Жогорку билим

Сандан сапатка
Кыргызстанда жогорку билим берүүнү сапаттуу жана натыйжалуу уюштурууга реформалык чукул чаралар зарыл

Жалпы сунуштар

o Биздин мамлекеттин билим берүү системасында азыркы учурда сандык көрсөткүч эң көп болууда. Студенттерибиздин саны көп, окуу жайларыбыздын саны көп, юристтерибиздин, экономисттерибиздин, медиктерибиздин, саясат таануучуларыбыздын, педагогдорубуздун саны көп. Билим берүү системасын реформалайбыз деген сөзүбүз, ага арналган түрлүү долбоорлорубуз, хартияларыбыз, концепцияларыбыз көп, бирок сапаты жок. Ошондуктан, биздин өлкөнүн билим берүү системасына, министрликке "Сандан сапатка…" деген лозунгду сунуш кылаар элек. Бул терминди Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоонун лейтмотиви катары кабыл алып, соккуну ушул точкага урсак, бир нерсе чыгат деген ойдобуз.
o Кыргыз Республикасында 2004-жылы кабыл алынган "Билим берүү мыйзамынын" Кыргызстандагы билим берүү системасындагы айрым кемчиликтерге өбөлгө түзө турган беренелеринен арылуу зарыл.
o КРнын "Билим берүү мыйзамынын" негизинде түзүлгөн мыйзам актылардын, эрежелердин көпчүлүгүн кайрадан коррекциялап чыгуу зарыл. Мисалы, ЖОЖдордун, орто окуу жайларынын башкаруу системасын реформалоо, билим берүү уюмдарындагы, мекемелердеги башкарууну децентрализациялоо, аларда коллегиялуулук принцибин өнүктүрүү (финансы комитети, камкордук комитети, академиялык чынчылдык), студенттерди, окуучуларды социалдык жактан колдоо жана башка маселелер.
o Орто, атайын орто жана жогорку билим берүүнү уюштурууда окуу пландарын жана стандарттарды министрликте борборлошкон система менен даярдоого өтүү керек. Оптималдуу стандарттар жана окуу пландары министрликтин күчү менен түзүлсө, Кыргызстандагы окуу процессинин, студенттердин мобилдүүлүгү күчөмөк. Бул иште мектептерди да камтуу зарыл. Окуу пландарында окутулуучу предметтердин санын азайтып, алардын эффективдүүлүгүн күчөтүү керек. Улутка, Кыргызстанга гана керектүү предметтерди киргизип, студенттердин, окуучулардын саат жүгүн азайтуу учурдун талабы.
o Мектеп, орто жана жогорку окуу жайларында этаптуу, үзгүлтүксүз билим берүүдө тыгыз диалектикалык карым-катнашка негизделген механиздерди иштеп чыгуу керек. (мектеп, атайын орто билим, бакалавр, магистратура).

Жогорку билим алуу системасы
1. Жогорку билим берүүнүн нормативдери жана мамлекеттик стандарт жөнүндө.
o Жогорку билим берүү боюнча штаттык чендер, ставкалардын өлчөмдөрү, төлөмдөр, саат тарифтери, окутуу жүгү, окуу процессиндеги жумалык жана жылдык саат жүктөрү, башка базалык нормативдер кайрадан каралып чыгылып, жаңыдан түзүлүүсү керек. Азыркы учурда бул нормативдер эскирген. XXI кылымдын экинчи декадасында жашап жаткандыгыбыз менен, биз дале негизинен 1993-жылкы нормативдер менен, атүгүл 1960-жылдардагы нормативдер менен иштеп жатабыз.
