуттук китепкананын атайын залында турат) Интернеттен алып эле бир аз өзгөртө коюп, диссертация жактагандар жөнүндө сизден башкалар да көп айтып жүрүшөт. Эмне үчүн ошолорду ашкерелебеш керек? Анын үстүнө ошол эле Россияда жакталган, жакталып жаткан диссертациялар менен таанышып чыкканга кеңеш мүчөлөрүнүн убактысы да, күчү да жетпейт. Бир эле адистик боюнча жарыяланган эмгектерди окуп чыгуу үчүн бир адамдын өмүрү жетпейт. Демек, алар өздөрү кааласа деле уурулукка ишеничтүү бөгөт коё албайт. Бирок миңдеген аспиранттар, студенттер, мектепти бүтө элек жаштар азыр илим кандидаттары менен докторлорунун түшүнө кире элек укмуштарды Интернеттен таап окуп жатат. Ошолор ууруларды кармап берсе, арам жол менен жакталган диссертациялардын "авторлорунун" наамы токтоосуз жокко чыгарылып турса, плагиат ошондо жоюлат эле деп ойлойм.
- Ооба. Эл - тараза. Азыр айрым илимий маселелерди окумуштуулардан да терең түшүнгөн, кенен билген студенттер бар. Коомдо ар нерсени байкап жүргөн адамдар көп. Албетте, ачыкка чыгарылышы мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбей турган изилдөөлөр жашыруун сакталат - буларды сайтка жайгаштырбоо керек. Калгандарын баарын элге жеткирүү зарыл. Бул ууруларды кармоо үчүн эле эмес, ошол диссертациялардагы пайдалуу маалыматтарды билим берүү, изилдөө, практикалык максаттарда улуттун пайдасына колдонуу үчүн да керек.

Жолдош Турдубаев, "Кутбилим"