Эмгек жыйынтыгы

ЖАН БАШЫНА КАРЖЫЛОО ЫКМАСЫ ЖАЙЫЛТЫЛУУДА
Билим берүү тармагындагы жаңы ыкмалардын бири - жан башына каржылоо механизми Ысык-Көл облусунда кандай ишке ашып жаткандыгы тууралуу облустун айрым агартуучулары ой бөлүшөт.

Мугалимдерге көрсөтүлүүчү көмөктөр көбөйүп, талаптар күчөтүлдү
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин "Айылдык билим берүү" долбоорунун компоненттеринде региондордогу мектептердин материалдык-техникалык базаларын бекемдөөгө, аларды окуу куралдары жана китептери, оргтехникалар менен камсыздоо багытында белгиленген максаттары толугу менен иш жүзүнө ашты десем жаңылышпайм. Себеби пилоттук облустардын бири болгон Ысык-Көл облусундагы мектептердин дээрлик баары техникалык жабдуулар менен жабдылып, мектептин ремонтунан баштап, класстар, ашкана, спорт залдары жана окууга керектелүүчү спорт шаймандарына чейин толук жабдылды. Натыйжада мугалимдерге окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө жакшынакай шарттар түзүлүп, мугалимдердин ишине коюлган талаптар жогорулады.
2009-окуу жылында биздин областын мектептеринде жаңы ыкма - жан башына каржылоо механизми жайылтылды. Андан мурунку жылы биздин аймактын мектеп директорлору бул ыкма эксперимент катары жүрүп жаткан Ысык-Ата районундагы Красная-Речка мектебине барып, иш тажрыйбасын үйрөнүшкөн. Мектеп директорлору "ар бир окуучунун санына жараша каржылоо" түзүлүшүнүн негизги максаттары менен таанышып келишип, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнөн чыгарылган документтердин жыйнагын пайдалануу менен семинарлар өткөрүлгөн эле. Семинарга мектеп директорлору, окуу иштери боюнча директордун орун басарлары, бирикме жетекчилери, бухгалтерлер чакырылып, эмгекке катышуу коэффициенти - ЭКК (КТУ) деген эмне, аны кантип аныктоо керек ж.б.у.с. суроолорго жооп камтылган 6 сааттык семинар өткөрүлгөн. Аны Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектептин директору А.Омурканова теориялык жана практикалык жагынан даярдаган. Биз Ысык-Ата районуна семинарга барганда ал жердеги кээ бир педагогикалык жамааттарда ар кандай пикир келишпестиктер орун алып жаткандыктарынан кабардар болгон элек. Менин баамымда андай кемчиликтердин орун алуусунун себеби, алар "Айылдык билим берүү" долбоору боюнча иштебегендигинде болсо керек. Ошол себептен формативдик баалоолордун ыкмалары, портфолиолордун топтолуштары боюнча анализдөө ыкмалары болбогондуктан ушундай пикир келишпестиктер же болбосо түшүнбөстүктөр орун алган.
Ал эми бизде андай пикир келишпестиктер байкалган жок, себеби, бизде "Айылдык билим берүү" долбооруна активдүү катышып иш алып барган мектептерде ЭКК түзүп, бөлүштүрүү боюнча жалпы түшүнүктөр, даярдыктар жүргүзүлгөн.
Райондо ЭКК албай калган мектеп жок. Жалпысынан район 992 миң сом алып, асты 6 миң, арты 3 миң сомдон алышты. Жаңы келген мугалимдер - 100 сомдон 300 сомго чейин, ал эми техникалык кызматкерлер 600 сомдон 1000 сомго чейин алышты. Учурда бардык мектептерде 2010-жылдын керектөөчү бюджеттери түзүлүп, алдыга коюлуучу талап-милдеттер аныкталып, жан башына каржылоо принцибинин алкагында иш алып баруудабыз.
Аскербек Мамбетов,
Тоң районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Жан башына каржылоонун таасирлери
Быйылкы 2009-2010-окуу жылынан баштап Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү мекемелери жан башына каржылоо моделинин алкагында иш алып барышууда. Бул жаңы ыкманын негизги максаты - мектеп кызматкерлеринин материалдык кызыкчылыктарын жогорулатуу жана окуу-тарбия процессин жакшыртуу, алардын кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу.
