Конкурс

КР окуучу жаштарынын изилдөөчүлүк жана жайылтуучулук долбоорлорунун, экспонаттарынын жана моделдеринин "ХХI кылымдын интеллектуалдары" аттуу республикалык конкурсу жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын окуучу жаштарынын изилдөөчүлүк жана жайылтуучулук долбоорлорунун, экспонаттарынын жана моделдеринин "ХХI кылымдын интеллектуалдары" аттуу республикалык конкурсу окуучу жаштардын билиминин, илимий-техникалык чыгармачылыгынын, изилдөөчүлүк жана ойлоп чыгаруучулук ишмердигининин деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө иш жүзүндө катышууга көмөктөшүүгө чакырылган.

1. Конкурстун максаты
o ой жүгүртүүсү техникалык багыттагы ХХI кылымдын окуучу жаштарын чыгармачылык ар тараптан шайкеш өнүккөн адам кылып калыптандыруу.
o балдардын жана жаштардын кызыгуусун инженердик-техникалык жана изилдөөчүлүк кесиптерге арттыруу.
2. Конкурстун милдеттери
o окуучу жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүдө мектептердин, кесиптик лицейлердин (КЛ) жана ЖОЖдордун ролун жогорулатуу;
o азыркы кездеги актуалдуу социалдык-экономикалык проблемаларды түшүнүүгө жана аларды практикалык ишмердигине жайылтууга өсүп келаткан муунду тартуу;
o балдарды жана жаштарды инженердик-техникалык адистиктерге кесиптик багыттоо.
3. Конкурсту уюштуруучулар
1.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, "Алтын түйүн" Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы.
2. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчигинин мамлекеттик кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчигинин мамлекеттик кызматына караштуу Менчиктин мамлекеттик фонду.
4. Өнөктөштөр
o Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
o Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги;
o Бишкек ш. мэриясы;
o И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
o Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети.
6.Конкурстун катышуучулары
Конкурска 10 жаштан 20 жашка чейинки каалагандардын баары катыша алышат (мектеп окуучулары, кошумча билим берүүнүн мектепке чейинки мекемелеринин тарбиялануучулары, КЛдын окуучулары, ЖОЖдун студенттери).
7. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү
Финалдык этап - жайылтуучу долбоорлордун, экспонаттардын жана моделдердин конкурсу. "Биз - ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз" аттуу жаштардын форумун өткөрүү менен аяктайт.
"Биз - ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз" аттуу конкурс сөзсүз түрдө бир нече тур менен жер-жерлерде өткөрүлөт:
1-тур - бардык билим берүүчү мектептерде, КЛда, ЖОЖдордо өткөрүлөт;
2-тур - райондук (шаардык);
3-тур - областтык;
4-тур - республикалык.
1-турду өткөрүү учурунда ар бир окуу жайда төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн: илимдин, техниканын жана өндүрүштүн; жайылтылуучу долбоорлордун конкурстарынын жана макеттердин, иштеп жаткан моделдердин, көрсөтүү жана коргоо менен экспонаттардын көргөзмөлөрүнүн, "Окумуштуулар - балдарга" аттуу жолугушуулар жана лекторийлердин, космос мейкиндигин өздөштүрүүгө арналган Циолковский окууларынын жумалыгы жана аларга Кыргызстандын катышуусу; Эйнштейндик окуулар жана Нобелдик лауреаттар менен тааныштыруу ж.б. иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулардын, рационализаторлордун, ойлоп чыгаруучулардын, патенттаануучулардын илимий-техникалык коомдору; физико-техникалык, компьютердик-техникалык мектептер түзүлүшү мүмкүн, бул мектептерде коллективдүү да, жекече да илимий-изилдөөчүлүк долбоорлор, рефераттар, инвестициялык долбоорлор, чиймелер, программалык-информациялык материалдар ж.б. инженердик-техникалык идея катары иштелип чыгышы мүмкүн. Бардык долбоорлор окуу жайда конкурстук тандоодон өтөт. Жакшы иштер 2-турга - райондук, шаардык турга катышууга сунушталат, алардын программалары жогоруда саналган иш-чараларга ылайык келет. 1-турдун жеңүүчүлөрү 2-турга чыгышат; 2-турдун жеңүүчүлөрү жана байге алгандары - 3-турга чыгышат.
3-турдун (областтык) жыйынтыгы жюринин протоколу түрүндө, ар бир жеңген иштин, долбоордун, баяндоонун, схеманын, сүрөттүн, макеттин аннотациясы менен "Долбоорду (ишти) тариздөөгө талаптар" 10 п. ылайык республикалык этапка сунушталат.
Республикалык этаптардын өткөрүү мөөнөттөрү конкурсту уюштуруучулар тарабынан жыл сайын белгиленет жана жер-жерлерге кошумча кабарландырылат.
7.2. Иш-чара өткөрүлүүчү жерге финалдын катышуучуларынын келиши, кетиши жана тамагы боюнча чыгымдар КР Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Жатаканасы жана сыйлык фондусу КР Билим берүү жана илим министрлигинин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Уюштуруу чыгымдарын "Алтын түйүн" Балдардын республикалык инженер-техникалык академиясы көтөрөт, конкурстун уюштуруучулары жыл сайын аны финансылоонун маселесин карайт жана бекитет.
7.3. Республикалык этаптар Бишкек ш. жана республиканын башка шаарларында өткөрүлүшү мүмкүн. Жыйынтыктоочу этапты өткөрүүнүн так дареги ага катышууга чакырыкта көрсөтүлөт.
7.4. Конкурска келип түшкөн иштер (долбоорлор, моделдер, макеттер) 1 жылдык мөөнөткө, баалоочу ведомость менен кошо "Республиканын жаштарынын илимий-техникалык ой-кыялынын алтын фондусуна" өткөрүп берилет. Иштер Кыргызстан жаштарынын илимий-техникалык чыгармачылыгынын туруктуу иштеген көргөзмөсүндө коюлат. Кокус моделдер, макеттер жоголуп кетсе же бүлүнсө уюштуруучулар баалоочу ведомостко ылайык ордун акчалай толтурат. Конкурстун иштери, рефераттар, докладдар жана башка алардын негизги жыйынтыктары конкурстун материалдарынын топтомунда, массалык маалымат каражаттарында жана Интернетте жарыяланат (алардын авторлугу сакталат).
7.5. Конкурстун финалдык этаптарын өткөрүү убагында балдардын сапардагы саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн делегациянын жетекчилери жооп беришет.
8. Конкурстун номинациясы
8.1. Моделдин жаңы теориялык иштеп чыгуулары.
Бул багыт: жеке бизнести, өнөр жайды, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, маданий сфераны өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого, жаштарды кызыктырган жана башка проблемаларга тийиштүү социалдык-экономикалык долбоорлорду сунуш кылат. Ал азыркы жана келечектеги Жердеги жашоону көрүүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Чыгармачылык иштер долбоор, реферат, модель, макет, графика, компьютердик графика, фантастикалык аңгемелер, видео клип, мультфильм түрүндө таризделиши мүмкүн.
8.2. Астрономия жана космостук билим берүү.
Бул багытта азыркы кездеги жана келечектеги космосту окуп-үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө практикалык багытталгандык катарындагы долбоорлор, макеттер, моделдер сунушталат. Космостук кораблдерди, планетаходдорду, ыңгайлуу адам жашоочу бөлүмдөрдү, илимий-изилдөө лабораторияларды камтыган жашоого ыңгайлуу орбиталык космос комплекстерин түзүү. Экипаждарды алмаштыруу маселесин чечүү, аларды орбитага жеткирүүнүн экономикалык системасы. Терең космосту өздөштүрүү жана анын келечеги. Экологиялык жактан таза, өтө жеңил учуучу аппараттарды түзүү жана аларды эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүгү. Бөлүмдө мындай аппараттардын ар түрдүү типтегилери көрсөтүлүшү мүмкүн: альтернативдүү энергия булактарынан иштеген электр кыймылдаткычтары бар мускулолеттор (энергиянын химиялык, күн нурунан алынган булактары ж.б.); экологиялык жактан таза жылуулук кыймылдаткычтары, аба шарлар, дирижаблдер ж.б.
Галактика, Күн, жылдыздар, инопланетяндар, цивилизациялар. Фантастикалык долбоорлор (турмушта жок, фантастикалык объекттерди жана кубулуштарды иштеп чыгууга багытталган).
8.3. Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар.
Окуу жана илимий лабораторияларды, аралыктан башкарылуучу моделдерди, өнөр жайда жана илимий изилдөөлөрдө техникалык жана экологиялык мониторинг жүргүзүүгө: техникалык мүнөздөмөлөрдү, абанын (газ-аба аралашмасы), суунун (суюк чөйрө), топурактын пробасын алууга жана мүмкүн, алардын курамын анализдөөгө; радиациялык контроль жүргүзүүгө; алынган информацияны аралыкка берүүгө радиоэлектрондук приборлор жана жабдуулар сунушталат. Медицинада жана турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн приборлор жана жабдуулар. Сунуш кылынган иштердин баары рационализатордук өркүндөтүүгө ээ болушу керек.
8.4. Энергия биздин жашообузда.
