Улуу Жеңижок жана И.Бекбоев
"Адамдын анын өзүнүн чыныгы адамдык сапаттарына туура келгидей өнүктүрүү, анын өзүн-өзү өнүктүрүүсү, өзүнүн жеке турмушунун чыныгы субъектиси болуунун фундаменталдуу жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу - педагогиканын башкы маселеси" , - дейт И.Бекбоев.
Ушул өңүттөн алганда, башкача айтканда, билим берүүнүн, тарбиялоонун адамды өнүктүрүүчү туура формасын таап, кызматка чегүү зарылчылыгынын көз карашынан караганда мурдагы акимчил-буйрукчул системанын "баласыз педагогикасы" сөзсүз ойго түшпөй койбойт. Ошо кездеги авторитардык окутуу практикасынын көнү-мүштөрүнө өкүнүп, И.Бекбоев мындайча жазган эле: "Мектепте бардыгы даяр: суроолор да, аларга берилүүүчү жооптор да күн мурунтан аныкталып коюлат да, балдар жөн гана болуп жаткандарды көрүп, айтылгандарды угуп, эстеп калып, кайталап айтып берүү менен чектелишет. Мугалим эгерде баланын жообу мурдатан даярдалган "туура" жоопко дал келбей калса, анда эмнеси болсо да каалаган ыкма менен анын "туура" жооп берүүсүнө жетишүү керек деп үйрөнгөн. Башкача айтканда, окуучунун күтүлбөгөн кызыктуу ойлору боюнча аны менен көзмө-көз аңгемелешүүнүн ордуна мугалим окуучудан эптеп туура жоопту чыгарып алуунун гана машинасы болуп калууда".
Чын-чынында, тоталитардык идеологиянын тушунда "бардыгы адам үчүн" деген ураан жашаганы менен, массалык адамдын зор мамлекеттик машинанын "тетигине", ("винтик") айландырылып, кишилердин ой жүгүртүүлөрүнүн үстүнөн полициялык көзөмөл жүргүзүлүп, академик Амонашвили айткандай, коммунисттик идеологиянын нугу менен жашаган "авторитардык-императивдик педагогика" кээде "окуучунун личносту" деп сүйлөгөнү менен, негизинен баланын ички жан дүйнөсүн, кайталангыс жекелигин анча таназар албаган. Жашырган менен болобу, окуу-тарбия процесси расмий идеологиянын жогортон түшүрүлгөн директивалык нускоолорунун багытында "туура ойлонгон", "туура нук менен баскан" орундоочуларды, аткаруучу-функционерлерди калыптандырууга эсептелип, тарбия ишинде бала объект катары саналып, анын субъективдүү тажрыйбасы жана индивидуалдуу тандоосу көңүл чордонуна алынбай, ага таасир кылууда тышкы социалдык факторлордун жана формалардын ролуна көбүрөөк маани берилип, тарбиялануучунун жүрүм-турумун тыштан туруп жөнгө салуу, коррекциялоо, башкаруу идеясы үстөмдүк кылган.
"Авторитардык-императивдик педагогикалык процессте окуучунун ишмердиги көбүн эсе кулак түрүп угууга, аткарууга, кайталоого, жооп берүүгө кериптер болгон. Педагогикалык процесс - бүтүндөй диктат. Балага бардыгы диктовка кылынат: билим дагы, адеп-ахлак дагы, айланадагы турмушка кантип баа бериш керектиги дагы, ынаным-ишеним дагы", - деп нааразы болуп жазган ошол эле педагог-окумуштуу Ш.Амонашвили.
Биздин оюбузча, Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, улуу педагог да. Ч.Айтматов сезгич жүрөгү менен мектептерде балдардын өз алдынча багынычсыз ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн зарылдыгына көңүл бөлүнбөй, аларды жанагыдай И.Бекбоев жазгандай, "акыркы чындыктарды" таңуулап, жаттатып догматикалык окутуунун басымдуулук кылып тургандыгын эбак байкап-туюп, ушундай догматикалык окутуунун кейиштүү натыйжасын "Кылым карытар бир күн" романынын бир зпизодунда көркөмдөп, кашкайта чагылтып берген эле. Аталган романда мындай бир кичине сюжет бар.
Мугалим Абуталип окуткан балдардын арасында бир кем ээк бала бар эмеспи. Ошол кем ээк бала класста сабак берип жаткан агайынын согуш учурунда туткунда болгондугун уккан соң тынчсызданып, Абуталипке тигилет:
- "Агай, анда эмне үчүн атынып өлгөн жоксуз?
- өзүмдү-өзүм өлтүрүүнүн кажаты канча эле. Ансыз да жарадар болчумун.
- Душманга туткун болуп түшпөө керек, ошондой буйрук бар да!
- Кимдин буйругу?
- Жогорку жактын буйругу, баары бир сиз буйрукту аткарышыңыз керек болчу. Аткарыш керек болчу. Аткарыш керек эле!"
Кем ээк бала жогору жактын официалдуу буйругун аткарып, мугалиминин атынып өлүп калбаганына кадимкидей нааразы болот. Мынакей, авторитардык педагогиканын жогорку инстанциялардан түшүрүлгөн нерселерди акыркы чындык катары идеалдаштырып, догматикалык окутуп-тарбиялагандыгынын натыйжасы. Өз бетинче ой жүгүртүүгө, сын көз менен кароого эмес, кабыл алуунун автоматизмине, айткан, үйрөткөн нерселерге "дайым даяр" болууга тарбиялоонун жемиши. Бала жогору жактын буйругунун урматы үчүн ойлонбой туруп, өз жанын кыюуга даяр.
Мындан улам момундай ойду баса белгилөөнү туура көрөм. Жаш муундун ишенчээк абалынан пайдаланып, баланы баш ийдирип, сөзсүз угууга милдеттүү кылып, тыштагы эрежелерди, ынаным-ишенимдерди таңуулап үйрөтүп, өзүнүн түшүнүктөрү менен идеяларын бирден бир катасыз деп эсептеп, жеткинчекти ошол түшүнүк, идеяларды талдабастан механикалык түрдө кабыл алууга көнүктүрүп, чүрпөнүн эркиндигин басып, башкалардын эркин элпек аткарууга үйрөтүп, көрсөткөн из менен ээрчип басууга адаттандырып, жакшы адамдык сапаттарга мажбурлап, "дрессировкалап" тарбиялоо, жаш "кулунчактын" көз карашын зордоп, диктат менен калыптандыруу бул педагогикалык антигуманизм болуп эсептелет. "Адат - адамдын экинчи жаратылышы" же "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей, кичинекейинен эркин ойлоосу тумчуктурулуп, тууроого, сырттан агып келген түшүнүктөрдү "чайнабастан" "бүкүлү" жута берүүгө көнгөн өспүрүм, кийин чоң киши болгондо да, бул көнүмүшүнөн оңойлук менен кутулалбайт жана ал бир нерселерге китептерде ошондой жазылгандыгы үчүн гана, авторитеттер ошентип айткандыгы үчүн гана ишенген, жандуу турмушка даяр жоболордун көз айнеги менен караган догматиктин кейпин кийип калышы мүмкүн.
"Өзүнө ишенбөөчүлүктөн бала эч ойлонбостон чоңдордун көрсөтмө-лөрүн ээрчигенди каалап, демилгечиликти көрсөтүүдөн коркуп, билимди формалдуу өздөш-түрүп калат. Чындыгында эле, көз карандылык дал ушундай жагдайдан келип чыгат да, өспүрүмдүн жаратылышындагы ички эркиндиги жоголо баштайт", - деп бул чындыкты көрүнүктүү педагог Исак Бекбоев ырастайт.
Баланын жандуу дүйнөсүн догматикалык тар алкакка камаган мындай өкүм, авторитардык тарбия жөнүндө Ч.Айтматов төмөндөгүдөй деп өкүнүү менен жазганын да, көз алдыга тарта өтсөк артык баш болбос: "Бала деген бул - көп жактуу чыгармачылык өнүгүүгө зор ички потенциалы бар табияттын бир гениалдуу табылгасы. Ал чоң кишилердин дүйнөсүнө аралашканда эле, мурдагы ичинде алоолоп күйүп турган жалыны өчүп, көп учурда догматикалуу, стандарттуу, бюрократ макулукка айланып чыга келет". Акимчил-буйрукчул, текшерип-тескегич, кишиге "керегени басып көктөгөндөй" (Талып Молдо) үстөмчүл мамиле жасап тарбиялаган "педагогика" ушинтип баланы бат эле рухий майып кылып чыгарып коет.
"Адамдардын келечегин алдын ала "программалоо", "идеалдуу" коом жана адамдын бүткүл турмушун контролдоочу мамлекет жөнүн-дөгү идеялар тарыхый практикада ойдогудай натыйжаларды берген жок, ал гана турсун алар бүткүл муундар үчүн түпкүлүгү жаман кайрымсыздык болуп калды. Ошондуктан эркин жана кайталангыс уникалдуу инсанды эң эле таланттуу педагогго да баш ийдирүүгө болбой тургандыкты моюнга алууга туура келет", - деп жазат И.Бекбоев.
Мындай жемишсиз педагогикалык практикага И.Бекбоев альтернатива издейт. Ал окуу-тарбиянын миссиясын төмөндөгүдөн көрөт: "Авторитетке формалдуу таянган педагогика түбөлүгүндө сөзсүз урап түшөт. Ошондуктан окуучунун өзүнүн жаратылышындагы жөндөмдүүлүгүн ойготуп, аны ойлонуп эмгектенүүгө стимулдаштырып, ага түздөн-түз системалуу жардам берүү аркылуу аны өзүнүн потенциалдуу өнүгүү деңгээлине жеткирип, бул үчүн сабакта окуучулар өздөрүнүн каалоолору, өздөрүнүн эрки менен ичиндеги жашыруун потенциалын ачып көрсөтө алгыдай кырдаалдарды түзүп иштөөгө мугалимдин умтулуусу аба менен суудай зарыл. Мугалимдин даанышмандык акылмандуулугу дал мына ушунда". Бүгүнкү инсанга багытталган адамгөй педагогика дал ушундай гуманисттик философиядан тамыр алып, өсүп чыккан. Азыркы эгемендүү Кыргызстандагы окуу-тарбия процесси ушул педагогикалык философияны карманып, өз кадамдарын алдыга таштап жатат. Мындай гуманисттик окутуу-тарбиялоо парадигмасынын өлкөбүздүн педагогдорунун аң-сезимине кирип, байырлашында чыгаан педагог Исак Бекбоевдин салымы бар экендигин белгилөөнүн өзү жагымдуу.


Ш.Амонашвили, Ч.Айтматов жана И.Бекбоев
Мугалимдин иши, барынан мурда бала менен. Демек, ал биринчи иретте, бала деген нерсеге масштабдуу, калыс кароого үйрөнүшү керек. Ал элден мурда бала деген эмне экендигин өзү үчүн аныктап алышы зарыл. Бала деген нерсеге, балалыктын табиятына, анын оңой менен эрежеге, нормага сыйбас, тартипке салынбас табигый стихиясына улуу акын Жеңижокчосунан бийик көз караш чокусунан серп сала билиш мугалим үчүн шарт деп ойлойбуз. Даанышман Жеңижок бала деген "балээге" акыл-эстин бийик сересинен бажырая жылмайып карап, моминтип ырдап турат:
Жар боорунан балапан,
Алып жүргөн балалык.
Чегирткени куш кылып,
Салып жүргөн балалык.
Күчүгүн байлап мойнунан,
Карышкырга салам деп,
Шашып жүргөн балалык.
Так секирип улактай,
Кутуруп турган балалык.
Оюн салган кунандай,
Окторулган жылындай,
Ордунда турбас балалык.
Тарбиячыда балалыктын табиятына дал ушундай жеңижокчосунан айкөлдүк менен кенен, калыс караган бийик көз караш болсо, анда бул педагогго балдар менен болгон алакада өзүн токтоо, сабырдуу кармоого, мындайча айтканда, педагогикалык-философиялык негиз, жерпай болуп берер эле.
Ал эми бүгүнкү залкар педагог Исак Бекбоевдин көз карашы да улуу Жеңижоктун педагогикалык философиясын улантып тургандай: "Биздин кесипке байланышы жок карапайым адамдардан айырмалуу педагог баланы үстүртөн эмес, анын ким экенин, ички жан дүйнөсүн, ойлогон оюн терең билүүсү абзел. Көп учурда биз баланы кандайдыр акылга сыйбаган аракеттерди жасай берүүчү акылы токтоло элек жан катары кабылдайбыз да, аны тезирээк эле акыл-эсине келтирүү керек деп эсептейбиз. Чындыгында бала акылсыз эмес, анын акылы башкача түзүлгөн. Ошондуктан, баланын көз карашында, анын ою боюнча биздин жасап жаткандарыбыздын көпчүлүгү сандырактык болуп саналат. Бирок, эгерде муну түшүнө албасак да, биз эч болбогондо баланын акылга сыйбагандарды жасоого укугу бар экендигин моюнга алабыз. Эң башкысы окуучу өзүнүн жеке баалуулуктары, кадыр-баркы, кайталангыстыгы менен мүнөздөлүүчү инсан экендигин туура кабылдап мамиле кылуубуз керек. Эгерде биз окуучу менен чыныгы кызматташ болгубуз келсе, анда бала менен анын тилинде - сезимдердин жана таасирленүүлөрдүн тилинде сүйлөшүүбүз керек" (И.Бекбоев).
"Шум, крик, непослушание детей еще не есть прямое выражение негативного отношения к педагогу, школе и нормам жизни. Дикие наряды и шокирующее поведение не всегда свидетельствуют о духовной запущенности и распущенности подростка", - деген орус педагогу Н.Е.Щуркованын сөзү да терең ойлонтпой койбойт.
Эгерде мугалимде балалыкка, баланын жаратылышынан тентек, эркин, "жапайы" табиятына даанышмандык бийиктиктен кечиримдүүлүк менен, түшүнүү менен, мурутунан жылмаюу менен караган кеңири акыл чабыты, тутунган баштапкы тутка болбосо, анда ал баланы чын эле балээ катары көрүп, окуучунун ар бир кыймылынан кыйкым таап, кыбыр этсе, "кылт" этсе куйкасын куруштуруп, бардыгына темирдей тартиптин, норманын көзү менен карап, "урушчаак бөдөнөдөй чукчуңдап" турган "надзирательге" айланып калышы мүмкүн. "Запретительная педагогика", "Кайыш кур менен чыбыктын педагогикасы" деген нерселер мына ушундай, балалыкка тырышкан тар көз караштын кыртышынан өсүп чыгат. Мындай тыюу салгыч, чыдамсыз, туталангыч "педагогика" балалыктын жаратылышына каршы келет.
Кыскасын айтканда, кыргыздын педагогикалык акылмандыгы балалыкты ал кандай болсо, дал ошондой кабыл алып, анын "оюн салган кунандай, окторулган жыландай" эркиндигин, "дөбөт менен мышыкты кабыштырган, айгыр менен айгырды алыштырган" айла жок тентек нравасын моюнга алып, ошону менен бирге жаш муунду жооптуулукка, тартипке, адепке, илим-билимге, маданиятка үйрөтүүнүн зарылдыгын терең туюнтуп турат. Кеп биерде ошо тартипке, адепке, илим-билимге, жооптуулукка баланын импульсивдүү табиятын, эркиндигин, инсанын зордобой, тебелеп-тепсебей, балалыгын кордобостон туруп, тарбиялоо маселесинде турат. И.Бекбоев өзү да мындай суроо коет: "Окутуунун эң маанилүү маселеси - тартипти, болгондо да, адамдын уникалдуулугу, оригиналдуулугу жоголбой сакталып кала тургандай тартипти кантип түзүп, бекемдөөгө болот?" Мындай суроого кайра эле И.Бекбоев өзү: "бул нерсе өз ара сый-урматка, бири-бирине ишенүүчүлүккө негизделген, "зыян келтирбе", "көңүл калтырба" деген принципти тутунган педагогикалык кызматташтыктын алкагында гана мүмкүн", - деп жооп берет. Чындыгында эле, Исак аалым баланы окутуп, тарбиялоо маселесинде терең, көрөгөч идеялардын ээси.