Улуттук этнографиялык мектепте

БАЛДАР КЫРГЫЗ САЛТЫН КЫЙЫН БИЛИШЕТ
Ата журтум ардактуу дегендей, ажайып кооз жердин бири болуп, эчендерди суктантып, бир көргөндө ашык кылган ыйык Ысык-Көлүбүздүн жээгинен орун алган Сары-Ой айылында Эмгекчил орто мектеби бар. Ал кичинекей айылыбыздын чок ортосунан орун алып, келечек муундарды жыл сайын уядан учуруп турат. Жыйырмага жакын мугалимдери жана 200дөн ашык окуучулары бар бул чакан мектепте жаш, талыкпаган, иштерман Кудабаева Венера директор болуп иштейт. Анын мектепти жетектеп келгенине аз эле жыл болсо дагы, көптөгөн иштерди жасап ийгиликтерге жетишип келет. Бул мектепке канчалаган белгилүү адамдар, депутаттар, министрлер, билим берүү тармагындагылар келбеди. Ошол келген коноктор мектебибизди "куурчактай болгон мектеп экен" деп кетишет. Чынында эле мектебибиз ушундай. Анда эмесе ошол мектепти сүрөттөөдөн баштайын.


Мектеп эки кабаттуу, 11 класс-кабинеттен, спорт зал, усулкана, ашкана ж.б. турат. Мындан бир топ жыл мурда балдарга улуттук тарбия берүү максатында этнографиялык мектеп деп аталып, кыргыз элинин үрп-адат, салт-санаасын окуучуларга жеткирүүнү максат кылып койгонбуз. Аны биз ишке ашырып келе жатабыз. себеби мектептин босогосун аттаганда эле 1-2-кабаттын коридорлору, фойелери кыргыз элинин оймо-чиймелери салынган шырдактын көчөттөрү менен кооздолгон. Тамдын боорунда туш кийиздин үлгүсү илинип Кыргыз Республикасынын символикалары менен кооздолгон.
Биринчи кабатта 1-4-класстардын окуучулары окугандыктан аларга ылайыкталып тамдын боорлорунда ар түрдүү жомоктордун түстүү сүрөттөрү тартылган планшеттер илинген. Ошол эле биринчи кабаттан түз басканда сол жакта усулкана, оң жакта класс - боз үй, андан ары спорт зал. Кандай боз үй деп таң калбагыла! Кадимки эле кыргыз элинин колдонуп жүргөн боз үйү. Ичи жасалгаланган кооз, улуттук буюм-тайымдар илинген. Бул жерде 1-4-класстын окуучулары тамактанышат. Алар үчүн улуттук тарбия алуусунда ушул боз үйдүн ролу зор. Боз үйдүн алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири 1995-жылы мектептин директору болуп жүргөн Куренкеева Гулнар эжей жана мугалим Исмаилов Тургун эле.
Ал эми экинчи кабатка көтөрүлгөндө дагы эле тепкич, коридор, фойесинде шырдактын оймолору салынып сырдалган. Тамдын боорунда айылыбыздын жашоочуларынын түпкү келип чыгыш уруу теги же таралыш санжырасы жана тарыхый маалыматтар, согуштун, эмгектин ардагерлеринин өмүр баяндары жазылып, сүрөттөрү илинген.
Мына ошентип, биз балдарга улуттук тарбия берүүнү көздөп мектептин ичи-тышын элдик менталитетке жакындатып жабдыганбыз. Бул болсо мектебибиздин балдарга улуттук-этнографиялык тарбия берүүдөгү биринчи кадамы болуп эсептелет.
Ал эми биздин негизги милдетибиз, албетте, улуттук каада-салтты үйрөтүү, окуучуларга жеткирүү болуп саналат. Коом өсүп-өнүккөн, техника көбөйгөн сайын жаш муундарыбыз ата-салтын унутуп, башка элдерди туурап бара жаткансыйт. Улуу, орто муундардын көзү өтсө, салт-санаабызды улап, укумдан-тукумга алып кетчү жаштарды тарбиялап жатабызбы же унутушабы деген коркунуч келет. Ошондуктан биздин ар бир мугалимибиз улуттук тарбия берүүгө чоң көңүл коюшат. Сабактарында сөзсүз улуттук тарбия берүүгө ылайык темаларды тандап өтүшөт. Мына ушулардын кээ бирөөлөрүнөн ачык же стандарттык сабактарынан мисал келтире кетелик.

