Коом жана тарбия

Чоңдордун эрегиш, ээнбаш оюндары мектеп окуучуларына жеттиби?
Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы орто мектепте жаңы эле келген директорго окуучулар баш ийбей каршы көтөрүлүп чыгып, чыңалган кырдаал түзүлдү. Мектептеги чыр-чатакты жөнгө салууга райондук акимчилик менен укук коргоо органдарына чейин кийлигишүүгө туура келди.

19-февралда аталган мектептин жогорку класстарынын окуучулары жаңы келген директор Бакчиева Индираны жумуштан кетсин деген талап менен сабакка катышуудан баш тартышкан. Окуучулар жаңы директорду 500 сомдон акча чогултууну буюрду, ошондой эле класстардын муздак экендигине карабай көйнөкчөн отурууга мажбурлады деп айыпташып, сабакка кирбей, директорду бир жумада кетирүү үчүн райондук бийликке бир жума мөөнөт чектешкен.
Мектептеги мындай чектен тыш жаңжал көрүнүштү жөнгө салуу үчүн райондун акими Саматбек Керимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жунусов Бектур баш болгон жетекчилер дароо мектепке келишип, окуучулар менен өзүнчө, мугалим жана ата-энелер менен өзүнчө жыйын өткөрүшүп, кырдаалды жайгарышкан.
Бир эле учурда "окуучулук көтөрүлүштүн" артында белгилүү максатты көздөгөн чоң адамдар болушу мүмкүн деген шек менен райондук прокуратура бул окуяны иликтөөгө киришти. Билим берүү жана илим министрлиги өз кезегинде аталган мектепте моралдык-психологиялык климатты оңдоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо чараларын көрүүнү райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырды.
Бизге жеткен маалыматка караганда, аталган мектепте жаңы директор келгенге чейин эле мугалимдер эки жаатка бөлүнүп эрегишип, ынтымак ыдырап турган экен. Ошондуктан райондук билим берүү бөлүмү бул мектептеги кырдаалды колго алат деген ишенич менен коңшу айылда көп жыл директор болуп иштеп келген Бакчиева Индираны жетекчи кылып алып келет. Чырлашып-чырылдашып жүргөн айылдаштар эми "директор сырттан келбесин, өзүбүздөн коюлсун" деген талабын таңуулашат. Акыры мугалимдер жаңы директордун койгон талаптарына тымызын бут тосуп, бул ишке окуучуларды аралаштырып, директорго каршы тукурууга өтүшкөн.

Райондун акими Саматбек Керимкулов менен байланышканыбызда ал дагы буга чейин жалаң уруш-талаштын үстүндө жүргөн мугалимдер сырттан келген жетекчини жээрип, өздөрүнүн эле арасынан директор дайындоо талабын коюп жаткандыгын маалымдады.
- Биз атайын барып эмгек жамаат менен жыйын өттүк. Ошондо бир мугалим "Биз уруу-уруу болуп бөлүнүп, тууган-уруктар бирге иштешип көнүп калганбыз, бул илгертен каныбызга сиңип калган. Ошондуктан бизге башка жактан келген жетекчинин кереги жок. Директорду биздин арабыздан эле бекитип бергиле. Анын үстүнө жаңы келген директор менен иштешүү кыйын болуп калды. Муну жөн калтырсаңар эртеңки күнү кырсык болуп кетиши мүмкүн" деп бизди коркутту. Бирок биз өзүмчүл мугалимдердин уюштурган иштерине моюн берген жокпуз. Азыр директор ордунда иштеп эле жатат. Окуучулар болсо окуусун улантууда. Анын үстүнө бул ишти окуучулар эмес мугалимдер уюштуруп жатат. Бул жерде окуучуларда эч күнөө жок, - дейт Саматбек Керимкулов. - Окуучуларга өзүнчө жыйын өткөргөнүбүздө алар бул окуя боюнча маалымат каражаттарынан кеткен маалыматтардын көбү аша чапкандык экендигин жана директор алардан акча жыйноо боюнча эч кандай талап койбогондугун айтышты. Окуучулар 19-февралдан бери сабакка баруудан баш тартты деген чындыкка туура келбеген маалымат таркап кетиптир. Бул маселе ошол эле күнү чечилип, окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок.

- Мен мектепке жаңы келген күндөн баштап тартипке, тазалыкка көңүл буруп, окуучуларга да, мугалимдерге да катуу талаптарды кое баштагам. Менин мындай талаптарым аларга жакпай калды окшойт, - дейт мектеп директору Индира Абышевна.

Бул кейиштүү окуядан айрым мугалимдердин окуучуларды курал катары пайдалангандыгы куралданбаган көзгө деле көрүнүп турат. Туура тарбия-таалим берүүнүн ордуна мугалимдер өздөрү окуучуларды чоңдордун ыплас оюндарына аралаштырып жатышы өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Балдарын мугалимдери жаман жолго салып жатканын көрүп туруп көрмөксөнгө салган ата-энелерге жол болсун. Чоңдор оздөрүнүн бөлүнүп жарылуу, жаатташуу, эрегишүү оюндарына эми окуучуларды көнүктүрө баштадыбы деген суроо туулат. Жакшыга караганда жат көрүнүштөр коомчулукка тез тарайт эмеспи. Коомчулук бул окуяны талдап-таразалап, мектепте тарбия-тартип маселеси терең кризисте турганын айтууда.
- Мындай көрүнүштү биз "ЧП" катары кабыл алышыбыз керек. Кыргызстан үчүн жаман, жугуштуу илдетке айланышы мүмкүн. Мектеп окуучулары минтип сабакка барбай жатса мугалимдер аларды тартипке чакыруунун ордуна өз билгениңерди кылгыла деп басып кете берсе, кыскасы, бул баарыбызды ойлондура турган маселе.
Биз мектепке барып эмгек жамаат менен жолугушканыбызда "эмне үчүн балдарды кой деп, тартипке чакырып койгон жоксуңар" десек, мугалимдер "балдар бизди угушпайт" дейт. Эгерде балдар тарбия завучун, класс жетекчисин укпаса анда аларды мектепте кармоонун кандай кажети бар. Демек, мектеп балдарды көзөмөлдөөнү жоготуп койгон деген жыйынтыкка да келсе болот. Биз ошондуктан мунун баарын иликтеп көрүп, мугалимдердин таасири алдында окуучулар ээн баштыкка барган деген тыянак чыгардык, - дейт райондун прокурору Медет Абдышев. - Бул маселе ушуну менен эле чектелип калбайт. Биз муну ким уюштургандыгын, аны уюштургандардын артында кимдер бар экендигин аныктайбыз. Балдардын артында бирөө турганы ачык эле көрүнүп турат.

Алдыңкы педагогдордун айтымында, мында эң өкүнүчтүүсү мугалимдердин ортосундагы чырга окуучулардын аралашып калгандыгы. Бул педагогикалык проблеманын социалдык проблемага айланып бараткандыгынан кабар берип жаткандыгын Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили жана адабият бөлүмүнүн башчысы Сулайман Рысбаев баса белгиледи:
- Бул маселени эки жагынан кароого болот. Азыр балдар мурдагыдай болбой, керек болсо жетекчинин жүрүм-турумуна, айткан сөзүнө маани берип калышты. Бизде мектепти, мугалимди, жетекчини тандоо эми башталды. Педагогикалык проблема социалдык проблемага айланып кетти. Ошондон улам окуучулардын тартиби, тарбиясы кескин өзгөрүп, коомдо болуп жаткан жат көрүнүштөр терс таасирин тийгизип жатат. Мектеп директорун кубаламак түгүл чогулуп алып мугалимди, директорду сабаган учурлар да кездешет. Бул биздин ошол проблеманы көрмөксөнгө салып жатканыбыздын натыйжасы.
Биз алгач бул окуянын тамыры эмнеде экенин аныкташыбыз керек. Мүмкүн ошол айылга мурдагы директору жагаттыр. Мүмкүн коңшу айылдан келген жетекчинин иши жакшыдыр. Саруулуктар "Сүтү бизден болбосо да, башы бизден болсун" дегендей, куру намыска алдырып жатышкандыр. Ал үчүн окуучулар менен сүйлөшүп, алардын мындай кадамга барышына эмне себеп болуп жаткандыгын аныктоо зарыл. Директорлук кесип эмес. Ал чыгармачылыкты, кылдаттыкты талап кылат. Эң жаман жери бул мектептеги эмгек жамааттын бөлүнүп-жарылуу илдети окуучуларга жугуп жатканында. Мугалимдер балдарга тарбия бергендин ордуна аларды бузуп жатканы өкүнүчтүү. Экинчиден, бул мектепте тарбия меселесинин аксап жаткандыгын билдирет. Эми биз педагогикалык проблемаларды туура анализдеп, чечип анан аны илимий түрдө сунуш кылбасак, мындай окуялар курчуй бериши мүмкүн. Ал Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизет. Окуучулар мага мобул мугалимдин кереги жок, бул мугалимден окубайм деп өз билгенин кыла баштайт. Биз мындай ыкма менен балдарды саясаттан алыстатмак түгүл, тескерисинче, анын очогуна сүйрөп келүүдөбүз. Эгерде мындай окуялар көбөйүп кетсе, мектеп өзүнүн тарбиялык функциясын жоготот.