Бул бөлүмдө энергиянын альтернативдүү булактарын үйрөнүү жана түзүү боюнча (жылуулук, электрлик, механикалык, күн нурунан ж.б.) иштер сунушталат; аларды азыркы кезде пайдалануу, келечекте колдонуу перспективасы жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары. Айлана-чөйрөгө жана адамга энергия булактарынын физикалык аракеттеринин таасирин үйрөнүү (ызы-чуунун, электромагниттик жана радиациялык нурландыруунун ж.б.), ошондой эле физикалык аракеттерден коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу.
8.5. Информацялык жана коммуникациялык технологиялар.
Бул багыт эки бөлүмчөлөр боюнча жүргүзүлөт: ЭВМ үчүн программалар жана компьютердик чыгармачылык (презентация, Web-сайт, видеофильм). Бул бөлүмчөлөр боюнча катышуучулар жюриге программалардын, сайттардын баштапкы модулдарын сунуш кылышат, алардын авторлугу эксперттер тарабынан текшерилет жана коргоого коюу жөнүндө чечим чыгарылат.
Конкурстун уюштуруучулары секцияларды ирилештирүүгө (бириктирүүгө) жана кошумча секцияларды түзүүгө укуктары бар. Ал конкурстун багыттары боюнча жиберилген иштердин спецификасына жана санына жараша болот. Жюри ишти (долбоорду) башка номинацияда кароону же бир нече номинациянын жюрисинин биргелешкен отурумунда кароону сунуштоого укугу бар.
8.6. Экономика жана экология.
Бул багытта төмөндөгү иштер каралышы мүмкүн:
- финансы жана өндүрүш, акча, соода жана банктар;
- экономика менен экологиянын өз ара байланышы;
- өнөр жайдын жана айыл чарбасынын экологиясы;
- транспорт экологиясы;
- адамдын экологиясы, саламаттык сактоо технологиялары;
- био-артүрдүүлүктү сактоо;
- кичи өндүрүштөрдүн бизнес-пландары;
- энергетиканын экологиялык аспекттери;
- өнөр жай объекттерин, айыл чарбасын жана транспортту өнүктүрүүнүн экологиялык аспекттери;
- жаратман чөйрөнүн химиясы;
- рекламалык роликтер.
8.7. Интеграция (интеграцияланган көп профилдүү долбоорлор).
Бул номинацияга төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- видеоклиптер;
- курулуш;
- ар кандай тармактар аралык өз ара байланыштарды аныктоочу долбоорлор;
- кийимдердин модельдери;
- ар кандай реформалар;
- демографиялык изилдөөлөр менен байланышкан долбоорлор;
- тарыхый изилдөөлөр.
8.8. Ийримдердин жетекчилеринин чыгармачылык иштери.
Номинация илимий-техникалык чыгармачылыктын педагогдорунун кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында жүргүзүлөт. Конкурска төмөндөгү чыгармачылык иштер коюлат:
- азыркы моделдер жана макеттер, долбоорлор, экспонаттар, жаңы техникалык иштеп чыгуулар.
9. Конкурска катышуунун шарттары
Конкурска катышууга заявкалар, докладдар жана башка илимий-изилдөө иштери, ошондой эле үлгүлөрдү, макеттерди, моделдерди сыпаттоо ж.б. 3-турдун жыйынтыгы боюнча (областтык конкурстардын) конкурс өткөрүүнүн жарыяланган мөөнөтүнө 2 ай калганга чейин төмөнкү дарекке жиберилет:
720017 Бишкек ш., Манас проспекти 1. 0312 31-58-47 31-58-82
Финалга катышууга чакыруу келип түшкөн иштерди жана материалдарды эксперттик комиссия баалап жана иргеп алгандан кийин жиберилет. Конкурстун уюштуруучулары жыл сайын конкурска катышуу үчүн квота белгилешет.
10. Долбоорду (ишти) тариздөөнүн талаптары
10.1. Теориялык иштер конкурска терилген түрдө, папкада же мукабаланган тейде (барактын форматы А4), дискетте же компакт-дискте электрондук түрдө жиберилет.
10.2. Иштин титулдук барагы төмөндөгү маалыматтарды камтышы тийиш: автордун (лордун) аты-жөнү, туулган жылы жана күнү; долбоордун аткарылган жылы, почта индекси, толук почта дареги, телефондору (шаардын коду менен), электрондук почта, факс, долбоорду аткаруучу окуган уюмдун, мекеменин аталышы, чыгармачылык коллективдин аталышы (коллективдүү аткарылган иштерге), жетекчинин аты-жөнү, кызматы.
10.3. Иштин аннотациясы (модельдин, макеттин, түзүлүштүн) иштин маңызынын тезистик баянын машинкада терилген 1 баракта, иштин көлөмүн, таблицалардын, сүрөттөрдүн, иллюстрациялардын санын, пайдаланылган адабияттын булактарын жана тиркемелерди көрсөтүү менен берилиши тийиш.
10.4. Экспонаттардын габариттери (100 х 200) см., салмагы 50 кг. дан ашпашы керек. Графикалык иштер (техникалык жактан кандай аткарылса да) 40 х 60 см. ашпасын. Видео роликтер жана мультфильмдер 5 минуттан узак болбосун.
10.5. Иштеп жаткан модельдердин, макеттердин, түзүлүштөрдүн электр азыгынын чыңалуусу 42 вольттон көп болбошу керек.
10.6. Докладдардын жана башка илимий-изилдөө иштеринин мазмуну машинада терилген 50 беттен ашпасын, ага сүрөттөр, схемалар, таблицалар, графикалар жана фотографиялар кирет (иллюстрациялык материалдар А4, же А3 форматындагы барактарда сунушталат).
Текст төмөндөгү бөлүмдөрдү камтышы мүмкүн: киришүү (койгон милдети, актуалдуулугу, иштин максаты жана мааниси), негизги мазмуну, корутундусу жана практикалык сунуштар, тыянак, адабияттын тизмеси, тиркемелер.
Эскертүү:
Вирустары бар дискеттер же компакт-дисктер коргоого жиберилбейт.
2007-ж. чейин аткарылган иштер "ХХI кылымдын интеллектуалдары - 2009" конкурсуна катыштырылбайт. Бир окуу жайы же студия канча иш болсо да сунуштай алат, бирок бир автордун үчтөн ашпаган ишин кабыл алат.
Жеке катышуучу конкурска үч гана иш жибере алат.
Башка алып жүрүүчүлөрдө аткарылган чыгармачылык иштер бардык зарыл информацияны же алып жүрүүчүдө же алып жүрүүчүгө (изделие) бекитилген биркада сакташы керек.
Коллективдүү чыгармачылык ишти аткарууда үчтөн ашпаган катышуучуга гана жол берилет.
11. Ишти баалоонун критерийи
Ишти баалоонун жүрүшүндө компьютердик, информациялык технологиялардын элементтерин пайдалануу менен жасалган экспонаттарга жана иштерге артыкчылык берилет. Иштин жаңычылдыгы жана актуалдуулугу, долбоорду иштеп чыгууда чыгармачылык мамиле, проблеманын иштелишинин тереңдиги, аткарылган ишке окуучулардын катышуу даражасы, натыйжалардын илимий жана практикалык мааниси, ишти тариздөөнүн жана дизайндын сапаты, иллюстративдик материалдын болгондугу жана сапаты, аткаруунун оригиналдуулугу, аткаруу техникасынын деңгээли, экспонаттарды даярдоодо азыркы технологиялардын элементтеринин колдонулушу, конкурстун финалында долбоорду коргоо (материалды сунуштоодо тактык, тыянактардын, суроолорго берилген жооптордун аргументтүүлүгү) бааланат.
12. Жыйынтыктоо жана жеңгендерди сыйлоо
12.1. Баштапкы этаптардагы иштерди баалоо эксперттик комиссиялардын же жер-жерлерде жюри мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
12.2. Финалга өткөрүлгөн иштер конкурстун уюштуруу комитети түзгөн компетенттүү жюри тарабынан бааланат. "ХХI кылымдын интеллектуалдары" конкурсунун жюри курамына илимпоздор, адистер, ЖОЖдордун, окуучулардын техникалык чыгармачылык борборлорунун мугалимдери, уюмдардын, өнөр жай ишканаларынын адистери, конкурска келип түшкөн иштердин спецификасына жараша ж.б. адистер чакырылат.
12.3. Конкурстун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
12.4. Конкурстун жеңүүчүлөрү жана призерлору дипломдор жана акчалай сыйлыктарды алышат. КР Интеллектуалдык менчигинин мамлекеттик кызматы орто мектептердин жана КЛдын бүтүрүүчүлөрү үчүн, республиканын ЖОЖдорунун биринде окуусуна төлөөгө грант түрүндө Гран-при белгилеген. Республикалык конкурстун сыйлыкка жетишпеген бардык катышуучуларына конкурска катышкандыктары үчүн сертификат тапшырылат.
12.5. Сыйлыкка татыган иштер КР Интеллектуалдык менчигинин мамлекеттик кызматынын көргөзмөсүнө сунушталат, ошондой эле БРИТА "Алтын түйүн" Интернет-сайттарында жана башка тематикалык көргөзмөлөрдө, КР мезгилдик басма сөзүндө чагылдырылат.
Контакттар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, "Алтын түйүн" Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы.
т. (0-312)31-58-47; 31-58-18
ф. (0-312)31-58-47