Мектеп жана коом

Тоо койнундагы курорт мектеп
Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата курортунда жайгашкан толук эмес орто мектеби үч жылдан бери аталган райондун мугалимдерине жайкысын эс алып, ден соолуктарын чыңдоосуна шарт түзүп берүүдө.


Райондогу мугалимдердин ден соолуктарын чыңдап алышына шарт түзүп берүү максатында бул мектеп Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте үч жыл мурун иш баштаган. Балдар жайкы каникулга тараган күндөн баштап класстардагы парталарды жыйнап коюп ордуна керебет, төшөнчүлөрдү киргизип, ошол эле жерден тамактануусуна, ден соолугун чыңдашына шарттарды түзүп беришет. Мугалимдер болсо жыл сайын кезекке туруп, шартына жараша он-он беш күндөн эс алып кетишет.
- Биз МерсиКо менен иштешип мектептин ичине ванна, ысык суу киргиздирип алганбыз. Ошонун эсебинен мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруп берип жатабыз. Быйыл 100 мугалим эс алды. Алар үчүн жатаканасы бекер, тамагын профсоюз уюштуруп берет, болгону дарыланууга анча-мынча тыйын төлөшөт. Ушул тегеректе жашап, иштеп курортту көрө элек мугалимдер бар экен. Мугалимдер биздин бул ишибизге аябай ыраазы болуп жатышат, - дейт мектептин директору Болот Сулайманов. - Азыркы рынок шартында ар кандай жолдор менен иштеп акча тапса болот экен. Мисалы, жайкысын эс алуучуларды киргизсек деле мектеп үчүн бир топ пайда алып келмек. Бирок биз акчага азгырылбай жалаң мугалимдер үчүн иштеп жатабыз.
Бул мектеп алыскы тоо арасында болгону менен башка мектептерден калбай окуучуларга толук кандуу, сапаттуу билим, тарбия берүүнү да биринчи орунга коюшат. Мектепте болгону он мугалим эмгектенип, 70 бала тарбияланат. Мектеп жетекчилиги башка мектептерден кем калышпай ар кандай эл аралык уюмдар менен иштешип курорттук балдар үчүн колунан келишинче шарттарды түзүп беришүүдө.
Арис программасы менен иштешип, мектептин ичи, сыртын толугу менен ремонттон өткөрүп, ичиндеги эмеректерин Айылдык билим берүү долбоору аркылуу толуктап алышкан. Балдардын саны аз болгондуктан мектеп эч качан окуу китептеринен өксүгөн эмес. Жалпы эмгек жамаат билимдин сапатын жогорулатуу үчүн талбай эмгектенип келет. Мугалимдер жыл сайын билимди өркүндөтүүчү курстарга, семинарларга барып, чеберчилигин жогорулатып турушат.
- Бизде болгону он мугалим иштегендиктен, алар жыл сайын ар кандай курстарга барып турушат. Анан "Кутбилим" жана "Кутбилим сабак" газеталары бизге чоң жардамга келип жатат, - дейт жетекчи.
Мектепте баардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү. Болгону башка мектептердегидей багыттуу класстарды ачып, мыкты окуган балдарды өзүнчө окута алышпайт. Анткени класстарда балдардын саны он экиден ашпагандыктан андай класстарды уюштуруу мүмкүн эмес. Бирок ага карабастан башка мектептерден калбай олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишип келишет.
Болот Сулаймановдун айтымында, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн биринчи кезекте класста балдардын саны аз болушу керек экен. Анткени окуучулар аз болсо мугалим үчүн да, окуучу үчүн да бир топ оңтойлуу болот. Себеби бир класста 25-30 окуучу болсо мугалимдин 45 мүнөттүн ичинде болгону 10 балага убактысы жетет. Калган балдар калып калат. Бул мектепте болсо окуучулардын бири калбай суралып, дайыма өтүлгөн сабак кайталанып турат. Ошондуктан мектепте билимдин сапаты бир топ жогору болуп, бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерге чейин окуп кетишет.
- Бизде бир класста ашып кетсе 12 бала окуйт. 45 мүнөттүн ичинде мугалим каалаганындай сурап алса болот. Мен дагы мектепте завучтар жок болгондуктан өзүм директор, өзүм завуч болуп ар бир баланын билим сапатын билем, - дейт Болот Абдрахманович.
Мектеп жетекчисинин жүрөгүн өйүгөн бир маселе - компьютерлердин жетишсиздиги. Мектепте 70 балага болгону төрт эле компьютер бар. Эми келечекте бул маселени чечүү үчүн аракеттер көрүлөөрүн ал баса белгиледи. Курортто балдардын мектептен башка бараар жери жок болгондуктан мурункудай кружокторду ачып берүү жагы да каралууда. Бирок ата-энелердин акча каражаты тартыш болгондуктан андай акы төлөнүүчү кружоктор бир-эки ай иштеп кайра жабылып калууда.
Мектеп Ысык-Ата курортунун кызматкерлеринин балдарын гана окуткандыктан бул курорт мектепти ар тараптуу колдоого алып келет. Жылына эки жолу балдарды маданий эс алууга чыгарып келүүгө шарт түзүп берсе, майрамдарда, өзгөчө Жаңы жылдык кечеде балдарга белектерди берүүдө жакшы жардам беришет. Быйылкы Жаңы жылдык белектерди дагы курорт даярдап берген. Жыл сайын мыкты окуган окуучуларга стипнедияларды берип турушат.
Учурда кымбатчылык күчөп, жашоо оорлоп турган кезде жаш мугалимдер өз кесибин таштап башка кесипке ооп, же болбосо Россия, Казакстанга кетип жатканы мектеп директорун ойлондурбай койбойт. Жакында эле эки мугалими Россияга кетип калган. Бирок жаш мугалимдердин арасында кесибин сүйүп, айлыктын аздыгына да кайыл болуп эмгектенип жаткандары жок эмес. Англис тил мугалими Тулежанова Бурул айына болгону 1600 сом айлык алганына карабай мектепте эмгектенип келет.
- Мындай акча менен үч баланы багуу өтө эле оор. Башка айлыгы көп жумушка кетип калгың деле келет. Бирок окуучуларды аям. Анткени балдар толук билим албай калат. Башка бирөөнүн балдарын өзүмдүн балдарыма салыштырып, алардын келечегин ойлой берем, - дейт Бурул Тулежанова.
Бул жаш бүлө өкмөттүн бир бөлмөлүү үйүндө үч баласы менен жашап, көп бөлмөлүү үйгө жетүүнү эңсеп он жылдан бери кезек күтүп келишет. Бурулдун жолдошу Жаныш дагы жубайынын жарыбас айлык алып, бирок убактысынын көбүн мектепке коротуп жүргөнүн туура түшүнүү менен колдоп келет.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".




