Коллегия чечимдери

Мектеп жыйымдары:
Муз ордунан козголду
Мектептердин каржылык-чарбалык ишмердигиндеги мыйзам бузууларды четтетүү, ыктыярдуу жардамдарды пайдаланууну иретке келтирүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечимдерин аткаруу үчүн жергиликтүү билим берүү органдары бир катар чараларды көрүүдө. Министрликтин коллегиясы каржылык тартипти бузууга жол берген тогуз мектептин директорун кызматынан бошотуу жөнүндөгү маселени кароону шаардык, райондук билим берүү башкармалыктарына жүктөгөн болчу. Бирок жергиликтүү бийлик жетекчилери мектеп директорлоруна эскертүү, сөгүш берүү менен гана чектелди.

Бишкек
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Г.Кудайбердиеванын министрликке жөнөткөн маалыматына таянсак, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечимин аткаруу максатында шаардык башкармалыктын коллегиясы өткөрүлгөн. Анда шаардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы талкууга алынган.
Министрликтин коллегиясы Бишкектеги №64, 25, 87, 78, 44, 8, 28, 4, 47 мектептеринин жетекчилерин жана №30 бала бакчанын башчысын кызмат ордунан бошотуу маселесин кароону шаардык билим берүү башкармалыгына жүктөгөн болчу. Шаардык коллегияда мектептердин кетирген кемчиликтери текшерүү учурунда эле четтетилгени айтылып, текшерүүчүлөрдүн сунуштары эске алынгандыгы белгиленди. Коллегиянын чечими боюнча №32 мектептин директору Г.А.Артемьевге, №51 мектептин директору С.Мураталиевага, №40 мектептин директору Г.И.Бурыкинага, ошондой эле №83 мектептин директору С.Калыгуловго эскертүү берилди. Ал эми №17 (Н.А.Щербакова), №48 (Т.Ю.Роткина), №1 (В.В.Кириченко), №16 (Ж.Майчакова), №56 (Ч.Эшимбекова), №25 (З.Омошева), №28 (Г.Бектурганова), №47 (С.Курманалиева), №87 (Ж.Исанова) мектептердин жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Ошондой эле текшерүүгө чейин эле ата-энелердин арыздары боюнча №8 (Л.М.Ем) жана №4 (И.А.Пак) мектептердин жетекчилерине сөгүш жарыяланган экен, аларга ата-энелер менен жеткиликтүү иш алып барбай жаткандыгы жөнүндө жоопкерчилиги эскертилди. №44, 64 мектептин директорлору (И.В.Пузырева менен Т.Жакупбекова) текшерүү учурунда коомдук бирикмелердин финансылык документтерин көрсөтпөгөндөрү (экинчи күнү гана текшерүүгө берилген), комиссия мүчөлөрүнө туура эмес мамиле жасашканы белгиленген.
Шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп жетекчилери жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтерлери үчүн бюджеттен сырткаркы булактардан түшкөн каражаттарды таза, так пайдалануу, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ишин туура уюштуруу боюнча окутуу семинарларын өткөрүүнү колго алууда.

Ош
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги А.Балтабаевдин берген маалыматы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими боюнча Ломоносов атындагы №3 мектептин директору Н.Б.Башиевага жана Керме-Тоо №42 мектептин директору А.И.Убайдуллаевага сөгүш берүүнү карап чыгуу сунушталган. Ал сунуш талкууга алынып, Н.Башиевага ата-энелерден түшкөн арыздардын негизинде сөгүш жарыяланып, Эмгек Кодексинин 70-беренесине ылайык Нышанов атындагы №50 мектепке которулду. Ал эми А.Убайдуллаева №42 мектепте болгону 2009-жылдын октябрь айынан бери иштеп жатканы эске алынып, ага эскертүү берилди, ошондой эле бир айдын ичинде текшерүү учурунда чыккан бардык кемчиликтерди четтетүү талабы коюулду.
А.Балтабаевдин билдирүүсү боюнча шаардагы 8 мектепте коомдук фонддор түзүлгөн. Аларга 2009-жылдын экинчи жарымында 185 миң сом каражат түшкөн. Ал акча мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалууда. 2009-жылдын декабрь айында 43 мектепте Камкордук кеңештери түзүлдү. Мектептердеги ички тартип эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү максатында атайын күзөттөр уюштурулуп, алардын эмгек акылары ата-энелердин каражатынын эсебинен төлөнүүдө. Бул каражатты топтоо депутаттардын Шаардык кеңешинин атайын токтомунун негизинде ишке ашырылууда.

Чүй облусу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси З.А.Пактын билдирүүсү боюнча Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн чечими боюнча Жакшылыков атындагы №1 мектептин директору Ч.Осмонкуловага бюджеттен тышкаркы келген каражаттардын туура эмес пайдалангандыгы үчүн сөгүш берилди.
Ал эми Чүй №2 мектепте укуктук-ченемдик актыларды аткаруудагы кетирген кемчиликтерин четтетүү максатында окуу жайдын Уставы кайра жазылды. Аны Чүй айыл округунун башчысы менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы бекитти. Эми оңдолуп жазылган Устав Юстиция министрлигине каттоодон өткөнгө жөнөтүлдү.
Ошондой эле Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинин директору А.Абдыкуловага Билим берүү жана илим министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен сөгүш жазасы берилди. Ал эми Токмок шаардык билим берүү бөлүмүндө коллегиянын чечимдери кеңешмеде талкууга алынып, текшерүү учурундагы бардык кемчиликтер четтетилгени белгиленип, №1 мектептин директору Л.Г.Шульженкого кетирген каталары үчүн сөгүш жарыяланды. Белгилей кетчү жагдай, токмоктук мектеп жетекчилери 4-10-январга чейин шаардык билим берүү башкармалыгы уюштурган "Билим берүүдөгү эффективдүү менеджмент" аттуу семинарга активдүү катышып, каржылык маселелер боюнча кызыктуу материалдар менен камсыз болушту.
Ошентип Чүй облусундагы бардык райондордо Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечимдери талкууга алынып, коррупция менен күрөшүүнү мындан ары да күчөтүү чаралары көрүлүүдө. Маселен, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Гасановдун айтуусу боюнча билим берүү бөлүмүндө жана мектептерде ишеним телефондору иштетүү колго алынууда. Бардык мектептерде Камкорчулар кеңеши түзүлдү. Ошондой эле "Коррупция жөнүндө эмнени билесиң?", "Коррупцияга жол жок!", "Биз коррупциясыз жашоо үчүн!" деген дилбаяндардын, сүрөттөрдүн сынактары өткөрүлүүдө.
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".