Биздин Тоң районунда бул механизмди ишке ашыруу үчүн жакшы саамалыктар жүргүзүлдү. Атап айтсак, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан семинар-тренингдер уюштурулду. Анда кызматкерлердин эмгекке катышуу коэффициентин - ЭКК (КТУ) эсептөө иштерин кандайча жүргүзүү керектиги практикалык иштердин негизинде көрсөтүлдү. Ага мектеп жетекчилери менен бирге айыл округдарынын эсепчилери да катышып, ыкмаларын үйрөнүштү.
Натыйжада бардык мектептердин Уставы областык юридикалык башкармалык тарабынан кайрадан каттоодон өткөрүлдү. Айрым мектептерде өздөрүнүн бухгалтериялары ачылды. Эксперименталдык окуу планына ылайык окуучулардын окуу жүктөмдөрү азайып, мугалимдердин эмгек акы фондусун көбөйтүүгө кошумча каражат табуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп отурат. Кызматкерлер эмгек акысын үч бөлүк боюнча: биринчиси, ставка боюнча эсептелген туруктуу эмгек акысын, экинчиси, стимул берүүчү акчаны - эмгекке катышуу коэффициентинен эсептелген акчаны жана сыйлоо фондунан (ал эмгек акынын стимул берүүчү фондусунун 10% өлчөмүндө аныкталат) ала алышат.
Мектеп директору катары айтаарым, материалдык кызыкчылык пайда болгондон бери коллективде жагымдуу атаандаштык пайда болгондугун байкоого болот. Мугалимдер эмгекке катышуусуна жараша акча алышаарын, айлык акысын көбөйтүү жолдору бар экендигин билишип, ачык сабактарды өтүүгө, предметтик олимпиадаларга ж.б. кошумча иш-чараларды даярдоого активдүү тартыла баштады. Чындыгында мугалимдер мурда деле мындай иш-чараларды аткарып келишкендиги, ал үчүн эч кандай акы төлөнбөй, аларды максималдуу иштетүүгө стимул жок болгондугу маалым. Азыр болсо абал тап-такыр башка.
Маселен, 2009-жылдын IV кварталынын жыйынтыгында биздин Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектептин жалпы жамааты 132,1 миң сом, анын ичинен педагогикалык кызматкерлер - 99075 сом, административдик башкаруу жана чарбалык тейлөө персоналдар - 33025 сом же 100 сомдон 5300 сомго чейин алууга жетишишти.
Окуучулардын окуу жүктөмдөрү азайып, ар бир окуучунун жана ата-эненин каалоосу менен мектепте кошумча билим берүү кызматтары көрсөтүлүүдө. Окуучулар айрыкча, орус тили, англис тили, кыргыз тили, информатика, математика предметтерин тандашып, ушул багытта тереңдетилген билим алууга умтулушууда. Ал эми кошумча билим берүү кызматтарын көрсөткөн мугалимдер эки айда 140 сомдон 900 сомго чейин кошумча эмгек акы алышса, мектептин казынасына түшкөн киреше 5 миң сомду түздү. Бул каражат мектептин окуу техникалык базасын чыңдоого жумшалып, мектеп учур талабына ылайык жабдылып жатат.
Ушундай өз алдынча чарба жүргүзүү, мугалимдердин ишмердүүлүгүн арттыруу, мугалимдердин эмгекке катышуу коэффициентин аныктоо критерийлери "Айылдык билим берүү" долбоору тарабынан иштелип чыгып, ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын белгилеп кетсек болот.
Жайылтылып жаткан жаңы ыкманын натыйжасында жетишип жаткан мына ушундай ийгиликтер бизди кубандырууда, андыктан долбоордун кызматкерлерине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Айжан Өмүрканова,
Тоң районундагы Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин директору.

Негизги максат -
билим берүү сапатын жогорулатуу
Акыркы жылдары билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан саясат алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбаларын негиз кылууда. Мына ушундай жакшы жөрөлгөлөр Ысык-Көл областынын мектептеринде да жүрүп жатат. Алсак, Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган "Айылдык билим берүү" долбоору областтын мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуучуларды жана мугалимдерди окуу китептери, окуу материалдары менен камсыздоого, окуучулардын жетишкендиктерин жаңыча баалоого жакындан жардам берип келүүдө. Жаңы саамалыктын бири - жан башына каржылоо механизми. Мунун негизги өзөгүн мектептерди финансылык автономияга ээ кылуу, окуучулардын окуу жүктөмдөрүн азайтуу, бир окуучуга эсептелген бирдиктүү норма түзүү, акы төлөнүүчү жана акы төлөнбөөчү кызматтарды жөнгө салуу түзөт.
Жан башына каржылоо моделинде мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо негизги маселелердин бири. Анткени бул баалоонун жыйынтыгынын негизинде мугалимдерге кошумча акы төлөнөт эмеспи. Мында педагогдордун эмгек акысы эки багытта жүргүзүлөт, б.а. эмгек акынын гарантиялуу бөлүгү жана эмгек акынын шыктандыруучу бөлүгү. Эмгек акынын шыктандыруучу бөлүгү мектептин фондусунда үнөмдөлгөн каражаттардан түзүлөт.
Билим берүү системасын модернизациялоо шартында педагогдорго төмөнкүдөй талаптар коюлат: профессионалдык билимден - профессионалдык компетенттүүлүккө жана профессионалдык ишмердүүлүктү ишке ашырууда мугалимдин субьективдүү позициясы. Бул коюлган талаптар педагогдун ишмердигинин натыйжалуулугун баалоо критерийлеринде камтылган. Ишмердиктин натыйжалуулугун баалоо 7 блок боюнча жүргүзүлөт. Анын ичинен 4 блок жогоруда белгиленген долбоордун алкагында буга чейин биз иштеп жүргөн 4 стандарт боюнча: 1. Кесиптик чеберчиликтин деңгээли; 2. Окуу тарбия иштерин уюштуруу; 3. Мониторинг жана окуучулардын илгерилөөсүн баалоо; 4. Кесиптик өнүгүү; 5. Мектептин бирдиктүү талаптарын сактоо; 6. Мугалимдин ишинин интенсивдүүлүгүнүн коэффициенти; 7. Мектеп окуучуларына кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына (ата-энелердин тандоосу боюнча акы төлөнүүчү сабактар) катышуусу.
Жан башына каржылоо принцибинин негизинде КараКол шаарындагы №3 мектепте (директору Б.Байгазиева) 120 миң сом үнөмдөөнүн негизинде мугалимдерге гарантияланган эмгек акыдан сырткары ишмердүүлүгүнө жараша 300 сомдон 4700 сомго чейин кошумча акы төлөнсө, № 4 гимназия мектебинде (директору Н.Ажыгожоев) 45 миң сом үнөмдөлгөн. Бул каражаттарды мугалимдин кошумча эмгегине жараша 450 сомдон 3000 сомго чейин төлөп беришкен. Ушундай эле шыктандыруучу эмгек акылар №1, №5, №9 ж.б. мектептерде да берилди.
Ал эми райондордо да көрсөткүчтөр жакшы. Маселен, Ак-Суу районунун Ж.Ашуубаев атындагы орто мектепте (директору А.Калчаева) үнөмдөлгөн 50 миң сом 800 сомдон 2300 сомго чейин бөлүнүп берилсе, Түп районундагы Бирлик орто мектебинде (директору Ж.Коңурбаева) 16 мугалимге 70 сомдон 2000 сомго чейин кошумча акча катары төлөп беришкен. Мындан сырткары Шевченко атындагы мектепте (директору С.Дикамбаева), А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде (директору Э.Молдобаев) да мектеп бюджетинде үнөмдөлгөн акчалар мугалимдерди шыктандыруу максатында кошумча тапкан каражат катары алардын колдоруна тийип отурат.
Бул багытта Тоң районунун мектептеринде ийгиликтүү иштер жүрүп жатканын белгилөөгө болот. Жан башына каржылоо механизми практика көрсөтүп жаткандай биринчиден, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзсө, экинчиден, аз айлык алган мугалимдин эмгегин кошумча баалоонун негизинде аз-аздап болсо да көтөрүүгө өбөлгө түзүүдө.
Ш.Казакбаева,
Ысык-Көл областык билим берүү институтунун табигый-математикалык лабораториясынын башчысы.

Даярдаган Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим"