Жаңы жылдык белектер

көркөм адабияттар -
мектеп окурмандарына
Билим берүү жана илим министрлиги Баткен, Нарын жана Чүй областарынын мектептерин окуу хрестоматиялары , т.а. башталгыч класстар үчүн класстан тышкары окуу китептери менен камсыздоону баштады. Бул иш-чара "Билим берүү - жалпыга" долбоорунун (Каталитикалык фонддун гранты) жардамы менен ишке ашып отурат.

Жаңы китептердин кезектеги партиясы кечээ Сокулук районунун окуучуларына жеткирилди. Министрликтин "Билим берүү - жалпыга" долбоору (Каталитикалык фондунун гранты) балдарды мектепке чейинки мекемелерге, башталгыч билим берүүчү мектептерге катыштыруу деңгээлин жогорулатуу жана окуу жана окутуу иш шарттарын жакшыртуу үчүн билим берүү мекемелерин зарыл болгон эмеректер менен камсыздоого жана ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун назарын билим берүү процессине бурууга багытталган. Министрлик аныктаган үч облус - Баткен, Нарын жана Чүй облустары муктаждыгы арбын регион катары аталган долбоордун программасынын максаттарына шайкеш келет. Чүй облусунун 139 башталгыч класстары жана 47 мектепке чейинки мекемеси жалпысынан 417,8 млн. сомдук жардам алган. Алар окуу жана уктоочу эмеректер, шейшептер, спорт инвентарлары, баланын акыл-эсин өнүктүрүүгө багытталган оюндар жана оюнчуктар, темир жана керамикадан жасалган идиш-аяктар, муздаткычтар, окуу китептери жана методикалык материалдар менен камсыз болушту.
Мындан сырткары Чүй облусунун 11 мектебинде ремонт иштери жүргүзүлдү. 36,4 млн. сомго мектептердин муктаждыктарына жараша чатырлары жабылып, бетондоо, штукатурлоо иштери, эшик-терезелерди, полдорду жаңыртуу, суу түтүктөрүн, канализацияларды, жылытуу системаларын реабилитациялоо, ажатканаларды орнотуу сыяктуу иштер аткарылган.
Чүй облусунун калкы жыш жайгашкан Сокулук районундагы мектептер жана мектепке чейинки мекемелер 8,5 млн. сомдук жардам алышты. Тагыраак айтканда, райондун бала бакчалары 451,6 миң сомдук окуу эмеректери, 818 миң уктоо эмеректери жана 164 миң сомдук шейшеп комлектиси менен камсыздалды.
Ал эми мектептерге 4 млн. сомдук окуу эмеректери, 1 млн. сомдон ашык каражатка ашкана эмеректери жеткирилген. 2008-2009-жыл аралыгында райондун билим берүү мекемелерине таркатылган спорт, ашкана, оюнчук буюмдардын жалпы суммасы 1,5 млн. сомду түзгөн. Ыңгайлуу шартты камсыздаган мына ушундай эмерек оокаттарынан сырткары балдардын аң сезимине алмашкыс азык тартуулоочу орус жана кыргыз тилдериндеги окуу үчүн китеп комплектилери (комплектте 100 китептен бар) да жеткирилди. Бала бакчалардын китепканаларына таратылган методикалык материалдын баасы 354,2 миң сомду түзөт.
Эми мына минтип мектеп китепканаларынын текчелери орус жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн 16 аталыштагы китеп менен толукталып отурат. 1-4-класстын окуучуларына арналган сырткы мукабасы, ички жасалгасы бөбөктөрдүн табитин тарткан китептер көп кырдуу текшерүүлөрдөн өткөрүлдү. Практик-мугалимдерден турган эксперт тобу тарабынан иштелип чыккан бул китептер мектептин заманбап стандарттарына толук жооп берет. Класстан тышкаркы окуу китептери мындан тышкары Кыргыз билим берүү академиясында расмий түрдө бекитилген.
Сокулук районундагы Военно-Антоновка мектеп гимназиянын директору Ырыс Жуманазарова долбоор алар эмнеге муктаж болсо ошол каражаттарды алып келип жатканын баса белгилеп кетти:
- 2008-жылдан бери "Билим берүү - жалпыга" долбоордон ар тараптуу жардамдарды алып турабыз. Буга чейин окуу жана ашкана үчүн эмеректерди, идиш-аяктарды, спорт каражаттарын алганбыз. Алар биздин муктаждыгыбызга жараша жардамды өз учурунда көрсөтүп жаткандыгы үчүн чексиз ыраазычылыгыбызды билдиргим келет. Бүгүн алган башталгыч класстардын окуучулары үчүн хрестоматиялар да бизге абадай зарыл нерсе эле. Чындыгында азыркы шартта сырттан келүүчү донорлордун жардамы болбосо, мектеп фондун толуктоо мүмкүн эмес экендиги белгилүү. Айрыкча класстан тышкаркы окуу китептери балдарды көркөм китеп окууга шыктандырып, аларды китепти сүйүүгө, аны асырап баалоого жардам берет деп ойлойм. Анткени акыркы жылдары окуучулары көркөм китептерди окууга кызыкпай баратышканын байкачубуз. Эми мына бул көркөм мукабадагы китептерди көргөн окуучуларыбыз кызыгуу менен окууга ашыгат деп ишенебиз, - дейт мектеп директору.
Военно-Антоновка мектеп гимназиясында учурда 1308 окуучу окуйт. Мектепте 41 класс комплект бар. Анын 21 класс-комплекти орус тилинде, 20 класс кыргыз тилинде окушат. Эки нөөмөттө жүргүзүлгөн окуу процессин 60тан ашык мугалим алып барат.
"Билим берүү - жалпыга" долбоорунун мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү боюнча адиси Ольга Брызгалова китеп алууга чогулушкан мектеп директорлоруна жана мектептин китепканачыларына долбоордун акыркы эки жарым жыл аралыгында аткарып келаткан иштерине кеңири токтолду. Анын айтымында биринчи траншта үч регионго бекер таратылган окуу хрестоматияларынын жалпы тиражы 103,5 миң нуска. Аларды иштеп жана бастырып чыгууга "Билим берүү - жалпыга" (Каталитикалык фонддун гранты боюнча) долбоору 9,2 млн. сом каражат жумшаган.
- Долбоор иш алкагына 2,5 жылдан бери Чүй облусундагы 139 мектепти жана 47 бала бакчаны камтыды. Бул облустагы билим берүүчү мекемелердин жарымы гана болууда. Жалпысынан облустун билим берүү мекемелеринин материалдык жана техникалык абалын жакшыртууга 400 млн. сомдон ашык каражат жумшады. Атап айтсак, мектептердеги окуу жана ашкана эмеректери, бала бакчалардагы уктоочу жана окуу эмеректери, спорттук бурчтар, оюнчуктар, идиш-аяктар жеткирилди. Акыркы 15 жылда каражаттын тартыштыгынан билим берүү мекемелеринде ушундай муктаждык болуп жатканы эске алынды.
Мындай материалдык колдоолордон тышкары долбоор методикалык мазмундагы жардамдарды да көрсөтүүдө. 2008-жыл ичинде бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылары үчүн методикалык материалдар иштелип чыккан. Мектептер үчүн глобалдык билим берүүнүн алкагындагы ачык сабактардын моделдери сунушталган. Ал эми башталгыч класстын мугалимдерине жардам иретинде хрестоматия даярдалды. Былтыр жайында болсо пилоттук үч облус - Баткен, Нарын, Чүй облустарынын мектептеринин 1-4-класстарынын окуучулары жана бала бакчаларындагы даярдоо топтору үчүн кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн окуу китептери даярдалган. Бүгүн 1-4-класстар үчүн класстан тышкары окуу - хрестоматия таратылды. Бул комплект 16 китептен турат. Ар бир класс үчүн экиден окуу китеби, б.а. эки китеп орус тилде окугандар үчүн, эки китеп кыргыз тилде окуган балдар үчүн. Азыр ата-энелер балдарына көркөм адабияттарды сатып берүүгө кудурети жетпей жатканын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан балдар мектептин китепканаларынан ушундай китептерди алып окушса болот. Бүгүнкү күндө Чүй облусунун бардык мектептеринин китепканалары хрестоматиялар менен толук камсыз болду, - дейт.
Министрликтин окуу китептерин даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Гүлжигит Сооронкулов: - Акыркы жылдары мектептерди, бала бакчаларды окуу куралдары менен камсыздоо курч маселелердин бири бойдон келатканы белгилүү. Андыктан эл аралык уюмдардын жардамы менен окуучулардын окуу китептери толукталып жатканы кубанычтуу көрүнүш экени талашсыз. "Билим берүү - жалпыга" долбоорунун алкагында Каталитикалык фонддун грантына 1-4-класстардын окуучулары үчүн хрестоматиялар даярдалган. Анын сегиз наамы орус тилдүү мектептерге, сегиз наамы кыргыз тилдүү мектептерге арналган. Мукабасынан тартып ички мазмунуна чейин кылдат даярдалды деп айта алам. Анын түзүүчүлөрү жогорку деңгээлдеги адистер. Китептин өтө жука эмес жана өтө калдайып калың эмес мукабасынын түзүлүшү да белгилүү талаптарды эске алуу менен жасалды. Анткени китептин мукабасы өтө калың болгондо оор болуп, балдарга ашыкча жүк болот экен, ал эми жука болсо, тез жыртылат. Мына ушул калыбындагы түзүлүшү санитардык-гигиеналык жактан да эл аралык стандартка жооп берет. Мурунку мугалимдердин эсинде болсо керек, мурда БКШ - библиотека кыргызского школьника, б.а. кыргызстандык окуучунун китепканасын басып чыгарчубуз. Бул СССР курамындагы мамлекеттердин ичинен бизде гана даярдалган кыргыз авторлорунун окуу куралы болгон. Анын үлгүсү башка республикаларга да жайылган. Акыркы 20 жылдан бери класстан тышкаркы окуу китептерин чыгара албай келгенбиз. Бул хрестоматиялар окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да чоң табылга деп ойлойм, - деди Г.Сооронкулов.
Донорлордун айтымында, кийинки траншта республиканын башка региондору да ушул эле китептер менен камсыз болушмакчы. Азыркы партияда Чүй облусундагы 322 мектеп жалпысынан 50 миң 624 нуска китеп алышат. Калктын санына, тагыраак айтканда, окуу мекемелерине тартылган балдардын санына жараша окуу хрестоматиялары төмөндөгү тартипте бөлүнгөн: Кемин районуна - 4 миң 896 китеп, Чүйгө - 6 миң 720 китеп, ысык-аталыктарга - 8 миң 64 китеп, Аламүдүнгө - 5 миң 440 китеп, Сокулук районуна - 8 миң 640 даана китеп, Москва районуна - 5 миң 760 даана китеп, жайылдыктарга - 7 миң 360 миң китеп жана алардын коңшусу панфиловдуктарга - 3 миң 744 нуска китеп таратылууга даяр.
Руханий байлыктарын арттыруучу мындай белекке ыраазы болушкан мектеп директорлору, айрыкча китепканачылар бул китептер окуучулардын соңку мезгилде солгундап бараткан китепке кызыгуусун арттыраарынан шек санашпайт.
Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим".