Ибарат

Боз үй, анын жабдылышы
Кыргыздар көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк турмушту баштарынан өткөрүп келишкен эл болгон. Алар мал чарбачылыгы менен кесиптенип, мал багып жашоосун мал менен бирге өткөрүшкөн. Ошондуктан жайдыр-кыштыр журт которуп көчүп-конуп жүрүшкөн. Жашоо тиричилиги мал чарбасы болгондуктан кыргыздар боз үйдү жайкысын жайга, кышкысын кышка ылайыкташтырып жасап алышкан.

Боз үйдүн жабдылышы - жыгачтардан жана кийизден, майда жип-шуулардан болгон. Боз үйгө түндүк, уук, кереге, бозоголор тал, терек, четин ж.б. узун шыргайларды пайдаланышкан. Боз үйдүн жыгач жабдуусун даярдоо оңойго турбайт. Эң алды менен уук, кереге керектүү жыгачтарды жасалгалоочу жерге топтоп алышат да матоодон өткөрүү үчүн корго салып жумшартышат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
Уук: Уукту тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Жасалган ууктарды кызыл жошо менен боеп, матоосу жанып кетпес үчүн баш аягын таңып, көлөкө жерге коюп кургатышат.
Кереге: Кереге уукка караганда жасалышы татаалыраак болот. Керегенин жыгачтарын да корго салып, жашытып алып, анан тиске салып ийет, керегенин баш жагын ийди менен чалкалата ийип коет. Керегенин жыгачтары бирдей болбойт.
Кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын карыштап ченеп б.а. 18-20 см. бирдей кылып, көк менен көктөп тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып анан көктөлөт. Ар бир керегенин бириктирилген башы 16, 18 же 20 болот. Мисалы 80 баш уук боюнча, 5 канат кереге боюнча эсептен 80 баш боз үйдөн аталат. Алсак (16 баш + 5 канат = 80 баш жана башка).
Түндүк: Түндүк - алкак, чамгарак деген эки бөлүктөн турат.
Алкакты жоон талдан, кайыңдан корго салып жашытып, тиске салып, андан кийин эки жаача кылып ийип, ченеп экөөнү тууралап бирин-бирине аштап алкак жасалат.
Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (70, 80, 100) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактардын баштары кире тургандай кылып карама-каршы багытта төрттөн төрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
Бозого таяк: Боз үйдө жыгачтан жасалган 2 жан босого, бирден баш босого, жер босого жасалат.
Жыгачтан жасалган бардык жабдууларын жыгач усталар жасашкан. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
Боз үйгө калануучу чий: Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип, аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
Үзүк: Үзүктүн түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Үйгө эки үзүк жасалат. Алдыңкы жана арткы болуп. Үзүктөрдүн алды, артына бастырык (сызма) менен бекитет.
Туурдук: Туурдук кереге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдүн ич жагынан көрүнүп турат. үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз капталат. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
Түндүк жабуу: Түндүк жабуу түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Түндүк жабуунун бурчтарын төтөгө деп коет.
Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы бар. Кырчоо (курчоо) курчоону туурдуктарды бастырып үйдү айланта курчап коет. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.
Кыргыз боз үйү илгертен, ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Анткени, кыргыздар ошол боз үйдө төрөлүп, ден соолугу чың бышык болуп чоңоюп эресеге жеткен.
Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Ошондуктан азыр биз дагы кыргыз болгонубузга сыймыктана алабыз.