Жаңыланган мектептин жаңы ийгиликтери
К.ҮсӨнова,
М.Нургазиев атындагы орто мектептин директору.

Белгилүү Токтогул өрөөнүндөгү Үч-Терек айыл округунун борборунда М.Нургазиев атындагы орто мектеп бар. Анын имараты кечээ жакында эле курулгандай болду эле, а бирок сарэсеп салган киши 20 жылдан ашык жылды санап артка калтырат. Бул убакыт аралыгында сырткы жасалгасы эскирип, ремонтко муктаж болуп турганда Жалал-Абад губернатору Кошбай Масиров "Губернатордун фондусунан" 100 миң сом бөлүп берип, бир ай аралыгында толук ремонттон өткөргөн. Учурда жаңырып калган мектеп имаратын көргөндөрдүн көзү кубанат. Мугалимдер, окуучулар, алар менен бирге ата-энелери зор кубанычка бөлөнүшүп, губернатордун наамына алкыштарын жаадырып турушкан чактары.

Ар бир мугалим бала окутуунун өзүнө гана тиешелүү жеке ыкмасы, методикасы менен айырмалангандай эле мектептер да өзүнө гана таандык артыкчылыкка ээ болушат. Балким андай өзгөчөлүктү издеп таап, жетишкендиктерин баса белгилеп сыймыктанууну мугалимге таандык сапат катары кадыресе көрүнүштөй кабыл алышаар, бирок андай салыштырмалуу айырмачылыктар болбосо, алга умтулуу да, прогресс да катталбай калышы ыктымал. Андыктан андай ийгиликтерге, жаңылыктарга бай мектеп турмушу менен жашап күн кечирген ак тилек агартуучулардын алгылыктуу аракеттерин, ар бир сөзүн колдоп, алардын наамына алкыш гана айткыбыз келет. Мындай жетишкендиктерден Үч-Теректеги М.Нургазиев атындагы орто мектеп да кур эмес. Мектеп курулуп, анда окуган балдарга жеткилең билим-тарбия берип, туурунан учура баштагандан бери ал мектепке тиешелүү бир касиетти байкабай коюуга болбойт. Учурда 900гө жакын окуучу, 60 мугалим эмгектенген мектептин бүтүрүүчүлөрү республикалык тестке катышып, мугалимдерин сыймыкка бөлөшүп, жогорку упайларга ээ болуп келишет. Бул жогоруда белгилеген алардын артыкчылыгы. Анын саны бирөө болгону менен анын артында агартуучулардын эбегейсиз чоң эмгеги жатканынан ким шек санамак.
Акыркы эле 2008-2009-окуу жылында 59 бүтүрүүчүнүн ичинен 33 бала республикалык тестке катышса, 23 улан-кыз жогорку упайларга ээ болушкан. Анын ичинен 14 бала жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө окушат. Контракттык негизде окушкан балдары деле аз эмес, бирок мугалимдер акчага эмес, бюджеттен билим алып жаткан мурдагы окуучуларына тымызын жан тартышып, алардын аттарын сыймыктануу менен аташат. Аларды биз да атап койсок ашыкча болбос: Таалайбек кызы Тахмина (КМПУнун студенти), Сентырбек кызы Ырыс (ЖАМУнун студенти), Мирлан уулу Төлөгөн (дене тарбия институтунун студенти), Маленов Замир (агрардык академияда окуйт), Канатбек кызы Мунара (КМУ) жана медициналык академиянын студенттери - Токтобай уулу Жуман, Жумалиев Иляз, Султанбек уулу Асыл ж.б. Медициналык академиянын болочок ак халатчандары негизги тесттерден 199 упайдан 209 упайга чейин алышканы өзгөчө сыймыктуу.
Ак дилинен билим-тарбия берүү өтөөсүнө чыгуунун жигеринде иштеп келатышкан республикабыздын булуң-бурчтарындагы мугалимдердин катарына үч-теректик педагогдор да бар. Билим алууга билек түрө тээ алыскы Токтогулдан аттанып чыгышкан чыгаан окуучуларды даярдашкан жоон топ мугалимдер: Кыргыз тилчи жана адабиятчылар Сурмакан Абдыжапарова, Абдинур Кыдырбаев, орус тилчилер Бегимжан Ажыбаева, Жаңыл Курмушева, математиктер Света Исмаилова, Фарида Эсенканова, химик Канчайым Бечелова, биолог Күлүйпа Үсөнова, англис тилчи Бүбүсадат Үмөталиева, тарых сабагынан окуткан Абан Бечелов сыяктуу агай-эжейлер мектептин директору, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Күлүйпа Бөлөкбаевна Үсөнованын ынтымактуу командасында үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Башка мектептерге салыштырмалуу "жаш мектеп" статусун алып жүргөн бул мектептин мугалимдери жана окуучулары жогоруда белгилегендей жаңы жүз, жаңы турпатка ээ болгондон бери мурдагыдан да бийик максаттарга умтулушуп, билим казынасын казып, бир караганда эң жөнөкөй, бирок эң жооптуу милдеттерин аркалап келишет. Окуу процесси ойдогудай болушу үчүн мектепте балдарга ыңгайлуу шарт керек. Мектеп директору Күлүйпа Бөлөкбаевнанын айтымында, губернатор бөлүштүргөн каражат негизинен мектеп имаратынын фундаментин жаңыртууга жумшалган. Мындан сырткары көчкөн жерлери оңдолуп, жер төлөөнүн айнектери жаңыланып жабылып, 7 козерок (бетон бастырма) цементтелди.
- Биздин мектеп башка мектептерге салыштырмалуу жаш, болгону 23 жылдык тарых таржымалы бар мекеме. Арийне, өктөм мезгил өз милдетин аткарат экен, убакыттын өтүшү менен имаратыбыздын туш тарабы көчүп, эскире баштаган эле. Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрация башчысы - губернатор Кошбай Масиров бизге жардам иретинде каражат бөлүп берип, бузулганды оңдоп, кыйшайганды түзөп дегендей, кадыресе оңолуп алганыбызга сүйүнүп отурабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ал кишиге терең ыраазычылык билдирип кетким келет, - дейт директор кубануу менен.
Иш билги жетекчинин мындай ийкемдүү колдоосу менен минтип жаңырып калган имаратта билимге умтулган уңгулуу элибиздин мактанаарлык алгылыктуу максат-тилегине жараша улан-кыздарыбыз да борбордон жогорку билим алууга ашыккандарына ар дайым кубанышып, аларга колдон келген көмөктөрүн, билим көрөңгөсүн аябаган агартуучуларга терең урмат-сыйыбызды билдирүү менен түйшүктүү иштерине албан ийгиликтерди каалагыбыз келет.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим".