email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак


Кезек айылдык аналитиктерде
2010-жылдын 16-февралында Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Каныбек Жороевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын I Ынтымак Курултайына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Уюштуруу комитетинин отурумунда I Ынтымак Курултайынын эмблемасынын жана делегаттардын төш белгисинин дизайнын иштеп чыгуу боюнча чыгармачылык конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. К.Өмүров менен А.Мамбеткул уулу сунуштаган долбоор чыгармачыл конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылды.
Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде жеңүү-чүлөр 20 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланат.
Отурумдун жүрүшүндө мындан тышкары жалпы элдик форумду маалыматтык камсыздоо боюнча уюштуруу маселелери дагы каралды.
441 айыл округунан жана 18 шаарчадан бирден делегат, райондук жана облустук маанидеги 23 шаардын ар биринен үчтөн делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети делегат жергиликтүү курултайлар аркылуу шайланып келишет.
Мындан тышкары Курултайга чет жактагы эмгек мигранттарыбыздан 35 делегат шайланат. 20 делегат болсо диний конфессиялардан шайланып келишет. Ал эми Курултайдын делегаттарынын бештен бир бөлүгү, же 150 делегат Президенттин квотасы аркылуу көркөм өнөр, маданий, илимий, билимий, медицина, бизнес жамааттарынын аттуу-баштуу өкүлдөрүнөн, белгилүү коомдук ишмерлерден жана нукура кесипкөй адамдардан, ошондой эле этномаданий бирикмелердин өкүлдөрүнөн куралмакчы.
Региондор боюнча, Ош областынан 97 делегат шайланса, анын ичинде 11 мектеп жана жогорку окуу жайынын кызматкерлери. Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорунан бирден, Кара-Суу, Ноокат райондорунан экиден, Өзгөн районунан төрт делегат шайланышты. Нарын областынан баардыгы 66 делегат болсо, анын ичинде 10 мугалимдер. Ак-Талаа, Нарын райондору төрттөн, Нарын шаары бир, Ат-Башы району бир делегаттан беришти. Ысык-Көл областы боюнча баардык шайланган делегаттардын (70) арасында эң көбү - 15 өкүл билим берүү тармагынан. Анын ичинде Кара-Кол, Балыкчы шаарларынан бирден, Ак-Суу районунан алтоо, Жети-Өгүздөн экөө, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунан бирден делегат Курултайга келишет. Жалал-Абад областы боюнча болсо 90 делегаттын арасында 19 (21%) мугалимдер болду. Анын ичинде Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларынан бирден, Майлы-Суу шаарынан экөө, Токтогул районунан төртөө, Ала-Букадан үчөө, Аксы, Базар-Коргон райондорунан экиден, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунан бирден делегаттар болушту. Курултайдын эң көп өкүлчүлүгү болгон Чүй областы боюнча 120 делегаттын ичинде болгону 13 (10.8 %) билим берүү адистери болгону өкүнүчтүү. Анын ичинде Токмок, Кант, Шопоков шаарлары бирден, Панфилов районунан үч, Сокулук бир, Жайыл, Кемин, Ысык-Ата райондору экиден делегат беришти. Баткен областынан болсо 45 делегаттын арасында 8 эл агартуу кызматкери (Баткен шаарынан бир, Сүлүктү шаарынан эки, Кадамжай, Баткен райондорунан экиден жана Лейлектен бир делегат), Талас областы боюнча 40 делегаттын арасында бешөө (Бакай-Атадан үчөө, Кара-Буура, Талас райондорунан бирден делегат) шайланышты. Бишкек шаарынын лимиттеги 10 делегатынын ичинде жалгыз бир жогорку окуу жайынын мугалими (КММА) бар, ал эми Ош шаарынан эч ким шайланган жок.
"Ынтымак Курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылгөй карыяларды шайласаңыздар", - деп өтүнгөн эле Президент К Бакиев өзүнүн элге кайрылуусунда.
Демек, жулунган жаштардан кийинки кезек, айыл аксакалдардын арасындагы саясий, социалдык көйгөйлөрдү ачык айткан - Эл мугалимдери президенттик квотанын негизги бөлүгүн түзөт деген үмүт бар.

Ниязбек Куламбаев, "Кутбилим"