o Учурда министрлик жогорку билим берүүнүн эки деңгээлдик (двухуровневый) процессин иштеп баштады. Муну колдоо зарыл. Биринчи жагынан, бул эл аралык интеграцияланууга жол ачат. Ошол эле учурда, жогорку билим берүүнүн советтик тажрыйбасын да колдонуу зарыл деп ойлойбуз. Советтик системада "мугалимдер институту", "педагогикалык институт" деген түшүнүктөр бар эле. Мисалы мугалимдер институтунда 2 жылда, ал эми педагогикалык институтта 4 жылда толук кандуу педагогдор гана эмес, эл чарбасына керектүү башка кесипкөйлөр ийгиликтүү даярдалчу. Эмне үчүн азыркы рынок шартында жаштар атайын орто билимге көбүрөөк умтулуп, колледждерге тапшырып жатышат? Анткени, алар кыска мөөнөттө кесипке ээ болууга, иштеп, каражат табууга реалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Демек, Кыргызстандын шартында педагогдорго гана эмес, атайын даярдык талап кылынган адистиктерден (мисалы, медицина, архитектура ж.б.) башка бир топ эл чарбасына керектүү кесиптерди 4 жылда даярдоого, атүгүл айрымдарын (мисалы педагогдорду) 3 жылда даярдоого чечкиндүү өтүү керек. Азыркы талаптагыдай билим берүүдө таза адистикти гана даярдабастан, мобилдүү кесипке ээ болуучу кадрларды даярдоого өтүү зарыл. Мисалы, хим-биолог, физик-математик-информатик, тарых-коомдук илимдер ж.б. мугалимдери. Ошол эле учурда, 3,4 жылда окуусун аяктаган адистерди жумушка алуунун укуктук нормативдерин да мыйзамдаштыруу зарыл.
o Айтылган иштерди аткаруу менен биз, чынында эле, жогор жакта айтылган "сандан сапатка" лозунгун аткарган болобуз. Окуу мөөнөтү кыскарат, көп предметтүүлүк кыскарат, контракттык төлөмдүн жалпы көлөмү азаят, окутуунун эффективдүүлүгү жогорулап, сапатка да жакшы таасир берет.
2. ЖОЖдордогу башкарууну демократиялаштыруу жана децентрализациялоо. Азыркы ЖОЖдордо "единоначалие" принцибин сактоо менен катар эле, Окумуштуулар Кеңеши, ректорат жана коомдук-көзөмөлдөөчү уюмдардан турган тең салмактуу үчилтик башкаруу системасын орнотуу керек. ЖОЖдорду башкарууда финансылык саясат чоң ролго ээ. Жылдык сметаны коллегиалдуу иштеп чыгып, аны талкуу менен бекитүү, смета боюнча финансы кыймылын ачык (прозрачный) уюштуруу, Окумуштуулар Кеңешинде мезгил-мезгили менен финансы саясатынын эсеп-кысабын берип туруу зарыл.
3. Жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу менен алардагы кайталанууларды оптималдаштыруу зарыл. Кайталанууну аныктоонун принцибин өзгөртүү зарыл. Мисалы, ЖАМУнун Жалал-Абад шаарындагы борбордук факультеттеринде жана Таш-Көмүр институтунда окутулуп жаткан адистиктердин кайталануусу Бишкектеги бир эле кварталда жайгашкан бир нече окуу жайларындагы адистиктердин кайталануусу менен бир катарда каралбашы керек.
4. Кыргызстандын ири ЖОЖдорунун Эл аралык ассоцияларга мүчө болуп кирүүсү алардын беделин жогорулатат. Демек, мында билим берүү министрлигинин ролу чоң. Министрлик бул аракеттерди кубаттап гана тим койбостон аны уюштуруусу да зарыл. Эл аралык ассоцияцияларга мүчө болуу деген сөз - ЖОЖдордун эл аралык аттестациялардан өтүүсүнө, анын эл аралык деңгээлде таанылуусуна, дипломдорунун конверттүүлүгүнө жетишүүгө, эл аралык тажрыйбага ээ болуу менен окутуу технологиясын, эл аралык байланыштарын өркүндөтүүгө шарттарды түзүү деген сөз.
5. Эл аралык интеграция. Мындан 5-6 жыл мурун Болонья системасына өтүп жатабыз деп, атүгүл Концепция, Стратегиялык матрица кабыл алганбыз. Европалык Болонья системасына азыр россиялыктар мындай турсун, европалыктар да сын көз менен карап калышты. Демек, окутуунун бул түрүнүн европалык, туркиялык, кичи азиялык, америкалык системаларын толук анализдеп, жакшы жактарын алуу менен бирге, кредиттик системанын кыргыз вариантын иштеп чыгышыбыз зарыл. Бирок, бул албетте бир топ жылдарды талап кылат. Бул системага шашып өтүшкөн Кыргызстандын бир катар ЖОЖдорунун абалын коомчулук жакшы билишет эмеспи.
6. Кыргызстанда жогорку билим берүү системасында өлкөнүн азыркы өнүгүүсүнө керек болуп жаткан, дүйнөлүк өнүгүүгө ылайык келген заманбап адистерди, кадрларды даярдоону күчөтүү керек. Профессионалдык-техникалык кадрларды даярдоонун артта калышын тез арада жоюу абзел. Өлкөнүн өнөр жайын, экономикасын өнүктүрүү менен ага керектүү профессионал кадрларды даярдоо эриш-аркак, диалектикалык биримдикте жүрүүсү зарыл.
7. Өлкөнүн айрым региондорунун экономикалык өзгөчөлүгүнө жараша кай бир адистиктерге приоритет берип, аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү керек. Мисалы, Жалал-Абад региону үчүн энергетикалык, токой чарбасы, өзгөчө кырдаалдар сыяктуу адистиктер көбүрөөк керек болуп жатат. Бирок ал адистиктер азырынча бюджеттик жактан колдоого ээ болбой турат.
8. Азыркы учурда Кыргызстандын шартында 4 типтеги жогорку окуу жайлары бар. Биринчи - мамлекеттик, экинчи - ведомстволук, үчүнчү - жеке менчик, төртүнчү - башка мамлекеттер менен кызматташтык келишимдердин негизинде ачылган паритеттик жогорку окуу жайлары. Алардын жогорку билим берүү статусу, милдети бирдей болгону менен жоопкерчилиги, укуктары бирдей эмес. Мисалы, ведомстволук, жеке окуу жайлары, паритеттик окуу жайларынын бир нечеси мамлекеттик бюджетке 20 проценттик салык төлөбөйт, аларда контракттык төлөмдүн 15000 сом деген төмөнкү чеги жок, 10 күндүзгү студенттин экөөсү сырттан окуучу студент болуш керек деген талапты аткарышпайт. Бюджеттик мекеме эмеспиз дешип, коомдук иштерге да катышышпайт. Бирок мамлекеттик үлгүдөгү диплом беришет. Биздин оюбузча, бул окуу жайларынын 4 түрүнүн укук-милдеттерин бирдей форматка киргизүү керек, же болбосо, мамлекеттик ЖОЖдордон башкаларына мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүүгө тыюу салынышы керек. Болбосо, студенттер 1-2-3-курстарды ошол окуу жайларынан окуп келишип, 4-5-курстарды мамлекеттик ЖОЖдордон аяктоону практикалап алышкан. Ошондуктан, аталган 4 типтеги окуу жайларынын окутууну уюштуруу, финансылык абалы жана чарбалык укуктары менен милдеттерин кайрадан иштеп чыгуу менен алардын статусун корректировкалоо зарыл.
9. Контракттык төлөмдөр жөнүндө. Контракттык төлөмдөр, анын көлөмү, төлөө механизми негизинен туура эле. Бирок контракт төлөөгө кудурети жок, окууга ынтаа жаштар жөнүндө ойлонуу керек. Аларды окутуунун бир нече жолдорун колдонуп, "адрестүү окутуу" принцибин ишке ашыруу зарыл. Биринчиси - адис жетпеген алыскы аймактардагы айыл округдары менен келишим түзүп, алардын каражаттарын, жергиликтүү ишкерлердин, башка меценаттардын спонсорлугу аркасында контракттык сумманы төлөтүп окутуу. Экинчиси, эгер мамлекеттик деңгээлдеги кийлигишүү аркалуу "Айыл банк" же башка бир банктар пайызсыз кредит берүү жолу менен социалдык мүмкүнчүлүгү аз жаштарды окутса, бул коомчулугубуздун гана кызыкчылыгындагы иш болмок деп ойлойбуз. Мында талапкер, айыл округ, банк жана окуу жайынын ортосунда 4 тараптуу келишим менен "адрестүү окутуу" ишке ашырылмак. Бул система айыл жерин кадр менен камсыздоо маселесин да жеңилдетмек.
10. Азыркы рынок шартында ЖОЖдордо окутуунун реалдуу баасы мамлекет тарабынан бюджеттик финансылоодон алда канча чоң. Ар бир студентке бөлүнгөн мамлекеттик бюджет аны окутуунун реалдуу каржысынан эки-үч эсе аз. Мамлекеттик дотациянын деңгээли окутуунун азыркы реалдуу баасына жооп бербегендиктен Кыргызстанда жогорку билим алууну акырындык менен Кытай Эл Республикасы сыяктуу эле толук контракттык негизге өткөрүүгө багыт алууга да болор эле.
11. Толук контракттык окутууга өтүүнүн финансылык кыйынчылыктарын жеңилдетүүнү мобилдүү "Билим берүү банкынын (Образовательный банк)" жардамы менен чечүүгө болор эле. Мамлекеттик кийлигишүү жана эл аралык донорлордун жардамы менен түзүлгөн мындай банктын окутуудагы жардамы жогоруда айтылган төрт тараптуу келишим түзүү аркылуу аткарылышы мүмкүн. Демек социалдык теңдикти жана адилеттүүлүктү аз да болсо камсыз кылалы десек, билим берүү тармагын тейлөөчү ийкемдүү кредиттер менен камсыз кылуучу банктык система түзүү маселени глобалдык деңгээлде чечүүгө көмөк көрсөтө алат эле.
12. Контракт маселесине тийешелүү сырттан окуунун контрагын да көтөрүү зарыл. Айрым бир ЖОЖдордо күндүзгү менен сырттан окуу контрагын теңештирип коюшкан мисалдар бар. Бул негизинен туура. Анткени, контракттын теңелүүсү сырттан окууга которулууга зарылдыкты азайтат. Азыркы учур талап кылып жаткан окутуунун сапатын көтөрүү да ушуга байланыштуу.
13. Сырттан окуу түрүнөн дистанттык окууга өтүүнүн механизми тууралуу. Бул заман зарылдыгы болууда. Дистанттык окутуунун эң негизги талабы бул окутууну компьютерлештирүү, электрондоштуруу. Ал акырындык менен жана этаптуу ишке ашырылуучу процесс. ЖОЖдордо маалымат технологиясын, интернетти, ички электрондук тармактарды, электрондук китепканаларды түзүү жана өнүктүрүү менен катар эле, дистанттык окутуунун укуктук-нормативдик базасын да түзө берүү керек. Жакынкы жылдарда дистанттык окутууга өтүүнү приоритет катары пландаштырсак да болот. ЖАМУ өз ичинде эмки окуу жылында кай бир адистиктер үчүн сырттан окууну каалагандарга стационардык компьютер сатып алуу жана интернетте иштей билүү талабын коюу маселесин сунуштоодо. Мындай талап сырттан окуучу студенттердин санынын кыскарышына да жардамын тийгизиши мүмкүн.
14. Акыркы дагы бир сунуш Акселс долбоору тууралуу. Борборлошкон тест алуу менен бюджеттик кабыл алууну уюштуруу бир топ деңгээлде тажрыйбага ээ болгон система экендигин көрсөттү. Бул иштин тажрыйбасы тууралуу жакында болуп өткөн эл аралык семинар жакшы маанайда белгиленди. Демек, аны өнүктүрө берүү керек. Ошол эле учурда борборлошкон сынакты ЖОЖдун өз демилгеси менен уюштурулган альтернативдүү сынактар менен да айкалыштыруу талапка жооп берери иш-тажрыйбалардан даана көрүнүүдө. Бирок, бул кошумча системанын укуктук-нормативдик базасын дагы да жакшыртуу зарыл.

Ташманбет Кененсариев,
ЖАМУнун ректору,
профессор.