КР Эл мугалими Исак Бекбоев 80 жашта
Исак Бекбоевдин окуу-тарбия идеялары
Ала-Тоолук жана дүйнөлүк педагогиканын улуу гуманизминин контекстинде
Исак Бекбоев кыргыз педагогикасында өзүнүн индивидуалдуу жүзү бар, дүйнөлүк педагогиканын илимий сабактарын мыктылап өздөштүргөн, дидактиканын теориялык негиздерине таянып, окуу-тарбия ишинин өзөктүү маселелери жөнүндө өз алдынча чыгармачылык менен олуттуу, терең ой жүгүрткөн окумуштуу. Ал педагогикада эң оболу теория менен куралданууга маани берген илимпоз. Мына ошон үчүн Исак Бекбоев: "Эгер теория жок болсо, анда илим жөнүндө, илимий багыттар жөнүндө, алардын жыйынтыктары, эксперименттер ж.б. жөнүндө кантип сөз кылууга болот?" - деп бекеринен жазып жаткан жок. Чындыгында Исак Бекбоев бир кезде И.Арабаев түптөгөн улуттук педагогиканы өзүнүн жарым кылымга созулган талбаган мээнети менен жаңы бийиктикке - илимий-теориялык деңгээлге көтөрүп чыккан киши. Анын тарыхый ролу ушунда деп ойлойбуз. Кыргыз педогогикасында И.Арабаев менен И.Бекбоев чоң бакандын эки учу сыяктуу.
Педогогикалык илимий чөйрөдө белгилүү бир окуу предметинин методикасынын алкагынан чыкпаган, бирок өзүнүн ушул кууш тилкесинде мээнеттенип, мектеп үчүн пайдалуу иш жасаган адистер арбын.
И.Бекбоев - математик. Бирок ал математиканы окутуунун маселеси менен гана чектелген адис эмес. Көп чүкөнүн ичиндеги сакадай болуп айырмаланган бул инсан педогогика тармагында универсалдуу окумуштуу. "Педогогиканы культурологиядан, философиядан, психологиядан тышкары контексте кароого болбойт",- деп жазат аалым. Мына ошондуктан И.Бекбоев педагогикалык илимий ишке өзүн өмүр бою таптап, гуманитардык илим-билимдин түркүн салааларынын негиздерин үйрөнүп, кеңири интеллектуалдык даярдыктан өткөн. Натыйжада, ал математиканы окутуунун теориясы жана методикасы боюнча чыгаан аалым гана эмес, педагогиканын жалпы маселелери, анын тарыхы менен теориясы, билим берүүнүн фундаменталдуу проблемалары, окутуунун жана тарбиялоонун теориясы, мектеп дидактикасы боюнча да алдына оңой менен киши чыгарбаган билерман-эрудит, бараандуу илимий авторитет болуп саналат.
Окутуунун жана тарбиялоонун өзөктүү проблемаларын чечмелөөдө анын өзүнүн илимий-чыгармачылык МЕНи, жекече позициясы, концептуалдык көз караштары бар.
Эмесе, Исак Бекбоо уулунун педагогикалык көз караштарынын, окуу-тарбия идеяларынын айрым бир өзөктүү жактары тууралуу кеңири контекстен карап, сөз кылып көрөлү.

айтат. Адамдын мээсинин түзүлүшүн жана иштешин изилдеген кийинки окумуштуулар атомдун ядросунда кандай көлөмдөгү физикалык энергия бугуп жатса, адамдын мээсинин кыртышында да ошончолук көлөмдөгү ой энергиясы чөгүп жатат, биз өмүрүбүздө өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздүн чектерине караандабай кете берерибиз жөнүндө жана биздин мээбиз турмуш процессинде өзүнүн кубаттуулугунун кичинекей гана үлүшүн кыймылга келтирерин өкүнүч жана таңгалуу менен жазышат. Кыскасы, ар бир адам өзүнчө уюп жаткан кен, ачылбай жаткан казына. Ушул "казынаны" ачуу, дагы айталы, классикалык педагогиканын башкы мүдөөсү болуп келген. Мынакей, улуу гуманист-педагог Ж.Руссонун педагогикалык даанышмандыгы: "Билим берүү деген балага тыштан таңууланган бир нерселер эмес, тескерисинче, билим берүү - бул баланын табият, жаратылыш берген жөндөмдүүлүктөрү менен касиеттеринин табигый өсүшү жана өнүгүшү". Ал эми Дьюинин башкы ою да ушул эле нукта: "Билим берүүнүн негизги максаты - мектептеги ар бир баланын акылы менен денесинин, өзүнчөлүгүнүн толук жана эркин өнүгүшүнө ар тараптан, бардык амалдар менен сүрөөнчү болуу".
Кыргыздын залкар педагогу Исак Бекбоев да дүйнөлүк педагогиканын ушул гуманисттик көз караштык дөөлөтүнө таянып, ал дөөлөттөрдү кыргыз кыртышында өз алдынча чыгармачылык менен өнүктүргөндөрдүн жана байыткандардын бири. Буга анын, айрыкча, "Педагогикалык процесс: эски көнүмүштөр жана жаңычыл көз караштар", "Инсанга багыттануу", "Инсанга багытталган окутуунун теориясы жана практикасы" аттуу китептери ачык күбө боло алат. Бул китептер өзүнүн бүткүл мазмуну жана духу менен мына мындай терең ойлорду жарыялайт: Ар бир бала кайталангыс, уникалдуу жана жөндөмдүү. Башынан туура фундаментке коюлган окутуу жана тарбиялоо балага канат бүтүрүп, көкөлөтүп учурат. "Сенин колуңдан келбейт", "башың жок", "дөдөйсүң", "сенден эчтеке чыкпайт" деген сыяктуу педагогикалык осол пессимисттик, нигилисттик мамиле баланын жан дүйнөсүндөгү отун өчүрүп, өзүнө болгон ишеничин жок кылып, "Толубай сынчы" поэмасындагыдай тубаса жаралган тулпарды астыртан чүнчүтүп, "чобур атка" айландырып коюшу мүмкүн. Чыныгы педагогдун күчү - балага карата болгон оптимисттик ишеничинде, "Жерде жаткан жумуртка асмандап учкан куш болот" деген жаркын философиясында. Балада "менин колумдан келет" деген ишеничти пайда кылуу - педагогдун жеңиши. И.Бекбоев минтип жазат: "Баланын өз күчүнө болгон ишенимин бузбоо үчүн класста такай "ийгиликтик жагдайды" түзүп туруу керек. Ийгилик "мен жасай алам", "менин колумдан келет" деген сезимге байланыштуу. Мунун өзү биздин нерв системабыз үчүн таптаза жагымдуу кошумча азык болуп эсептелет. Мындай азыксыз эч ким: чоң да, бала да иштебейт. Окуунун эң башкы кыймылдаткыч күчү катары - чыгармачылыктын сүйүнүчүн татуу, өзүңдүн өскөнүңдү, өркүндөгөнүңдү сезүү жана өз ишеничиңди пайдалануу". Педагогдогу жана баладагы ушундай өзүнө болгон ишенич - бул окуу-тарбия процессинин локомотиви.
И.Бекбоевдин педагогикалык антропологиясында бала деген диалектикалык өсүүдө турган жан. Ал бүгүн жаман болсо, эртең жакшы, азыр начар болсо, эртең күч-кубаттуу болушу мүмкүн. Бала деген - өсүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Бала тышкы таасирлердин күчү менен гана эмес, өзүнүн күчү менен да өзүн жаратат, өзүн-өзү түзөт.
"Окуучу спонтандык ички себептердин натыйжасында да өнүгөт, билим берүү процессинде ар бир бала өзүнүн "Менин" ишке ашырууга тийиш. Окутуу - бул баланын ички потенциалынын ачылышы жана анын инсандыгынын өнүгүшү дегендикке жатат" (И.Бекбоев).
Кыргыз педагогу И.Бекбоевдин педагогикалык философиясы мына ушундай.




Классикалык педагогиканын улуу гуманизми жана И.Бекбоев
Философ Платон: "жаратылышта бири-биринен өзгөчөлөнгөн калай, темир, күмүш, алтын деген заттар бар, коомдо адамдар дагы өздөрүнүн сапаттары жагынан ушундай болуп бөлүнүшөт жана айырмаланышат. Жаратылышта, маселен, күмүш күмүш бойдон, калай калай бойдон өз кебетесинде тура берет. Бирок адам коомунун табияты башка, коомдо мисалы, "калай-адам" шарт-жагдайы ылайык келсе, "күмүш-адамга" айланат, "күмүш-адам" акырындап жүрө, жүрө "алтын адамга" өсүп чыгышы мүмкүн", - деген даанышман ойду айткан. Мына ошентип, Платон адамзат коомунун алдына чоң педагогикалык проблеманы койгон. Коомдо чындыгында эле, эгер таалим-тарбия иши ар тарабынан кылдат ойлонулуп жана дыкат уюштурулуп, жолго коюлган болсо, "калай" делген бала бара, бара "күмүш балага", күмүш делген бала "алтын балага" айланышы этимал экендигин турмуш ырастап келе жатат. Мына ошондуктан илгерки К.Гельвеций "Тарбиянын колунан бардыгы келет" (Воспитание всемогуще) деп бекеринен айтпаса керек. К.Гельвецийдин концепциясын колдоп, андан ары өнүктүргөн улуу педагог Я.А.Коменский өзүнүн "Дидактикасында" "Барысын бардыгына окутуп үйрөтүү искусствосун" ("Искусство всех учить всему") өздөштүрүү идеясын көтөрүп чыккан. Ал баланы бардыгына үйрөтүү мүмкүн деген ишенимде болгон. Коменский балага карата болгон өзүнүн оптимисттик көз карашы менен айырмаланган.
Дегеле, дүйнөлүк классикалык педагогикага үңүлүп көрсөк, улуу педагогдордун дээрлик көпчүлүгү эч кимдин бул дүйнөгө жөндөмсүз болуп төрөлбөстүгү, ар бир баланын тулкусунда, дээринде чоң мүмкүнчүлүктөр бугуп жаткандыгы, окутууга, таалим-тарбияга ошол ары жакта катылып жаткан жөндөм-мүмкүнчүлүктөрдү ачуу миссиясы жүктөлгөндүгү жөнүндөгү оптимисттик педагогикалык философияны бекемдешкен. Эски убакта жазылган бир китептин автору "бардык адамдар таланттуу", ар бир адам бирөөдөн кандайдыр бир жагынан артыкчылык кылат, биздин ар бирибиз төрөлгөнүбүздөн кичинеден генийбиз деп түз эле