1. Исамамбетова Сымбат - 4-класс
Тема: "Конок күтүү адеби"
Максаты: окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккө, кыргыз элинин салт-санаасына үйрөтүү.
Ал өзүнүн сабагында кыргыз эли конокту кантип тозгондугу жөнүндө токтолуп, коноктун үч түрү:
1. Кудай конок;
2. Айттырып келген конок;
3. Чакырылган конок бар экенин түшүндүрүп, ар бирине токтолуп айтып берет. Конок тосуу жана тойдун түрлөрү:
o Куда-сөөк тосуу;
o шерине тосуу;
o туулган күн өткөзүү;
o баланы бешикке салуу;
o жентек берүү;
o сүнөткө отургузуу;
o кыз узатуу;
o келин алуу;
o үйгө той берүү ж.б. бар экенин да окуучуларга сабагында айтып берди.
2. Кудабаева Венеранын адеп сабагынан "Кыз адеби кымбат", "Бата берүүнүн түрлөрү" ж.б. темалардагы сабактары абдан кызыктуу өтүлөт. Мисалы, батаны кайсы учурда беребиз: келин жүгүнгөндө, колго суу куйганда, дасторкон жайып же жыйганда, кой сойгондо ж.б. көптөгөн баталар бар экенин окуучуларга үйрөтүп, алар да чоңойгондо ушундай бата беришерин билишсин дейбиз.
3. Ал эми өзүмдүн кыргыз адабият сабагымда К.Маликовдун "Жаңыл Мырза" драмасын өтүп жатып төмөндөгүлөргө токтолдум:
Бул драмада Түлкү Мырзанын камчысы жөнүндө айтып жатып, камчынын түрлөрү менен тааныштырам, себеби камчы аркылуу коноктун трлөрүн билебиз:
1.Эгерде камчысын ээрдин үстүнө кыстарып кирсе, анда ал шашкан конок;
2. Эгерде камчысын сүйрөй кирсе, ачуусу келген конок;
3. Эгерде камчысын колуна алып, бүктөй кирсе, анда конуучу конок экенин билебиз.
Балдардан Түлкү Мырза кандай конок экенин сураганда, алар өзүлөрүнүн билгендери жөнүндө талкуулашат.
Ал эми боз үйдүн жасалгалары, жабдылышын ар бир окуучуларыбыз билишет, себеби мектепте боз үйүбүз бар экендигин, анда 1-4-класстын окуучулары тамактана турганын жогоруда айтып өттүк эле. Боз үйдүн жыгачтары: кереге, уук, түндүк, чагарак, эшик, босого таяк, бакан.
Кийиз жабдуулары: үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик жабуу, жел боо, курчоо экенин үйрөтүп, ичтериндеги жасалгалардын орду тууралуу окуучуларга жеткиребиз. Алардын келечекте боз үй тиккенди, чечкенди билүүлөрү зарыл эмеспи.
Конок күтүү жана коноктун түрлөрүн айтып өттүк эле, бирок ошол конокторго тартылган устукандардын б.а. малдын жиликтери кандай аталарын жана улуулата тартылаарын дагы үйрөтүшүбүз керек, аны өңчөй эркек балдар эске тутушу абзел.
4. Бул боюнча 10-класста адеп сабагында В.Кудабаева "Устукан тартуу адеби" деген темада сабак өттү.
Сабак абдан кызыктуу жана көрсөтмөлүү болду. Ар кайсы эл устуканды ар кандай тартат. Бирок негизги бөлүнүштөрү төмөнкүдөй:
1. Куймулчак - аял кишиге;
2. Жамбаш - эркекке;
3. Жото жилик;
4. Кашка жилик;
5. Далы;
6. Кар жилик;
7. Карчыга;
8. Баш.
Бодонун устукандары: уча, узун арка, арка, жамбаш, кабырга, далы, жиликтер, ич эттер: карын, чучук, сары жүрмө, ичеги, казы-карталар да табакка тартыларын мугалим окуучуларга түшүндүрдү. Бул да салт-санаалардын бири, келечекке керек эмеспи.
5. Дене тарбия мугалимдери Э.Касиев менен Г.Сыдыкова өз сабактарында дайыма элдик оюндарды колдонуу менен кызыгын арттырат.
Мисалы, ордо, орто топ, көз таңмай, ак чөлмөк ж.б. оюндардын эрежелерин түшүндүрүп, андан кийин ар бир сабакта бир оюнду өтүп турушат.
6. Ал эми 3-класстын мугалими Асангазиева Шайкүл өзүнүн окуучулары менен колго жасалган аттарын минип, кыз куумай, улак тартыш, көк бөрү оюндарын музыканын коштоосу менен бий аркылуу көрсөтүшөт. Бул бийлерди 3-класстын окуучулары Нооруз майрамы ж.б. учурда бийлеп көрсөтүшөт.
7. Биз, мугалимдер, мындай улуттук каада-салтты үйрөтүүнү сабактарда интерактивдүү ыкмаларды кеңири колдонуу менен ишке ашырабыз. Себеби, биз "Айылдык билим берүү" долбоору жүргүзүлгөндөн бери иштеп келебиз. Өткөн окуу жылында баалоо-аттестациядан кийин "Устат мугалим", "Профессионал 1,2" жана "Адис 1,2" деген наамдарды алып, быйыл мектептер аралык конкурста иштөөдөбүз. Ошондуктан ар бир сабагыбыз жаңы ыкмаларсыз өтпөйт десем болот.
Мисалы, боз үй жөнүндө өткөндөн кийин кластер түздүрөбүз. Коноктун түрлөрүнө, камчыга да кластер, ал эми илгерки менен азыркы конокко Венндин диаграммасын түзүшөт. Орозо учурунда орозону кармоо жана кимдер кармабайт, эмне үчүн кармайбыз, ден-соолукка пайдасы барбы деген суроолор менен диспут өтүлөт.


Айта берсе биздин мектепте улуттук тарбия берүүдө көптөгөн иштер жүргүзүлөт. Жогоркулар алардын кээ бири эле деп айтсам жаңылышпайм.
Мына ушундай иштери жана жасалгалары менен биздин мектепти "Улуттук этнографиялык лицей" деп атаса болот эле деп ойлойбуз. Жалпы мектептин мугалимдери жана окуучулар жамааты Билим берүү жана илим министрлигинин, областтык жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринен өтүнүп кайрыларыбыз мектепти "лицей" деп атап берүүңүздөрдү суранабыз.
Эмгекчил орто мектебинин мугалимдери болсо балдарды улуттук менталитетте талыкпай тарбиялай бермекчибиз.

Шааркан Соноева,
Эл агартуунун отличниги, устат-мугалим